Кыргызстандык студент Гүлнара Айтмаматова

Түркиядагы кинофестивалда кыргызстандык студенттин фильми 1-орунду алды

195
(жаңыланган 16:50 21.11.2020)
Аталган эмгектин КМШ өлкөлөрүнүн алкагында өтө турган жаш киночулардын форумунун "Үмүт" деп аталган сынагына катышуу үчүн тандалып алынганы айтылды.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Түркияда өткөн эл аралык кинофестивалда кыргызстандык студент Гүлнара Айтмаматованын "Тайгак жол" даректүү тасмасы 1-орунду алды. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фонду кабарлады.

  • Кадры из документального фильма Скользкая дорога кыргызстанки Гульнары Айтмаматовой
    Фильм кыргызской студентки победил на кинофестивале в Турции
    © Фото / предоставлено Гульнарой Айтмаматовой
  • Кадры из документального фильма Скользкая дорога кыргызстанки Гульнары Айтмаматовой
    Фильм кыргызской студентки победил на кинофестивале в Турции
    © Фото / предоставлено Гульнарой Айтмаматовой
1 / 2
© Фото / предоставлено Гульнарой Айтмаматовой
Фильм кыргызской студентки победил на кинофестивале в Турции

Стамбулда өткөн бул иш-чарага бир нече өлкөдөн бир топ жаш режиссёрлор онлайн форматта катышкан. Калыстар тобу жеңүүчүлөрдүн ысымын кечээ, 20-ноябрда, жарыя кылды. Эмгектер ТРТ телеканалында көрсөтүлгөн.

"Тайгак жол" — Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти Айтмаматованын дипломдук иши. Ал тоо арасында жашаган чабандын кызы Каныкейдин кыялындагы келечекке болгон умтулуусу жөнүндө баяндайт.

Фильмдин көркөм жетекчиси — Молдосейит Мамбетакунов. Операторлор — Максат Имеров жана Асан Жанталиев. Ал эми үн режиссерлук менен монтаждоо иштерин Хайрулла Рахматилла уулу жасаган.

Бул фильм ноябрдын аягында Екатеринбург шаарында өтө турган "Россия" кинофестивалына катышмакчы. Сайтта аталган эмгектин КМШ өлкөлөрүнүн алкагында өтө турган жаш киночулардын форумунун "Үмүт" деп аталган сынагына катышуу үчүн тандалып алынганы айтылды.

195
Белгилер:
кино, Россия, Түркия, Кыргызстан
Тема боюнча
Комузчу Бердибекова: күүлөрүн нотага түшүргөндө Нурак агай катуу толкунданган
Кыргыз режиссёрлорунун "Акыркы көч" тасмасы Таллиндеги фестивалга катышат

Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй!.. Шамшиевдин тасмасындагы таберик сүрөт

185
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Ортодо турган белгилүү актёр, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен анын сол жагында турган экинчи режиссёр Темир Дүйшекеев жана киночулардын сүрөтү 1971-жылы Ысык-Көл облусундагы Жууку капчыгайында тартылган
© Sputnik / Александр Федоров

Ортодо турган белгилүү актёр, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен анын сол жагында турган экинчи режиссёр Темир Дүйшекеев жана киночулардын сүрөтү 1971-жылы Ысык-Көл облусундагы Жууку капчыгайында тартылган.

Ал жылы "кыргыз кереметинин" жаралуусунун башында турган Болот Шамшиев "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кино картинасын тартып, анда кыргыз жана орус элинин бир топ актёрлору роль жараткан.

Ошол кезеңди тасмага катышып калган КРдин эл артисти Чоро Думанаев мындайча эскерет:

"Мен тасманын бир эпизодуна катышып калгам. Андан бери канча убакыт өттү, фильмде роль жараткандардын көпчүлүгү башка тармактарга өтүп кеткен. Тасма Ысык-Көл облусундагы Жууку, Барскоон капчыгайларында тартылып, ишти жайында баштап кышында суукта бүткөнбүз. Оор жабдууларыбызды көтөрүп тоого чыгып, аскалардагы укмуштуудай мөңгүлөрдү көргөн элек. Сүрөттөгү Сүймөнкул байке менен кийин дагы көп иштештим. Ал кезде Чокморов оорудан оолак атак-даңкка бөлөнүп турган учуру болчу. Бою узун болгондуктан иш маалында эс алып калганда волейболду мыкты ойночу", — деди Думанаев.

