Айтматов ыраазы болуп, Жусуп Мамай бата берген. Казак манасчы Алимжановдун маеги

© Фото / из личного архива Баянгали АлимжановаСоветский казахский поэт, писатель, драматург, акын Баянгали Алимжанов
Советский казахский поэт, писатель, драматург, акын Баянгали Алимжанов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казак элинен чыккан манасчы, акын, драматург, жазуучу, котормочу жана кинорежиссёр Баянгали Алимжанов "Манас" эпосун казак тилине которуп, аны Эл аралык түрк академиясы атайын китеп кылып чыгарган.

Бир сырдуу, миң кырлуу боордош агабыздын "Манас" эпосу боюнча жаңы эмгеги казак-кыргыз коомчулугуна чоң белек болду.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Казакстандын эмгек сиңирген ишмери Баянгали Алимжанов менен байланышып, "Манас" эпосу тууралуу маек даярдаган.

Баарлашуу учурунда Баянгали агабыз төгүлүп-чачылып чын көңүлү менен суроолорубузга жооп берип жатты.

— "Манас" дүйнөсү менен алгач кандайча таанышып калдыңыз?

— Тогуз-он жаштагы бала элем. 1962-1963-жылдары Мухтар Ауэзов баштаган казактын көрүнүктүү акындарынын "Манас" эпосун казак тилине которгон төрт томдугу чыккан. Бул 1958-жылы Кыргызстанда чыккан эпостун котормосу эле. Бала кезден казактын ырлары менен кошо эпостун төрт томдугун окуп, таанышып, бара-бара "Манаска" абдан жакын болуп кеттим. Ыр саптары, ыр түзүлүштөрү казактыкына бирде окшоп, бирде окшобогон өзгөчөлүгү бар. Эпосту ушунчалык сүйүп, жакшы көргөнүм менен "Манас" айтып калам деп эч ойлогон эмесмин.

Манасчы Рысбай Исаков: аянды баарына жар салсын деп бербейт

КазМУнун филология факультетин аяктап жатканда бир күнү капысынан эле Алматыдагы китеп дүкөнгө кирип калдым. Карасам эле кыргыз тилиндеги эки "Манас" китеп текчеде турат. Миллиондогон калк жашаган шаарда китептин мага буюрганын карачы. Бул менин "Манас" эпосу менен чыныгы кездешүүм болду окшойт. Дароо эле сатып алдым. Кыргыз тилиндеги улуу эпосту бир дем менен окуп чыктым. Ошондо "Манас" айтууга, анын ыргагына кызыгуу ойгонуп, акырындан эл арасында айта баштадым. Алматыда кыргыз берүүсүн көрүп, кээде манасчылардын айтканын тыңдап калгандыктан обону тааныш эле. 

© Фото / из личного архива Баянгали АлимжановаКазак элинен чыккан манасчы, акын, драматург, жазуучу, котормочу жана кинорежиссёр Баянгали Алимжановдун "Манас" эпосу боюнча жаңы эмгеги казак-кыргыз коомчулугуна чоң белек болду
Айтматов ыраазы болуп, Жусуп Мамай бата берген. Казак манасчы Алимжановдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Казак элинен чыккан манасчы, акын, драматург, жазуучу, котормочу жана кинорежиссёр Баянгали Алимжановдун "Манас" эпосу боюнча жаңы эмгеги казак-кыргыз коомчулугуна чоң белек болду

— Биздин манасчылар "Манас" ааламына аян алгандан кийин гана сүңгүйт. Ушундай түшүнүк бар. Бул жагы кандай болду эле?

