Улуу көчтү улагандар чыгаттыр. Кино өнөрүн четтен окуп жаткан жаштар кеп салганда

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүСъемки нового фильма Алексея Попогребского «Последний день»
Съемки нового фильма Алексея Попогребского «Последний день» - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн кыргыз киносуна чыйыр салынганына 79 жыл болот. 1941-жылдын 17-ноябрында Кыргыз ССРинин эл комиссарлар кеңеши тарабынан Фрунзе шаарында кинохроника студиясын уюштуруу токтому кабыл алынган.

Ак илбирстин тукуму тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз керемети: тарыхта калчу 10 тасма
1961-жылы киностудия "Кыргызфильм" болуп өзгөрүлүп, кийин ага Төлөмүш Океевдин ысымы ыйгарылган. Ал эми биринчи кыргыз киносу "Салтанат" 1955-жылы тартылган. Ошентип кыргыз кино өнөрүнүн улуу көчү башталган.

Бүгүнкү, 17-ноябрь - Кыргыз киносунун күнү деп аталган датанын урматына, учурда чет өлкөлөрдө түйшүктүү, ардактуу кино өнөрүн өздөштүрөм деп билим алып жүргөн кыргызстандык жаштарды кепке тарттык. Балким булардан кийин келечектин Окееви, Шамшиеви, Базарову, Убукееви, Видугириси, Садырбаеви чыгаттыр.

Жолдубай кызы Бегим. 24 жашта. Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Талды-Суу айылында туулуп-өскөн. Учурда Түркиядагы Караман шаарынын Мехмет Караманоглу университетинде магистратурада жаңы медиа бөлүмүндө окуп жатат. Кино тармагына 2016-жылдан бери аралашып жүрөт. Бир топ автордук ("Акыркы көч", "Шамбала") жана коммерциялык ("Такебай", "Ата", "Апамды издеп", "Эл укпасын" ) толук жана кыска метраждуу тасмаларда режиссёрдун жардамчысы, оператордун жардамчысы, костюмер, фотограф, үн оператору болуп иштеп, тажрыйба топтогон. 

© Фото / предоставлено Бегим Жолдубай кызыЖолдубай кызы Бегим 24 жашта
Улуу көчтү улагандар чыгаттыр. Кино өнөрүн четтен окуп жаткан жаштар кеп салганда - Sputnik Кыргызстан
Жолдубай кызы Бегим 24 жашта
"Келечекте кино жана фотография тармагында көп эмгектерди жараткым келет. Дүйнөнүн ар жеринде сүрөт көргөзмөлөрүн уюштуруп, жакшы кинокартиналарды жаратам деген кыялым бар. Ошондой эле Түркиянын кино тармагында иштөөнү да каалайм", - дейт Жолдубай кызы Бегим.

Ал өзү тарткан даректүү "Узак жол" фильми бир нече эл аралык кинофестивалда жеңишке жетишкен.

Бегим Кыргыз-түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү. Түркиядагы окуусун бүткөн соң Кыргызстанга кайтып келип, үйрөнгөндөрүн башка жаштар менен бөлүшкүсү келет.

Каныбек Калматов. 19 жашта. Бишкекте туулуп-өскөн. Ушул учурда Москва шаарындагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунда (ВГИК) кинооператорлукка окууда. 

© Фото / предоставлено Каныбеком КалматовымКаныбек Калматов 19 жашта
Улуу көчтү улагандар чыгаттыр. Кино өнөрүн четтен окуп жаткан жаштар кеп салганда - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Калматов 19 жашта
"Он эки жашымдан баштап визуалдык искусство менен алектенгем. Ошол мезгилде байкем мага фотоаппарат белек кылган. Баштапкы сүрөттөрүм абдан жөнөкөй болгон. 15 жашымда кыска метраждуу кино тартып, ошол эмгегим менен сынактарда сыйлыктарга жетиштим. Мына ошондон кийин гана менде өзүмө ишеничим пайда болгон. Ошентип ар кайсы долбоорлордо иштей баштадым. 17 жашымда менин максатым бийиктеди - Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна (ВГИК) тапшырууну чечтим".

Курстук иш катары бир нече даректүү тасма жараткан. Ал эми окуудан тышкаркы убактарда реклама жана музыкалык клиптерди тартат.

Калматов "Карек" республикалык кинофестивалынын жеңүүчүсү. Ал келечекте кыргыз киноискусствосуна өз салымын кошкон мыкты оператор болуп, мааниси терең фильмдерди жаратууну кыялданат.

Самара Сагынбаева. Алайкуунун Кондук айылында жарык дүйнөгө келген. Учурда Чехиядагы Прага искусство академиясынын (FAMU) Кино жана ТВ киномектебинде билим алууда. 

