Манасчы Үмөт Дөөлөтов: азыр мурдагыдай бардыгын айтып, сүйлөй бербейм

© Sputnik / Табылды КадырбековМанасчы Үмөт Дөөлөтов маек учурунда
Манасчы Үмөт Дөөлөтов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тай кезинде "Манасты" укмуштуудай айтып таанылган Үмөт учурда 15 жашка толуп, тажрыйбасы да артып, чакырган жерлерге өз алдынча барып калган.

Үмөт Дөөлөтов (Болот уулу) бул өнөр менен эл алдына 3,5 жашында чыгып, Кыргызстандагы эң кенже манасчы атка конгон. Айрым илимпоздор аны 7 жашында кичинекей гений деп аташкан. Ал эми 9 жашында "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылган.

Sputnik агенттиги манасчы Үмөттүн борбор калаага келген учурунан пайдаланып кепке тартты.

— Үмөт, Бишкекке, анын ичинде биздин студияга кош келипсиз. Негизи өзүңүз Нарындан болгонуңуз менен үйдөгүлөрдүн жумушуна байланыштуу Ысык-Көлдө турат эмессиздерби.

— Өзүм Нарында туулуп өскөм. Эки жашыман Көлгө келдим. Бирок биздин түбүбүз Көл, аркы өйүздөгү Жети-Өгүздөн. Тыныбек атанын урпактарынанмын. Ал дагы Нарындан болгону менен түбү Көлдөн болгон. Бишкекке телекөрсөтүүгө же башка жактарга чакырышат. Барып Манас айтып турам.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖумурай журтка таанымал жаш манасчы Үмөт Дөөлөтов. Ал эл алдына 3,5 жашында чыгып, Кыргызстандагы эң кенже манасчы атка конгон
Манасчы Үмөт Дөөлөтов: азыр мурдагыдай бардыгын айтып, сүйлөй бербейм - Sputnik Кыргызстан
Жумурай журтка таанымал жаш манасчы Үмөт Дөөлөтов. Ал эл алдына 3,5 жашында чыгып, Кыргызстандагы эң кенже манасчы атка конгон

— Мурда ата-энеңиздин же мугалимиңиздин коштоосунда келчү элеңиз. Азыр өз алдыңызча болуп калыптырсыз?

— Эми адам деген чоңоёт экен да. Кичинекей кез жок. Баягыдай ашыкча сүйлөп жибербейм. Берилген суроолорго гана жооп берем. Мурун болсо атам, апам жанымда жүрүп, туура эмес сүйлөп жиберсем бакырып-өкүрүп, ой муну сүйлөбө, уят деп жатып тарбияга салышты. Бала болуп ичимдеги нерсенин бардыгын айта берчүмүн да.

— Акыркы жылдары элге, анан массалык маалымат каражаттарына мурдагыга салыштырмалуу азыраак чыгып калдыңыз окшойт?

— Эки жакка көп эле чакырып жатышат. Соңку кезде карантинге байланыштуу да сыртка чыккан жокмун. Атам экөөбүз тоого чыгып алып Манас айтабыз. Айтып жатканда бири-бирибизди улап, эртең менен баштап кечинде же түштө бүтөбүз. Кадимкидей Манас айтканды сагынып калабыз.

© Фото / из личного архива Умота ДоолотоваҮмөт: Менин устатым атам, ал чоң манасчы. 6-классында Турдакун Усубалиевдин алдында манас айткан. Анан аны чоң атам жалгыз баласың деп айттырбай токтотуп койгон экен.
Манасчы Үмөт Дөөлөтов: азыр мурдагыдай бардыгын айтып, сүйлөй бербейм - Sputnik Кыргызстан
Үмөт: Менин устатым атам, ал чоң манасчы. 6-классында Турдакун Усубалиевдин алдында манас айткан. Анан аны чоң атам жалгыз баласың деп айттырбай токтотуп койгон экен.

— Кечээ жакында эле Бишкекте өспүрүм манасчылардын арасында сынак өттү. Сизди ал жактан көрө алган жокпуз?

— Мени андай сынактарга кошушпайт негизи. Сен келсең биз келбей эле койбойлубу дешет. Койгула, мени деле атам тарбиялап жатып ушул деңгээлге жеткирди деп калам. Антпесе мен деле карапайым адаммын, кадимки балдардай эле жүрөм. Мени аябай мактап салышат. Канчалык башың булутка жетсе дагы ылдый жүрүш керек. Менмин деп мактанганды жаман көрөм.

