Өксүтпөгөн өгөй эне, ырдатпаган илдет. Токон Эшпаев тууралуу 8 факты

© Фото / из семейного архива ЭшпаевыхЗаслуженный артист КР Токон Эшпаев
Заслуженный артист КР Токон Эшпаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Классик обончу, белгилүү ырчы Токон Эшпаев быйыл көзү тирүү болгондо 70 жашка толмок. 1970-80-жылдары белгилүү обончунун аккардеон менен аткарган ырлары азыркыча айтканда "хитке" айланган. Улуу таланттын көзү өтсө да, анын экинчи өмүрү ырларында жашап калды.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Токон Эшпаевдин өмүр жолуна абай салып, жашоосундагы урунттуу учурларына кайрылуу менен кызыктуу фактыларды даярдаган.

Обончунун жубайы Инават Камбаралиеванын айтымында, Эшпаев ага байсалдуу жана бараандуу өмүр сүрүп кеткен экен.

Ырымдап койгон ысымы — Токтомамат. Бүгүн биз сөз кылып жаткан Токон Эшпаев бир үйдүн жалгыз уулу болгондугу маалым. Белгилүү обончу жарык дүйнөгө келгенче ата-энесинин эркек балдары чарчап калып, эки кызы гана болот. Атасы көпкө уул көрө албай жүрүп, 60тан ашканда көргөн чүрпөсүнүн атын ырымдап Токтомамат койгон экен.

Народный артист Кыргызстана, певец Апаз Жайнаков - Sputnik Кыргызстан
"Кыргыз жери" менен акыркы сапарга узаган. Апаз Жайнаков тууралуу 7 факты
"Апамды таап бергиле". Токон Эшпаев эки жашка чыкканда ата-энеси дагы кыздуу болушат. Бирок апасы ошол төрөттөн каза таап, эки жашар Токон менен жаңы төрөлгөн ымыркайды кароо түйшүгү эки эжесине жүктөлөт. Наристе абдан ыйлаак болуп, эки жашар бөбөгү да "апамды таап бергиле" деп күнү-түнү чыр салып, эки кыздын айласы кетет. Эптеп 40 күн өткөндөн кийин атасы айла жок Салима аттуу келинге үйлөнөт.

"Биринчи келгенде эле жаңы апасына Токон "апалап" жармашкан экен. Мен келин болуп келгенде да көпкө чейин кайненемдин өгөй экенин билгеним жок. Бейиши болгур, ушунчалык жакшы аял эле. Мага болгон сырын айтып берчү. Көрсө, кайненемдин биринчи күйөөсү каза болуп, өзүнөн кырк жаш улуу кайнатама болбой эле алып берип коюшуптур. Апам көнө албай, түндө качып кетүүнү ойлоп, түйүнчөгүн түйүп, башына жаздап жатып жүрөт. "Бирок Токон таптакыр качырбай койгон. "Апа" деп кучактап уктап, көйнөгүмдү тиштеп, түнү менен этегимди кармап уктап жатчу. Акырын качып кетейин деп туруп келе жатсам эле, "апа" деп шарт кучактап, бакырып ыйлап жиберчү. Апасын жоготкондо чочуп калган окшойт", — дечү кайненем. Ошону менен экөө эне-баладай ысык мамиледе болушуптур. Мен да ал кишини абдан сыйлачумун. Мурда декреттик эс алууга 52 эле күн берчү. Төрт баламдын баарын кайненем багып, тарбиялап берди. Кичүү кызым Акмаанайды гана өзүм бир жыл отуруп карап, бала бакчага берип анан жумушка чыгып кеттим", — деп айтып берди Инават Камбаралиева. 