Аталган тасма жазуучу Александр Сытиндин 1927-жылы жарыкка чыккан "Тянь-Шань контрабандисттери" чыгармасынын негизинде тартылган. Ал эмгек өткөн кылымдын 20-жылдарындагы советтик чек арачылардын ишин, Кытайга апийим ташыган аткезчилердин турмушун чагылдырат. Кинофильмде Сүймөнкул Чокморов башкы каарман Карабалтанын образын жараткан.

Көзү тирүү кезинде таланттуу режиссёр, КРдин эл артисти Болот Шамшиев Чокморов ооруп калбаганда Голливудга чейин жетмек деп айткан жайы дагы бар.

"Сүймөнкулдун өмүрү жана чыгармачылыгына көз чаптырсак, айылда туулуп-өсүп, сүрөтчү болууну эңсеп көркөм сүрөт окуу жайын бүтүрүп кийин кинематографияга келип калды. Мындайча айтканда, ал кинодон такыр эле алыс болчу. Анын артыкчылыгы бар эле, бир нерсени үйрөнсө өтө көңүл буруп угуп, бат кабыл алчу. Бир нече фильмде мыкты образ жараткан соң өзүн жөнөкөй ролдордон көрө алган жок. Анткени ал өзүн жогорку деңгээлде көрсөтүп, башка режиссёрлор менен иштешүүгө даяр болуп калган. Бир гана оору токтотуп калды, эгер анын ден соолугу чың болгондо Европаны, Голливудду багындырып, балким, Оскар сыйлыгына чейин жетмек", — деген Шамшиев.

"Ысык-Көлдүн кызгалдактары" 1973-жылы Страсбург шаарында эл аралык фестивалда атайын сыйлыкка татып, Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда Чокморов эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн диплом жана премияга арзыган.

185
Белгилер:
таберик сүрөт, тасма, Сүймөнкул Чокморов, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер
Тема боюнча
Ажыбекованын тушоосун кескен Океев менен Чокморов. Залкарлардын таберик сүрөтү
Эшек минген атактуу Видугирис жана Абдыкулов. Кыргыз киночуларынын таберик сүрөтү