— Айры калпактуу кыргыз агайындар "аян болбосо, баян болбойт" деп жүйө келтиришет. Ал кезде Ауэзовдун башчылыгы алдында жарык көргөн котормодон улуп-жулуп айтып жүргөн кезим эле. Бир күнү таңга маал түш көрдүм. Аппак, нур шекилдүү, колдорунда жоо-жарагы бар адамдар мени көздөй бастырып келишти. Алдында баштаган кол башчысы бар. Баатырлар маңдайыма жакындай келишкенде "обонуна келтирип айт" дегендей салмактуу добуш кулагыма угулду. Анан эле ойгонуп кетип, Манас ата келип аян берди окшойт деген ойдо калдым. Ошондон соң чындап киришүүгө белсенип, өзүмчө чоң жоопкерчиликти сездим. Бир чети абдан кубандым. Андан кийин эле 1984-жылы казак телеберүүсүндө "Манас казак жеринде" деген берүү жасадым. 1995-жылы "Манастын" 1000 жылдыгына чакырылып, эпостон үзүндү айтып, калктын алкоосуна татып атайын байге алгам. Ошондон кийин Манас бабабыз экинчи ирет түшүмө кирди. Манастын күмбөзүнүн кашында куран окуп отурам. Бир маалда кара соот кийген баатыр атабыз атчан аскерлери менен ыраазы болгондой алдыман чыкты. Муну да өзүмчө жакшылыкка жорудум. Бир жолу түшүмдө Саякбай ата күпүлдөтүп "Манас" айтып отуруптур. Анда да кубанып, жакшылыктан үмүт кылдым. Көп өтпөй эле Кыргызстандагы Эл аралык "Саякбай манасчы" фонду медаль менен сыйлады. Ушундай кызык жагдайлар болгон.

Сакадай бою сары алтын, улуу манасчы Саякбай Каралаев жөнүндө кызыктуу 15 факты

— "Манас" айтууда устатыңыз барбы?

— Манасчылар менен "Манасты" олуттуу айта баштагандан кийин аралаштым. Анын алдында эң алгач 1984-жылы Алматыда өткөн "Эпосы народов СССР" аттуу чоң жыйын болду. Ал кезде "Казакфильмде" иштечү элем, келип жыйынды тасмага түшүрдүм. Ага Кыргызстандан Уркаш Мамбеталиев, Асанкан Жуманалиев, Назаркул Сейдрахманов агаларыбыз катышып, башка республикалардан да көп делегаттар келген. Негизинен ушул үч манасчы мага катуу таасир калтырды. 1995-жылы "Манастын" 1000 жылдыгына барганда Шаабай Азизов, Каба Атабеков, Сейдене апабыз, Абдыкадыр манасчы, Сапарбек Касмамбетов өңдүү бир топ манасчылар менен тааныштым. Айрыкча Назаркул Сейдрахмановдун айтуу чеберчилиги жакты. Булардан да сабак алдым. Азыркы Рыспай Исаков, Самат Көчөрбаев, Дөөлөт Сыдыков баштаган манасчылар ал кезде жаш балдар эле. Мен манасчылыкта бир эле кишинин атын атап, ушул киши гана устазым болду деп айта албайм. Анткени Казакстанда жашагандыктан атайы бир манасчынын артынан ээрчип үйрөнүүгө мүмкүнчүлүгүм болгон жок. Алгач кудайдын кудурети менен өз алдымча баштап, кийин кыргыз манасчыларынан үйрөндүм деп ачык айтам. 

© Фото / Баянгали АлимжановБаянгали Алимжанов: котормодо Манас атабыздын рухун, эпостун негизин сактоого аракет кылдым
Айтматов ыраазы болуп, Жусуп Мамай бата берген. Казак манасчы Алимжановдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Баянгали Алимжанов: котормодо Манас атабыздын рухун, эпостун негизин сактоого аракет кылдым

— Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин да таасири болдубу?

— Саякбай атабыздын манасчылар арасында орду бөлөк. Мен ал кишинин добушун кийинчерээк гана уктум. Жазылып алынган аудиожазма менен 2000-жылдары интернет аркылуу гана тааныша алдым. Ага чейин аудиожазмасы сыртка көп чыккан эмеспи, айтор, бизге жетпей жатты. Ал кишинин айтуусундагы "Манаска" абдан таасирлендим. Саякбайды азыркы замандын манасчыларынын башкы устаты катары эсептейм. Менин да ардактаган атам.

Мен үчүн дагы бир маанилүү окуя — 1995-жылы Жусуп Мамайдын колунан кармап, батасын алгам. Ал киши "Манасты тынбай айта бер" деди эле. Ошондой эле бир чоң жыйында Чыңгыз Айтматов агабыз колумду кысып: "Сага чоң рахмат!" деп алкыш айтканын да кубануу менен эстейм. Мен "Манас" айтып жатканда ал киши казак окумуштуулары Зейнолла Кабдолов менен Сейит Каскабасовдон "бул киши казакпы же кыргызбы?" деп сураган экен.

