Аян театрын түптөгөн Айнаш Козубаева актерлору менен. Архивдик сүрөт

Москвада кыргыз театрын ачкан Козубаева: репетиция батиримдин бир бөлмөсүндө өтөт

291
(жаңыланган 13:33 02.10.2020)
"Аян" – түмөн түйшүк менен Москвадагы кыргыз мигранттары түптөгөн театр. Андагы артисттер алыстагы мекендештерге руханий азык тартуулоону максат кылып, күндүз иштеп, түнү менен репетиция кылышат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги кесиби башка болсо да театрга баш-оту менен берилип, мигранттардын башын кошуп, жаштар театрын түптөгөн Айнаш Козубаева менен баарлашты.

Белгилей кетсек, аталган театр жакында эле Москвада Россиянын "Яблоко" театры менен биргеликте Чыңгыз Айтматовдун "Кыямат" чыгармасы боюнча алгачкы чоң спектаклин тартуулады.

— Айнаш эже, алгач өзүңүз тууралуу айтып бериңизчи. Москвага сиз деле мигрант болуп бардыңыз беле?

— Өзүм кесибим боюнча жогорку билимдүү мугалиммин. Бирок өзүңөр билгендей, мугалимдин айлыгы аз, эч нерсеге жетпейт, жашоо болсо кымбат. Ошол себептен күйөөм экөөбүз Москвага мигрант болуп кеткенбиз. Башында кондитер фирмасына жумушка орношком. Бир аз иштеп, буттан тургандан кийин кайра Кыргызстанга бардык. Бирок балдар окуусун бүткөндөн кийин "жумуш жок, Россияга эле кетебиз" деп туруп алышты. Балдарга карап кайра бул жакка абышкам менен келгенге туура келди. Азыр мурда иштеп кеткен эле фирмада реализатор-менеджермин. Ага чейин дүкөндө сатуучу болгом. 

Основатель любительского театра Аян Айнаш Козубаева, созданный мигрантами из Кыргызстана в Москве
© Фото / предоставлено Айнаш Козубаевой
Айнаш Козубаева Москвада мигранттардын башын кошуп, жаштар театрын түптөгөн

— Мугалим, андан кийин сатуучу болсоңуз, өнөр чөйрөсүнө кантип келип калдыңыз, чет жакта театр ачууга эмне себеп болду?

— Биринчиден, бул кадамга барууга театрга, өнөргө болгон сүйүү түрткү болду. Укмуш акынмын деп айта албайм, бирок өзүм ыр жазам, китебимди да чыгаргам. Айтор, чыгармачыл чөйрөнү билем. Бала кезде атам тынбай театрга алып барар эле. Ошол себептенби, өнөрдүн бул түрү мага жакыныраак.

Бирок негизги миссиям башка. Адамдар көр турмуш, акча деп жүрүп театрдан алыстап кеткенине көп болду. Москвада деле театр көп, билеттер айрым учурда акысыз деле таратылат. Бирок мигранттардын арасында баргандары аз. Кээде, балким, кыргызча болбой жаткандыктан барбай жаткандыр деп да ойлоп кетесиң. Бирок театр адамга эмоционалдык жактан эргүү тартуулайт да. Акыркы учурда баары эле ачуулуу. Күлүп-жайнаган киши аз, болсо деле билгизбейт. Ооба, чет жакка иштейин, акча табайын деп эле келесиң. Иштебей койсоң ачка каласың.

Мен ошол адамдарды бир аз да болсо эргүү алып, эс алып калсын деп театр ачкым келди. Акчасы көбөйгөндө жаштар түнкү клубдарга барып, ичимдикке бериле баштайт. Театр ачсак мекендештер алаксыса керек деп ойлодук. Жаштарды ушул чөйрөгө кызыктырып, жаман жоруктардан алаксытыш үчүн ачтык.

Бир убакта кино же театрда ойноону кыялданып, бирок турмуш-тиричиликтен улам ал кыялын орундата албай калгандар үчүн ачтык.

