Комузчу, теле алып баруучу Нурзат Орозалиева. Архив

Артында Сезими жана күүлөрү калды. Нурзат Орозалиева тууралуу жети факты

2422
(жаңыланган 21:40 12.11.2020)
2019-жылдын 10-ноябрында комузда кол ойноткон чеберчилиги жумурай журтту таң калтырган талант Нурзат Орозалиева каза болуп, 12-ноябрда кичи мекенинде жерге берилген эле.

Sputnik Кыргызстан агенттиги комузчу, бир нече күүнүн автору Нурзат Орозалиева тууралуу фактыларды даярдаган.

Эркек балдар менен күрөшүп. Нурзат Орозалиева 1975-жылдын 27-октябрында Ат-Башы районунда туулган. Алгач Калинин айылындагы орто мектептен 3-класска чейин билим алат. Кийин Караколдогу музыкалык мектепте окуган. Кичинекейинен эле комузга жакын болгондуктан бир көчөдө жашаган аталаш тууганы, акын жана публицист Олжобай Шакир экөө бири комузда, экинчиси аккордеондо ойноп, далай ирет өнөрүн арттырган жайы бар.

Кыргызская комузистка, телеведущая, отличник культуры Нурзат Орозалиева с братьями и сестрами
© Фото / из семейного архива Орозалиевых
Нурзат кичинесинде эркек балдар менен ойноп, ал тургай кадимкидей күрөшө да кеткен адаты болгондугун жакындары айтып берди.

Ал 10 бир туугандын эң кичүүсү болгон. Нурзат кичинесинде эркек балдар менен ойноп, ал тургай кадимкидей күрөшө да кеткен адаты болгондугун жакындары айтып берди. Өспүрүм кезинде бир тууган эжеси анын талантын байкап, Караколдогу музыкалык мектепке киргизген. Таң калычтуусу, чебер комузчунун ата-энеси чыгармачылыктан алыс адамдар болгон. Бирок чоң аталарынан мыкты комузчулар чыкканы айтылат.

Устатынын ичин ачыштырып... Нурзатты 1992-жылы 17 жашында азыркынын залкары Самара Токтакуновага шакирт кылып апасы алып келип тапшырат.

"Апасы үйүмө алып келгенде ага комуз черттирип көрүп, таланттуу зирек кыз экенин дароо эле байкадым. Ошол убакта Бишкектеги консерваторияда мугалим болуп иштеп калгам, менин классымда окуду. Өмүрүнүн акырына чейин шакиртим болуп жүрдү. Байкуш алтын кызым, адегенде барбалактаган, эркек мүнөз болчу. Кийин бир калыпка түштү. Билимимди да, тарбиямды да бердим. Комуз, күү өнөрү тууралуу түшүндүрүп жатканда жарым сөздөн эле илип алып, дароо чертип кетчү. Чыгармачылык кечесинде экөөбүз залкар күүлөрдөн алым-сабак ойнодук эле. Ушул кыздын келечегинен көп нерсе үмүт кылгам. Ичим ачышат", — деди Токтакунова.

Нурзат Орозалиева кыргыз элине таандык бир катар залкар күүлөрдү да ийине жеткире аткарып кеткен.

Атасын ыйлаткан Самара Токтакунова. Залкар комузчу тууралуу 6 факты

Кыргызская комузистка, телеведущая, отличник культуры Нурзат Орозалиева
© Фото / из семейного архива Орозалиевых
Нурзат Орозалиева комузду оң колдо да, сол колдо да мыкты черте билип, жогорку техникалык чеберчиликти пайдаланган. Күйөрмандары "комузга жан киргизгендей касиети бар" деп баалашкан.

Аялдардын ичинен биринчилерден болуп күү чыгарган. Адистер Нурзат Орозалиеванын аялдар арасындагы күү чыгарган өнөрүнө өзгөчө басым жасап, баа беришкен. Негизинен аялзатынан мындай таланттар жокко эсе. Ал комузду оң колдо да, сол колдо да мыкты черте билип, жогорку техникалык чеберчиликти пайдаланган. Күйөрмандары "комузга жан киргизгендей касиети бар" деп баалашкан. Бирде терип, бирде кагып чертип, комуз дүйнөсүнүн ичине көшүлө кирип кетчү дешет. Кай бирде телмирген угарманын чочута, күүнүн ортосунда бир сүрөп кыйкырып алмайы да бар эле. Көзү тирүүсүндө "Нарын дайра", "Сезимдеги толгоо", "Жаш тилек", "Боз салкын" өңдүү мыкты күүлөргө өмүр тартуулаган.

