Кызын сагынган "Бугу эне", апасына талпынган чүрпө. "Ак кемедеги" таберик сүрөт

95
(жаңыланган 18:01 11.11.2020)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Актриса Айтурган Темирова со своей дочкой Суйутай на съемках фильма Белый пароход в ущелье Чон-Жаргылчак в 1974 году.
© Sputnik / Александр Федоров

Кыргыз элинин белгилүү актрисасы Айтурган Темирова менен анын кызы Сүйүтайдын сүрөтү 1974-жылы Ысык-Көлдүн Чоң-Жаргылчак капчыгайында тартылган.

Ал жылы СССРдин эл артисти, белгилүү режиссёр Болот Шамшиев залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде "Ак кеме" кинофильмин тарткан.

Чарчаган Шамшиевдин жанындагы суйкайган Темирова. "Ак кемедеги" таберик сүрөт

Ошол кезеңди кинофотограф Александр Федоров мындайча эскерет:

"Биз "Ак кемени" тартып баштаганда Болот менен Айтургандын кызы Сүйүтай бир нече айлык ымыркай болчу. Ошондуктан тартуу иштеринде биз менен чогуу ала жүрүшчү. Киночулар, актёрлор тыныгып отуруп калганда кичинекей наристе апасына талпынса, энеси аны кучактап өпкүлөп, эркелип калчу. Ошол ирмемди мен фотоаппаратыма түшүрүп үлгүрүп калгам. Ал кинофильмде Темирова Бугу эненин образын жаратып, жолдошу Болот Шамшиев режиссёру болчу. Ошондо тоодо болгон бир кызыктуу окуяны айтпай кетпесем болбойт. Кинокартинада кичинекей баланын ыйлап сууда бешик менен агып кетип бараткан эпизоду бар. Аны тартуу үчүн Шамшиев аялын алаксытып башка жерге жиберип, кызын бешикке бөлөтүп, сууга агызып операторлор менен керектүү учурду тарткан. Ошентип алар үй-бүлөсү менен аталган шедеврди тартууга катышкан", — деди Федоров.

Режиссёр Шамшиев менен актриса Темирова 25 жыл бирге түтүн булатып, бир кыз, бир уулду чоңойткон. Кызы Сүйүтай кесиби боюнча лингвист, эл аралык уюмдарда эмгектенген. Ал эми уулу Чыңгыз Шамшиев Бишкектеги ири ЖОЖдордун биринде вице-президент.

"Ак кеме" 1975-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, Фрунзеде өткөн Бүткүл союздук IX кинофестивалда баш байгеге ээ болгон.

95
Белгилер:
таберик сүрөт, "Ак кеме" тасмасы, Айтурган Темирова, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (127)
Тема боюнча
Көчөдө тамашалашкан Мухаммед Али менен Орзубек Назаров. Таберик сүрөт
Тапанча көтөргөн Океев, камера менен алышкан Борбиев. "Мурастагы" таберик сүрөт
Эшек минген атактуу Видугирис жана Абдыкулов. Кыргыз киночуларынын таберик сүрөтү

