Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй!.. Шамшиевдин тасмасындагы таберик сүрөт

417
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Ортодо турган белгилүү актёр, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен анын сол жагында турган экинчи режиссёр Темир Дүйшекеев жана киночулардын сүрөтү 1971-жылы Ысык-Көл облусундагы Жууку капчыгайында тартылган
© Sputnik / Александр Федоров

Ортодо турган белгилүү актёр, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен анын сол жагында турган экинчи режиссёр Темир Дүйшекеев жана киночулардын сүрөтү 1971-жылы Ысык-Көл облусундагы Жууку капчыгайында тартылган.

Ал жылы "кыргыз кереметинин" жаралуусунун башында турган Болот Шамшиев "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кино картинасын тартып, анда кыргыз жана орус элинин бир топ актёрлору роль жараткан.

Ошол кезеңди тасмага катышып калган КРдин эл артисти Чоро Думанаев мындайча эскерет:

"Мен тасманын бир эпизодуна катышып калгам. Андан бери канча убакыт өттү, фильмде роль жараткандардын көпчүлүгү башка тармактарга өтүп кеткен. Тасма Ысык-Көл облусундагы Жууку, Барскоон капчыгайларында тартылып, ишти жайында баштап кышында суукта бүткөнбүз. Оор жабдууларыбызды көтөрүп тоого чыгып, аскалардагы укмуштуудай мөңгүлөрдү көргөн элек. Сүрөттөгү Сүймөнкул байке менен кийин дагы көп иштештим. Ал кезде Чокморов оорудан оолак атак-даңкка бөлөнүп турган учуру болчу. Бою узун болгондуктан иш маалында эс алып калганда волейболду мыкты ойночу", — деди Думанаев.

Аталган тасма жазуучу Александр Сытиндин 1927-жылы жарыкка чыккан "Тянь-Шань контрабандисттери" чыгармасынын негизинде тартылган. Ал эмгек өткөн кылымдын 20-жылдарындагы советтик чек арачылардын ишин, Кытайга апийим ташыган аткезчилердин турмушун чагылдырат. Кинофильмде Сүймөнкул Чокморов башкы каарман Карабалтанын образын жараткан.

Көзү тирүү кезинде таланттуу режиссёр, КРдин эл артисти Болот Шамшиев Чокморов ооруп калбаганда Голливудга чейин жетмек деп айткан жайы дагы бар.

"Сүймөнкулдун өмүрү жана чыгармачылыгына көз чаптырсак, айылда туулуп-өсүп, сүрөтчү болууну эңсеп көркөм сүрөт окуу жайын бүтүрүп кийин кинематографияга келип калды. Мындайча айтканда, ал кинодон такыр эле алыс болчу. Анын артыкчылыгы бар эле, бир нерсени үйрөнсө өтө көңүл буруп угуп, бат кабыл алчу. Бир нече фильмде мыкты образ жараткан соң өзүн жөнөкөй ролдордон көрө алган жок. Анткени ал өзүн жогорку деңгээлде көрсөтүп, башка режиссёрлор менен иштешүүгө даяр болуп калган. Бир гана оору токтотуп калды, эгер анын ден соолугу чың болгондо Европаны, Голливудду багындырып, балким, Оскар сыйлыгына чейин жетмек", — деген Шамшиев.

"Ысык-Көлдүн кызгалдактары" 1973-жылы Страсбург шаарында эл аралык фестивалда атайын сыйлыкка татып, Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда Чокморов эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн диплом жана премияга арзыган.

417
Белгилер:
таберик сүрөт, тасма, Сүймөнкул Чокморов, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (148)
Тема боюнча
Ажыбекованын тушоосун кескен Океев менен Чокморов. Залкарлардын таберик сүрөтү
Эшек минген атактуу Видугирис жана Абдыкулов. Кыргыз киночуларынын таберик сүрөтү
Прозаик, драматург, киносценарист Токтобек Үсөнов

Үсөнов: өлкөдө сценаристтерди окутуу колго алынган эмес

3
(жаңыланган 14:11 14.05.2021)
Прозаик, драматург, киносценарист Токтобек Үсөнов кыргыз киносунун пайдубалы катары Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары турганын белгиледи.

Кыргызстанда топ жарган сценаристтер дээрлик жокко эсе. Анткени бул багытта окутуу, үйрөтүү колго алынган эмес. Мындай пикирин Токтобек Үсөнов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Үсөнов: өлкөдө сценаристтерди окутуу колго алынган эмес

Анын айтымында, аталган тармакта окууга умтулуп, аны өнүктүрүүнү каалаган жаштарга тийиштүү колдоо дагы болбойт.