Курбусун катуу тамашалап. Саясий ишмер, мурдагы судья Клара Сооронкулова менен Нурзат Орозалиева жакын курбулардан болушкан. Клара айымдын айтымында, экөөнүн бир кызык окуясы да бар.

"Нурзат өзү аябай тамашакөй адам болчу. Бир жолу бир айдан кийин турмушка чыгарын айтып, тойго чакырып калды. Айтылган күнү Нурзаттын тоюна белгилүү адамдар, ырчылар келет деген тейде атайын дүкөнгө барып кымбат көйнөк алдым. Жасанып, белегимди көтөрүп алып тойканага келсем эле эч ким жок. Күтүп отуруп, Нурзатка чалсам "ии, Каке, бүгүн той болбой калды. Анын да себеби бар. Бир окуя болуп кетти эле" деп кечирим сурап койду. Мен дароо эле олуттуу нерсе болгон го деп ойлосом, көрсө "той болот" деп тамашалап коюптур да (күлүп). Бирок "кыргыз деген тойго олуттуу карайт да, даярданып алып келет" деп аябай таарынгам. Көпкө чейин менин көңүлүмдү жаза албай жүрдү", — деп эскерди Клара айым.

Нурзат Орозалиева аяш атасы Сыргак Сооронкуловдун сөзүнө жазылган ырга обон да чыгарып ырдап жүргөн.

Кыргызская комузистка, телеведущая, отличник культуры Нурзат Орозалиева с коллегами
© Фото / из семейного архива Орозалиевых
Саясий ишмер, мурдагы судья Клара Сооронкулова менен Нурзат Орозалиева жакын курбулардан болушкан.

Шакирттиктен устатка өтүп. Өмүрүнүн акыркы жылдары Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында мугалим болуп иштеп турган. Андан тышкары, салттуу музыка жана элдик аспаптар бөлүмүнүн деканы болуп эмгектенген. Орозалиеванын да комузда кол ойноткон шакирттери бар. 2007-жылы кыздардан турган "Сезим" комузчулар ансамблин түзгөн. Ошондой эле ЭлТР каналында "Чак түш" маданий программасынын алып баруучусу эле.

Анын айтыш өнөрүнө да жөндөмү болгон. Бирок оорудан улам бул жагына жетишерлик көңүл бурулбай, дарамети толук ачылбай калган.

Сыйлыктары. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин жана 2018-жылы мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун колунан Ардак грамота алган.

Кыргызская комузистка, телеведущая, отличник культуры Нурзат Орозалиева с матерью
© Фото / из семейного архива Орозалиевых
Нурзатты 1992-жылы 17 жашында азыркынын залкары Самара Токтакуновага шакирт кылып апасы алып келип тапшырат.

Элесиңер, эмгегиңер эсте! Шум ажал алып тынган атактуулар

Рак илдети жана Нурзаттын кайраттуулугу. Орозалиева залалдуу ооруга 2013-жылы кабылган. Көкүрөгүнөн дарыланып, операция болгондон кийин сакайып кеткен. Беш жылдан кийин, тагыраагы,  2018-жылы рак илдети кайра пайда болот. Комузчу бул оору менен дарыланып, убагында Алматыга чейин барып жүргөн. Бир тууган агасы Жыргалбай Орозалиевдин айтымында, кийинкисинде операциядан такыр баш тартып коёт.

"Бишкекте бир табып "операциясы жок эле айыгасың, мен дарылайм" деп Нурзатты абдан ишендирип салган экен. Биз жакшы эле айныттык. Бир туугандар аябай аракет кылдык, бирок операцияга макул болбой койду. Өзүнүн өжөр мүнөзү да бар эле", — деди агасы муңайып.

Кыргызская комузистка, телеведущая, отличник культуры Нурзат Орозалиева
© Фото / из семейного архива Орозалиевых
Ал өмүрүнүн акыркы күндөрүндө борбордон туулган айылына кеткиси келгенин айткан экен.

Ал эми устаты Самара Токтакуновага айыкпас дартка чалдыкканы тууралуу ооз ачкан эмес.