© Фото / из семейного архива ЭшпаевыхКлассик обончу, белгилүү ырчы Токон Эшпаев быйыл көзү тирүү болгондо 70 жашка толмок
Өксүтпөгөн өгөй эне, ырдатпаган илдет. Токон Эшпаев тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Классик обончу, белгилүү ырчы Токон Эшпаев быйыл көзү тирүү болгондо 70 жашка толмок

Тракторчу болмок... Токон Эшпаевдин атасы уулу эр жеткенден соң деле жанында жүрүүсүн каалап, тракторчу кылгысы келгендигин айтышты. Ал киши "Сен жалгыз уулсуң, жаныбызда болуп, багышың керек. Эгер чоң окууга аттансаң, бизди таштап кетип каласың", — деп баласын мектепти бүтөрү менен Куршабдагы тракторчунун окуусуна алып барып, директоруна дайындап таштап келет. Бирок атасы үйүнө жеткенче Эшпаев башка жол менен айланып келип, үйүндө отуруп калат. Ошондо уулун урушкан үйдүн кожоюнуна: "Ата, жогорку билим алгым келет. Мен "чоң" киши болом. Мени институтка тапшыртыңыз", — деп ыйлап айткан экен. Уулунун көкүрөгүндө кайнап турган талантты улгайган адамдар ал убакта байкаган эмес окшойт. Атасы кийин уулун Оштогу институттун педагогика жаатына тапшыртып, бирок экзаменге бир күн калганда Эшпаев ата-энесине айтпай документин алып, музыка факультетине өтүп алган.

Рыспай Абдыкадыровдун группалашы. Токон Эшпаев менен Рыспай Абдыкадыров Ош педагогикалык институтунун музыка факультетинде бир тайпада билим алышкан. Экөөнүн эсте калган күндөрү абдан көп.

Комузчу, теле алып баруучу Нурзат Орозалиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Артында Сезими жана күүлөрү калды. Нурзат Орозалиева тууралуу жети факты
"Бир жолу ишембиде үйдө отурсак, Рыспай телефон чалып мейманга чакырып калды. Барсак, жеңебиз бир жакка чыгып кетип, үйдө камалып калган экен. Эптеп эшигин ачып үйгө кирдик. Анан карасак эле толтура гезиттер жыйылып турат. Көрсө, лотереянын утуштары чыккан экен. Токон: "аке, лотореяңыз жок беле. Башкы байгеге машина коюлуптур го", — деп калды. Ал киши аркы бөлмөсүнөн кагазга жазып алган номерин көтөрүп келди. Карасак эле автоунаа утуучу номерге дал келип калбаспы. Кубанганыбыздан куттукташып, Токон Рысбай акени кучактап таптак көтөрүп, иши кылып аябай сүйүндүк. "Эми жууйлу" деп агайыңар дүкөндөн андай-мындайларды алып келип, бир топко отуруп майрамдап, Рысбай акенин машинасын майлап анан үйгө кайтканбыз. Жолдон Токон ар кимге сүйүнчүлөп отурду. Эртеси "Рыспай Абдыкадыров лотореядан машина утуптур" деген жаңылык шаарга "дүң" эле дей түштү. Ошентип көп өтпөй эле утканы жалган экенин угуп калдык. Көрсө, Токонду тамашалап койгон экен. Рыспай аке бала кыял адам болчу. Кийин жолукканда "Алдадым, алдадым. Ой Токо, сени алдап коюш оңой турбайбы", — деп баарыбызды күлдүргөн. 

© Фото / из семейного архива ЭшпаевыхТокон Эшпаев обон жаратарда ырдын сөзүнө абдан көңүл буруп, акындар менен жакшы иштешкен. Ал "Ай, эжеке", "Ак көйнөкчөн аппак кыз", "Акманым", "Ак тилек", "Ардагым", "Атама", "Гүлдө, Кыргызстан", "Жаштык", "Каалаймын өмүр көктөмүн", "Керме-Тоо жылдыздары", "Өзгөчөм", "Өмүр салтанаты", "Чакырат Чаткалым", "Эжеке" деп аталган ырлардын автору болгон
Өксүтпөгөн өгөй эне, ырдатпаган илдет. Токон Эшпаев тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Токон Эшпаев обон жаратарда ырдын сөзүнө абдан көңүл буруп, акындар менен жакшы иштешкен. Ал "Ай, эжеке", "Ак көйнөкчөн аппак кыз", "Акманым", "Ак тилек", "Ардагым", "Атама", "Гүлдө, Кыргызстан", "Жаштык", "Каалаймын өмүр көктөмүн", "Керме-Тоо жылдыздары", "Өзгөчөм", "Өмүр салтанаты", "Чакырат Чаткалым", "Эжеке" деп аталган ырлардын автору болгон

