Улуттук тил комиссиясы макалалар сынагын жарыялады. Шарттары

© Sputnik / Табылды КадырбековКыздар комузта ойноп отурат. Архив
Кыздар комузта ойноп отурат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынакка бардык каалоочулар катышса болот. Макаланын санына жана көлөмүнө чектөө коюлбайт.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. "Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил" аталышындагы макалалар сынагы жарыяланды. Бул тууралуу КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, сынак "КР мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгына карата уюштурулууда.

"Бул сынак мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө тилдин ролун, маанисин ачып берип, аны коомчулукка жеткирүү үчүн жарыяланды. Анын дагы башка максаты — эне тилин өнүктүрүүдөгү көйгөйлөрдү аныктоо, чечүү жолдорун издөө, элдин мекенчилдик аң-сезимин калыптандыруу жана тилди өнүктүрүүгө салымын кошуп жаткандарды даңазалоо болуп саналат", — деп айтылат билдирмеде.

Маалым болгондой, аталган темадагы макаланы бардык каалоочулар жазса болот. Анын санына жана көлөмүнө чектөө коюлбайт.

Сынак 15-октябрга чейин жүргүзүлө турганы айтылды. Толук маалымат алам дегендер (312) 31 57 73, (550) 15 74 53 номерлерине чалып же mamtil.kg сайтына кирсе болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0