Кинопленка. Архив

"Шамбала" жана "Чек арада" тасмалары эл аралык кинофестивалда ат салышат

42
(жаңыланган 09:58 05.11.2020)
Москвадагы эл аралык сынакка Кыргызстандан тышкары 10 мамлекет катышат. Бул кинофильмдердин көбүнүн дүйнөлүк премьералары Европа менен Азиядагы эң ири кинофестивалдарда өткөн.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Төлөмүш Океев атындагы улуттук киностудиянын эки тасмасы шериктеш өлкөлөрдүн "Москва премьерасы" аталышындагы эл аралык кинофестивалына катышат. Бул тууралуу аталган студиядан кабарлашты.

Кинофестиваль 12-ноябрдан тарта 17-ноябрга чейин Москвада өтөт.

Режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тарткан "Шамбала" киносу толук метраждуу тасмалардын конкурстук программасында ат салышат.

Ал эми режиссер Тынчтык Абылкасымовдун "Чек арада" аттуу экинчи картинасы кыска метраждуу тасмалардын сынагында көрсөтүлөт.

Кыргызстандык студент тарткан сүрөт эл аралык сынакта биринчи орунду алды

Ушул жылдын толук жана кыска метраждуу фильмдеринин конкурстук программаларына Кыргызстандан тышкары Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Өзбекстан, Молдова, Литва, Россия жана Украинанын тасмалары кирген. Жалпысынан 50дөн ашык тасма көрсөтүлөт.

Бул тасмалардын көбүнүн дүйнөлүк премьералары Европа менен Азиядагы эң ири кинофестивалдарда болгон.

42
Белгилер:
сынак, тасма, Москва, Кыргызстан
Тема боюнча
Мастанова: он мүнөттүк мультфильмди төрт күндө жасап бүтөбүз
Опера жана балет театры. Архив

Министрлик опера жана балет театрынын аталышы кандайча өзгөргөнүн түшүндүрдү

63
(жаңыланган 12:33 01.03.2021)
Документте мындай кадам Маданият жана искусство мекемелеринин ишин жөнгө салуу максатында жасалып жатканы белгиленет.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов опера жана балет театрынын аталышын өзгөртүү боюнча токтомго кол койду. Бул туурасында документ өкмөттүн сайтына жайгаштырылды.

22-февралда "Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн маданият жана искусство чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому чыккан. Ага ылайык, "А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" "А. Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" мамлекеттик мекемеси" деп өзгөртүлгөн.

Президент Садыр Жапаров көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чарада
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ошондой эле театрдын башкаруу формасы дагы өзгөртүлүп, мамлекеттик мекеме макамын алып жатат. Документте мындай кадам Маданият жана искусство мекемелеринин ишин жөнгө салуу максатында жасалып жатканы белгиленет.

Ал эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги театрдын аты өзгөртүлбөгөнүн, болгону документ Юстиция министрлигиндеги маалыматка дал келтирилгенин билдирди.

"Опера жана балет театры мурда Юстиция министрлигинде "А.Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" деп катталган. Өкмөттүн токтому менен биз болгону документти иретке келтирдик", — деп билдирди министрликтин маалымат кызматы.

Мындан сырткары, өкмөттүн чечими менен Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин карамагына өттү.

63
Белгилер:
маданият, өкмөт, токтом, аталыш, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театры
Тема боюнча
ОшМУга Каныбек Исаковдун ысымы ыйгарылат. Шаардык кеңеш колдоду
Ырчы  Алтынай Асанбекова

Ырлары миллион көрүүчү топтогон Алтынай: мамлекеттик кызматта экениме сүйүндүм

873
(жаңыланган 19:48 28.02.2021)
Кыргыз эли таланттардан уучу кур эмес. Акыркы кезде интернет айдыңында миллиондон ашык көрөрман топтогон Алтынай Асанбекованын ырлары көпчүлүктүн көңүл чордонунда болууда.

Sputnik Кыргызстан агенттиги гитаранын ыргагында жүрөк кылдарын терметкен чыгармаларды чеберчилик менен аткара билген Алтынай Асанбекованы студияга чакырып маек курду.

Ырчы кыз чыгармачылыкка жаңыча стиль менен кошулууда.

