Шевченко катышкан Холли Берринин тасмасын Netflix чоң акчага сатып алды

© AP Photo / Richard Shotwell / InvisionСпециальный показ "Джон Уик: Глава 3 - Парабеллум" в Лос-Анджелесе
Специальный показ Джон Уик: Глава 3 - Парабеллум в Лос-Анджелесе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кинонун бет ачары ишемби күнү Торонтодогу кинофестивалда болду. Бул тасмада кыргызстандык мушкер башкы кармаандын каршылашынын ролун аткарган.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Netflix сервиси кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко катышкан Голливуд жылдызы Холли Берринин Bruised тасмасын сатып алды. Бул туурасында MMA Fighting спорттук жаңылыктар порталы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Netflix көркөм тасманы көрсөтүү укугуна ээ болуу үчүн Endeavor Content компаниясына 20 миллион доллар төлөгөн. Кино жаратуучуларга Торонтодогу эл аралык кинифестивалда тасманын бет ачары болгондон кийин сатуу сунушу түшкөн.

Аталган картина былтыр декабрь айында тартылып бүткөн. Валентина Шевченко фильмде терс роль аткарып, башкы каарман Холли Берринин атаандашы болот.

Сөөктөрүм сынды. Холли Берри Валентина Шевченконун соккулары тууралуу

Фильм Жеки аттуу мушкер кыз (Холли Берри өзү ойнойт) тууралуу. Сценарий боюнча аял негизги беттештен жеңилип калып, карьерасы артка кетет. Мушкер "жашоодо колуман мушташтан башка эч нерсе келбейт" деп эсептеп жүрөт.

Сызга отуруп калган Жеки карьерасы үчүн карабай кеткен алты жаштагы баласы менен мамилесин оңдоону чечет. Бирок ринг менен жеңишти эңсеп, жан дүйнөсүнө тынчтык орнобой коёт. Бир күнү жаш жылдыздардын бири менен беттешүүгө мүмкүнчүлүк жаралат, Жеки каршылашы өзүнөн күчтүү экенине карабай макул болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0