Манасчы Сагынбай Орозбаков жөнүндө кызыктуу 15 факты. Көөдөнгө баткан 180 миң сап

— "Манасты" которууга эмне түрткү болду? Дегеним. мурдараак Мухтар Ауэзов казак коомун эпос менен эне тилинде тааныштырган эле. Бул ирет сиздин котормоңуздун өзгөчүлүгү эмнеде болду?

— "Манас" айтып келе жатканыма 40 жылга жакын убакыт болду. Бирок эпосту которуу тууралуу оюм жок болчу. Себеби мага чейин эле которулгандыктан "Манас" казакча сүйлөп тур гой" деген кыязда жүрдүм.

Былтыр, 2019-жылдын ноябрь айында, Бишкектеги И. Арабаев атындагы университетте казак-кыргыздын биргелешкен жыйыны өтүп, ага мени бул жактан Эл аралык түрк академиясы алып барды. Ошол жерден күпүлдөп "Манас" айтып, кыргыз агайындар да бир жагынан ыраазы болуп отурду. Андан чыгып кыргыз жазуучулары менен мейманкананын фойесинде отуруп дагы эпостон үзүндү айтып бердим. Анан эле нары жактан өңү-түсү башка адамдар кол чабышканынан карасам, кыргыз тоолоруна аңчылыкка келген америкалыктар экен. Алар да ыраазы болуп, бизде да ушундай фольклор бар деп индеецтер тууралуу айтышыптыр. Ошо жыйындан кийин токтоно албай ээлигип үйгө баратып да жол бою айттым. Казакстанга келсем да оюмдун баары "Манас". Үйдөн үч күн катары менен "Манас" айтып, аялым "кой, токтосоңчу эми" десе да абалдан чыга албай койдум. Эртеси таңга жуук улуу эпостун жомок башын өзүнчө айтып чыгуу тууралуу ой кылт этип "Манастын казакча котормосун жазып, аны кайрадан айтып чыгууга эмнеге болбосун" деп ойлондум. Себеби мурунку төрт томдук котормо азыр эскирип, колго тийбей калган. Экинчиден, ал төрт тому биригип жүз миң саптан турган ыр. Эки китеби "Манас", 3-тому "Семетей", 4-тому "Сейтек". "Манастын" өзү эле элүү миң сап. Аны азыркы балдар толук окуп түшүнөрүн кудай билет. Эмнеге ошону кыскартып, түшүнүктүү кылып элге жыйнактап бербейм? Чынын айтканда, эпос абдан узак болгондуктан, керек болсо кыргыздардын баары эле окуп түшүнө бербейт. Ошол себептен Бексултан Жакиев агабыз "Манастын кыскарган эмес, кысылган нускасы" деп да китеп чыгарган. Өзүмдөгү дараметимди колдонуу менен эпостун ар кайсы вариантын карап, ойду бир жерге жыйынтыктап "Манастын" өзгөчө нускасын жасоону тилек кылдым. Ошентип 2019-жылдын 1-декабрынан баштап бул ишке баш-отум менен кирише баштадым. Котормодо эпостун көркөмдүк боёгун, сөздөрүнүн маңызын окурманга жеткирүүгө тырыштым. Эпостогу баа жеткис сөздөрдүн, окуялардын эч бири калып калбаса экен деген максатта Сагымбай менен Саякбай атанын вариантынан, 1958-жылы чыккан бириктирилген нускадан, Бексултан Жакиевдин кысылган нускасынан жана Чокан Валихановдун жазып алган вариантынан сөздүн гүлүн тердим. Котормодо Манас атабыздын рухун, эпостун негизин сактоого аракет кылдым. Анан да аны бүгүнкү окурман окуса түшүнгүдөй кыскартып, кысып берүү керек болду. 

© Фото / из личного архива Баянгали АлимжановаБаянгали Алимжанов: бала кезден казактын ырлары менен кошо эпостун төрт томдугун окуп, таанышып, бара-бара Манаска абдан жакын болуп кеттим
Айтматов ыраазы болуп, Жусуп Мамай бата берген. Казак манасчы Алимжановдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Баянгали Алимжанов: бала кезден казактын ырлары менен кошо эпостун төрт томдугун окуп, таанышып, бара-бара Манаска абдан жакын болуп кеттим

— Кантип кыскарттыңыз?