— Негизи Бек Борбиевдин ырларын кыздар көп аткара бербейт. Интернетте элдин сүймөнчүлүгүнө татыган "Эсиңдеби" аттуу ырды кандайча ырдап калдыңыз?

— Кичине кезимде эле гитара ойногонду байкемден үйрөнгөм. Ал негедир Бек агабыздын (Борбиев — ред.) ырларына көп басым жасачу. Мен да анын таасири менен ошондой ырларды өздөштүрдүм. Негизи менин аткаруумда Бек Борбиевдин ырлары көп. Мурда "Эсиңдеби" аттуу ырды шаңдуу вариантта угуп жүрчүмүн. Бирок негедир мага жай ыргакта аткаруу жакты, ошол себептен өзүмдүн вариантымда алып чыктым.

— Чыгармачылыкка өз стилиңиз менен аралашып жатасыз. Бул ойлонуштурулган кадамбы?

— Жок, болгон өнөрүм жана жөндөмүм болсо керек деп ойлойм. Эч кандай деле атайын стиль караштырган эмесмин. Өзгөчөлүк экени өзүмө деле билинбейт (күлүп). Бирөөлөр эле сырттан карап айтып калбаса жаратылышымдан мүнөзүм да ушундай.

— Күйөрмандарга өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

— Толук аты-жөнүм Асанбек кызы Алтынай, бирок сахнага Алтынай Асанбекова деген ат менен чыгып жатам. Өзүм Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Семиз-Бел айылынан болом. Орто мектепти аяктаган соң борбордогу Кыргыз улуттук консерваториясынын алдындагы эки жылдык Опералык хор ырдоо бөлүмүнө тапшырып, музыкалык билим алгам. Андан тышкары, Кыргыз улуттук агрардык университетинин жерге жайгаштыруу факультетин бүтүргөм. Азыркы учурда мамлекеттик картография кызматында иштейм.

Кыргызская эстрадная певица Алтынай Асанбекова
© Фото / Сахаб Орозов
Алтынай Асанбекова: Кочкор районунун Семиз-Бел айылынан болом. Мектепти аяктаган соң Кыргыз улуттук консерваториясынын алдындагы эки жылдык Опералык хор ырдоо бөлүмүнө тапшырып, музыкалык билим алгам. Андан тышкары, Кыргыз улуттук агрардык университетинин жерге жайгаштыруу факультетин бүтүргөм. Азыр мамлекеттик картография кызматында иштейм.

— Көбүнчө кандай чыгармаларга басым жасайсыз?

— Учурда аткарып жаткан чыгармаларымдын көбү эле сүйүү жөнүндө. Бир тууган агам дагы чыгармачылыкка жакын, өзү ыр жазат. Азыр сөзү, обону агам Бакыт Илиясовго таандык "Жамгыр" аттуу ыр да элге жакшы алынууда. Бул менин коомчулукка алып чыккан алгачкы, тушоо кесүүчү чыгармам болуп калды. Негизи көбүнчө байкемдин ырларын аткарып жүрөм. Андан тышкары, дагы бир катар ырларды жаздыруудамын.

— Азыр ырчылар үчүн тойлордо ырдоо кадыресе эле көрүнүш. Сиз да тойлорго чакыруу алып турасызбы?

— Тойлорго акырындык менен чакыруулар тушүп жатат. Бирок көп эмес. Ырларымды уккусу келген адамдар үчүн тойдобу же кечедеби, айырмасы жок экен. Көбүнчө "Эсиңдебини" жана "Жамгыр" аттуу ырларды аткарып берүүмдү сурашат. Тойлордо шаңдуу ырларды угууну жактырышат эмеспи.

Кыргызская эстрадная певица Алтынай Асанбекова на радио Sputnik Кыргызстан
© Фото / Асель Сыдыкова
Алтынай Асанбекова: Учурда аткарып жаткан чыгармаларымдын көбү эле сүйүү жөнүндө. Азыр сөзү, обону агам Бакыт Илиясовго таандык "Жамгыр" аттуу ыр да элге жакшы алынууда.

— Келечекте музыкалык билимиңизди жогорулатуу оюңуз барбы?

— Алгач шаарга келип, Улуттук консерваторияга тапшырганда музыкант болом, консерваториядан жогорку билим алам деген аруу тилегим бар болчу. Бирок турмуш шартка байланыштуу билимимди андан ары уланта алган жокмун. Азыркы учурда андай план коё элекмин. Кийинчерээк кайрылып калармын.

