Алыкул Осмоновдун жети трагедиясы. Акындын дүйнө салганына 70 жыл болду

© Sputnik / Азат АкаевАлыкул Осмонов эстелиги Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын алдында. Архив
Алыкул Осмонов эстелиги Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын алдында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн адамзаттын алп акындарынын бири Алыкул Осмоновдун көз жумган күнү. Мындан туптуура 70 жыл мурда биз сүйүп окуган акын дүйнө салыптыр. Адамзатка ар кыл тагдыр буюрат тура.

Бир карасак, поэзиянын айдыңында эркин учкан Алыкул акын бактылуу, бир карасак азабы көп муңдуу адам. Колумнист Абдыкерим Муратов бул сапар Алыкул Осмоновдун жети трагедиясына токтолду.

Биринчи трагедия. Бир топ жылдан бери Кыргыз Республикасында 12-декабрь Улуттук адабият күнү катары белгиленет. Демек, бул күн адабият үчүн, ошол адабиятка кызмат кылгандар үчүн, анын руханий-эстетикалык күчүнөн даам таткандар үчүн майрам, улуттук майрам. Ырас, бул күн даңазалуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Бирок ошол эле күн дагы бир таланттуу акын Алыкул Осмоновдун каза болгон күнү. Караңыз, биринчиси, туура дейли, а экинчисичи? Дүйнөнүн бир да өлкөсүндө, бир да элинде ошол өлкө, ошол эл үчүн эбегейсиз кызмат кылган адамдын өлгөн күнүн майрамга айландырбаса керек! Тирүүсүндө баркталбаган акынды көзү өткөндө да ушундай кылып таштаганыбыз анын дагы бир трагедиясын өзүбүз жасап бергенибиз болуп жүрбөсүн?..

Экинчи трагедия. Кыргыз поэзиясынын алдыңкы өкүлү Алыкул Осмонов 1915-жылы Панфилов районуна караштуу Каптал-Арык айылында туулган. Туулганда эле ырысы жок туулган белем, жетим калып, ошол жетимдигинен ары түртүлүп, бери түртүлүп отуруп, адегенде Фрунзедеги, андан кийин Токмоктогу тоголок жетим калган балдардын үйүндө тарбияланат. Совет өкмөтү жаңы түзүлүп атса, өлкөнү жапырт ачарчылык, жокчулук каптап турса, жетим балдар үйлөрү эле жыргап кетиптирби, ушунчалык бир азапта күн өткөрүшкөн. Кийин-кийин, 1946-жылы жазган "Грунья Савельевнага" деген ырында өзүнүн ошол кездеги абалын жазып атпайбы: "начар экен", "азгын экен" деп. Ошол начар, азгын бала, ата-энесиз бала башкалардан чоочун болуп, жатыркай, өзү менен өзү болуп өстү, кимдир бирөөлөргө, а балким тагдырга кектенип калыптанды. Кийин ошонун баары жеке турмушуна, ден соолугуна, чыгармачылыгына түздөн-түз таасир этти.

