Айтматовду вокзалдан узатып-тосуп алган Океев менен Шамшиев. Таберик сүрөт

442
(жаңыланган 09:17 25.12.2020)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
СССРдин эл артисттери, белгилүү режиссерлер Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев менен залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жана анын артындагы уулу Санжар Айтматовдун сүрөтү 1970-жылдардын соңунда тартылган.
© Фото / из семейного архива Шамшиевых

СССРдин эл артисттери, белгилүү режиссерлер Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев менен залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жана анын артындагы уулу Санжар Айтматовдун сүрөтү 1970-жылдардын соңунда тартылган.

Ал жылдары сүрөттөгү инсандардын атагы алыска кетип, калемгердин чыгармалары чет тилдерге которулуп, киночулар "кыргыз кереметин" жаратып жаткан учур эле.

Ошол учурду советтик актриса Айтурган Темирова мындайча эскерет:

"Чыңгыз Айтматов көбүнчө поезд менен жол жүрчү, ал бир жакка кете турган болсо, сөзсүз Төлөмүш менен Болот узатчу. Менимче, сүрөт Москвадагы же Казакстандагы Луговой темир жол вокзалында тартылган. Анткени Айтматов Кыргызстандан кетип бара жатса, алар коңшу республиканын аймагындагы вокзалга чейин коштоп барып, кайра келе жатканда тосуп алышчу", — деди Темирова.

Айтматов, Океев, Шамшиев үчөө чыгармачылыкта тыгыз байланышта болуп, алардын достук, ага-инилик катышы узак жылдарга созулган.

Залкарлардын мамилеси жөнүндө Болот Шамшиевдин уулу Чыңгыз Шамшиев буларды айтат.

"Атам Чыңгыз Айтматов менен 1955-57-жылдары таанышкан, ага чоң атам Төлөн Шамшиев себепчи болгон экен. Атам мектепте окуп жүргөн кезинен эле сценарий жаза баштап, алгачкы сынчылары чоң атам менен чоң энем болуптур. Бир сценарийи чоң атама аябай жагып, ал эмгекти анча таанымал эмес, бирок популярдуулукка ээ болуп келе жаткан Чыңгыз Айтматовго көрсөтөт. Жазуучу болочоктогу режиссердун аракетине баа берип мактап, ийгилик каалаган экен. Менин атам менен Чыңгыз Төрөкулович чыныгы достук мамиледе болуп, экөө чыгармачылыкта узак убакыт жемиштүү кызматташкан. Атам калемгердин чыгармачылыгын, анын кыргыздардын гана эмес, бүткүл дүйнөлүк маданияттын да өнүгүшүнө кошкон зор салымын жогору баалачу. Менин атым дагы 1978-жылы улуу мекендешибиз Чыңгыз Айтматовдун 50 жылдык мааракесинде анын биринчи жубайы Керез Шамшибаеванын сунушу менен коюлган", — деди Чыңгыз Шамшиев.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде Болот Шамшиев "Ак кеме", "Эрте келген турналар", "Фудзиямадагы кадыр түн", "Сүйүү жаңырыгы" фильмдерин жаратса, Төлөмүш Океев "Кызыл алма" тасмасын тарткан.

442
Белгилер:
таберик сүрөт, Чыңгыз Айтматов, Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (148)
Тема боюнча
Саякбай манасчы жандай көргөн "Карачологу" менен. Таберик сүрөт
Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй!.. Шамшиевдин тасмасындагы таберик сүрөт
Москва сахнасында кыргызды даңазалаган залкарлар. Таберик сүрөт

Өкмөт үйүнүн алдындагы комбайн, тракторлор. Фрунзедеги таберик сүрөт

71
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Өкмөт үйүнүн алдындагы комбайн, тракторлор. Архив
© Sputnik / Александр Федоров

Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарынын борбордук аянтына тынчтык демонстрациясына чыккан эл менен айыл чарба техникаларынын сүрөтү 1970-жылдары тартылган.

Сүрөттүн автору Александр Федоровдун айтымында, шаар тургундары жыл сайын Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнүндө чогулушчу. Ал жылдары советтик жарандар 1-майда тынчтык демонстрациясына чыгып, 7-ноябрда аскердик техникалардын парады уюштурулуп турчу.

Ошол кезеңди ата мекендик айыл чарба тармагынын ардагери, окумуштуу Жамин Акималиев мындайча эскерет:

"Убагында 1-Май майрамы жалпы элдик, эч кандай саясаты жок майрам эле. Катардагы жумушчу, жарандардан баштап, коммунист, партиянын катарында болбогондор деле катышчу. Ар бир мекеменин жамааты колуна ар кандай чакырыктарды көтөрүп алып, түрдүү ураандарды чакырып шаардын четинен чок ортосуна жетүү үчүн эки-үч саатка чейин жөө басып койчубуз. Ошондо көңүлү ачык, тынчтыкты эңсеген эл көчөгө бала-бакырабыз менен кошо чыкчубуз. Параддарга катышкан айыл чарба техникалары борбор калаанын тегерегиндеги колхоз, совхоздордон атайын айдап келинчү, ал кезде аларда техникалары арбын болчу. Азыр ошондой майрамды аябай сагынам, мамлекет уюштурса экен деп тилейм. Анткени биз колубузга гүл көтөрүп, башкаларды көрүп шыктанып, бир майрамдын алдында биригет элек", — деди Акималиев.

