Оштун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Сүрөттүү-Таш археологиялык эстелиги

Оштогу "Сүрөттүү-Таш" эстелиги ачык асман алдындагы музей болушу ыктымал

112
Бул эстеликте тарыхый жазма булактарда, илимий адабияттарда "даван аргымактары", "асман аттары" деген аталышта белгилүү болгон жылкылардын сүрөттөрү тартылган.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Оштун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы "Сүрөттүү-Таш" археологиялык эстелигине барды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

  • Министр культуры, информации и туризма Кыргызстана Азамат Жаманкулов посетил археологический памятник Суроттуу-Таш в селе Кызыл-Кыштак Кара-Сууйского района Ошской области
    Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Оштун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы "Сүрөттүү-Таш" археологиялык эстелигине барды
    © Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации и туризма КР
  • Министр культуры, информации и туризма Кыргызстана Азамат Жаманкулов посетил археологический памятник Суроттуу-Таш в селе Кызыл-Кыштак Кара-Сууйского района Ошской области
    Министр эстеликтерди карап жатып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө "Сүрөттүү-Таш" эстелиги жалпы адамзат тарыхы жана маданияты үчүн баалуу мурас экендигин белгилеген
    © Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации и туризма КР
  • Археологический памятник Суроттуу-Таш в селе Кызыл-Кыштак Кара-Сууйского района Ошской области
    Эстеликтин ландшафтын, коргоо чөлкөмдөрүнүн бүтүндүгүн сактоону камсыздоо үчүн зарыл болгон иш-чаралар аткарылмай болду.
    © Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации и туризма КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации и туризма КР
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Оштун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы "Сүрөттүү-Таш" археологиялык эстелигине барды

Министр эстеликтерди карап жатып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө "Сүрөттүү-Таш" эстелиги жалпы адамзат тарыхы жана маданияты үчүн баалуу мурас экендигин белгилеген.

Эстеликтин ландшафтын, коргоо чөлкөмдөрүнүн бүтүндүгүн сактоону камсыздоо үчүн зарыл болгон иш-чаралар аткарылмай болду.

Министр эстеликтин жер тилкесин тарыхый-маданий мурас катары аныктап, керектүү документация иштерин бүткөрүү зарылдыгын белгиледи. Мындан сырткары, бул эстеликтин аймагында туризм тармагын өнүктүрүү максатында ачык асман алдындагы музей кылып уюштуруу маселелери талкууланды.

Жолдошев: петроглифтер табылгандан тарта тарыхый баалуулук болуп эсептелет

"Аталган археологиялык эстелик аска беттерине биздин заманга чейинки III кылымдын, биздин замандын V кылымына таандык ат, бугу, тоо эчкинин жана илбирстин сүрөттөрү тартылган маданий мурас болуп саналат", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул эстеликте тарыхый жазма булактарда, илимий адабияттарда "даван аргымактары", "асман аттары" деген аталышта белгилүү болгон жылкылардын сүрөттөрү тартылган.

112
Белгилер:
Ош облусу, эстелик, Азамат Жаманкулов
Тема боюнча
Маданият министрлиги Таластагы экспонаттарга бай музейди карамагына алат
“Жашыл чарбанын” кызматкерлери картинадагы каармандарга айланганда. Керемет долбоор
Талас облустук театрында режиссеру Чолпон Эрикова

Республика боюнча театрда иштеген үч эле айым бар. Режиссер Чолпондун маеги

399
(жаңыланган 22:13 25.10.2020)
Кыргызстанда айымдар арасынан чыккан театр режиссерлорун санай келгенде колдун беш манжасына да жетпейт. Алардын ичинде жаш режиссер Чолпон Эрикова да бар. Чолпон учурда Талас облустук театрында режиссер болуп эмгектенүүдө.

Sputnik Кыргызстан агенттиги 27 жаштагы Чолпон Эрикова менен маектешип, театр жана жаштар тууралуу азыноолок кеп курду.

Театр сизди эмнеси менен өзүнө тартты?

Мен мектепте окуп жүргөндө, бизге “Учур” театры келип спектакль коюп турчу. Алар менен Болот Тентимишов дагы көп келип калды. Актерлорду көрүп аябай таасирленгендиктен, 7-класстан баштап эле мектептеги майрамдарга сценка коюп, идеяларды айтып жүрдүм. Мен 9-класс болгондо апам Кыргыз драма театрына костюмер болуп иштеп калды. Апамды ээрчип театрга барып жүрүп кызыгуум артты. Кийин 11-классты бүтөрүм менен ушул кесипти тандап алдым.

Спектакль в Таласском областном театре. Архивное фото
© Фото / Адилет Кыштообаев
Чолпон Эрикова: өзгөчө Чыңгыз Мамаевдин Алыкулду ойногонун көрүп "буюрса ушул кишилер менен иштешем" деп кыялданчумун

Биринчи жолу көргөн спектаклиңиз эсиңиздеби?