Салттуу кийим куп жарашкан кыргыздын мырзалары. Көз кубанткан 15 сүрөт

395
  • Салттуу кийимчен кичинекей Тагай. Кыргыздар эзелтен бөбөктөрдүн кийимдерине кыз-эркегине карабай тумар жана ар кандай мончокторду тагып коюшкан. Эл ичинде тумар, мончок тагуу баланы суук көз, суук сөздөн сактайт деген түшүнүк жашаган.
  • Козу көтөргөн бөбөк. Ал башына калпак, жонуна чапан кийип жайлоодо түшкөн. Салттуу баш кийим катары калпак байыртан тарта азыркы күнгө чейин сакталып, кийилип келет.
  • Жайлоодогу жай турмуш. Оюнга тое элек өспүрүм.
  • Башына көрпө тебетей кийген өспүрүмдөр тогуз коргоол ойноп жатышат. Алардын шымдары таардан тигилген.
  • Сүрөттөгү баланын башындагы телпек деген баш кийим. Ал тебетей сымал төрт талаа болуп бычылат да, козунун же койдун терисинен ичилик салынбай тигилет, жапыз болот. Азыр бул баш кийимди сейрек кездештиребиз.
  • Боз үйдүн түбүндө камчы өрүп жаткан жигит. Илгери үйлѳнѳ турчу жигитке арнап атайын кийим тигишкен. Жеңелери ычкыр ѳргѳн. Жаңы үйлѳнгѳн уулуна арнап атасы кемер кур таккан.
  • Илгери мергенчилер аң уулоого жаргак, теке шымдарды кийишкен. Белине атайын кур илгич курчанып, аңчылыкка керектүү буюмдарды: оттук таш, шибеге, бычак, дүрмөт, ок куюлуучу калыпты дайыма алып жүрүшкөн. Буттарына чарык кийип, ага айрым учурда жааларын сайып койгон.
  • Жылкы менен кыргыздын мырзаларын бөлүп кароо таптакыр мүмкүн эмес. Баса, сүрөттөгү кишинин белиндеги буюм кур илгич деп аталат. Аны мергенчилер жана орто жаштагы эркектер тагынышкан.
  • Шар аккан суунун боюнда Жеңижоктун Аккан суу чыгармасын аткарып жаткан дастанчы Өмүрзак Кайыпов
  • Аңчылык, устачылык, зергерчилик  кыргыздын эркектерине мүнөздүү өнөр болуп эсептелген. Керектүү буюмдун баарын усталар өздөрү жасашкан. Алсак, ошол эле боз үйдүн жыгач-ташы, ат жабдыктары, үй оокаттарынын баары усталардын колунан чыккан.
  • Пайгамбар жашынан өтүп калган аксакал. Небересине зергерлик өнөрүн үйрөтүп жаткан учуру. Аксакалдын башындагы калпак болжол менен 1960-жылдары жасалган.
  • Асман тиреген карагайлар, көпкөк асман жана эт бышырып жаткан кыргыздын эркектери. Бул сүрөттү көрүп жөн гана жайлоого кеткиң келет.
  • Эркектер үстүнө жегде кийишкен. Жегде — бул кадимки көйнөк. Ал мезгилде эркек көйнөктөр бөз кездемеден тигилген. Мындай көйнөктү алар 5-6 жаштан баштап өмүрү өткөнгө чейин жонунан түшүрүшкөн эмес.
  • Эркектердин кийими тууралуу дагы бир кызыктуу факт. Илгерки шымдары кийинкилерден бир топ эле айырмаланган. Кышкылары таардан, койдун терисинен, текенин ийленген терисинен бычылып даярдалган. Байлар көбүнчө жаргак шым кийишкен. Жаргак — бул жүнү жыдытылып, мыкты ийленген тери.
  • Климаты катаал шартта жашаган аймактарда кышкысын аял-эркек дебей үстүнө ичик, тон кийишкен. Оокаттуу кыргыздар ичикти илбирс, карышкыр, сүлѳөсүн жана башка жандыктардын терилеринен жасатышкан.
Sputnik Кыргызстан агенттиги "Кийиз дүйнө" коомдук фонду менен салттуу кийим кийген эркектердин сүрөттөрүн сунуштайт. Анда кыргыздын чыныгы жашоосу, турмушу, салт-санаасы жана салттуу кийимдери көрсөтүлгөн.

Кыргыз элинде илгертеден кийимге байланыштуу бир катар эрежелер болгон. Мисалы, кийимди жерге таштоого, баш кийимге отурууга, аны ыргытууга, айлантууга, баш алган жерге белекке берүүгө болбойт.

Анын ичинде эркек кишинин кийимине да ѳзгѳчѳ мамиле жасалган. Алсак, эркек адамдын кийиминен аттабайт, аны тебелебейт, ал тургай эркектин кийиминин үстүнө аял кишинин, кыз баланын кийими коюлбайт деген түшүнүк жашаган. Бул эркекке болгон сый-урматтын белгиси деп кабыл алынып, балдарды тарбиялоодо чоң мааниге ээ болгон.

Кыргыздын баш кийимдеринин тарыхын билип, көз жоосун алган сүрөттөрдү сөзсүз көрүңүз.

395
  • Салттуу кийимчен кичинекей Тагай. Кыргыздар эзелтен бөбөктөрдүн кийимдерине кыз-эркегине карабай тумар жана ар кандай мончокторду тагып коюшкан. Эл ичинде тумар, мончок тагуу баланы суук көз, суук сөздөн сактайт деген түшүнүк жашаган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Салттуу кийимчен кичинекей Тагай. Кыргыздар эзелтен бөбөктөрдүн кийимдерине кыз-эркегине карабай тумар жана ар кандай мончокторду тагып коюшкан. Эл ичинде тумар, мончок тагуу баланы суук көз, суук сөздөн сактайт деген түшүнүк жашаган.

  • Козу көтөргөн бөбөк. Ал башына калпак, жонуна чапан кийип жайлоодо түшкөн. Салттуу баш кийим катары калпак байыртан тарта азыркы күнгө чейин сакталып, кийилип келет.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Козу көтөргөн бөбөк. Ал башына калпак, жонуна чапан кийип жайлоодо түшкөн. Салттуу баш кийим катары калпак байыртан тарта азыркы күнгө чейин сакталып, кийилип келет.

