Эшек минген атактуу Видугирис жана Абдыкулов. Кыргыз киночуларынын таберик сүрөтү

151
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
Эшекчен режиссёр менен кинооператордун бул сүрөтү жылмаюу тартуулабай койбойт. Сол жакта КРдин эл артисти, кинооператор Карел Абдыкулов, жанында, оң тараптагысы, Кыргыз ССРинин эл артисти, белгилүү советтик режиссёр-оператор Альгис Видугиристин сүрөтү 1962-жылы Ысык-Көл облусунда тартылган
© Sputnik / Александр Федоров

Эшекчен режиссёр менен кинооператордун бул сүрөтү жылмаюу тартуулабай койбойт. Сол жакта КРдин эл артисти, кинооператор Карел Абдыкулов, жанында, оң тараптагысы, Кыргыз ССРинин эл артисти, белгилүү советтик режиссёр-оператор Альгис Видугиристин сүрөтү 1962-жылы Ысык-Көл облусунда тартылган.

Ал жылы Видугирис жана анын оператору Игорь Моргачёв "Күнгө кайрылуу" аталышындагы даректүү фильмин тартат. Кинокартина элет жериндеги "Жаңы жол" колхозу жана анда иштеген инсандардын эмгегин баяндайт.

Тапанча көтөргөн Океев, камера менен алышкан Борбиев. "Мурастагы" таберик сүрөт

Ошол учурду Карел Абдыкулов мындайча эскерет:

"1958-жылы Фрунзе шаарында жаңы киностудия ачылып, мамлекет киночуларга көп кабаттуу үй салып берген. Бизге башка советтик республикалардан кесипкөй оператор, режиссёрлор келе баштаган. Алардын арасында Альгис Видугирис, Игорь Моргачёв да бар болчу. Мен экөө менен чогуу жатаканада жашап, алар менен жакшы мамиледе болуп жүргөндө ассистент катары Ысык-Көлгө бир фильм тартууга чакырып калышты. Ал кезде жолдор деле оң эмес, автоунаа деле жок болчу. Күндө айылдан камераны эшекке артып алып бир нече чакырым алыстыктагы колхозго жөнөчүбүз. Бир жолу тоодогу топоз ферманы тартыш керек болуп калып жабдууларды төөгө жүктөп, өзүбүз ат минип алып чабандарга жеткенбиз. Бош убактыбыздын аздыгынан көлгө түшкөнгө мүмкүнчүлүк болчу эмес. Экөө менен чогуу иштөө абдан кызыктуу болчу, чет элдик адабияттарды көп окуп, кино жөнүндө көп талашып-тартышчубуз. Жолдоштук мамиледе болуп алардан көп нерсе үйрөндүм", — деди Абдыкулов.

Литвалык Альгис Видугирис Кыргызстанга 1960-жылдардын башында келип, кинематография тармагында эмгек жолун баштаган. Кыргыз ССРинин эл артисти ондогон мыкты даректүү кинокартиналардын автору, режиссёр 2010-жылы Бишкекте көз жумган.

Ал эми Карел Абдыкулов быйыл 80 жашка толду. Кинооператор ата мекендик кинематографиянын түптөлүшүнө, өнүгүүсүнө өмүрүн арнаган инсандардын бири.

151
Белгилер:
Карел Абдыкулов, Альгис Видугирис, таберик сүрөт, оператор, режиссер, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (127)
Тема боюнча
Имараты жок көчөдө калган дымагы күч артисттер. "Туңгучтун" таберик сүрөтү
Көчөдө тамашалашкан Мухаммед Али менен Орзубек Назаров. Таберик сүрөт

Саякбай манасчы жандай көргөн "Карачологу" менен. Таберик сүрөт

45
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
Документальный фильм Манасчи — одна из первых картин Шамшиева. Рабочий момент съемок
© Sputnik / Александр Федоров

Колуна "Карачолок" аттуу бүркүтүн кондуруп алган залкар манасчы Саякбай Каралаев менен СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КРдин эл артисти Болот Шамшиев жана киночулардын сүрөтү 1964-жылы Ысык-Көл облусунда "Манасчы" тасмасын жаратууда тартылган.

Ал жылы болочоктогу атактуу режиссёр манасчылык өнөр жана Саякбай Каралаев жөнүндө алгачкы тасмасын тартууга киришкен. Эмгек анын Москвадагы Герасимов атындагы мамлекеттик кинематография институтун бүтүп жаткандагы дипломдук иши эле.