Акын Алыкул Осмоновдун үй музейи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алыкулдун 6 сомго сатылган отургучу. "Ыр сабындагы өмүр" эссеси жөнүндө 9 факты
Үчүнчү трагедия. 1928-жылы Фрунзе педагогикалык техникумуна кирет да, ошол кездеги кыргыз интеллигенттеринин ордосу болгон бирден-бир окуу жайын бүтүрө албай таштап кетүүгө аргасыз болот. Кийин кыргыз адабиятынын имаратын тургузуучулардын чөйрөсүнөн бөлүнүп чыгуу ал үчүн ушунчалык кайгылуу болгон, оорунун айынанбы, же дагы башка себептери болгонбу, айтор, айылга биротоло кетмекке камынат. Бирок кудай жалгап, адегенде "Чабуул" журналында, кийин "Ленинчил жаш" газетасында иштеп калат. Ушул жерден ал орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат. 1930-жылы "Сабаттуу бол" гезитинин сентябрь айындагы санында биринчи жолу "Кызыл жүк" деген ыры басылып, адабий тушоосу кесилет. Ушул он беш жашынан баштап анын ырлары гезит, журналдарга үзбөй жарыяланат. 1933-жылдан тартып, ал биротоло чыгармачылыктын артынан түшөт. 1938-жылы 9-апрелде Алыкул Осмонов СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган. Мындай карасаң, сырттан байкап-баксаң баары эле ордунда, бүт жай-жайында кетип аткандай. Бирок мына ушул жаш кезден адабиятка кирип келгендин өзүнүн чоң өксүгү болду. Алгачкы "Таңдагы ырлар" (1935), "Жылдыздуу жаштык" (1937), "Чолпонстан" (1937) деген үч жыйнагын "көптүн арасында, көчтүн карасында" чыгарып салган сыяктанат. Бул жыйнактар акынга аброй алып келмек турсун, анын жеке чыгармачылык стилин, акындын манерасын да көрсөткөн жок. Бул анын жети-сегиз жылдагы трагедиясы эле. Ошондон кийин адабиятта же бар болуу, же жок болуу башына келип турганда сегиз жыл китептерин чыгарбай коюптур. Ырас, жазган экен, китеп кылып даярдаган экен, бирок, эмнегедир, өрттөп салыптыр. Бул эмне: өзүнө өзү канааттанбообу же бирөөлөрдөн катуу сын укканбы? Акыры бурулуш жасалды: 1945-жылы 76 гана бет көлөмүндө "Махабат" деген ыр жыйнагы жарык көрдү.

Төртүнчү трагедия. "Махабат" жыйнагы анын чоң үмүтү эле. Бул жыйнактагы ырларды ал дүйнөлүк ыр жазуу өнөрүнө окшотуп, лирикалык каарманынын ички күйүтүн, ой-толгоолорун жазган эле. Бирок өз кезегинде ошол жаңылык кабыл алынбады. Кыргыздын дагы бир таланттуу акыны Мидин Алыбаев "Мааниси жок Махабат" деген макаласын жазып, аны "Кызыл Кыргызстан" деген партиялык гезиттин 1946-жылдагы 15-ноябрдагы санына жарыялайт. Мындагы бир ыр тууралуу айтканын окуңуз: "Китептин 15-бетинде "Бүкөн" деген атасы фронттон курман болгон жетим кызды жазып келип… ал баланын – адамдын мурдун бучук кылып кемсинтип, шылдыңдап, төшөктү май кылып, бир жилик этти кучактатып жаткандыгынан өйдө жазганын жактырбадык". Караңыз, каарманды адаттан тыш тандаганы үчүн, ураалаган кыйкырыктары жоктугу үчүн, кыргызды кыргыз бойдон чагылдыргандыгы үчүн изденген акын мактоо ордуна сын угуп калды. Салттуу кыргыз ырына сиңишип калган кыргыз окурманы да, кыргыз акындары да "Махабат" аттуу жыйнагынан оригиналдуу акындык жүзүн таба алышпай Алыкул Осмоновду кайгыга батырды. Ал өзүн жазды, ал өмүрүн жазды, кайгы-касиретин жазды – аны түшүнүшпөдү. Калемдеш жана замандаштарына караганда Алыкул Осмоновдун таланты да, тагдыры да бөлөкчө экенин, озгун ойчулдугун өз доору анчалык аңдабады. "Кудайга миң мертебе калп айтса да, ырына бир мертебе калп айта албаган" бул акын өзүнүн керемет поэзиясы менен адамдардын жүрөгүнө жашоонун не бир ажайып сулуулугун, кымбаттыгын жеткире алганын түшүнүшпөдү. Алыкул өз өмүрүн ырсыз элестете алган эмес. Ошондуктан өмүрүнүн акырына чейин поэзияны ыйык туткан. Кудурети күчтүү табияттан анын сураганы да бир гана нерсе эле. Ал ыр болчу:

Мен турмушта сараң, ачкөз эмесмин,

Өктөө кылып: "Ай, аз бердиң", — дебесмин.

Байлык, үй-жай, ден соолуктан ардактуу,

Мага берсе, эки сабак ыр берсин.

Алыкул Осмоновдун акындык жана адамдык сапатын мына ушул төрт сап ыр эле аныктай алат. Ал өмүр бою бул шертинен тайган жок. Улуу адам кайталангыс таланты менен өзүн өлбөс кылып жаратат. Алыкул да ошондой таланттардын катарына киргендиктен жаза берди, издене берди.

Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар,

Узак, узак, узак болсун бул сапар.

Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да,

Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар.

Менин күнүм өлбөсүнө түңүлбөйт,

Толкун урса тайызына сүрүлбөйт.

Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей,

Жер түбүндө чирисе да, бир гүлдөйт, — деген саптары анын өзүн түшүнө албаган окурмандарына, калемдештерине протести эле.

Дом музей Алыкула Осмонова - Sputnik Кыргызстан
Алыкул Осмоновдун "Ысык-Көлдө төрт мезгил" ыры тууралуу 7 факты
Бешинчи трагедия. Акындын чыгармачылыктагы трагедиясы жеке турмушундагы трагедиясы менен аралашып, бири-бирин толуктап жүргөн. Жактырган кызы Айдай менен кол кармаша албай калды, кийинки Зейнепти аял катары алган менен экөөнүн бактылуу күндөрүнөн уруш-талаштуу күндөрү, бири-бирине сөз сүйлөбөй, көчөнүн эки тарабы менен басып калган учурлары көп болду. Какаганга муштаган болуп жаңы гана төрөлгөн кызы чарчап калды. Ал кездеги окуя жөнүндө элүү жылга жакын убакыт өткөн соң (1942-жылдын кышынан), ошол кездеги жары Зейнеп Талипова минтип эскерет: "...кызыбыз төрөлгөндөн кийин үй-бүлөбүзгө кандайдыр жылуулук кирди. Алыкул кубанганынан уктабай чыгат. Абалымды, кызымдын абалын сурамжылап, төрөт үйүнө нечен келип, нечен кетет. Адегенде кызыбызга ысым таппай кыйналдык. Алыкул кызына угумдуу, кооз, ошону менен бирге мааниси жетимдүү кыргыз ысмын койгусу келди. Акыры эң сонун ат тапты – Жыпар! Ооба, чынында Жыпар угумдуу ысым эле". Дал ушундай кубаныч – биринчи тапкан бөбөктүн ысык деми, наристенин пакизалыгы, боор тарткан жылуулугу акынды башкача кылып, тирүүлүктү үч-төрт эсе ынак ысык сүйгүзүп таштаган болуу керек, деги эле анын адамдык насилинде балага берилген башкача бир ысык мээрим көктөп турган болуу керек, капысынан дал ошол кубанычты, өрөпкүүнү өлүм тып басты да, акынды укмуштай терең өксүттү. "Төрөт үйүнөн суукка урунган байкуш чүрпөбүз бар болгону 15 күн жашады", "...Кызын колуна көтөрүп чыгып, көрүстөнгө жашырып келген соң, Алыкул өзүн жоготуп буркурап ыйлады. Төрөт үйүн, өз ишине ат үстүнөн караган врачтарды урушуп, сотко берем деп оолукту. Эптеп жатып тынчыттым. Алыкул ошондон кийин узак убакыт иштей албай койду" (жогорудагы эскерүүдө). В.П.Ремизованын (ошол кезде Жазуучулар союзунун секретарь-машинисткасы болуп иштеген) айткан кебинен: "Мен бир ишке таң калдым. Алыкул Москвага кетип бараткан. Киши жокто мага кагаз түйүнчөк берди. "Ушуну бекем жерге катып коёсузбу" деди. Түйүнчөктү алдым да катып койдум. Ошол бойдон унутуп калыпмын. Алыкул далайга келбеди. Бир күнү эмеректеримди аралаштырып жатып, баягыны таап алсам болобу! Аялмын