Ооба, ал сынакты телевизордон көрдүм. Мага иш-чаранын уюштуруучусу чалып, чакырбай калганы үчүн кечирим сурады. Сенин деңгээлиң Дөөлөт (Сыдыков), Камил (Мамадалиев) байкелериңдей дешти. Мен чоң манасчылар менен жүрүп, акыл-насааттарын угуп, тарбияланып келе жатам.

— Мурда сизди көргөндө дароо таанычу элек. Азыр бой жетип, жигит болуп калыпсыз. Көчөдөн көрүп калгандар кандай мамиле кылышат?

— Көлдөн баары эле таанышат. Эки жакка чыкканда калпакты чечип койсом таанылбайм. Кийгенде дароо Үмөт эмессиңби дешет. Кечээ маршруткага калпакчан кирген болчумун. Чоң эле ата "Үмөт, сенсиңби?"деп, "кел отур, айланайын, сенин колуңду кармай албай жүргөм" деп баягы жерден колумду кармады. Анан уят да, чоң атаны тургузуп койгон, отура бериңиз дедим.

— Ошондой жерден манас айтып бер дегендер да болсо керек. Мен айтканга да шарт, жагдай керек деп ойлойм. Өзүңүз кандай көз караштасыз?

— Сурангандарга үзүндү айтып берип коюш керек, бирок үзүндү деген да көп болот. Ал жок дегенде эки саатка барышы керек. Астына суу же сары май коюп коюш керек. Жакында эле Дөөлөт байке 14 саат Манас айтты. Өзүм да аянтта болдум. Эч нерсе жебей-ичпей, ажатканага барбай, Саякбай атадан кем эмес экен деп аябай таң калдым.

Анан Манас айткан киши тамакка салбашы керек. Антсең 2-3 мүнөттө эле тамагың жабылып калат. Дөөлөт байкенин айтканын уксаңар, шашпай баштайт. Кээ бир манасчыларыбыз бакырып-өкүрүп, кыйын айтып жатам дегенсип тамакка салып алат. Эгерде ушундай маектерде болсо кыска эле күпүлдөп бериш керек.

© Sputnik / Табылды КадырбековУчурда 15 жашка толуп, тажрыйбасы да артып, чакырган жерлерге өз алдынча барып калган чагы
Манасчы Үмөт Дөөлөтов: азыр мурдагыдай бардыгын айтып, сүйлөй бербейм - Sputnik Кыргызстан
Учурда 15 жашка толуп, тажрыйбасы да артып, чакырган жерлерге өз алдынча барып калган чагы

— Бирок эргүү алып келе жатканда дароо токтоо кыйын болуш керек да...

— Ии. Илгери баштагандан кийин токтотушчу эмес экен. Саякбай атамды токтоткондо башка чапчу экен. Азыр заман башка. Антип чапсаң соттолуп кетесиң. Анан өзүбүз эле эптеп токтойбуз.

— Саякбай манасчы деп калдык. Мурдагы маектерде Саякбай ата болом деп айтыптырсыз. Азырчы?

— Азыр деле ошондоймун. Алдыда койгон максаттарым көп. 9-классты бүтүп Күрөңкеев атындагы окуу жайга келип, анан Улуттук конверваторияга тапшырсамбы дейм. Режиссерлукту аркалагым келет. Чолпон-Атада Карамолдо Орозов атындагы музыкалык окуу жайда беш жыл окудум.

— Режиссер болуу "Саякбай" тасмасынан кийин келсе керек? Анда сиз манасчынын кичирээк чагын аткардыңыз эле.

— Ооба. Мен режиссер болсом азыркыдай кинолорду тартпайт болчумун. Илгерки эпостордон алып, Манас атаны тартпасам дагы Барсбек Каганды, өзгөчө Саякбай атаны тарткым келип жатат.  Жакынкы жылдары чыккан "Саякбай" тасмасын жамандабайм, бирок бир аз жарнама болуп калыптыр. Ал башынан өткөндөрүн айтып бериптир. Чоңойгондо тилегиме жетсем Саякбай атанын киносун башкачараак кылып тартайын деген оюм бар. Мен түшүмдө Саякбай атаны көргөм да.