Тарбия, каада, тиричилик. Кыргыз аялдарынын жашоосун көрсөткөн сүрөт баян

86
  • Боз үйдүн түбүндө ийик ийрип жаткан чоң эне. Ийик — бул кебез, жүндөн жип ийрий турган аспап. Кыргыздын аялдары малдын жүнүн ийик менен ийрип жип кылып, андан түрлүү кийимдерди токуп, тигишкен.
  • Ак элечек кийген энелер наристени бешикке салышууда. Баланы бешикке салуу каадасына бир да эркек катышкан эмес, жалаң аялдар чогулуп майрамдашкан.
  • Беш көкүл чач, башта тебетей. Секелек кыздар топ таш ойноп жаткан учуру
  • Алас-алас, ар балээден калас! Аластоо кыргыздын канына сиңип калган ырым. Адатта бул ырымды жаңы үйгө киргенде, баланы бешикке салардын алдында жасашат. Ошондой эле тумоолоп калганда да арча түтөтүп коюшат.
  • Таар согуп жаткан келин. Жыгачтан жасалып турган жабдуу өрмөк деп аталат. Таар ошол өрмөккө согулат.
  • Буудайды жаргылчактан өткөрүп жаткан аялдар. Жаргылчак — бул кол тегирмен. Ал таштан жасалат. Жаргылчак менен арпа, буудай, жүгөрү, конок, таруу сыяктуу дандарды кууруп да, куурубай да майдалап, андан ун, талкан, шак, угут кылышат.
  • Келиндин колундагы илгерки жез самоор. Элечекчен эне боз үйдүн ичинде бүлөсүнө чай берүүдө.
  • Шар аккан суунун боюнда бээ саап жаткан аял. Бээнин сүтү пайдалуу келип, адистер аны көп ооруга даба деп айтып жүрүшөт.
  • Жүн сабап жаткан эне. Ушул эле жүндөн кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим тигип, түрдүү буюм жасалат.
  • Байкасаңыздар, кыргыз аялдарынын башынан элечек жайы-кышы дебей түшкөн эмес. Илекини аялдар үй жумуштарын жасоодо, ал тургай таруу майдалаганда да дайыма кийип жүрүшкөн.
  • Чоң эне менен ойноп отурган беш көкүл секелектер. Кыргыздын кыздары турмушка чыккыча чачтарын дайыма беш көкүл өрдүрүп жүрүшкөн.
  • Туш кийиз. Анын жанында кызынын чачын өрүп жаткан келиндер
  • Чебер уздар кийимдин бөлүктөрүн сайманын күчү менен көркүнө чыгарган. Сайма көбүнчө элечектин кыргагына, көйнөктөргө, белдемчиге сайылган
  • Жайлоо, керемет жаратылыш жана боорсок жасап жаткан кыргыз келин
  • Боорсокту кыргыздар той-ашта дайыма жасашат. Жыт чыгарып, куран окутууда да сөзсүз боорсок бышырылат.
Кыргыз аялдары эзелтен иштүү, оокатка тың келет. Энелер кыздарын оокатка, жумушка бышырып тарбиялашкан.

Буга далил катары Sputnik Кыргызстан агенттиги менен "Кийиз дүйнө" коомдук фонду даярдаган сүрөттөрдү сунуштайбыз.

Бул сүрөт баяндан тарбия, салт, каада, тиричилик, кыргыз аялдарынын сулуулугу, кийимдери, айтор, баарын көрө аласыздар. Айрымдарын карап отуруп кудум көчмөн турмушка барып калгандай сезимдер болот.

Мында оюнга тое элек секелектерден тарта кол өнөрчүлүк менен алектенген кыз-келин, аял, энелер бар. Ошондой эле Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышы менен салттуу кийимдер да ачык, даана көрсөтүлгөн.

 

86
  • Боз үйдүн түбүндө ийик ийрип жаткан чоң эне. Ийик — бул кебез, жүндөн жип ийрий турган аспап. Кыргыздын аялдары малдын жүнүн ийик менен ийрип жип кылып, андан түрлүү кийимдерди токуп, тигишкен.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Боз үйдүн түбүндө ийик ийрип жаткан чоң эне. Ийик — бул кебез, жүндөн жип ийрий турган аспап. Кыргыздын аялдары малдын жүнүн ийик менен ийрип жип кылып, андан түрлүү кийимдерди токуп, тигишкен.

  • Ак элечек кийген энелер наристени бешикке салышууда. Баланы бешикке салуу каадасына бир да эркек катышкан эмес, жалаң аялдар чогулуп майрамдашкан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ак элечек кийген энелер наристени бешикке салышууда. Баланы бешикке салуу каадасына бир да эркек катышкан эмес, жалаң аялдар чогулуп майрамдашкан.

  • Беш көкүл чач, башта тебетей. Секелек кыздар топ таш ойноп жаткан учуру
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Беш көкүл чач, башта тебетей. Секелек кыздар топ таш ойноп жаткан учуру

  • Алас-алас, ар балээден калас! Аластоо кыргыздын канына сиңип калган ырым. Адатта бул ырымды жаңы үйгө киргенде, баланы бешикке салардын алдында жасашат. Ошондой эле тумоолоп калганда да арча түтөтүп коюшат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Алас-алас, ар балээден калас! Аластоо кыргыздын канына сиңип калган ырым. Адатта бул ырымды жаңы үйгө киргенде, баланы бешикке салардын алдында жасашат. Ошондой эле тумоолоп калганда да арча түтөтүп коюшат.

  • Таар согуп жаткан келин. Жыгачтан жасалып турган жабдуу өрмөк деп аталат. Таар ошол өрмөккө согулат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Таар согуп жаткан келин. Жыгачтан жасалып турган жабдуу "өрмөк" деп аталат. Таар ошол өрмөккө согулат.

