Тапанча көтөргөн Океев, камера менен алышкан Борбиев. "Мурастагы" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

Колуна тапанча алган белгилүү режиссёр, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев, камерасын кармап турган КРдин эл артисти, оператор Нуртай Борбиев жана эки ассистенттин сүрөтү 1969-жылы Ысык-Көл облусунда тартылган.

Ал жылы Океев менен Борбиев "Мурас" даректүү тасмасын тартып, анын сценарийин КРдин эл жазуучусу Бексултан Жакиев жазган.

Кара жумушта жүрүп киного аралашкан Үсөн Кудайбергенов. Таберик сүрөт

Сүрөттөгү инсандар менен узак убакыт иштешкен кинофотограф Александр Федоров ошол кезди мындайча эскерет:

"Учурунда Төлөмүш Океев менен Нуртай Борбиев көптөгөн тасмада бирге иштешти. Экөө тең өз ишин майына чыгара аткарган кесипкөй инсандар эле. Ошондуктан алардын тарткан тасмалары эл аралык фестивалдарда байгесиз, абройлуу сыйлыктарды албай келчү эмес. Мисалы, Нуртай эрте эле тасма тарта баштаган. Менимче, ал Москвада кино боюнча билим алган эмес. Киночуларга жардамдашып, аралашып жүрүп эле кино тартканды үйрөнүп, өз эмгеги менен кадыр-барк топтогон. Башка оператор кесиптештеринен айырмаланып, өзүнүн өзгөчөлөнгөн оператордук көз карашы бар болчу. Союз маалында экөө жакшы мамиледе болушчу, кийин эгемендүүлүк жылдары чогуу ишкерлик менен да алектенип калышкан. Ошол учурда каржы маселелеринен улам кичине мамилелери начарлап кеткен. Анан чыгармачылыкта, анын ичинде кинодо ансыз мүмкүн эмес", — деди Федоров.

Сүрөттөгү инсандардын "Мурас" даректүү тасмасы 1970-жылы Минск шаарында Бүткүл союздук кинофестивалда сыйлыкка татыган. Кийин "Ак илбирстин тукуму", "Сүйүү закымдары", "Ошондо Манас деп ураан чакырып" тасмаларында да бирге иштешкен.

Москва сахнасында кыргызды даңазалаган залкарлар. Таберик сүрөт

Көзү тирүү кезинде Нуртай Борбиев замандашы, залкар режиссёрду мындайча эскерген жайы бар.

"Төлөмүш менен талашып-тартышууга болот эле, өзүнүкүн бербей, түшүнгүсү келбей отуруп алчу эмес. Ал башкалардын ой-пикирин кабыл ала билчү. Көпчүлүктүн эсинде болсо керек, "Улан" тасмасында башкы каармандын казылган көргө түшүп калган эпизоду бар. Аталган тасманы режиссёр ошол учур менен бүтүрмөк экен. Ал эми тасма тартуу тобунун мүчөлөрү Сүймөнкул Чокморов, Кадыржан Кыдыралиев жана башкалар каршы чыгып туруп алышыптыр. Себеби адамды ошондой оор, үмүтсүз абалда калтырбай, кичине болсо дагы үмүт бериш керек деген пикирлерин айткан. Океев макул болуп, соттогу, түрмөдөгү, поезддеги окуяларды кошуп жыйынтыктаган", — деген белгилүү оператор.

КР эл артисти Нуртай Борбиев 2019-жылы 82 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан. Ал эми СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев 2001-жылы 66 жаш курагында Анкарада жүрөк оорудан каза таап, сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0