Биз, бир кыргыз акыны айткандай, жан дүйнөгө төңкөрүш жасашыбыз керек. Аң-сезими тайкы, оңой нерсеге бат көнгөн жаштар көбөйүп бара жатат. Адам маданияттуу болгондо гана билимдүү боло алат экен. Ошондуктан кийинки муунга бир нерсе калтыргым келди. Акча деп жүгүрүп жүрө берсек, жүрө берет экенбиз. Бирок биз ачып, биз үйрөтпөсөк ким жасайт? Мунун баарын эске алып, белди бекем бууп, кыйынчылыктарга көз жумуп туруп ишти баштап кеттик.

Идея бир жерден жаралган. Ошол тууралуу айта кетейинби? 

Спектакль по мотивам повести Чингиза Айтматова Плаха на русском и кыргызском языках был поставлен в Московском молодежном театре Яблоко,
© Фото / Айнаш Козубаева
Бул театр жакында эле Москвада Чыңгыз Айтматовдун "Кыямат" чыгармасы боюнча алгачкы чоң спектаклин тартуулады

— Албетте.

— 2018-жылдын декабрь айында Москвада чыгармачыл чөйрөдөгү мигранттардын бир иш-чарасы өтүп, Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" чыгармасы коюлуп калды. Аны көрүп, баягы уйгу-туйгу болуп турган жаным театр ачууну ойлодум. Дал ошол иш-чарада кыргыз кинолорунда каскадер болуп ойноп калган Садыр Сагынбаев агай менен жолуккам. Экөөбүз ал жерден театр ачуу тууралуу сөз кылып, "агай, театр түзгөнгө аракет кылып көрбөйлүбү, мен баарын уюштуруп, чогултайын, сиз режиссёр болуп бериңиз" деген сунуш киргиздим. Өнөргө чаңкап турган киши оюмду четке каккан жок, тескерисинче, дароо кабыл алды. Ошентип 2019-жылдын январь айында ушул ишти баштаганбыз.

— Артисттерди кантип чогулттуңар?

— Өзүбүз мигрант болгондуктан, каалоочуларды кайдан чогултуп, кантип кастинг өткөрөбүз деп көпкө ойлондук. Анан соцтармак, мессенжерлер аркылуу жарыя жазып, тарата баштадым. Башында бул жумуштун түйшүгү мынчалык көп болорун билген эмесмин. Бир топ эле кыйынчылык болду. Баягы артист болом дегендерди бир жерге чогултуп, аларды тандаш керек да. Өзүбүз мигрант болуп батирде турсак, имаратты ижарага алалы десек кымбат. Анан чайканаларда чогулуп жаттык. Алар да жөн эле чогулуп, отурганга уруксат бербейт. Сөзсүз аш буюртма кылыш керек. Анан театрга артист тандайбыз деп чайканаларга өз чөнтөгүбүздөн акча чыгарып далай жолу аш жедик. 

Спектакль по мотивам повести Чингиза Айтматова Плаха на русском и кыргызском языках был поставлен в Московском молодежном театре Яблоко  театром Аян
© Фото / Айнаш Козубаева
Айнаш Козубаева: бул кадамга барууга театрга, өнөргө болгон сүйүү түрткү болду

— Мигранттар арасында кастинг өткөрүү оңой болбосо керек. Башка өлкөгө иштеп, акча табабыз деп эле барышат да.

— Албетте. Кастингге келгендерге дароо "биз өз каалообуз менен түзүлүп жатабыз, айлык чыкпайт, кошумча акча да таба албайсыңар" деп шартыбызды түшүндүрүп айттык. Макул болгону калып жатты, кээ бири ал шартка көнгөн жок. Садыр агай ар бирине театрда иштөө боюнча сабак өтүп, ар бирине түшүндүрүп чыгат. Айрымдары жөн эле келип отуруп кетчү. Аларга да агай зерикпей баарын түшүндүрчү. Мигранттарды маданият, театр ааламына тартуу үчүн болгон күч-аракет жумшалды. Төрт балабыз бар. Алар менен театр түптөлгөндөн бери чогуубуз.

— Ошондо театрда жалпы канча артист бар?