"Стивен Спилберг "кинодогу эң маанилүү нерсе — сценарий" деген. Ошондуктан кино тартууда сценарийге өзгөчө маани берүү зарыл. Маселен, кыргыз киносунун өнүгүү тарыхын алып карасак, анын пайдубалы катары Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары турат. Ал эми соңку учурда өлкөдө топ жарган ийигиликтүү сценаристтер жокко эсе. Себеби бул багытта окутуу, үйрөтүү колго алынган эмес. Аталган тармакта окууга умутулуп, аны өнүктүрүүнү каалаган жаштарга тийиштүү колдоо көрсөтүлбөйт. Мындан сырткары, өлкөдө киноиндустрия рыногу абдан чакан болуп, сценаристтерге тажрыйба топтоосуна мүмкүнчүлүк жок. Башкача айтканда, сценаристтикти толук кандуу кесип катары алып кетүү абдан татаал. Жөнөкөй аңгеме жазуу жеңилирээк. Анда жүрөктөн чыккан окуяны эмоция менен сүрөттөп берсе болот. Ал эми сценарий үчүн ошол окуянын үстүнөн абдан тыкыр иш алып баруу талап кылынат. Кыймыл-аракетти, эмоцияны атайын ыкмалар менен кооздоо зарыл", — деди Үсөнов.

Ошондой эле ал соңку учурларда өлкөдө тартылып жаткан кассалык кинолордун сценарийи атайын голивуддук стандартка ылайыкталып жазылып, бирок алардын оригиналдуулугу маселе жарата турганын кошумчалады.

3
Белгилер:
Токтобек Үсөнов, маданият, кино, сценарий
Тема боюнча
Учуп жүргөн кыргызга таң калып... "Ак илбирстин тукумунан" таберик сүрөт
КТРКнын башкы директорунун радио уктуруулар боюнча орун басары Айбек Мусаев

Мусаев: "Кыргыз радиосунун" 90 жылдыгы мамлекеттик масштабда өтөт

9
(жаңыланган 12:36 14.05.2021)
КТРКнын башкы директорунун радио уктуруулар боюнча орун басары Айбек Мусаев "Кыргыз радиосунун" 90 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүү мерчемделип жатканын маалымдады.

"Кыргыз радиосунун" 90 жылдан бери эфирден жаңырып, коомдун саясий-экономикалык, адабий, маданий жана башка турмушун чагылдырып келет. Уктуруулар атайын архив болуп саналган алтын казынада сакталып турат. Бул тууралуу Айбек Мусаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Мусаев: "Кыргыз радиосунун" 90 жылдыгы мамлекеттик масштабда өтөт

Анын айтымында, интернеттин өнүгүүсү менен радио пассивдүү маалымат каражаты саналганы менен заман талабына жараша ыңгайлашуу мүмкүнчүлүгү бар.

"Өз кезегинде дүйнөдө ыкчам маалымат таратуучу каражат катары радио саналып келсе, учурда салттуу ЖМК катары эсептелет. Радио угармандар маалымат алуучулардын 72 пайызын түзөт деп айтылганы менен учурда башка маалымат каражаттарына караганда пассивдүү болууда. Ошентсе дагы ал өзүнүн салттуу багытын сактап келе жатат. Заманбап техниканын көмөгү менен визуалдашып, интернет аркылуу эфирге чыгып, оперативдүү, ыкчам маалымат таратууга ыңгайлашууда. КТРКнын "Кыргыз радиосу" FM жыштыгынан турган жалгыз радио болгон. 90 жылдан бери коомдун саясий-экономикалык жашоосун, адабият, маданият жана башка элдин турмушун чагылдырып келет. "Кыргыз радиосунун" 90 жылдык мааракеси пандемияга туш келип калды. Ошого карабастан эпидемиологиялык абал жакшырса, күзгө чукул илимий-практикалык конференциялар пландалууда. Ал иш-чара эл аралык деңгээлде болсо деген максаттар бар. Учурда КТРКнын карамагында "Биринчи радио", "Кыргыз радиосу" жана "Миң кыял" болуп, үч түрдүү контенти бар. Кылымга тете убакытта "Кыргыз радиосунун" эфирден кеткен архиви алтын казынасында сакталып турат. Мындан тышкары, "Балдар FM" жана "Достук" деген редакциялар бар болчу. Алардын угармандары азайып, тийиштүү деңгээлде натыйжа бербегендиктен эки радиого чачыратылып, реорганизация жасалган. Мамлекет каржылап, мүмкүндүк түзүлсө балдар үчүн радио түзүү зарылдыгы бар. Учурда "Келечек" деп аталган радионун программалары иштелип чыккан", — деди Мусаев.

Ошондой эле ал радио-спектаклдерди кайрадан жаздыруу жөнгө салына баштаганын кошумчалады.

Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:

9
Белгилер:
маараке, КТРК, радио, Айбек Мусаев
Тема боюнча
Орокчиев: көзү өтүп кеткендердин маегин угуп "бул тирүү экен" дегендер болгон