да, түйүнчөктү чечип көргүм келди. Эмнесин каттырды дейсиң, болсо кол жазмадыр же кыздын каты, же сүрөтүдүр деп ойлогом. Түйүнчөктү чечтим. Он бештей галстукту жандыра бердим. Аягында ордендин кызгылт кутучасы чыкты. Ачсам, билесизби, айланайын, бир эски упчу... анан, топ чач жүрөт. Карасам, тобо, наристе баланын жупжумшак, майын чачы... ", "Жыпары чарчаган соң, Алыкулдун шамы өчүп, чынары күбүлдү. Үйдөн түнөрүп, саргарып, айлап эшикке чыкпады. Күрсүлдөп жөтөлгөнү күчөдү" (К. Жусупов). А бирок кызыгы – "Бөбөккө" деген ыры дал ошол азалуу күндөрдө, 1942-жылдын кышында эмес, андан бир топ мезгил өткөн соң, 1944-жылдын ноябрынын соңку күндөрүндө жазылганы. Бул жылдар жалаң эле акындын мүңкүрөө учуру болгон: бир жагынан согуш, экинчи жагынан оору, кыйын тиричилик, жалгыздык, 1943-жылдын августунда аялы Зейнеп менен оту күйүшпөй ажырашуу... Мына ушундай жеке өзүнүн кайгысы акынды биротоло чырмап, байлап, бошотпой туткундап таштаган. Балким, бул мезгилде Жыпарга арнап ыр жазгандыр, анысы аябагандай эле пессимисттик болуп калгандыр, балким, ошол кездеги жагдайда бул ырды басууга мүмкүн эместир, же ким билет, акын Жыпарын эстеп, атайын ага ыр арнагысы келбей, өзүн-өзү башка нерсе менен алаксыткандыр... Ким билет, бирок акыры кечигип болсо да ыр жаралды. Ырында акын эмнени айтат? Өзүнүн ата-энеден өтө жашында ажырап калганын, далай кыйынчылыктарга кабылганын, эми минтип тагдырдын дагы бир таш боор ырайымсыздыгы күтүп алганын сөз кылат. Ал – бөбөктү таш боор өлүмдүн тартып кетиши. Бул саптарда "...тун баласынан айрылган акындын жасалмасыз кайгыга батканы, бара-бара каңырыгы чын эле түтөй баштаганы айкын сезилип, жалындын илеби бар ысык буу сыңары окугандын ой-сезимин тызылдата бүркүлтөт" (С. Жигитов). Жыпары чарчап калгандан кийинки Алыкулдун абалын жазуучу, кошунасы Түгөлбай Сыдыкбеков төмөнкүдөй баяндайт: "Түндүн кайсы маалында үйдөн чыкканыңда акындын карааны үңкүйүп, бозоруп тепкичте отурганын, же эч дабышсыз көлөкөдөй үрөң-бараң тартып басып жүргөнүн көргөнүмдө жүрөк сыздачу. Ал көп учурда беймаал убакта ошентип жалгыз жүргөнүн адамга билдирбеске аракет кылат. Себеби... гүлгүн өмүрүндө бөөдө кайгы тартып, оор кеселге чалдыгып, жанга күйүмдүү жарсыз, эркелеткен баласыз жалгыз сокодой башы ушинтип басып калгандыгын адамга билгизбеске тырышат. Беймаал убакта жалгыз басып жүргөндүгү жөнүндө сурай калсаң, ал аны жактырбай, уккусу келбей, ал тургай, андан бирөө анткорлонуп жаман ой менен сурагансып, өкүнүп, өзгөрүлө түшөт. Андай учурда ал эч ким менен сүйлөшпөйт. Тек сыпайгерчилик көрсөтүп жанында жүргөнү болбосо, баягыдай эле жападан жалгыз, баягыдай эле ойлуу, түнт, жанындагы адамды унутуп, өз дүйнөсүндө".