— Чыгармачылыкта жол көрсөткөн адам барбы?

— Башында өзүмдүн аракетим менен эле ырдай баштагам. Бирок Сүймөнкул Чокморов атындагы Аламүдүн маданият үйүнүн директору алдыга сүрөп, көп жардам берди. Андан кийин "Жамгыр" аттуу ырыма клип тарттырдым. Ошентип шоу дүйнөсүнө аралашууда профессионал устат күткүм келип, Канат Кадыржан продюсердик борборуна кайрылдым. Жаңыдан иштешип баштаганда пандемия болуп калып, ишибиз бир аз солгун тартып калды. Азыр кайрадан бирге иштешүүгө белсенип турабыз. Сыр сандыгымда катылып турган жакшы чыгармаларымды элге тартуулайлы деген максаттар бар.

Акыркы учурда апама, ата-энеге, мекенге арналган ырларды аткаргым келип жүрөт. Өзүмө төп келген ырларды издеп жатам. Ылайыктуу чыгарма таба элекмин. Шаңдуу ырларды ырдасам деле кайгылуу аткарып салгандай сезиле берет. Ар бир тыбышты баса белгилеп, жан дүйнөмдү жеткире ачып бере албай, бат эле бүтүп калгандай сезим болот. Бирок шаңдуу ырларды да репертуарга кошуш керек экен. Ошол себептен Бек Борбиевдин "Бүгүн майрам, бүгүн той" аттуу ырын тар чөйрөдө аткарып жүрөм.

Кыргызская эстрадная певица Алтынай Асанбекова
© Фото / Сахаб Орозов
Алтынай Асанбекова: Кичинемде комуз ийримине барып, күү черткенди үйрөнчүмүн. Кийин 6-классымда байкем шаарда студент болуп жүрүп айылга гитара көтөрүп барып калды. Ошондон кийин комузду таштап, гитарага өтүп кеттим.

— Бек Борбиевдин ырларын ырдоодо уруксат сурадыңыз беле, негизи ал киши менен байланышыңыз барбы?

— Ал кишинин ырларын кавер түрүндө аткарып жүргөндүктөн уруксат сураган деле эмесмин. Чынында "Эсиңдеби" аттуу ыр Кудайберген Кутуевдики го деп эле жүрчүмүн. Ырдап чыгар алдында гана авторун билдим. Негизинен дүйнөлүк практикада деле кавер түрүндөгү ырларга уруксат суралбайт. Бирок улууну, авторду сыйлоо түшүнүгүнөн улам Бек агабызга бир ооз кайрылып, уруксат суроо оюмда бар. Бек Борбиев өзүнүн ырларын аткарып чыккан жаштарга түз эле көз карашта экенин угуп жүрөм. Карап көрсөм, буга чейин "Эсиңдеби" аттуу ырын бир топ жаш ырчылар аткарган экен.

Жакында эле Байел аттуу ырчы жигит экөөбүз дуэт кылып ырдап чыгуу үчүн Султан Садыралиевдин "Кош айтам сага" ырына уруксат сурадык.

— Ата-энеңиз кандай карап жатат?

— Алгач консерваториянын алдындагы эки жылдык студияда окуп жатканда ата-энем ырдоомо каршы болгон эмес. Кийин жакындарымдын "музыкадан башка жаатта деле билим алып албайсыңбы" деген кеңештеринен улам агрардык тармакта окугам. Ата-энем чыгармачылыгыма "жок" дешкен эмес, бирок колдоп беришти деп да айта албайм. Бирок акыркы убактарда ырдап чыккандарымды көрүп жакшы кеп-кеңештерин айтып, уруксатын, батасын беришти. Кээде сыймыктанып кеп кылып калышат. Үйдө кандайдыр бир чыгармачылык атмосфера бар. Ата-энем да ырдайт. Атам жаш кезинде актёр болууну самаптыр. Бирок ал кезде колдоп, жол көрсөткөн адам болгон эмес окшойт. Өзүнүн айтымында, жети атамдын бири чөлкөмгө белгилүү кыл кыякчы болуптур. Чоң атам жамактап ырдачу. Каныбызда, генибизде чыгармачылыктын данеги бар окшойт. Ал эми ырчы Акбар Сүйүнбаев экөөбүз бир тууган эки атанын балдарыбыз.