— Азыр театрда сегиз киши иштейт. Алты эркек, эки кыз. Булар бардык кыйынчылыктарга көздү жумуп, ишин да таштабай жүргөн артисттер. Шартыбыздын баарына өнөр үчүн макул болушту. Бизге келип жүргөндөрдүн арасында таланттуу, бирок тез эле жылдыз оорусу менен ооруп калгандар болду. Андайларды өзүбүз эле четтеттик.

Имараты жок көчөдө калган дымагы күч артисттер. "Туңгучтун" таберик сүрөтү

— Театрдагы кыздар-балдарыңыз кандай жумуштарда иштешет?

— Ар кайсы жакта эмгектенишет. Бирөө бармен болуп иштечү. Карантинден кийин жумушу мурдагыдай болбой тынчып калды. Дагы бир кызым Москвага Самара шаарынан бери келип даярданып кетет. Ал жакта апасы менен туруп, ага жардам берет. Репетиция болордо Москвага келип турат. Ушул сыяктуу ар кимдин өз иши бар. 

Спектакль по мотивам повести Чингиза Айтматова Плаха на русском и кыргызском языках был поставлен в Московском молодежном театре Яблоко  театром Аян
© Фото / Айнаш Козубаева
Айнаш Козубаева: театрда сегиз киши иштейт. Алты эркек, эки кыз. Булар бардык кыйынчылыктарга көздү жумуп, ишин да таштабай жүргөн артисттер

— Эч кимдин актёрдук билими жокпу?

— Театрыбызга абдан кызыктуу адамдар чогулган. Эч кимдин актёрдук билими жок. Бир балам 9-класстан кийин медициналык колледжге тапшырып, аны бүтүргөн. Бирок медиктердин арзыбаган айлыгынан Москвага мигрант болуп келген. Дагы бир балам орто билим эле алган. Кыргызстанда жумуш жоктугунан Алматы, андан Москвага келип иштеген. Бирок тубаса талант, китепти көп окуган зирек бала. Кээде ыр да жазып калат. "Кыяматта" Бостондун ролун ошол бала аткарган.

Сабыр агай балдарга күчтүү мотивацияларды берчү. Белгилүү, залкар артист Муратбек Рыскулов атабыз деле 4-классты гана бүтүргөн, бирок таланттуу болчу. Ал деле дүйнөдөгү эң чоң сыйлыкты алган деп турчу. Көрсө, талант оргуштап, ашып-ташып турса аны эч кайда ката албайт экенсиң да. Катып жүрө берсең ооруп калчудайсың.

Кудай ыроологон нерсени иштетиш керек экен. Балдарым баарын таштап салган жок, иштин да, театрдын да майын чыгарат. Мен болсо алардын оорун колдон, жеңилин жерден алып чуркап жүрөм. Кээде урушам, кээде катуу айтып, бирде эркелетип, достой мамиле кылсам, кээде энесиндей мээримимди төгүп өстүрүп жатам. Бул театрды өзүбүздү даңазалап же жарнама кылыш үчүн эмес, кыргыздын атын өчүрбөй, өнөрдү өлтүрбөй алып кетели деп ачканбыз. Өткөндө "Кыямат" спектаклин коёрдо орустар "Кыргызский театр "Аян" десе кубанганымдан көзүмө жаш алдым. 

Основатель любительского театра Аян Айнаш Козубаева, , созданный мигрантами из Кыргызстана в Москве
© Фото / предоставлено Айнаш Козубаевой
Айнаш Козубаева: "Кыямат" спектаклин коёрдо орустар "Кыргызский театр "Аян" десе кубанганымдан көзүмө жаш алдым

— Баса, ошол спектакль тууралуу да сурайын. Киши көп эле келдиби? Көпчүлүгү кыргыз мигранттары болсо керек.

— "Кыямат" спектаклинин режиссеру, постановщиги да Россиянын эл артисти Вячеслав Спесивцев. Ал "Яблоко" театрынын негиздөөчүсү, жетекчиси. "Кыямат" спектакли бул театрда бир нече жылдан кийин кайра коюлуп жатат. Бул киши жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жакшы досторунун бири экен. Экөө сүйлөшүп "Кыяматтын" биринчи спектаклин "Яблоко" театрында жазуучунун өзүнүн катышуусу менен коюшуптур. Спесивцевдин башка тилдер менен орус тилдерин айкалыштырган онлайн долбоору бар. Ошонун негизинде кайра "Кыямат" спектаклин эл алдына алып чыгуу сунушун киргизди. Спектаклде эки элдин, эки театрдын тең актерлору образ жаратышты. Белгилей кетчү жагдай, аталган театр бизге ар дайым колдоо көрсөтүп келет. Алсак, актерлорубузга акысыз мастер-класстарды өтүп, спектаклдерине бекер билеттерди берип турушат.