  • Жайлоодогу жай турмуш. Оюнга тое элек өспүрүм.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жайлоодогу жай турмуш. Оюнга тое элек өспүрүм.

  • Башына көрпө тебетей кийген өспүрүмдөр тогуз коргоол ойноп жатышат. Алардын шымдары таардан тигилген.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Башына көрпө тебетей кийген өспүрүмдөр тогуз коргоол ойноп жатышат. Алардын шымдары таардан тигилген.

  • Сүрөттөгү баланын башындагы телпек деген баш кийим. Ал тебетей сымал төрт талаа болуп бычылат да, козунун же койдун терисинен ичилик салынбай тигилет, жапыз болот. Азыр бул баш кийимди сейрек кездештиребиз.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Сүрөттөгү баланын башындагы телпек деген баш кийим. Ал тебетей сымал төрт талаа болуп бычылат да, козунун же койдун терисинен ичилик салынбай тигилет, жапыз болот. Азыр бул баш кийимди сейрек кездештиребиз.

  • Боз үйдүн түбүндө камчы өрүп жаткан жигит. Илгери үйлѳнѳ турчу жигитке арнап атайын кийим тигишкен. Жеңелери ычкыр ѳргѳн. Жаңы үйлѳнгѳн уулуна арнап атасы кемер кур таккан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Боз үйдүн түбүндө камчы өрүп жаткан жигит. Илгери үйлѳнѳ турчу жигитке арнап атайын кийим тигишкен. Жеңелери ычкыр ѳргѳн. Жаңы үйлѳнгѳн уулуна арнап атасы кемер кур таккан.

  • Илгери мергенчилер аң уулоого жаргак, теке шымдарды кийишкен. Белине атайын кур илгич курчанып, аңчылыкка керектүү буюмдарды: оттук таш, шибеге, бычак, дүрмөт, ок куюлуучу калыпты дайыма алып жүрүшкөн. Буттарына чарык кийип, ага айрым учурда жааларын сайып койгон.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Илгери мергенчилер аң уулоого жаргак, теке шымдарды кийишкен. Белине атайын кур илгич курчанып, аңчылыкка керектүү буюмдарды: оттук таш, шибеге, бычак, дүрмөт, ок куюлуучу калыпты дайыма алып жүрүшкөн. Буттарына чарык кийип, ага айрым учурда жааларын сайып койгон.

  • Жылкы менен кыргыздын мырзаларын бөлүп кароо таптакыр мүмкүн эмес. Баса, сүрөттөгү кишинин белиндеги буюм кур илгич деп аталат. Аны мергенчилер жана орто жаштагы эркектер тагынышкан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жылкы менен кыргыздын мырзаларын бөлүп кароо таптакыр мүмкүн эмес. Баса, сүрөттөгү кишинин белиндеги буюм кур илгич деп аталат. Аны мергенчилер жана орто жаштагы эркектер тагынышкан.

  • Шар аккан суунун боюнда Жеңижоктун Аккан суу чыгармасын аткарып жаткан дастанчы Өмүрзак Кайыпов
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шар аккан суунун боюнда Жеңижоктун "Аккан суу" чыгармасын аткарып жаткан дастанчы Өмүрзак Кайыпов

  • Аңчылык, устачылык, зергерчилик  кыргыздын эркектерине мүнөздүү өнөр болуп эсептелген. Керектүү буюмдун баарын усталар өздөрү жасашкан. Алсак, ошол эле боз үйдүн жыгач-ташы, ат жабдыктары, үй оокаттарынын баары усталардын колунан чыккан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Аңчылык, устачылык, зергерчилик кыргыздын эркектерине мүнөздүү өнөр болуп эсептелген. Керектүү буюмдун баарын усталар өздөрү жасашкан. Алсак, ошол эле боз үйдүн жыгач-ташы, ат жабдыктары, үй оокаттарынын баары усталардын колунан чыккан.

  • Пайгамбар жашынан өтүп калган аксакал. Небересине зергерлик өнөрүн үйрөтүп жаткан учуру. Аксакалдын башындагы калпак болжол менен 1960-жылдары жасалган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Пайгамбар жашынан өтүп калган аксакал. Небересине зергерлик өнөрүн үйрөтүп жаткан учуру. Аксакалдын башындагы калпак болжол менен 1960-жылдары жасалган.