Обондору. Токон Эшпаев обон жаратарда ырдын сөзүнө абдан көңүл буруп, акындар менен жакшы иштешкен. Бир обондун жаралуу тарыхына кайрылсак. 1970-жылы акын-жазуучулардын көчмө пленуму болуп, Жалал-Абад облусунун ошол кездеги Ленин районундагы Хили айылына жакшы маданият үйү салынат. Ал убакта бул айыл бардык жагынан алдыга озуп, өнүккөн колхоз атыгат. Пленумда жаңы салынган маданият үйүнө эл толо келип, сахнасында акындар шартылдатып ырларын окуп жатканда, белгилүү обончу арасынан Абдрасул Токтомушевдин "Акманым" аттуу ырынын текстин жактырып калат. Ага 15 мүнөттө обон чыгарып, концерттин аягында ошол эле сахнадан ырдап чыгат. Ырды уккан акын дендароо болуп, бир далайга чейин толкунданганын жашыра албай жүрсө, эл он мүнөткө жакын кол чаап, алкашкан. Ал "Ай, эжеке", "Ак көйнөкчөн аппак кыз", "Акманым", "Ак тилек", "Ардагым", "Атама", "Гүлдө, Кыргызстан", "Жаштык", "Каалаймын өмүр көктөмүн", "Керме-Тоо жылдыздары", "Өзгөчөм", "Өмүр салтанаты", "Чакырат Чаткалым", "Эжеке" деп аталган ырлардын автору болгон.

Үй-бүлөсү. 1967-жылы Ош шаарындагы Маданият үйүндө келечектеги жубайы Инават Камбаралиева менен таанышкан. Кыз музыкалык окуу жайда, болочоктогу обончу Ош педагогикалык институтта окуп, экөөнүн тең студент кези болот. Экөө бир жылдай сүйлөшүп, 1970-жылдын сентябрь айында баш кошот.

"Мен атама "окуумду бүтмөйүнчө турмушка чыкпайм. Дипломду алып келип колуңузга тапшырам" дегем. Айткандай эле дипломду алып үйгө бардым. Анан Токон аркамдан эле мени окуткан мугалимдерден жуучу жөнөтүп, ата-энемден колумду сураткан. Атамдын макулдугу менен тоюбузду жасап, баш кошконбуз. Жаңы үйлөнгөн кезде кайнатам 12 сом, кайненем 12 сом пенсия алышат экен. 24 сомго төртөөбүз жашаганбыз. Турмуш башында абдан катаал болду. 1971-жылдан баштап экөөбүз тең иштеп, Токон обондорду жаратып, оюн-зоок, концерттерге катыша баштады. Кийин биз да тыйын-тыпыр таап, оокатыбызды жолго койдук", — деди Инават Камбаралиева. 

© Фото / из семейного архива Эшпаевых1972-жылы Султан Ибраимовдун буйругу менен Ош шаарынан белгилүү обончуга үч бөлмөлүү батир берилген
Өксүтпөгөн өгөй эне, ырдатпаган илдет. Токон Эшпаев тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
1972-жылы Султан Ибраимовдун буйругу менен Ош шаарынан белгилүү обончуга үч бөлмөлүү батир берилген

Эшпаев жубайы экөө беш баланын ата-энеси болушкан. Кичүү кызы Акмаанай Эшпаева учурда элге таанылып калган таланттуу ырчылардын катарында. Ошондой эле Токон Эшпаев менен Лира Райымбекованын ортосунда Акзыйнат аттуу кыз бар. Акзыйнат да учурда сахнада ырдап, атасынын ырларын аткарып жүрөт.