Илимпоз, ошондой эле, көчөгө чыккан эмгекчилердин сап башында СССРдин баатырлары Дайыр Асанов, Калыйнур Үсөнбеков, Социалисттик эмгектин баатыры Керимбүбү Шопокова, СССРдин эл артисти Сайра Кийизбаева, Муратбек Рыскулов жана өндүрүштүн алдыңкылары турганын кошумчалады.

71
Белгилер:
таберик сүрөт, парад, майрам, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (148)
Тема боюнча
Жусуп Мамай, Айтматов, Баекова, Жакиев. "Манас" мааракесинен таберик сүрөт
Согуштун балдары. Океев, Жакиев жана Байжиевдин таберик сүрөтү
Якутияда бугу издеген Болот Шамшиев, Жолон Мамытов, Айтурган Темирова. Таберик сүрөт

Дүйнө элдеринин көз талдырган, таң калтырган бийлери. 12 сүрөт

247
Эл аралык бий күнү 1982-жылдан бери ЮНЕСКОнун алдындагы Эл аралык театр институтунун бий комитетинин демилгеси менен майрамдалып келет.

1727-жылы 29-апрелде заманбап балеттин негиздөөчүсү Жан-Жорж Новерр туулган. Атактуу франциялык хореограф жана окутуучу Луи Дюпренин шакирти Новерр 1743-жылы бийчи катары сахнага чыгып, Франция жана Британиянын театрларында иштеген. Кийинчерээк бий спектаклин түзгөн.

Новерр драмалык балеттин негиздөөчүсү катары таанымал. Анын реформалары дүйнөлүк балеттин өнүгүшүнө таасирин тийгизген.

Эл аралык майрам бийдин түрлөрү аркылуу адамдарды бириктирип, саясий, маданий жана этникалык тоскоолдуктарды жеңүүнү көздөйт. Былтыр пандемияга байланыштуу майрам онлайн белгиленген. 2021-жылы да ушундай тартипте өткөрүү чечими кабыл алынган.

247
  • © AFP 2021 / Yasuyoshi Chiba

    Рио-де-Жанейро шаарындагы (Бразилия) карнавалда самба бийлеп жаткан топ

  • © AP Photo / Jae Hong

    Токиодогу театрдын артисттери

  • © Sputnik / Igor Kostin

    Украина ССРинин Мамлекеттик академиялык бий ансамблинин артисттери өздөрүнүн бийин аткарып жатышат

  • Хака аталышындагы саламдашуу бийин бийлеген маори элинин (Жаңы Зеландия) жоокерлери

  • © AFP 2021 / Adem Altan

    Түркияда дубандар (дервиш) чимирилип бийлеп жатат

  • Америкадагы индиялык резервациянын pow-wow бийи

  • © AFP 2021 / Sonny Tumbelaka

    Бали элинин кечак бийи

  • Өнөрпоздор классикалык кхмер бийин аткарышууда

  • Англиянын элдик бийи Abbots bromley horn

  • © AFP 2021 / Timothy A. Cary

    Фламенкону келиштире аткарган бийкеч

  • © Depositphotos / Dtemps

    Эфиопиядагы хамер уруусунун салттуу бийи

  • © AP Photo / Natacha Pisarenko

    Буэнос-Айресте (Аргентина) бийчилер танго тартуулады

Белгилер:
сүрөт, балет, майрам, бий
Тема боюнча
Темир тулпардагы сулуулар. Motorsport Expo — 2021 көргөзмөсүнөн 11 сүрөт
Купальникчен лыжа тепкен сулуулар. Сочидеги фестивалдан укмуштуу сүрөттөр

Футбол боюнча Европа чемпионатынын расмий ыры жаңырды. Видеоклип

0
(жаңыланган 12:18 14.05.2021)
Чемпионаттын расмий ырын голландиялык ди-джей Мартин Гаррикс, ошондой эле Ирландиянын U2 Bono жана The Edge рок тобунун мүчөлөрү аткарышты.

Трек We are the people ("Биз — элбиз") деп аталат.

"Жаңы ырымды (Боно жана Эдже катышкан) тартуулай турчу да күн келди. Ал быйылкы жылы өтүүчү футбол боюнча EURO турниринин расмий ыры болот", — деген Гаррикс.

2020-жылга белгиленген Европа чемпионаты коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылдын жай айына жылдырылган болчу.

Европа биринчилигин 11-июндан тарта 11-июлга чейин континенттеги 11 шаарда өткөрүү пландалган. Ал үчүн Санкт-Петербург (Россия), Лондон (Англия), Севилья (Испания), Мюнхен Германия), Баку (Азербайжан), Рим (Италия), Бухарест (Румыния), Копенгаген (Дания), Амстердам (Нидерланддар), Глазго (Шотландия) жана Будапешт (Венгрия) шаарлары тандалган.

0
Белгилер:
клип, мелдеш, Европа чемпионаты, футбол
Тема боюнча
Кыргызстандык дзюдочу кыздар Азия кубогунда намыс талашат