БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Мамлекеттик маданий мекемелерде фонограмма менен концерт берүүгө тыюу салган мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө күчөтүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Анда учурдагы колдонуудагы мыйзамдын ченемдери так аткарылбай жатышы жана бүгүнкү күндөгү маданий иш-чараларда ыгы жок колдонулуп жаткан фонограммалар тууралуу маселелер каралган.
"Жандуу үн менен жогорку деңгээлде ырчылык өнөрдү аркалап келе жаткандар жок эмес. Ошол эле мезгилде алдын ала жаздырылып, шөкөттөлгөн ырлар басымдуу болуп жаткандыгы белгиленди. Жандуу үн менен концерт берүүгө басым жасап, элди алдоодон алыс болуу керек деген пикирлер айтылды. Кыргызстанда кесипкөй үн режиссеру жокко эсе экени да баса белгиленди", — деп жазылган билдирмеде.
Мындан сырткары, эстрада багыты боюнча чет элдин тажрыйбаларын колдонуу, бул жааттагы оркестрлерди көбөйтүү, жаш кадрларды окутуу жана аранжировка жасатуу маселелери талкууланган.
Жыйынтыгында колдонуудагы КРдин "Фонограммалар жөнүндөгү" мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизип, ырчылыктын профессионалдык деңгээлин көтөрүү демилгеси айтылган.
Аталган мыйзам 2012-жылы кабыл алынып, күнгөй-тескей жагы ЖК тарабынан бир нече жолу талкууланган.
Россиянын президенти Владимир Путин Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен Азербайжандын башчысы Ильхам Алиевди сүйлөшүүгө чакырып, бир катар маселелерди талкуулашты.
Ал ортодо Индонезиянын Ява аралдарынын жээгинде өткөн аптада кырсыктаган Boeing 737-500 учагынын калдыктары табылды.
Ал эми Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Садыр Жапаровдун шайлоодогу жеңишине арналган концерт өттү.
Бишкекте баланы чанада сүйрөп бара жаткан аял
Ханойдогу карнавал
Нью-Йоркто жүргүнчү ташыган автобус кырсыктап, көпүрөгө асылып калды
Останкино телемунарасы ызгаардуу сууктан улам музга оронду
Россиянын президенти Владимир Путин Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен Азербайжандын башчысы Ильхам Алиевди сүйлөшүүгө чакырды
Уссурийск эликтери карагайдын бутагын жеп жатат
Индонезиянын Ява аралдарынын жээгинде өткөн аптада кырсыктаган Boeing 737-500 учагынын калдыктары табылды
Хакодате бакчасындагы макакалар жылуу сууга түшүп жатат. Япония
АКШ конгрессинин спикери Нэнси Пелоси Дональд Трампка импичмент жарыялоо боюнча кол коюлган документти көрсөтүүдө
Япониядагы эрезеге жетүү майрамы
Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Садыр Жапаровдун шайлоодогу жеңишине арналган концерт өттү
20-декабрь күнү Вашингтон шаарында өтчү президенттик инаугурацияга даярданган Улуттук гвардиянын жоокерлери
Окумуштуулар биринчи жолу жок болуп бара жаткан галактиканы сүрөткө тартып алышты
Коронавируска кабылган оорулуулар менен иштеген медик жааган карга кубанууда
Суунун үстүнө тартылган аркан менен секирген спортчу. Австралия
Ралли Дакар марафонундагы жарыш
Индонезияда күчү 6,2 баллга жеткен жер силкинүү болуп, 30дан ашык киши каза болду
АКШнын Висконсин штатында бир жылдан бери алгачкы жолу Америка фотболу боюнча мелдеш өттү
Эскерте кетсек, Курал Чокоевдин чакырган мейманын шылдыңдап-мазактап, уят сөздөрдү айтууга жол берип, кальян чеккен программасы бир топ ызы-чуу жаратты. Аталышы да оозго алгыс берүү Чокоевдин YouTube-каналына эки жолу чыгып, биринде Кайрат Салмакеев, экинчисинде Кайрат Примбердиев конок болгон. Элдин сыны менен нааразылыгынан кийин Чокоев ал долбоорун жабууга мажбур болгон.