"Өзү тамашакөй, ичинде тырмактай да кири жок кыз эле. Ооруп жүргөнүн билчүмүн, бирок залалдуу дарт экенин айткан эмес. Бир жолу тамашалап "эже, ушу мен өлүп калат окшойм" деген. "Антип айтпай жүр, ушинтип да сүйлөйсүңбү" деп жаман көрүп урушуп койгом", — деди улутуна Токтакунова.

Ал өмүрүнүн акыркы күндөрүндө борбордон туулган айылына кеткиси келгенин айткан экен. 2019-жылы 10-ноябрда Нурзат Орозалиева 44 жашында жарык дүйнө менен кош айтышкан. Артында 12 жаштагы Сезим аттуу кызы калды.

2422
Белгилер:
Нурзат Орозалиева, факты, Самара Токтакунова, комуз
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (370)
Тема боюнча
Атасынын душмандары сабап кеткен. Эльвира Сурабалдиева тууралуу 8 факты
Маданият министри Нуржигит Кадырбеков Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпеисов менен жолугушу

Бишкекте Абай Кунанбаев атындагы кыргыз-казак маданий борбору ачылат

63
Абай Кунанбаев — казак жазма адабиятына негиз салган улуу акын, ойчул, агартуучу жана коомдук ишмер. Ал бир гана боордош элге эмес, жалпы Орто Азиянын чыгармачыл чөйрөсүнө таасир берген инсан.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарында Абай Кунанбаев атындагы кыргыз-казак маданий борбору ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге караганда, маданият министри Нуржигит Кадырбеков Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпеисов менен жолуккан.

Анда тараптар маданий кызматташуунун келечеги тууралуу баарлашканы айтылат. Өз кезегинде Нурпеисов жакын арада Кыргызстанда Абай Кунанбаев атындагы кыргыз-казак маданий борбору ачыла тургандыгын маалымдап, маданият министрине борбордун ачылыш аземин бирге уюштурууну сунуштаган.

Абай Кунанбаев — казак жазма адабиятына негиз салган улуу акын, ойчул, агартуучу жана коомдук ишмер. Бир гана боордош элдин эмес, жалпы Орто Азиянын чыгармачыл чөйрөсүнө өзгөчө таасир берген инсан 1845-жылы 10-августта туулган. Кунанбаевдин эң негизги чыгармасы — 45 философиялык ойдон жана кыска уламыштардан турган "Кара сөздөр" эмгеги.

Маданий борбор качан жана кайда ачылары тууралуу кошумча маалымат берилери айтылды.

63
Белгилер:
маданий борбору, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандын "Жөө күлүк" тасмасы "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлдү

Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй!.. Шамшиевдин тасмасындагы таберик сүрөт

225
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Ортодо турган белгилүү актёр, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен анын сол жагында турган экинчи режиссёр Темир Дүйшекеев жана киночулардын сүрөтү 1971-жылы Ысык-Көл облусундагы Жууку капчыгайында тартылган
© Sputnik / Александр Федоров

Ортодо турган белгилүү актёр, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен анын сол жагында турган экинчи режиссёр Темир Дүйшекеев жана киночулардын сүрөтү 1971-жылы Ысык-Көл облусундагы Жууку капчыгайында тартылган.

Ал жылы "кыргыз кереметинин" жаралуусунун башында турган Болот Шамшиев "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кино картинасын тартып, анда кыргыз жана орус элинин бир топ актёрлору роль жараткан.

Ошол кезеңди тасмага катышып калган КРдин эл артисти Чоро Думанаев мындайча эскерет:

"Мен тасманын бир эпизодуна катышып калгам. Андан бери канча убакыт өттү, фильмде роль жараткандардын көпчүлүгү башка тармактарга өтүп кеткен. Тасма Ысык-Көл облусундагы Жууку, Барскоон капчыгайларында тартылып, ишти жайында баштап кышында суукта бүткөнбүз. Оор жабдууларыбызды көтөрүп тоого чыгып, аскалардагы укмуштуудай мөңгүлөрдү көргөн элек. Сүрөттөгү Сүймөнкул байке менен кийин дагы көп иштештим. Ал кезде Чокморов оорудан оолак атак-даңкка бөлөнүп турган учуру болчу. Бою узун болгондуктан иш маалында эс алып калганда волейболду мыкты ойночу", — деди Думанаев.

