Айганыш Абдиева Кыргызстандын атынан Turkvision-2020 сынагына катышты. Видео

Жазылуу
Коронавирус пандемиясына байланыштуу сынак бул жылы онлайн-форматта өткөн. Ал эми катышуучулар уюштуруучуларга аткарган ырларынын видеосун жиберген. Конкурска 26 талант катышты.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Кыргызстандык аткаруучу Айганыш Абдиева түрк улуттарынын өкүлдөрү ат салышкан эл аралык Turkvision-2020 музыкалык сынагына катышты.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу сынак бул жылы онлайн-форматта өткөн. Ал эми катышуучулар уюштуруучуларга аткарган ырларынын видеосун жиберген. Сынакка 26 талант катышканы айтылды.

Turkvision-2020 сынагынын финалы 20-декабрда өтүп, кыргызстандык ырчы 16-орунду алган.

​Баш байгени украиналык Наталья Папазоглу алганы маалым болду.

Turkvision эл аралык ыр сынагы — "Евровидение" эл аралык сынагынын аналогу. Болгону бул иш-чара түрк тилдүү улуттарынын өкүлдөрү арасында өткөрүлөт. Конкурс 2013-жылы уюштурулган. Буга чейин сынакта Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстан өлкөлөрүнөн чыккан таланттар жеңишке жетишкен. 2020-жылы сынак төртүнчү ирет өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0