Бишкекте эл аралык кинофорум өтөт

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүОткрытие Музея кино на ВДНХ
Открытие Музея кино на ВДНХ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жолку форум пандемия учурундагы карантин темасына арналган. Тасмалар 22-декабрь күнү "Ала-Тоо" кинотеатрында көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Эл аралык "Үмүт" жаш киночулар форуму Бишкек шаарында 21-25-декабрь күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фонду кабарлады.

Ага катышчу тасмалар:

  • "Карантинный дневник", режиссеру Самгар Рахим, Казакстан;
  • "Закарантирован", режиссеру Асылжан Абдумуталиев, Казакстан;
  • "Карантин", режиссеру Алишер Жадигеров, Казакстан;
  • "Из Ховрино", режиссеру Дария Елена Дашунина, Россия;
  • "Моя мама (не) самая лучшая", режиссеру Ирина Садчикова, Россия;
  • "Отражение", режиссеру Елена Нодель, Россия;
  • "Под гнездом аиста", Ани Оганесян, 2020, Армения;
  • "Без него", режиссеру Хамидреза Газеми, Иран-Россия;
  • "Река", режиссеру Дмитрий Давыдов, Саха, Россия;
  • "Айтал", режиссеру Владимир Мункуев, Саха, Россия;
  • "Родственник", режиссеру Ботир Абдурахманов, Өзбекстан;
  • "Мир Вирус Человек Природа", режиссер, Шокир Холиков, Өзбекстан;
  • "Вторжение", режиссеру Данте Рустав, Өзбекстан;
  • "Балапан", режиссеру Данияр Абиров, Кыргызстан.

Жаш кинорежиссер Бегим Жолдубай кызы - Sputnik Кыргызстан
Радио
Жолдубай кызы: кинорежиссерлук аялдын жумушу эмес деп жакындарым каршы чыккан
Айрым тасмалардын аталышы эле айтып тургандай, бул жолку форум пандемия учурундагы карантин темасына арналган. Тасмалар 22-декабрь күнү "Ала-Тоо" кинотеатрында көрсөтүлөт.

"Үмүт" жаш киночулар форуму Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан негизделген. Быйыл ал жакында эле коронавирустан көз жумган түштүк кореялык кинорежиссер Ким Ки-Дуктун жаркын элесине арналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0