  • Буудайды жаргылчактан өткөрүп жаткан аялдар. Жаргылчак — бул кол тегирмен. Ал таштан жасалат. Жаргылчак менен арпа, буудай, жүгөрү, конок, таруу сыяктуу дандарды кууруп да, куурубай да майдалап, андан ун, талкан, шак, угут кылышат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Буудайды жаргылчактан өткөрүп жаткан аялдар. Жаргылчак — бул кол тегирмен. Ал таштан жасалат. Жаргылчак менен арпа, буудай, жүгөрү, конок, таруу сыяктуу дандарды кууруп да, куурубай да майдалап, андан ун, талкан, шак, угут кылышат.

  • Келиндин колундагы илгерки жез самоор. Элечекчен эне боз үйдүн ичинде бүлөсүнө чай берүүдө.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Келиндин колундагы илгерки жез самоор. Элечекчен эне боз үйдүн ичинде бүлөсүнө чай берүүдө.

  • Шар аккан суунун боюнда бээ саап жаткан аял. Бээнин сүтү пайдалуу келип, адистер аны көп ооруга даба деп айтып жүрүшөт.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шар аккан суунун боюнда бээ саап жаткан аял. Бээнин сүтү пайдалуу келип, адистер аны көп ооруга даба деп айтып жүрүшөт.

  • Жүн сабап жаткан эне. Ушул эле жүндөн кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим тигип, түрдүү буюм жасалат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жүн сабап жаткан эне. Ушул эле жүндөн кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим тигип, түрдүү буюм жасалат.

  • Байкасаңыздар, кыргыз аялдарынын башынан элечек жайы-кышы дебей түшкөн эмес. Илекини аялдар үй жумуштарын жасоодо, ал тургай таруу майдалаганда да дайыма кийип жүрүшкөн.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Байкасаңыздар, кыргыз аялдарынын башынан элечек жайы-кышы дебей түшкөн эмес. Илекини аялдар үй жумуштарын жасоодо, ал тургай таруу майдалаганда да дайыма кийип жүрүшкөн.

  • Чоң эне менен ойноп отурган беш көкүл секелектер. Кыргыздын кыздары турмушка чыккыча чачтарын дайыма беш көкүл өрдүрүп жүрүшкөн.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чоң эне менен ойноп отурган беш көкүл секелектер. Кыргыздын кыздары турмушка чыккыча чачтарын дайыма беш көкүл өрдүрүп жүрүшкөн.

  • Туш кийиз. Анын жанында кызынын чачын өрүп жаткан келиндер
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Туш кийиз. Анын жанында кызынын чачын өрүп жаткан келиндер

  • Чебер уздар кийимдин бөлүктөрүн сайманын күчү менен көркүнө чыгарган. Сайма көбүнчө элечектин кыргагына, көйнөктөргө, белдемчиге сайылган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чебер уздар кийимдин бөлүктөрүн сайманын күчү менен көркүнө чыгарган. Сайма көбүнчө элечектин кыргагына, көйнөктөргө, белдемчиге сайылган

  • Жайлоо, керемет жаратылыш жана боорсок жасап жаткан кыргыз келин
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жайлоо, керемет жаратылыш жана боорсок жасап жаткан кыргыз келин

  • Боорсокту кыргыздар той-ашта дайыма жасашат. Жыт чыгарып, куран окутууда да сөзсүз боорсок бышырылат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Боорсокту кыргыздар той-ашта дайыма жасашат. Жыт чыгарып, куран окутууда да сөзсүз боорсок бышырылат.

Белгилер:
Сүрөт, тарбия, турмуш, каада-салт, кийим, аял, кыргыз
Тема боюнча
Кеп такыячан эл алдына чыгуу уят болот. Салттуу баш кийимдердин сырлары
Тебетей кийип, шуру тагынып... Салттуу кийимди көркүнө чыгарган бөбөктөрдүн 14 сүрөтү

Саякбай манасчы жандай көргөн "Карачологу" менен. Таберик сүрөт

110
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
Документальный фильм Манасчи — одна из первых картин Шамшиева. Рабочий момент съемок
© Sputnik / Александр Федоров

Колуна "Карачолок" аттуу бүркүтүн кондуруп алган залкар манасчы Саякбай Каралаев менен СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КРдин эл артисти Болот Шамшиев жана киночулардын сүрөтү 1964-жылы Ысык-Көл облусунда "Манасчы" тасмасын жаратууда тартылган.

Ал жылы болочоктогу атактуу режиссёр манасчылык өнөр жана Саякбай Каралаев жөнүндө алгачкы тасмасын тартууга киришкен. Эмгек анын Москвадагы Герасимов атындагы мамлекеттик кинематография институтун бүтүп жаткандагы дипломдук иши эле.