© Sputnik / Табылды КадырбековӨнөрпоз келечекте режиссёрлукту аркалап, тарыхый тасмаларды тарткысы келгенин айтты
Манасчы Үмөт Дөөлөтов: азыр мурдагыдай бардыгын айтып, сүйлөй бербейм - Sputnik Кыргызстан
Өнөрпоз келечекте режиссёрлукту аркалап, тарыхый тасмаларды тарткысы келгенин айтты

— Саякбайды түшүңүздө көп көрөсүзбү?

— Түш көрө элекмин. Чоңойгондо түшкө көп кирбей калат экен. "Маданияттын мыкты кызматкери" наамын алганда Саякбай атаны көрүп, мени кадимкидей эле куттуктаган. Андан мурда кичирээк кезимде кирген. А негизи Манас аталар кире берет экен.

— Эпосту окуп чыктыңыз беле?

Народному артисту КР, режиссеру Болоту Шамшиеву — 75.  Неизвестные фото за кадром - Sputnik Кыргызстан
Саякбай манасчы жандай көргөн "Карачологу" менен. Таберик сүрөт
— Үйдө китептер абдан көп. Мен Тыныбек, Саякбай, Сагымбай аталардыкын окугам. Бирок мен алардын вариантында айтпайм. Мугалимдер манас айтканымды изилдешкен, бир дагы сөзүм башкаларга уйкаш чыккан эмес. Ата-энем болбогондо мындай деңгээлге жетпейт болчумун. Менин устатым атам, ал чоң манасчы. 6-классында Турдакун Усубалиевдин алдында манас айткан. Анан аны чоң атам жалгыз баласың деп айттырбай токтотуп койгон экен.

— Тырмактай кезиңизден бери элдин назарында жүрөсүз. Көз тийген учурлар болобу?

— Көп эле болот. Маселен, тойлордо. Мен негизи тойлордо көп айтпайм, арак ичишет да. Байке, эжелеримдин тоюнда айтам, болбосо таарынат. Анан сүрөткө түшүшөт, колумду кармагандар көп болот. Колумду кармаганда эле эртеси эсим ооп, кусуп калам. Көз тийген жаман негизи. Манас айткан сайын көз тиет. Анан атам дарылайт, өзү невропатолог, кыргызчылык да жайы бар. Кыргызчылык менен дарылаганда бир-эки саатта кетет.

© Ринат МурзаевҮмөткө 9 жашында "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылган
Манасчы Үмөт Дөөлөтов: азыр мурдагыдай бардыгын айтып, сүйлөй бербейм - Sputnik Кыргызстан
Үмөткө 9 жашында "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылган

— Кичирээк чагыңызда биздин мурдагы президенттер Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев өзгөчө көңүл буруп, талантыңызга таазим этип, жолугушту эле. Азыр ошолорду эстегенде кандай сезимде болосуз?

— Роза Отунбаева менен жолукканым көп эсимде жок. Анда кичинекей болуп калдым. Биринчи жолукканда "Ата, эмне эле?" деп токтоп калган жерим эсимде. Ошондо жаттайт дешкен. 3,5 жашыңда кантип жаттайсың? Атам өзү Манасты жазып туруп, 2-3 жолу окуганда эле мээме сиңип калчу. Бат эле сиңирип алчу элем, анан ошол жерден унутуп калып жатпаймынбы. Андан кийин Роза Отунбаева менен жолуктум, Саякбай атанын киносу тартылганда барыптыр.

Атамбаев учактын ичинен атама алтын саат берген. Жалпысынан 18 президент менен жолуктум.

— Атамбаев сизге дароо эмес, иш-чарада Манас айткандан кийин учурашкан экен?

— Москвага чогуу эле барганбыз. Иш-чарада Манас айтканда Атамбаев кадимкидей эле ыйлады. Ал жакта аны менен төрт президент отурган. Бишкекке учуп келе жатканда учактан чакыртты. Анан ыраазычылыгын айтып, алтын саат берди. Мени мурда эле таанычу экен, анан кененирээк тааныштык.

Кийинки өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков премьер кезинде колунан Ардак грамота алгам, президент болгондо манасчылар менен чогуу жолуктук.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМанасчы кичинекей кезинде мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин колунан алтын саат алган
Манасчы Үмөт Дөөлөтов: азыр мурдагыдай бардыгын айтып, сүйлөй бербейм - Sputnik Кыргызстан
Манасчы кичинекей кезинде мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин колунан алтын саат алган

— Сиз катышкан иш-чаралардын кайсынысы көбүрөөк эсте калды?