— Көп окуялардын куюлуп келе турган жерлерин, баяндалган туштарын, ыр түрүндө узак баяндалуучу жерлерин түйүндөп кара сөз менен айтып бердим. Мунун өзгөчөлүгү ушунда. Казак айтуучуларында ушундай ыкма бар. Котормодо "Манастын" бүйүр кызыткан жерлерин ыр менен айтып келип, ортосунда кара сөз менен баяндап бергеним куп жарашып калды. Мында мен жер-суунун, адамдардын аттарын четте калтырбоого тырыштым. Ушуну менен биз жасаган нускадан окуган адам эпостун бүткүл мазмунун, окуясын түгөл билип, негизин түшүнгүдөй даражага жетиштик. "Манас" эпосунда ар кыл окуя, баатырлардын тарыхы тарам-тарам кетип айтыла берет. Ага кызыккандар жалпы маалымат алган соң, ары карай өз алдынча изденип, таап окуйт. Бүгүн калың казак окурманы Манастын атын билген менен мазмунун биле бербейт. Акын-жазуучуларыбыз да "Манас" эпосун толук биле бербейбиз" деп айтышат. Биз кыргыз-казак эли "Манасты" башка тилге которуу жагын көздөгөн менен өзүбүздүн элге жеткирүү жагын ойлобоптурбуз.

— Казак коомчулугу кандай кабыл алды?

— Котормомду казактар өтө жакшы кабыл алды. Аны 67 күндө бүтүрдүм. Эпосту которуп бүтөрүм менен Эл аралык түрк академиясынын жетекчиси, академик Дархан Кыдыралиге кабарлаштым. Ал киши жаңылыкты кубануу менен кабылдап, муну зор эмгек катары баалады. Акыры Сооронбай Жээнбековдун ыраазычылык сөзү менен китепти өздөрү чыгарып беришти. 

© Фото / из личного архива Баянгали АлимжановаБаянгали Алимжанов: "Манас" — кыргыз калкынын кылымдар бою аздектеген эпосу. Бул чоң дарыя сыяктуу. Кыргыздар чыгармачылык талантын, дараметин бир агымдын нугуна салып келгендей
Айтматов ыраазы болуп, Жусуп Мамай бата берген. Казак манасчы Алимжановдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Баянгали Алимжанов: "Манас" — кыргыз калкынын кылымдар бою аздектеген эпосу. Бул чоң дарыя сыяктуу. Кыргыздар чыгармачылык талантын, дараметин бир агымдын нугуна салып келгендей

— Сөздүн ачыгы, убагында "Манасты" талашкандар болду. Бул жалпы түрк элинин байлыгы деген ойду айткандар да бар. Сиз бир маегиңизде "Манас" эпосу толук кыргызга гана таандык деп так жооп бериптирсиз...

"Манастын" Чоң казат бөлүмү туурасындагы кызыктуу жети факты

— "Манас" — кыргыз калкынын кылымдар бою аздектеген эпосу. Бул чоң дарыя сыяктуу. Кыргыздар чыгармачылык талантын, дараметин бир агымдын нугуна салып келгендей. Эпос — тарыхый окуя эмес, ал көркөм чыгарма. Ар кыл тагдырлардын, тарыхый окуялардын көркөм архитектурасы. Анын ичинде башка улуттар да болушу мүмкүн. Өнөр туундусун таанууда саясат аралашпашы керек. "Манас" — бул талашсыз кыргыз калкынын эпосу.

"Манастагы" казакка да, башка улуттарга да тийиштүү тарыхый окуялар, көркөм образдар бар. Эпостон урууларды жана этнографиялык дүйнө таанымды издеп табуу, иликтөө — бул аны талашуу эмес. Тескерисинче, ал чыгарма баалуу тарыхый окуяларга бай экендигинен кабар берет. Кыргыз элинин "Манас" эпосу бүткүл түрк элинин мактанычы болсо ал улуу жеңиш эмеспи...

Жаңылыктар түрмөгү
0