СССРдин эл артисти Болот Шамшиев көзү тирүү кезинде ошол учурду мындайча эскерген:

"Тасманын сценарийин 22 жашымда жазгам, дипломдук ишим болчу. Башында тасма тартуу сунушум менен кайрылсам Саякбай Каралаев каршы болгон эмес. Ошентип жанында эки жылдай жүрдүм. Ал жылдары манасчы башынан оор күндөрдү өткөрүп жүргөн. Уулу Чубак бир баланы бычак менен сайып алып, 14 жылга эркинен ажыратылган эле. Ага карабай өзгөчө өнөр ээси сунушту түшүнүү менен кабыл алган. Анда жарым миллиондон ашык сапты жатка билген манасчы 70 жашта болчу", — деген ал.

Жаш режиссёрдун сценарийине Улуттук илимдер академиясынын академиги, искусство таануучу Азиз Салиев жардамдашкан. Кинофильмди жаратууда операторлук кызматты Нуртай Борбиев менен Александр Петров аткарган.

Болот Шамшиев өмүрүнүн аягына чейин "Манас" эпосу жөнүндө тасма тартууну эңсеп, узак убакыт каржы булактарын издеп, мыкты кинокартинаны көрүүчүлөргө сунуштоого далалат кылган. Анын уулу Чыңгыз Шамшиев атасынын дүйнөдөгү эң ири эпосту экрандаштырууга аракет кылып жүрүп дүйнөдөн өтүп кеткенин айтты.

"Атам кесиби боюнча кинорежиссёр жана документалист, архивдик материал, сүрөт, видео менен иштөөнү мыкты билчү. Ошондуктан ал жараткан эмгектер сөзсүз ийгиликтерди багындырчу. Тартуу иштерине дыкаттык менен даярданып маалымат чогултуп, тарыхчылар менен иштеп, каармандарынын кийим-кечесин, жашоо-турмушун ошол учурдагыга окшоштурууга аракеттенчү. Азыр биздеги көптөгөн режиссёрлорго ошондой аракет, жөндөм жетишпей жатат. Мындан улам фильмдерде бир топ дал келбестиктер, так эмес маалыматтар кетип калууда. Ал эми "Манас" жөнүндө сөз кылсам, атам жазуучунун үй-бүлөсүндө өскөн. Чоң атам Төлөн Шамшиевдин үйүнө Темиркул Үмөталиев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Жоомарт Бөкөнбаев, Кубанычбек Маликов көп келчү. Алардан элдик оозеки чыгармаларды, эпостор жөнүндө баяндарды угуп чоңойгон. Кийин эгемендүүлүк жылдары ал жөнүндө тасма тартууга аракет кылып акча издеп жүрдү. Көзү тирүү кезинде "Манасты" эң мыкты инсан гана тартыш керек. Бул вазийпаны тарыхты, эпосту билбеген бирөөгө табыштап, элди уят кылбаш керек дечү. Себеби "Манас" ал үчүн ыйык нерсе эле", — деди Чыңгыз Шамшиев.

"Манасчы" даректүү тасмасы Ысык-Көл облусунун Бостери, Ак-Өлөң, Темир айылдарында бир жылда тартылып бүтүп, 1965-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, ошол эле жылы Германиянын Оберхаузен шаарындагы эл аралык сынакта баш байгеге татыган. Кийинки жылы Киевдеги Бүткүл союздук кинофестивалда илимий-популярдуу тасмалар арасында да сыйлыкка ээ болгон.

45
Белгилер:
таберик сүрөт, Болот Шамшиев, режиссер, Саякбай Каралаев, манасчы, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй!.. Шамшиевдин тасмасындагы таберик сүрөт
Эшек минген атактуу Видугирис жана Абдыкулов. Кыргыз киночуларынын таберик сүрөтү
Москва сахнасында кыргызды даңазалаган залкарлар. Таберик сүрөт
Манастын эстелиги. Архивдик сүрөт

Таластагы "Манас Ордо" комплексинде бир сутка бою манас айтылат

77
(жаңыланган 12:31 02.12.2020)
Майрамдык салтанатты өткөрүүгө республикалык бюджеттен акча сарпталбайт. Азем демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын колдоосу менен өткөрүлөт.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. 4-декабрдагы "Манас күнүнө" карата Талас облусундагы "Манас Ордо" комплексинде бир сутка бою манас айтылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Иш-чара Кыргызстандын бардык аймагынан келген жаш жана белгилүү манасчылардын катышуусу менен өтөт. Манас айтуу 4-декабрь күнү саат 11:00дө башталып, 5-декабрь күнү 11:00дө токтотулат.