СССРдин эл артисти Болот Шамшиев көзү тирүү кезинде ошол учурду мындайча эскерген:

"Тасманын сценарийин 22 жашымда жазгам, дипломдук ишим болчу. Башында тасма тартуу сунушум менен кайрылсам Саякбай Каралаев каршы болгон эмес. Ошентип жанында эки жылдай жүрдүм. Ал жылдары манасчы башынан оор күндөрдү өткөрүп жүргөн. Уулу Чубак бир баланы бычак менен сайып алып, 14 жылга эркинен ажыратылган эле. Ага карабай өзгөчө өнөр ээси сунушту түшүнүү менен кабыл алган. Анда жарым миллиондон ашык сапты жатка билген манасчы 70 жашта болчу", — деген ал.

Жаш режиссёрдун сценарийине Улуттук илимдер академиясынын академиги, искусство таануучу Азиз Салиев жардамдашкан. Кинофильмди жаратууда операторлук кызматты Нуртай Борбиев менен Александр Петров аткарган.

Болот Шамшиев өмүрүнүн аягына чейин "Манас" эпосу жөнүндө тасма тартууну эңсеп, узак убакыт каржы булактарын издеп, мыкты кинокартинаны көрүүчүлөргө сунуштоого далалат кылган. Анын уулу Чыңгыз Шамшиев атасынын дүйнөдөгү эң ири эпосту экрандаштырууга аракет кылып жүрүп дүйнөдөн өтүп кеткенин айтты.

"Атам кесиби боюнча кинорежиссёр жана документалист, архивдик материал, сүрөт, видео менен иштөөнү мыкты билчү. Ошондуктан ал жараткан эмгектер сөзсүз ийгиликтерди багындырчу. Тартуу иштерине дыкаттык менен даярданып маалымат чогултуп, тарыхчылар менен иштеп, каармандарынын кийим-кечесин, жашоо-турмушун ошол учурдагыга окшоштурууга аракеттенчү. Азыр биздеги көптөгөн режиссёрлорго ошондой аракет, жөндөм жетишпей жатат. Мындан улам фильмдерде бир топ дал келбестиктер, так эмес маалыматтар кетип калууда. Ал эми "Манас" жөнүндө сөз кылсам, атам жазуучунун үй-бүлөсүндө өскөн. Чоң атам Төлөн Шамшиевдин үйүнө Темиркул Үмөталиев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Жоомарт Бөкөнбаев, Кубанычбек Маликов көп келчү. Алардан элдик оозеки чыгармаларды, эпостор жөнүндө баяндарды угуп чоңойгон. Кийин эгемендүүлүк жылдары ал жөнүндө тасма тартууга аракет кылып акча издеп жүрдү. Көзү тирүү кезинде "Манасты" эң мыкты инсан гана тартыш керек. Бул вазийпаны тарыхты, эпосту билбеген бирөөгө табыштап, элди уят кылбаш керек дечү. Себеби "Манас" ал үчүн ыйык нерсе эле", — деди Чыңгыз Шамшиев.

"Манасчы" даректүү тасмасы Ысык-Көл облусунун Бостери, Ак-Өлөң, Темир айылдарында бир жылда тартылып бүтүп, 1965-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, ошол эле жылы Германиянын Оберхаузен шаарындагы эл аралык сынакта баш байгеге татыган. Кийинки жылы Киевдеги Бүткүл союздук кинофестивалда илимий-популярдуу тасмалар арасында да сыйлыкка ээ болгон.

110
Белгилер:
таберик сүрөт, Болот Шамшиев, режиссер, Саякбай Каралаев, манасчы, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй!.. Шамшиевдин тасмасындагы таберик сүрөт
Эшек минген атактуу Видугирис жана Абдыкулов. Кыргыз киночуларынын таберик сүрөтү
Москва сахнасында кыргызды даңазалаган залкарлар. Таберик сүрөт
Аял кол чатыр менен бара жатат. Архив

Жума күнүнө карата аба ырайы

0
4-декабрга караган түнү республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. 4-декабрда күндүз өлкөдө суук болуп, жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда -2…+3, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…+5, Талас жана Нарын өрөөндөрүндө -4…+1, Ысык-Көлдө -1…+4 градусту көрсөтөт.

Ош шаарында кар жааса, Бишкекте күн ачык болот. Күндүн табы борборубузда 0…+2, Ош шаарында +3…+5 градус жылыйт.

 

0
Белгилер:
Кыргызстан, декабрь, аба ырайы
Тема боюнча
Жыл аяктаарда ызгаар суук болобу? Декабрга карата аба ырайы