  • Асман тиреген карагайлар, көпкөк асман жана эт бышырып жаткан кыргыздын эркектери. Бул сүрөттү көрүп жөн гана жайлоого кеткиң келет.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Асман тиреген карагайлар, көпкөк асман жана эт бышырып жаткан кыргыздын эркектери. Бул сүрөттү көрүп жөн гана жайлоого кеткиң келет.

  • Эркектер үстүнө жегде кийишкен. Жегде — бул кадимки көйнөк. Ал мезгилде эркек көйнөктөр бөз кездемеден тигилген. Мындай көйнөктү алар 5-6 жаштан баштап өмүрү өткөнгө чейин жонунан түшүрүшкөн эмес.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Эркектер үстүнө жегде кийишкен. Жегде — бул кадимки көйнөк. Ал мезгилде эркек көйнөктөр бөз кездемеден тигилген. Мындай көйнөктү алар 5-6 жаштан баштап өмүрү өткөнгө чейин жонунан түшүрүшкөн эмес.

  • Эркектердин кийими тууралуу дагы бир кызыктуу факт. Илгерки шымдары кийинкилерден бир топ эле айырмаланган. Кышкылары таардан, койдун терисинен, текенин ийленген терисинен бычылып даярдалган. Байлар көбүнчө жаргак шым кийишкен. Жаргак — бул жүнү жыдытылып, мыкты ийленген тери.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Эркектердин кийими тууралуу дагы бир кызыктуу факт. Илгерки шымдары кийинкилерден бир топ эле айырмаланган. Кышкылары таардан, койдун терисинен, текенин ийленген терисинен бычылып даярдалган. Байлар көбүнчө жаргак шым кийишкен. Жаргак — бул жүнү жыдытылып, мыкты ийленген тери.

  • Климаты катаал шартта жашаган аймактарда кышкысын аял-эркек дебей үстүнө ичик, тон кийишкен. Оокаттуу кыргыздар ичикти илбирс, карышкыр, сүлѳөсүн жана башка жандыктардын терилеринен жасатышкан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Климаты катаал шартта жашаган аймактарда кышкысын аял-эркек дебей үстүнө ичик, тон кийишкен. Оокаттуу кыргыздар ичикти илбирс, карышкыр, сүлѳөсүн жана башка жандыктардын терилеринен жасатышкан.

Белгилер:
Сүрөт, уста, кол өнөрчүлүк, салт, жайлоо, кийим, эркек
Тема боюнча
Тебетей кийип, шуру тагынып... Салттуу кийимди көркүнө чыгарган бөбөктөрдүн 14 сүрөтү
Көйкөлгөн кыздар, балпайган байбичелер. Кыргыздын көз талдырган кийимдери сүрөттө
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова

Солтонбекова Ализа Карыпбековна өмүр баяны

0
(жаңыланган 22:22 25.11.2020)
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова 1978-жылы 5-апрелде Бишкек шаарында төрөлгөн.
  • Билими:
    1999-жылы Бишкектеги Алиаскар Токтоналиев атындагы финансы экономикалык техникумунун "өндүрүштүк ишканалардын финансысы" адистигин артыкчылык менен аяктаган;
  • 2005-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин "финансы жана кредит" адистигин артыкчылык менен аяктаган;
  • 2011-жылы Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын "менеджмент" адистигин бүтүргөн;
  • 2016-жылы Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы дипломатиялык академиянын "эл аралык мамилелер" адистигин аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1995-1998 — Н. Биримкулов атындагы орто мектебинин мугалими;
  • 1999-2003 — Ивановка айылындагы №1 орто мектебинин мугалими;
  • 2003-2004 — Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айыл өкмөтүнүн жаштар комитетинин төрайымы, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн иштери боюнча адис;
  • 2004-2008 — Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси;
  • 2008-2010 — Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары;
  • 2012-2017 — Өкмөттүн аппаратында каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы;
  • 2017-2018 — Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык суроолор боюнча орун басары;
  • 2018-2020 — Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары.
  • 2020-жылдын 25-ноябрынан тарта эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри.

Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси.

0
Белгилер:
справка, таржымал, кызмат, Өмүр баяны, министр, Ализа Солтонбекова
Тема боюнча
Ализа Солтонбекова министрлик ишине расмий киришти
Зулпиев Бектур Рысбаевич — өмүр баяны