— Репетицияны деле ошол театрдан кылчу белеңер?

— Жок. Репетицияны биздин батирден жасайбыз. Өзүм эки бөлмөлүү батирде турам. Бир бөлмөсүндө үй-бүлө, бала-чакам, биринде театрдын балдары. Антпесе кайсы маалда репетиция кылмак элек? Күндүз кечке жумуш, кечинде репетиция. Кээде балдар аябай образга киргенде кыйкырып жиберишет. Бир маалда эшикти такылдатып кошуналар "вы что пьяные, можно потише" деп келишет. Анан спектаклге даярданып жаттык эле десек, ыраазы болуп, колубузду кысып "низкий вам поклон" деп алкап кетишет.

Арсен Өмүралиевди атасындай көргөн шакирттер. Таберик сүрөт

— Ар бир спектаклдин режиссёру болот эмеспи. Сиздер кантип даярданып жаттыңар?

— Биз эми чоң-чоң спектаклдерди кое элекпиз. Анын ичинен бир үзүндү алып, ошону сахналаштырып, сценка кылып беребиз. Мисалы, "Манастын уулу Семетейде" Семетейге Сарытаз барып "Атаң Манас, жериң Ала-Тоо" деген жерин алганбыз. Ошол үзүндүсү мигранттар темасына үндөш экен. Мигранттар Семетей эмей эмне? Ар кайсы жерде тентип жүрөт. Аны көргөндө көрүүчүлөрдүн көбү ыйлаган. Каныкейдин ордуна актриса жок өзүм аткарганым эсимде.

Даярдык учурунда интернеттеги видеосабактарды карайбыз. Кыргызстандагы Шайыр Касымалиева сыяктуу актрисалардын онлайн-сабактарына катышып турабыз. Мындан сырткары, Россиядан Елена Ковальская деген театр сынчысы менен иштешебиз. Көп идеяларды айтып, бизди колдоп, коштоп турат. Андан башка дос журналисттер, өнөр адамдары менен тааныштык. Элчилик да жөн отурбай балдарыбызга ыраазычылык каттарын берип, моралдык жактан дем-күч берип турат.

— Залды жасоо, актёрлорго кийим тигүү дегендин баары эле каражат да. Материалдык жактан өзүңөрдү өзүңөр камсыз кыласыздарбы?

— Бул чөйрөгө баш-отум менен кирип алгандан кийин чыга албай калат экенсиң. Бардык каражатты өзүм эле көтөрүп жаттым. Жолдошум түшүнүктүү, кээде ал жардам берет. Болбосо бул маселени ар кандай жолдор менен чечебиз. Биз азыр кыйын процесстерден өттүк. Жаштар театры деп өзүбүзгө наам ыйгарып, документ жасатып алганбыз.

— Алдыдагы пландарыңар менен да бөлүшүп кетсеңиз.

— Театрды өнүктүрүү, бийик деңгээлге жеткирүү. Мигранттар акча деп тытынып иштеп жүрө бербей руханий азык алып, эс алышын каалайбыз. Көрөрмандарыбызды көбөйткүбүз келет. Балдарымдын дагы артыкчылыгы менен мактана кетейинчи. Алар артист эле эмес, активисттер дагы. Пандемия маалында мекендештерге, алардын чартердик каттамдар менен учуп кетүүсүнө зор салымдарын кошту. Мен алар менен сыймыктанам!