© Фото / предоставлено Самарой СагынбаевойСамара Сагынбаева
Улуу көчтү улагандар чыгаттыр. Кино өнөрүн четтен окуп жаткан жаштар кеп салганда - Sputnik Кыргызстан
Самара Сагынбаева
"Келечекке пландар көп, бирок аны жасаш үчүн жалкоолукту ташташ керек. Окуумду бүтсөм Кыргызстанга кайтып келем. Бирок Европа автордук кино үчүн абдан ыңгайлуу. Ошондуктан Европа менен Кыргызстандын ортосунда, эки жакта тең бирдей иштеп жашап турганга аракет кылам."

СССРдин эл артисти, белгилүү режиссёр Болот Шамшиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ушул нерсе жүрөгүмдү өйүйт... Болот Шамшиевдин акыркы маеги. Аудио
Сагынбаева Улуттук университеттин журналистика факультетин аяктаган. Темир Бирназаровдун кино боюнча жеке курсуна барып, кино тартуу ышкысы пайда болгон. Алгачкы тарткан "Туяк" тасмасында өзү жалгыз камераны кармап, оператор да, режиссер да болуп иштеген. Кийин аталган кинофильми ийгиликтерди жаратып, чоң киного жол ачкан. Учурда үч тасмасы бар. Акыркы тарткан "Селкинчек" аттуу кыска метраждуу фильми эл аралык фестивалдарды багындырууда.

Айша Султанбекова. 23 жашта, Аксы районуна караштуу Кербен шаарында төрөлгөн. Азыркы тапта кино багыты боюнча Остин шаарында жайгашкан Техас университетинде билим алууда. "Астра" даректүү фильми менен эл аралык келечектүү фестивалдарга катышып келген. 

© Фото / предоставлено Айшой СултанбековойАйша Султанбекова 23 жашта
Улуу көчтү улагандар чыгаттыр. Кино өнөрүн четтен окуп жаткан жаштар кеп салганда - Sputnik Кыргызстан
Айша Султанбекова 23 жашта
"Эң биринчи максатым - окуумду аман-эсен аяктоо жана келечекте чыгыш өлкөлөрү менен биргеликте көрүүчүлөрдү тамшанткан кинолорду жаратуу."

Султанбекова Борбор Азиядагы Америка университетинде билим алган. Ал чыгыш өлкөлөрүнөн алган билимин жана тажрыйбасын Кыргызстанга келип колдонуп, башкалар менен да бөлүшүүнү каалайт.

Бекинай Токтосунова. 27 жашта, Ошто туулуп-өскөн. Учурда Италиянын Рим шаарындагы Искусство академиясында (RUFA) кино багытында билим алууда. MBpro студиясында экинчи режиссёр болуп эмгектенип, "Напарниктер", "Бир тууганчик-2", "Такебай" кинолорун жаратууга салымын кошкон. 

© Фото / предоставлено Бекинай ТоктосуновойБекинай Токтосунова 27 жашта
Улуу көчтү улагандар чыгаттыр. Кино өнөрүн четтен окуп жаткан жаштар кеп салганда - Sputnik Кыргызстан
Бекинай Токтосунова 27 жашта
"Максатым - кыргыз киносун эл аралык деңгээлге чыгаруу. Бул максатка жетүү оңой эмес, бирок колуман келишинче бардык күчүмдү жумшайм."

Токтосунова алгач Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин бүтүргөн. Анын дипломдук иши катары тарткан "Манежде" даректүү фильми бир канча эл аралык сынактарда жогорку баага татыган.

Мадина Исмаилова. 25 жашта, Жалал-Абад шаарында туулган. 

© Фото / предоставлено Мадиной ИсмаиловойМадина Исмаилова 25 жашта
Улуу көчтү улагандар чыгаттыр. Кино өнөрүн четтен окуп жаткан жаштар кеп салганда - Sputnik Кыргызстан
Мадина Исмаилова 25 жашта

Учурда Лос-Анджелесте (АКШ) Калифорния университетинде режиссёр адистигинде окуйт.

Кыргызстанда режиссер Бакыт Карагуловдун устатканасында бир топ кинолорду жаратууда кошо эмгектенип, тажрыйба топтогон.

"Режиссер менен артисттин жашоосу дайыма эле жеңил болбойт, ар кандай кыйынчылыктардан өтүш керек. Бирок кыйынчылыктар адамга күч-кубат берет деп ойлойм. Окууну аяктаган соң бизге америкалык кинокомпанияда бир жылдык тажрыйба алууга уруксат берилет. Буюрса, ал мүмкүнчүлүктү да колдон чыгарбайм. Кыргызстан - үйүм, мекеним. Ата-энем, бир туугандарым жана досторум ошол жерде. Сөзсүз өз жеримде кино тарткым келет".

Исмаилова да Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин театр жана кино факультетин аяктаган. Ал студент кезинде бир нече фильм тартып, ийгиликтерге жетише алган. Учурда көркөм тасма тартуу үчүн сценарийин бышырып жүргөн кези.

Жаңылыктар түрмөгү
0