Эсимде, “Учур” театрынын Алыкул Осмонов жөнүндө койгон спектакли болду. Актёрлор көзүмө бир башкача көрүнөр эле. Өзгөчө Чыңгыз Мамаевдин Алыкулду ойногонун көрүп  “буюрса ушу киши менен иштешем” деп кыялданчумун. Азыр минтип кыялым орундалып отурат. Апам театрда иштеп турган кезде залда отуруп алып жомокторду көп көрдүм. Ал кезде 10-класста окучумун. Чоңоюп калсам дагы жаш балача элестетип, жомоктун ичине кирип кетчү элем. Ошондон алган таасирден уламбы, Талас театрында үч жыл катары менен жомок койдум. Анын ичинен бирөөсү өзүмдүн автордук жомогум болду.

Режиссер Таласского областного театра Чолпон Эрикова
© Фото / Чолпон Эрикова
Чолпон Эрикова: алгачкы автордук спектаклимде ашыкча ысырапкорчулук сыпатталган

Актёрлорго таасирленип театрды тандапсыз. Эмне үчүн актриса болгон жоксуз?

Азыр театрда бир штатта режиссёр, жарым штатта актриса болуп иштейм. Негизи режиссерлук кесипке тапшырганда группада эки эле кыз болгондуктан бизди үч жыл актёрлор менен кошуп окуткан. Натыйжада  эки жактуу билим алып, 4-курска жеткенде өзүнчө бөлүнүп режиссер деген диплом алып чыктык. Бирок эки жакта тең иштөөгө тажрыйбам бар.

Спектакль в Таласском областном театре. Архивное фото
© Фото / Адилет Кыштообаев
Чолпон Эрикова: азыр театрларда иштеген жаштар көп. Алар деле мага окшоп жарыбаган маянага иштеп жатышат

Жаш режиссер катары алгачкы автордук спектаклиңизди койгону жатыпсыз...

Курманбек Токтоналиевдин "Дүрбөлөң" аттуу чыгармасын сахналаштырып спектакль коюунун алдында турам. Бул менин алгачкы автордук спектаклим. Мында ашыкча ысырапкорчулук сыпатталган. Жыл бою иштеп тапкан акчасын күзүндө аш-тойлорго сарптап салган элибиздин ашыкча салт-санаасы ашкереленет. Кошумча кошуунун терс жактары жөнүндө да айтылган. Кээде өлүмгө кайгырбай, келген кошумчаны эсептешип калган учурлар кездешет. Боз үйдөгү маркумдун жакындары келген кийиттерге көңүл бурууга мажбур. Себеби кайра бергенде өзүнүкүн өзүнө берип же кымбат кездеме алып келсе арзаныраагын берип уят болбойлу деп кооптонушат. Спектаклди ашыкча ысырапкорчулукту, кереги жок каадаларды токтолу деген мааниде койдук. Туугандар арасындагы таарынычтар да ушундан улам чыгат. Жамандык болгон үйдө эки же үч бодо мал союлат. Ушунун баары эле ысырапкорчулук. Азыр экономикалык каатчылык күч алып турганда мындай ашыкча жөрөлгөлөрдү кыскартуу жагын карасак болмок. Ушул жагын элге жеткирели дедик.

Музыка менен АКШны багынткан кыргыз кызы: ыйлаган күндөрүм көп болду

Режиссер Таласского областного театра Чолпон Эрикова
© Фото / Жылдыз Маликова
Чолпон Эрикова: мен 9-класс болгондо апам Кыргыз драм театрына костюмер болуп иштеп калды. Апамды ээрчип жүрүп театрга кызыгып калдым

Өзүңүз Ысык-Көлдүн кызы болсоңуз дагы кесибиңиздин артынан Таласка барып иштеп жатыпсыз. Кыйналган жоксузбу?

Мурда Таласка келип көрбөгөндүктөн абдан кыйналдым. Эч кимди тааныбайм. Шаардан адашып кеткен учурларым көп болду. Азыр көнүп калдым. Театрдын кызматкерлери өз ишинин патриоту болушат деп коет го, анысы кандай, бул тармакта иштегендер театрдан башка жакты эңсебей калат. Алган акчабыз аз болсо дагы күндүн ысык-суугуна карабастан иштей берет экенбиз. Азыр театрларда иштеген жаштар көп. Алар деле мага окшоп жарыбаган маянага иштеп жатышат. Бирок шаардагы театрларда иштеген жаштарга жеңилирээк. Анткени алар үн жаздырып, тартууларга барып кошумча акча таба алышат. Таластагы театрда жаштардан экөө элебиз. Бул жактан тажрыйба топтоп алайын деп жатам.

Маянаңыз канча?

Айына 4070 сом алам. Мага театр жатаканадан бөлмө бөлүп берген. Утурумдук жашаган жерим чечилгендиктен аз акча алсам дагы сүйүктүү кесибим менен иштөөгө мүмкүнчүлүк бар.

Имараты жок көчөдө калган дымагы күч артисттер. "Туңгучтун" таберик сүрөтү

Спектакль в Таласском областном театре. Архивное фото
© Фото / Адилет Кыштообаев
Чолпон Эрикова: азыр экономикалык каатчылык күч алып турганда ашыкча ысырапты кыскартуу жагын элге жеткирели дедик

Менимче Кыргызстанда режиссер айымдар аз эле болсо керек?