Майрамдык салтанатты өткөрүүгө республикалык бюджеттен акча сарпталбайт. Азем демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын колдоосу менен уюштурулат.

Ачылыш аземи атайын театрлаштырылган программа менен коштолуп, "Маданият. Тарых. Тил" каналы аркылуу түз эфирден көрсөтүлөт.

77
Белгилер:
"Манас Ордо" комплекси, Манас айтуу, Талас
Тема боюнча
Адистер манасчы Дөөлөт Сыдыковдун феноменин изилдөө үчүн канынан анализ алды
Күүлөнгөн манасчы, күткөн эл. Гиннес китебине кирүүгө ташталган кадамдын сүрөттөрү
Нефть казуучу платформа. Архив

Нефтини кайра иштетүү боюнча Кытай АКШдан озуп баратат. Мындан Россия утабы?

0
Пекин нефтини иштетүү жаатында күчтөнүп, бензин менен дизель майына басым жасоодо. Кийинки жылы КЭР бул көрсөткүч боюнча АКШдан озуп өтөт.

Америкалыктар ИДП боюнча да артта калары боолголонууда. Бирок айрым аналитиктердин айтымында, кытайлыктарга пандемия тоскоол болушу мүмкүн. Абалга РИА Новости сереп салды.

Лидердин алмашуусу

КЭРдин мамлекеттик статистика бюросунун маалыматы боюнча, октябрда нефтини кайра иштетүү эки жарым эсеге көбөйүп, суткасына 14,09 миллион баррелге жеткен. Бул тарыхтагы рекорддук көрсөткүч. АКШда бул убакытта болгону 13,5 миллион баррель болчу.

Кытайлыктар муну менен эле токтоп калгысы жок. Кийинки жылдын соңунда нефтини кайра иштетүүчү эки завод ачыларын Эл аралык энергетика комитети ноябрдагы докладында айтты. Өндүрүш негизи 2023-жылы ишке кирет деп пландалган болчу.

Мындан тышкары, жалпы кубаттуулугу суткасына 1,2 миллион баррелге жеткен дагы төрт завод курулуп жатат. Мынча көлөмдү, мисалы, Улуу Британия өзү араң өндүрөт.

Кытай ондогон жылдардан бери бензин менен дизелге болгон суроо-талапты канааттандырууга аракет кылып келет. Эми минтип берекесин көрө баштаганы калды.

"2000-жылдан бери өлкө мунай зат өндүрүүнү үч эсе жогорулатты. 2025-жылга чейин суткасына 20 миллион баррелге чейинки көрсөткүчкө жетет", — деди ТелеТрейд маалымат-аналитикалык борборунун башкы экономисти Марк Гойхман.

Маектеш АКШ өткөн кылымдан бери ээлеп келе жаткан биринчи орундан 2021-жылы эле сүрүлөрүн белгиледи.

АКШнын нефтинин кайра иштетүүчү заводдору мунайдын арзандашынан кийин келген төмөнкү маржиналдуулуктан улам жабылууда. Узап бараткан жылы кара алтын минимумун бир нече ирет жаңылаган. Мисалы, 18-мартта Brent үлгүсү 15 пайызга арзандап, 2003-жылдан бери биринчи жолу баррели 24,52 долларга бааланды.

Мунайга дүйнө жүзүндө да суроо-талап төмөндөдү. Андыктан нефтини кайра иштетүү 1,7 миллион баррелге чейин түштү. Мунун басымдуу бөлүгү дал ушул америкалык заводдорго туура келет. "Айрымдары жабылып, дагы бири модернизициялоого муктаж. Кээсин жыл сайын Мексика куймасынын жээгинен өтчү урагандан кийин калыбына келтирүү керек", — деп оюн улантты Гойхман.

Жашыл энергетика: ким жеңип, ким жеңилет

Кытайдын ийгилигинин дагы бир сыры — коронавирус менен натыйжалуу күрөшү. Бул тууралуу "Алор Брокердин" башкы аналитиги Алексей Антонов билдирди. Анын айтымында, КЭР экономикасы калыбына келип, туруктуулугун көрсөтүп жатса, Европа менен АКШ начарлоонун үстүндө.