Кыргызская эстрадная певица Алтынай Асанбекова
© Фото / Сахаб Орозов
Алтынай Асанбекова: Ата-энем чыгармачылыгыма "жок" дешкен эмес, бирок колдоп беришти деп да айта албайм. Бирок акыркы убактарда ырдап чыккандарымды көрүп жакшы кеп-кеңештерин айтып, уруксатын, батасын беришти. Кээде сыймыктанып кеп кылып калышат.

— Гитарадан тышкары кайсы аспапта ойной аласыз?

— Кичинемде комуз ийримине барып, күү черткенди үйрөнчүмүн. Кийин 6-классымда байкем шаарда студент болуп жүрүп айылга гитара көтөрүп барып калды. Ошондон кийин комузду таштап, гитарага өтүп кеттим.

— Азыр мамлекеттик кызматта иштейт экенсиз, кесибиңиз жагабы? Биротоло сахнага аттанып, чыгармачылыкка кетүү планыңызда барбы?

— Чыгармачылыкка жан дүйнөм жакын. Сахнага чыгуу, ырдоо менин кичинекейимден бери келе жаткан кыялым. Бирок мамлекеттик кызматта иштеп калганыма кээде сүйүнөм. Адам ар тараптуу болушу керек экен. Каалоо болсо баарына жетишүүгө болот. Пандемия учурунда да мамлекеттик кызматта иштегенимдин пайдасы тийди. Тойлор токтоп, дээрлик ырчылардын баары жумуш жок отуруп калганда мен иштеп, каражат жагынан көйгөй жаралган жок. Жашоодо ар кандай кырдаал болот. Ошондо экинчи кесибимди окуп алганыма сүйүндүм.

873
Белгилер:
маек, гитара, ыр, ырчы
Тема боюнча
Аскат Мусабеков, Миргүл Асаналиева: бир ырдын арты менен сезимибиз бекемделди
Музыка менен АКШны багынткан кыргыз кызы: ыйлаган күндөрүм көп болду
Мамлекеттик кадр кызматынын борбордук аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мыктыбек Өмүрзаков. Архив

Өмүрзаков: акимдерди аттестациялоо 9-мартта башталат

0
Мамлекеттик кадр кызматынын борбордук аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мыктыбек Өмүрзаков өлкөдө алгачкы ирет аймактык кадрлар резервин түзүү пландалып жатканын айтты.
Өмүрзаков: акимдерди аттестациялоо 9-мартта башталат

Райондук администрация башчылары — акимдерди аттестациялоо ушул жылдын 9-мартынан башталат. Аталган күнү биринчи туру өтүп, анда тестирлөө жүргүзүлсө, 10-11-март күндөрү экинчи турунда маектешүү болот. Бул тууралуу Мыктыбек Өмүрзаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган аттестацияны жүргүзүү үчүн 11 мамлекеттик кызматкерден турган комиссия түзүлөт.

"Акимдерди аттестациялоодо алардын эки орун басары да катышат. Орун басарларга өздөрү тейлеген тармак боюнча суроолор берилсе, райондук администрация жетекчилерине жалпы суроолор узатылат. Максаты — учурда иштеп жаткан акимдердин аркалаган кызматына дарамети жетерин аныктоо. Аларды аттестациядан өткөрүү үчүн Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси, эки эл өкүлү, өкмөт аппаратынан жана тиешелүү министрликтин орун басары рангынан төмөн эмес адамдардан турган комиссия түзүлөт. Комиссия мүчөлөрү жалпы 11 кишиден турат. Муну менен катар эле район жетекчилери жана орун басарлыгына аймактык кадр резервин түзүү үчүн үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан 1-апрелине чейин конкурс жүргүзүлөт. Аймактык кадр резервиндеги адистер бошоп калган региондорго барып иштей беришет", — деди Өмүрзаков.

Ал аттестацияда акимдердин билим деңгээли, тил билүүсү да караларын кошумчалады.

0
Белгилер:
конкурс, аттестация, аким, Мыктыбек Өмүрзаков
Тема боюнча
Өмүрзаков: өкмөттүн реформасында жергиликтүү бийлик тууралуу сөз жок