Ооба, республика боюнча театрда расмий түрдө иштеп жаткан режиссёр айымдардан үчөө эле бар. Бул тармакта көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан эжелер Замира Акылаева, Эльвира Ибрагимова жана мен.

Алдыда кандай максатыңыз бар?

Буюрса, дагы көп-көп спектаклдерди коюп, өзүмдү сынап көргүм келет. Эл аралык фестивалдарга катышууну максат кылам. Ошондой эле келечекте  жеке театр ачууну көздөп жатам.

399
Белгилер:
маек, спектакль, режиссер, театр
Тема боюнча
Москвада кыргыз театрын ачкан Козубаева: репетиция батиримдин бир бөлмөсүндө өтөт

Исхак Раззаков кандай үйдө жашаган? Музейге айланган жайдын видеосу

604
Бүгүн, 25-октябрда, Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленип жатат. Ал 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районундагы Коросоң кыштагында төрөлгөн.

Согуштан кийинки жылдары Кыргызстандын өсүп-өнүгүп, бутуна турушуна зор салым кошкон айтылуу мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаков Бишкекте кандай үйдө жашаганын Sputnik окурмандарга көрсөтүп берет.

Азыр Раззаковдун үй-музейине айланган имарат 1938-жылы жогорку мамлекеттик кызматтагыларга жашап турганга бериле баштаган. Анын ичинде Исхак Раззаков да ушул жерде үй-бүлөсү менен 11 жыл өмүр сүргөн. Андан соң имаратта башка кызматкерлер жашап, кийин Пионерлер үйү, анан бала бакча болгон. Акыркы болуп ПРООН иш кеңсеси катары пайдаланган.

Бишкектеги мемориалдык музейлердин директору Арман Момаханованын айтымында, мындан 15 жыл мурда Раззаков жашаган жерди үй-музейге айландыруу чечими күчүнө кирип, ПРООН кеңсеси башка жакка көчкөн.

"Ошол жылдары үй-музейдин ичин кыска убакытта толтурганбыз. Исхак Раззаковдун Москвада жашаган кызы Элмира архивдик материалдарды берди, өзүбүз дагы көп жерден издеп жүрүп чогулттук. Бул жактан мамлекеттик ишмердин архивдик сүрөттөрүн, документтерин, сыйлык, наам, ордендерин, кийим-кече, китеп, буюм-тайымдарын көрүүгө болот", — деди Момаханова.

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин үй-музейи коноктор үчүн ачык экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 25-октябрда, Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленип жатат. Ал 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районундагы Коросоң кыштагында төрөлгөн.

Короодо улуган Акбара, саякатчы "Ягуар". Элдар Айтматов атасынын үй-музейин көрсөттү

Раззаков 1945-1950-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы, 1950-1961-жылы Кыргыз Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы кызматын аркалап, республиканын өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошкон. Ага кийинчерээк "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы ыйгарылган.

Эмгеги менен эл-жерине таанылган Исхак Раззаков 1979-жылы дүйнөдөн кайтып, Москвадагы Кунцев мүрзөсүнө коюлган. Ал эми 2000-жылы сөөгү борбор калаадагы "Ала-Арча" мамлекеттик көрүстөнүнө көмүлгөн.

604
Белгилер:
музей, үй, Исхак Раззаков, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Автор 30 жыл изилдеген. Исхак Раззаков жөнүндө китеп жарык көрдү. Сүрөт
Раззаков Исхак Раззакович — өмүр баяны
Президенттин Иш башкармалыгына жетекчи болуп дайындалган Балбак Түлөбаев. Архив

Балбак Түлөбаев президенттин иш башкармалыгына жетекчи болуп келди

0
(жаңыланган 12:53 26.10.2020)
Түлөбаев 5-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин "моралдык укугу жоктугун" айтып, облус башчылык кызматын тапшыруу боюнча арызын жазган.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Президенттин иш башкармалыгына жетекчи болуп Балбак Түлөбаев келди. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Түлөбаев өзү билдирди.

“Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан кеттим. Себеби мага башка жумуш сунушталды. Президенттин Иш башкармалыгына бармай болдум”, - деди ал.

Түлөбаев 5-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин "моралдык укугу жоктугун" айтып, облус башчылык кызматын тапшыруу боюнча арызын жазган. Бирок, анын отставкасын эч ким кабыл алган эмес.

35 жашка чыкпай жогорку кызматты ээлеген аткаминерлер. Тизме

Эске салсак, мындан бир нече ай мурда, тагыраагы 27-июлда Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган эле. Ага чейин Бишкек мэриясынын аппаратын жетектеп турган.

Түлөбаев 2004-2010-жылдары президенттин Иш башкармалыгында жетекчинин кеңешчисинен тарта биринчи орун басарга чейин иштеген.

0
Белгилер:
иш, Балбак Түлөбаев, Кыргызстан
Тема боюнча
Ысык-Көлдө унаа жолун бойлой туристтер үчүн 17 STOP түйүнү курулат
Нариман Түлеев Бишкек мэринин милдетин аткаруучулукка кайтып келди