291
Белгилер:
өнөр, маек, театр, Мигрант, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Эл артисти Гүлсара Ажыбекова: соодага аралашууну чечтик, тозок ошондо башталды
Ооруп жүргөн, кээде баспай калчу... Актёр Марат Жантелиев тууралуу 12 факты

Эл аралап маалымат чогулткан Шамшиев. "Ысык-Көлдүн кызгалдактарындагы" сүрөттөр

46
  • Байзактын образын жараткан Советбек Жумадылов жан-жөкөрлөрү менен
  • Ысык-Көлдүн кызгалдактары тасмасындагы башкы каарман Карабалта — Сүймөнкул Чокморов
  • Жаш режиссёр Болот Шамшиев тоо боорунда кесиптештери менен
  • Апийим талаасындагы Советбек Жумадылов менен Борис Химичев
  • Каличанын образындагы актриса Айтурган Темирова
  • Ортодо турган белгилүү актёр, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен анын сол жагында турган экинчи режиссёр Темир Дүйшекеев жана киночулар
  • Кинофильм Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз, Жууку, Барскоон капчыгайларында тартылган
  • Совет бийлигин жактаган Карабалта жана заставадагы чек арачылар
  • Карабалтанын артынан жөнөгөн Байзактын жигиттери
  • Ысык-Көлдүн кызгалдактары тасмасы тартыла баштаганда Шамшиев 29 жашта болгон
  • Чокморов кинофильмде аткарган Карабалтанын ролу үчүн Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда диплом жана премияга ээ болгон
СССРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиев жараткан тасмалар азыркыга чейин Кыргызфильмдин алтын фондунда сакталып келет.

Алардын бири өткөн кылымдын 20-жылдарындагы советтик чек арачылардын аракетин жана Кытайга апийим ташыган кыргыз аткезчилердин турмушун баяндаган "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кинокартинасы. Sputnik Кыргызстан агенттиги Шамшиевдин аталган фильминдеги архивдик ирмемдерди сунуштайт.

КРдин эл артисти Болот Шамшиев 1970-жылы советтик жазуучу Александр Сытиндин 1927-жылы жарыкка чыккан "Тянь-Шандын аткезчилери" романынын негизинде кезектеги тасмасын тартууга киришкен. Анда 29 жаштагы Шамшиев архивден тарыхый материалдарды чогултуп, 1920-жылдардагы жарандык согушка катышкан ардагерлер, карапайым эл менен маектешкен. Анын сценарийин Юрий Сокол жазып, фильмдеги кыргыз тилиндеги диалогдорду белгилүү жазуучу Ашым Жакыпбеков иштеп чыккан.

Кинофильм негизинен Ысык-Көл облусунда тартылып, XX кылымдын 20-жылдарындагы жаңы Совет өкмөтүнүн саясатын жактаган жана ага нааразы болгон эки агымдын күрөшүн көрсөткөн. Тасмада Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов, Борис Химичев, Алиман Жанкорозова, Амина Өмүрзакова, латыш актриса Гунта Виркова, казакстандык Елүбай Умурзаков, Арстанбек Ирсалиев, Чоро Думанаев, Айтурган Темирова, Абды Ибраимов, Ахмед Шамиев, Марклен Ибраев, Бакы Өмүркулов, Зуура Соронбаева, Мукан Рыскулбеков роль жараткан.

Тасманын расмий аталышы "Касиеттүү Ысык-Көл" болгон. Орусчага которулганда эл арасында "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" деген аталыш менен белгилүү болуп кеткен. 1973-жылы Страсбург шаарында эл аралык фестивалда атайын сыйлыкка татып, Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда Чокморов эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн диплом жана премияга арзыган.

46
  • Байзактын образын жараткан Советбек Жумадылов жан-жөкөрлөрү менен
    © Sputnik / Александр Федоров

    Байзактын образын жараткан Советбек Жумадылов жан-жөкөрлөрү менен

  • Ысык-Көлдүн кызгалдактары тасмасындагы башкы каарман Карабалта — Сүймөнкул Чокморов
    © Sputnik / Александр Федоров

    "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасындагы башкы каарман Карабалта — Сүймөнкул Чокморов

  • Жаш режиссёр Болот Шамшиев тоо боорунда кесиптештери менен
    © Sputnik / Александр Федоров

    Жаш режиссёр Болот Шамшиев тоо боорунда кесиптештери менен

  • Апийим талаасындагы Советбек Жумадылов менен Борис Химичев
    © Фото / Александр Федоров

