Бишкекте Оштон келген эки жигиттин сүрөт көргөзмөсү өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековГапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейи. Архив
Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Музей мындан ары шейшембиден жекшембиге чейин 11:00дөн 18:00гө чейин, жума күнү 11:00дөн 17:00гө чейин иштей турганы белгиленди.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Борбор калаада Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде Оштон келген эки жигиттин сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу музейдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, музей эки жигиттин сүрөт көргөзмөсү менен күзгү сезонун ачат.

"Мирлан Мамытов жана Айбек Шамшиев Тургунбай Садыков атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр академиясынын бүтүрүүчүлөрү. Алар ар кандай эскиздерди жаратып, 70тен ашык өнөрүн коомчулукка тартуулаганга жетишкен", — деп айтылат билдирмеде.

Сүрөт көргөзмөсү 23-октябрда саат 11:00дө башталат.

Ак үйдү басып алууда Сүймөнкул Чокморов, Гапар Айтиевдин эмгектери жоголуп кетти

Ал эми музей мындан ары шейшембиден жекшембиге чейин 11:00дөн 18:00, жума күнү 11:00дөн 17:00гө чейин иштей турганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0