Аталган тасма жазуучу Александр Сытиндин 1927-жылы жарыкка чыккан "Тянь-Шань контрабандисттери" чыгармасынын негизинде тартылган. Ал эмгек өткөн кылымдын 20-жылдарындагы советтик чек арачылардын ишин, Кытайга апийим ташыган аткезчилердин турмушун чагылдырат. Кинофильмде Сүймөнкул Чокморов башкы каарман Карабалтанын образын жараткан.

Көзү тирүү кезинде таланттуу режиссёр, КРдин эл артисти Болот Шамшиев Чокморов ооруп калбаганда Голливудга чейин жетмек деп айткан жайы дагы бар.

"Сүймөнкулдун өмүрү жана чыгармачылыгына көз чаптырсак, айылда туулуп-өсүп, сүрөтчү болууну эңсеп көркөм сүрөт окуу жайын бүтүрүп кийин кинематографияга келип калды. Мындайча айтканда, ал кинодон такыр эле алыс болчу. Анын артыкчылыгы бар эле, бир нерсени үйрөнсө өтө көңүл буруп угуп, бат кабыл алчу. Бир нече фильмде мыкты образ жараткан соң өзүн жөнөкөй ролдордон көрө алган жок. Анткени ал өзүн жогорку деңгээлде көрсөтүп, башка режиссёрлор менен иштешүүгө даяр болуп калган. Бир гана оору токтотуп калды, эгер анын ден соолугу чың болгондо Европаны, Голливудду багындырып, балким, Оскар сыйлыгына чейин жетмек", — деген Шамшиев.

"Ысык-Көлдүн кызгалдактары" 1973-жылы Страсбург шаарында эл аралык фестивалда атайын сыйлыкка татып, Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда Чокморов эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн диплом жана премияга арзыган.

225
Белгилер:
таберик сүрөт, тасма, Сүймөнкул Чокморов, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер
Тема боюнча
Ажыбекованын тушоосун кескен Океев менен Чокморов. Залкарлардын таберик сүрөтү
Эшек минген атактуу Видугирис жана Абдыкулов. Кыргыз киночуларынын таберик сүрөтү
Кыргызстанда Ош облустар аралык биргелешкен клиникалык ооруканасында биринчи ирет TAVI (аорталык клапандын имплантациясы) технологиясын колдонуу менен жүрөккө операция жасалды

Бейтап ойгоо болгон. Кыргызстанда уникалдуу операция жасалды. Видео

0
(жаңыланган 12:10 27.11.2020)
ТАВИ технологиясы – бул аорталык клапандын биопротездик имплантациясы. Ал адистештирилген катетердин (жеткирүү системасы) жардамы менен сандагы артерия аркылуу жасалат.

БИШКЕК, 27-ноя. – Sputnik. Кыргызстанда Ош облустар аралык биргелешкен клиникалык ооруканасында биринчи ирет TAVI (аорталык клапандын имплантация) технологиясын колдонуу менен жүрөккө операция жасалды. Бул тууралуу кардиохирург Талант Эралиев Facebook баракчасына жарыялады.

Операцияны Талант Эралиев, Олег Крестьянинов, Канат Аширов жана башка дарыгерлердин тобу жасаган.

Клапандын имплантациясы 86 жаштагы бейтапка кан тамыр аркылуу жасалып, жүрөктүн согушу токтогон эмес.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Zhanylmyrza Alibaeva (@zhanylmyrzaalibaeva)

"Бейтап ойгоо болгон, ага ооруну сездирбей турган дары куюлган. Бул операциянын уникалдуулугу — бейтап ооруканада көпкө кармалбайт. Ал тез эле үйүнө жиберилип, кадимки толук кандуу жашоого кайтат", — деди кардиохирург.

ТАВИ технологиясы – бул аорталык клапандын биопротездик имплантациясы. Ал адистештирилген катетердин (жеткирүү системасы) жардамы менен сандагы артерия аркылуу жасалат. Бул учурда адамдын жүрөгү иштей берет. Мында канды жасалма жол менен айландыруу техникасы колдонулбайт жана операция үчүн адамдын денеси кескиленбейт.

0
Белгилер:
артерия, оорукана, Ош
Тема боюнча
Былтыр кайсы оорулардан кыргызстандыктар көп каза тапкан. Статистика