Живопись, графика... Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган сүрөт-көргөзмө өтөт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүОткрытие выставки "Православная Русь - ко Дню народного единства"
Открытие выставки Православная Русь - ко Дню народного единства - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көргөзмөгө живопись, графика, скульптура, жасалга-колдонмо искусствосу жана башка жанрлар боюнча жалпысынан 172 эмгек коюлат.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 2-ноябрда, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде өлкөнүн Сүрөтчүлөр союзунун республикалык күзгү көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат катчысы Айнура Асанбаева билдирди.

Көргөзмө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдык мааракесине арналат.

Эки миң долларлык эмгегим Европада 38 миң еврого сатылыптыр. Сүрөтчү менен маек

“Көргөзмө ар түрдүү эмгектер менен таң калтырып, экспозицияга живопись, графика, скульптура, декорациялык-колдонмо өнөрүнүн чыгармалары коюлат. Анда салттуу ыкма орун алган, жаңы табылгалар да бар. Бир катар сүрөткерлер Улуу Ата Мекендик согуш темасын жаңыча, стандарттуу эмес жол менен чагылдырууну чечишкен”, — деп айтылат маалыматта.

Көргөзмөгө 172 эмгек коюлат. Анын ичинен живопись боюнча 60, гафика боюнча 32, скульптура боюнча 9, жасалга-колдонмо искусствосу боюнча 67, плакат боюнча 4 эмгек болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0