— Былтыркы Сауд Аравиядагы Көчмөндөр оюну эсте калды. Арабдар айла жок эле эл экен, эми, албетте, баары эмес. Кечинде манасчылар манас айтып жатса кадимкидей жаан жаады. Ал жакта бир да жолу жаан жаап көрө элек экен. Тигилер кыямат-кайым болуп жатабы деп жүрөгү түшүп, биз отурган жакка кире качышты. Анан бизди көрүп бийлеп киришти. Манас айтып атсаң бийлесе ачууң келет да, бирок унчуккан жокпуз. Түшүнбөгөн эл экен, бирок арасында жакшылары дагы бар.

Москвада кичирээк чагымда "Дети — цветы жизни" деп аталган сынак өткөн. Мага окшогон жалаң кичинекей балдар, кыздар катышты. Аябай көңүлдүү болгон. Ошол жактан мен бир татар кызды сүйүп келгем. Атам жуучу түшөбүз деген. Ал кыз чоңойгондо сүйлөшпөй калдык.

— Азыр сүйлөшкөн кызыңыз барбы?

— Ооба. Ал дагы жөн кыз эмес. Өткөндө Бишкекке келип "Жылдын мыкты окуучусу" наамын алып кетти.

© Фото / из личного архива Умота ДоолотоваҮмөт: Көз тийген жаман негизи. Манас айткан сайын көз тиет. Анан атам дарылайт, өзү невропатолог, кыргызчылык да жайы бар.
Манасчы Үмөт Дөөлөтов: азыр мурдагыдай бардыгын айтып, сүйлөй бербейм - Sputnik Кыргызстан
Үмөт: Көз тийген жаман негизи. Манас айткан сайын көз тиет. Анан атам дарылайт, өзү невропатолог, кыргызчылык да жайы бар.

— Окуу деп калдык, мектепти кандай окуйсуз?

— Төрт, бешке окуйм. Мен негизи жалаң мыкты баага окуйт болчумун, бирок эки жакка көп кетем. Бир-эки жумалап, кээде бир айлап жок болом. Мугалимдер мектепти таанытып атасың деп көтөрмөлөп баа коюшат.

— Манас айтуудан тышкары бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?

— Бир жылдан бери ММА менен бокска барам. Бош убактымда футболго дагы барам. Комуз чертем, ошондой эле мектепте 30дай балага сабак берем. Комуз, ооз комуз, чопо чоор, сыбызгы, жада калса пианинону да үйрөтөм.

© Sputnik / Табылды КадырбековҮмөт манас айткандан тышкары спорт менен машыгат. Интернетке көп убактысын коротпойт
Манасчы Үмөт Дөөлөтов: азыр мурдагыдай бардыгын айтып, сүйлөй бербейм - Sputnik Кыргызстан
Үмөт манас айткандан тышкары спорт менен машыгат. Интернетке көп убактысын коротпойт

— Манасчынын жогорудагы спорттун түрлөрү менен машыгышын биринчи жолу угушум...

— Өзүм көп деле мушташпайм, жаман көрөм. Бул өзүмдү коргоо үчүн гана. Маселен, Саякбай ата балбан киши болгон, бардыгын көтөрүп чапчу. 9-классты бүтүп Бишкекке келгенде дагы өзүмдү ишенимдүү алып жүргөндөй болушум керек. 

— Үйдөн жумуш кыласызбы?

— Ооба, ата-энеме жардам берем. Кээде идиш жууп коём. Бизде кыз жок да. Мен төрт эркектин кичүүсүмүн. Бардыгы тең үйлөнгөн. Мага бирок апам жумуш көп жасатпайт, аяйт. Атам бир мүнөт да убакыт бербейт, "жүрү тигини, жүрү муну кылалы" дей берет.

— Азыркы жаштар TikTok, Instagram же башка социалдык тармактарда отуруп убактысын короткондой сезилет. Сиз да буларга киресизби?

— Мен андайларга кирбейм. Бир оюн бар, ошону бир аз ойноп коем. Телефон ден соолукка зыян да, ашып кетсе бир-эки саат карайм. Андан көрө футбол ойноп, тоого чуркап келем.

— Сизге эркин микрофон болсун...

— Кыргызстан өсүп-өнүгүшү үчүн маданиятты сыйлай билишибиз керек. Ага көңүл бурсак, бат эле өнүгүү жолуна түшөбүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0