Кытайлыктардын нефть иштетүүдө эле эмес, металлургияда да алдыда экени кокусунан эмес. Гойхман ушундай эле тенденция Индияда, Жакынкы Чыгышта да байкалып жатканын белгиледи. Мындай көрүнүш бүгүнкү күндүн талабына жооп бербей калган Батыштын, керек болсо Азиянын да компанияларынын жабылышын шарттап жатат.

Мындан тышкары, АКШ менен Европа акырындап көмүр суутегинен баш тартып, энергиянын альтернативдүү булактарына ыктоодо. Кытай болсо экологиялык милдеттемелерден бош.

"Кошмо Штаттар жашыл энергетикага басым жасап, КЭРди кирдеген өнөр жай аянтчасы катары көрсөтүү далалатында. Экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөр жаңылаган ресурстарга өтүүнү башкалардын эсебинен каржылап, аларды "экологиялык салык" төлөөгө да мажбур кылышат. Ак үйдө бул маселе менен саясий лөк, жаңы президент келгенден кийин климат маселелери боюнча атайын өкүл боло турган Жон Керри алпурушмакчы", — дейт Hamilton инвестициялык компаниясынын эксперти Антон Гринштейт.

Нефтиден көз каранды болгон Россия үчүн жашыл сценарий компаниялардын карызга батышын жана кирешенин азайышын шарттайт. "Чийки зат структурасын сактоо менен Россия экономикасы үчүн нефтини кайра иштетүү тармагында АКШнын лидерлиги алда канча пайдалуу", — дейт маектеш.

Марк Гойхман Россия 15-20 жылдан кийин нефтиден түшкөн кирешесинин ордун жаба турган башка булактар тууралуу ойлонушу кажет экенин белгиледи.

Жакынкы аралыкта Кытай мунай затты арбын колдонорун эске алып сырьену ушул багытта экспорттоого басым жасоо зарыл.

Пандемия: азиялык сценарий

Бирок бардык нерсе качандыр бир кезде соңуна чыгат. 2025-жылы КЭРдин өндүргөн продукциясынын көлөмү суроо-талаптан ашып кетиши толук ыктымал. Кытайдын CNPC нефть-газ корпорациясынын маалыматы боюнча, беш жылдан кийин нефть продуктулары суткасына 1,4 баррелге ашык өндүрүлө башташы мүмкүн.

"Азыр кытай нефть өндүрүүчүлөрү тышкы соодадагы чектөөсү үчүн АКШдан өч алып жаткандай. Мындай аракет менен өлкөнүн кадырын арттырууга да жан далбас жасалып жатат", — деп боолголоду Алексей Антонов.

Демек, алдыдагы 3-5 жылга саресеп салып отуруп, нефтини кайра иштетүүчү тармакта эле эмес, экономиканын башкы көрсөткүчү болгон ИДП боюнча да лидердин алмашуусу күтүлүп жатканын болжолдоого болот.

"Пандемияга чейин Кытайда АКШ экономикасын озуп өтүү үчүн беш жыл керек эле. Эми коронавируска каршы майнаптуу күрөшүүнүн негизинде кытайлыктар алдыга эртерээк чыга алышат", — деди Гринштейн.

Ал эми АКШ позициясын алдырууга даярбы? Бул башка маселе. Америка истеблишменти көйгөйдү экономикалык жактан да, дипломатиялык жол менен да чечүүгө аракет жасаган. Бирок ишке ашкан жок. Эми бийликке бизнесмен-президенттин ордуна саясатчы-президент келе турган болду.

Анын үстүнө Кытайда кайра иштетилген мунай затка суроо-талаптын өсүшү эпидемиологиялык абалдын жакшырганынан кабар берет. Бирок экинчи толкун Азиядан кыйгап өтөрү күмөн. Индонезия, Япония жана Түштүк Кореяда оору катталып жатат. Мындай көрүнүш тараза ташын оодарып жибериши мүмкүн.

0
Белгилер:
пандемия, экономика, завод, Мунай, нефть, Россия, АКШ, Кытай
Тема боюнча
Доору бүтүп баратабы? Мунай жаатында эсти оодарчу окуя күтүлүүдө