    Апийим талаасындагы Советбек Жумадылов менен Борис Химичев

  • Каличанын образындагы актриса Айтурган Темирова
    © Sputnik / Александр Федоров

    Каличанын образындагы актриса Айтурган Темирова

  • Ортодо турган белгилүү актёр, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен анын сол жагында турган экинчи режиссёр Темир Дүйшекеев жана киночулар
    © Sputnik / Александр Федоров

    Ортодо турган белгилүү актёр, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен анын сол жагында турган экинчи режиссёр Темир Дүйшекеев жана киночулар

  • Кинофильм Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз, Жууку, Барскоон капчыгайларында тартылган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кинофильм Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз, Жууку, Барскоон капчыгайларында тартылган

  • Совет бийлигин жактаган Карабалта жана заставадагы чек арачылар
    © Sputnik / Александр Федоров

    Совет бийлигин жактаган Карабалта жана заставадагы чек арачылар

  • Карабалтанын артынан жөнөгөн Байзактын жигиттери
    © Sputnik / РИА Новости

    Карабалтанын артынан жөнөгөн Байзактын жигиттери

  • Ысык-Көлдүн кызгалдактары тасмасы тартыла баштаганда Шамшиев 29 жашта болгон
    © Sputnik / Александр Федоров

    "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасы тартыла баштаганда Шамшиев 29 жашта болгон

  • Чокморов кинофильмде аткарган Карабалтанын ролу үчүн Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда диплом жана премияга ээ болгон
    © Sputnik / РИА Новости

    Чокморов кинофильмде аткарган Карабалтанын ролу үчүн Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда диплом жана премияга ээ болгон

Белгилер:
"Ысык-Көлдүн кызгалдактарындагы" тасмасы, Сүрөт, тасма, Сүймөнкул Чокморов, Болот Шамшиев
Тема боюнча
Дүйнөнүн азабын көтөргөн эне. "Саманчынын жолу" киносундагы ирмемдер
Кино менен театрдын залкарларын чогулткан. "Көчө" тасмасындагы ирмемдер
Мектеп окуучулары. Архивдик сүрөт

Бишкекте алгачкы жолу жаш театр ишмерлеринин форуму өтөт

64
(жаңыланган 15:33 27.11.2020)
Иш-чара бүгүн, 27-ноябрда, саат 17:00дө салтанаттуу башталып бир жумага созулат. Долбоордун демилгечиси — Назым Мендебаиров.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргыз театр маданиятынын тарыхында алгачкы жолу I Республикалык жаш театр ишмерлеринин "Жаратман — 2020" форуму өтөт. Бул тууралуу Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чараны Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргызстан театр ишмерлер союзу жана Кыргыз улуттук академиялык драма театры биргеликте уюштурууда.

"Форум онлайн форматта өтүп, бир жумага созулат. Максаты — жаш муундардын билимин тереңдетүү, театр искусствосун өркүндөтүү. Алдыңкы театр чеберлери билими, тажрыйбасы менен бөлүшмөкчү", — деп айтылат маалыматта.

Форум бүгүн, 27-ноябрда, саат 17:00дө салтанаттуу башталып, 4-декабрда аяктайт. Долбоордун демилгечиси — Назым Мендебаиров.

64
Белгилер:
форум, ишмердүүлүк, театр
Тема боюнча
Баш байге 200 миң сом! Жаратман жаштар тууралуу роликтерге сынак жарыяланды
Атай Өмүрзаковдун бий тобу Германияда калыстардын оозун ачырды. Видео
УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев. Архив

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары алтын аткезчилиги боюнча суракка чакырылды

0
(жаңыланган 23:02 27.11.2020)
Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев УКМКга алтын аткезчилиги боюнча тергөө амалдарына катышуу үчүн чакырылды. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, иштин чоо-жайы тууралуу тергөө амалдарынан кийин айтылат.

Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

Учурда ал президенттикке талапкерлердин бири Абдил Сегизбаевдин штабын координациялап жатат.

0
Белгилер:
аткезчилик, алтын, Дүйшөнбек Чоткараев, УКМК
Тема боюнча
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканага түштү
УКМК башчысы Матраимовдун өкүл баласын кабыл алды. Видео