Алтынчы трагедия. "Мой дом" аттуу ырлар жыйнагы адегенде Фрунзеде, анан 1950-жылы Москвада орус тилинде басылып чыгат. Ырларынын көбүн таланттуу балкар акыны, депортацияланган улутташтарын издеп келип кыргыз жеринде жашап жүргөн, Сталиндик сыйлыкты дал ошол балкар болгону үчүн албай калган Кайсын Кулиев которгон. Бул китеп жалпы союздук окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, акындын атагын алыска таратты. Кыргыз адабиятындагы чоң окуя катары ошол китеп чыккан жылы эле СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына (ал кезде Сталин атындагы сыйлык деп аталчу) көрсөтүлөт. Китепти мактоолор, колдоолор көп болот, бирок акыр аягы түшүнүксүз себептер менен сыйлык берилбей калат. Өмүр күнү бүтүп бараткан акын үчүн бул кезектеги дагы бир өлчөөсүз трагедия эле.

Садык Шер-Нияз Алыкул акындын "Өзүмдү өзүм" деп аталган ырын окуйт
Жетинчи трагедия. Бул анын оорусу менен байланыштуу. Өпкөнүн кургак учугу аны адамдардан оолактаткан, оорусун башкаларга жугузуп албаш үчүн бөлөктөрдүн үйүнө барган эмес, идиш-аягын да өзүнчө кармап, өзүнчө жууп-тазалап, өзү түйшүк тарткан. Анын өпкөсү тартылган ренген сүрөтүн болочок дарыгерлерге көрсөткөн лектор анын оорусунун оор экенин айтчу, ал кезде мындай ооруну айыктырууга медицинанын күчү бизде жетчү эмес экен. Суроо туулат: кыргыздын мыкты акынын, ордендүү акынды эмне үчүн өкмөт Москвага, Крымга же дагы башка жактарга алып барып дарылатпады. Өпкөсү кагынган киши күчтүү тамак ичип, ысык жерде жашашы керек, ал эми акын болсо муздак үйдө жалгыз жашады, жалгыз эркектин тамагы дале жарыбагандай болор, анан кышта, күздө суук болгонго карабай Ысык-Көлгө кача берген? Ысык-Көл ага жаккандыр, ошол эле кезде оорусун өтүштүрүп жибергендир...

Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң,

Кыш да катуу бороон улуп, кар уруп…

Суугуңду өз мойнума алайын,

Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Жазда башка жел тийбесин абайла,

Көпкө турбас мобул турган сур булут.

Бүт дартыңды өз мойнума алайын,

Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!

Түндөр жаман кырсык салып кетпесин,

Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп…

Азабыңды өз мойнума алайын,

Из карайын, токтой турчу, Ата Журт! — деп ушундай оорулуу адам, чыныгы трагедиялуу атуул гана жаза алмак.

"Оорулуу акын" деген ырын карап көрөлү. Мындагы оорулуу акын – Осмоновдун өзү деп түшүнүү керек. Ал 30 жашка чыкканда эле – али бала кезде "Ырас өмүр, кандай кыска, кандай аз, тагдыр ошол өлчөмүнөн көп кылбас" деген ыр саптарын жаратты. Ал "Мен эмнеден уялам" деген ырында өзүнүн "бүркөө түрүнөн, жаш болсо да картка окшогон сүрүнөн", "ал кетирген оорусунан", "соңунда баласы жогунан", "жары жогунан", "кедейлигинен", "жоктуктан" уялбай тургандыгын айтып келип эмнеден уяла турганын мындай айтат:

Мен уялам, мына мындан уялам:

Көзгө толор бир чоң эмгек кылбагам.

Колун кезеп, жолуң болгур дегенсийт,

Жер шарынан күлүк учкан заманам.

Мына ушундай ой көптөгөн ырларында кызыл сызык болуп өтүп, акындын негизи ою – эл үчүн, артында калган урпактар үчүн жакшы ырларды жазуу керектигин түшүнгөндүгүндө. "Оорулуу акын" ырында айтылгандай, ал ооруп жатып өзүнүн өмүрү аз калганын билип туруп, өлбөс поэзия жараткысы келген. Ал оорулуу акын өлүм менен бетме-бет чыгат, өлүм ага "кол сунат", мына-мына алып кетемин деп турат, акын ошол үчүн шашып жазып, "ак кагаздын бетин ырга толтурат". "Биз өлөрбүз, бирок өчпөс – жазган ырлар төрт сабак" деп поэзия менен алпурушат. Кээ бир түндөрү, кыштын суугунда түнү бою чырактын алсыз жарыгында ыр жазып, котормолор менен алектенип отурчу экен. Бул ыры өзүнүн ошол ички кайгысын оптимизм менен, күйүтүн эл алдындагы милдети менен айкалыштырган чыныгы атуулдук поэзиянын үлгүсү болуп калды. Анын трагедиялуу өмүрү – жеке өзүнүн кайгысы болсо, ошол эле кезде кыргыз поэзиясынын утушу болду, ал кыргыз поэзиясын өз кайгысын жазып отуруп, аскадай бийикке көтөрүп салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0