Известный манасчи Доолот Сыдыков  - Sputnik Кыргызстан
Тыным албай, 14 сааттан ашык манас айткан Дөөлөт Сыдыков тууралуу 8 факты
Султан Ибраимовдун буйругу. 1972-жылы Чаткал, Чоң–Алай жана Алай райондору өздөштүрүлө баштаганда ошол кездеги облустук аткаруу комитетинин биринчи катчысы Султан Ибраимов обончуну машинасына салып алып, экөө эл аралап, жер-жерлерди кыдырып калышчу экен. Бир жолу түндө Токон Эшпаевди үйүнө жеткирип коюу үчүн барган Ибраимович анын айылын көрүп "Ош шаарынын жанында да ушундай артта калган айыл болобу?", — деп чочуп кетет. "Бул Ишкаван деген кыштак. Машина каттабайт, жолу жаман. Могу каналдан ылдый Өзбекстандын Ардай айылы жайгашкан. Бизде он жылдык мектеп, бала бакча, медициналык пункт да жок. Эч кандай социалдык түйүндөр каралган эмес", — деп обончу арызданган күндүн эртеси эле Султан Ибраимович райондун жетекчилерин бүт чакырып, атайын тапшырма берген экен. Андан кийин гана айылдын жолдору оңдолуп, дүкөн курулуп, бала бакча, он жылдык мектеп салына баштайт.

"Аз убакытта эле айыл көркүнө чыгып, киши жашоого ылайыкташып калды. Баягы баткак баскан айылыбыз таанылгыстай өзгөрдү. Ошондо Султан Ибраимов: "мына, Токон, айылыңды оңдоп койдук. Эми кандай ат коёлу?" — деп сураганда "Керме-Тоо" деп атап берүүсүн өтүнгөн экен", — деди Эшпаевдин жубайы.

Мурда чыгармачыл адамдарга мамлекет жакшы караган эмеспи. 1972-жылы Султан Ибраимовдун буйругу менен Ош шаарынан белгилүү обончуга үч бөлмөлүү батир берилген. 

© Фото / из семейного архива ЭшпаевыхТокон Эшпаев 2014-жылы 64 жашында ооруканадан көз жумган. Ал кант диабети жана боор илдетинен жабыркап келген
Өксүтпөгөн өгөй эне, ырдатпаган илдет. Токон Эшпаев тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Токон Эшпаев 2014-жылы 64 жашында ооруканадан көз жумган. Ал кант диабети жана боор илдетинен жабыркап келген

Капыстан келген ажал. Токон Эшпаев 2014-жылы 64 жашында ооруканадан көз жумган. Ал кант диабети жана боор илдетинен жабыркап келген. Дарыгерлер боорго күч келет деп акыркы кезде көп ырдаганга тыюу салат. Бирок белгилүү обончу буулуккан булбулдай болуп ырдамайынча туралган эмес. Обон созгон сайын үнү ачылып, бир отурганда он чакты чыгарманы бир ырдаган адаты болгонун айтып келишет. Акыркы жолу ооруганда дайыма дарыланып жүргөн Бишкектеги ооруканага барууга макул болбой койгон.

Мемориальный комплекс Ата-Бейит в селе Чон-Таш - Sputnik Кыргызстан
41 жашында атылып, 19 жылдан кийин акталган. Баялы Исакеев тууралуу 9 факты
"Уулубуз "Көчмөндөр оюндарында" жумушуна байланыштуу боз үй тиге турган болуптур. Балам келип "ата, апа, үй ээси катары "Көчмөндөр оюндарында" боз үйгө отуруп бербейсиздерби?" — деп калды. Ошондон улам "шашылыш эле дарыланып чыга калабыз" деген ойдо Ош шаардык ооруканасына жатып, дарыланып чыгып, анан "Көчмөндөр оюндарына" барууга ниеттенгенбиз. Ооруканадан үчүнчү күн дегенде Токон өзүн жаман сезип жатканын айтып, дарыгерди чакыртып себебин сурадык. Дарыгер келип "Бишкектеги оорукананын көрсөтмөсү менен эле дарылап жатабыз. Бирок барган сайын эле анализдериңиз начар чыгып жатат", — дегенде эле агайыңар дароо өзүн таштап салды окшойт. Ошентип каза болуп калат деген эч ойдо жок эле дарылана коёбуз деп жатып, бир сааттын ичинде агайыңарды жоготуп алып отуруп калдык. Дарыгерлер сактап калууга аябай аракет кылышты, бирок боору жарабай калган окшойт", — деди жубайы.

Токон Эшпаевдин сөөгү Ош шаарында жерге берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0