Мындан кийин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Чокоевге 2011-жылы ыйгарган "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин кайтарып алуу боюнча буйрук чыгарган. Ошону менен бирге президенттин аппаратына Кайрат Примбердиевди "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамынан ажыратууну сунуштап кат жолдогон болчу.
Курал Чокоев "Маданияттын мыкты кызматкери" белгиси ал үчүн эч кандай мааниге ээ эмес экенин, пайдасы да жогун айтып чыккан. Ырчынын айрым кесиптештери да колдоо иретинде наам-сыйлыктардан азыр эч кандай пайда-бата жок экенин, керек болсо анын баарынан баш тартууга даярдыгын айта башташты.
Искусство өкүлдөрү чыгармачылык жолунда алган наам-сыйлыктарынын чынында эле кадыры жокпу? Биз ушул суроонун айланасында ой жүгүрттүк.
"Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси чынында ээсине эч кандай артыкчылык бербейт, айлыгына да кошумча боло албайт, жеңилдиги да жок. Бул белги менен маданияттын өнүгүүсүнө жекече салым кошкон адамдар сыйланат. Мындай сыйлык ар тармакта бар, мисалы, "Билим берүүнүн мыкты кызматкери", "Медицинанын мыкты кызматкери" жана башка. Эч кандай артыкчылык бербесе да баркы бир топ эле. Бул сыйлыктын эң жаш ээси болуп аны 10 жашында алган манасчы Үмөт Дөөлөтов эсептелет.
Ачык булактардагы маалыматка караганда, "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамы артисттер менен режиссёрлордон баштап хор жана хореографиялык топтордун жетекчилерине чейинки чыгармачыл адамдарга ыйгарылат.
15 жылга жетпей эле аталган наамдын ээси болуп калгандар бар. Мисалы, эстрада ырчысы Самара Каримова 26 жашында "эмгек сиңирсе", Эрнис Абдыжапаровдун "Саякбай" фильминде айтылуу манасчынын образын жараткан Марат Жантелиев аталган наамга өмүр бою театрда иштеп 57 жашында, өлөрүнө бир жыл калганда араң жеткен. Ушундай эле наамга Кайрат Примбердиев да ээлик кылат.
Театр жана кино сценаристи, драматург, котормочу, акын Алтынай Темирова
Алтынай Темирова былтыр 60 жашка толду. Ар кыл конкурстарда алдыңкы орундарга татыган төрт театралдык постановка, Кыргызстандан башка бир катар мамлекеттерде көрсөтүлгөн эки даректүү тасма, дүйнөлүк классикадан үч спектаклдин кыргыз тилине которулушу жана коюлушу — мунун баары Темированын эмгеги. Мындан тышкары, ал сценарист, бир нече китептин автору. Эл аралык адабий фестивалдарда далай ирет Кыргызстандын намысын коргоп, чет элдиктерди кыргыз адабиятынын классикасы менен тааныштырып келген. Бирок дагы деле "эмгеги сиңе элек".
Кыргыз драма театрында бир нече жыл адабий бөлүмдү жетектедим. Наам ыйгарууга документтерди даярдап, комиссияга жөнөтүү менин милдетим болчу. Театрда иштеген жүз кишинин ичинен татыктуусун тандап, документтерин чогултуп министрликке жөнөтчүмүн. Бирок эмнегедир сыйлык таптакыр күтүүсүз адамдарга берилип калчу, татыктуулар чанда гана алып калар эле. Комиссияны караш керек, ал жакта абийирдүү адамдардын отурушу кажет. Бул тармак эбактан бери реформага муктаж.
Ырчы, актриса, КРдин эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева
— Мен "Эмгек сиңирген артист" наамын алган 2009-жылы айлыкка 5000 сом кошулчу, эки-үч жыл ушундай айлык алып жүрдүм. Азыр мамлекеттик мекемеде иштесең белгиленген 2500 сом аласың. Стажың, тажрыйбаң, эч нерсең каралбайт. Эмгек сиңиргендердин баары ушундай акча алат. Мындан сырткары, жылына эки ирет Президент менен өкмөттүн иш башкармалыгынын ооруканасынан акысыз текшерүүдөн өтүп, дарыланууга укугубуз бар.
Мен үчүн алган ар бир грамотам, дипломум баалуу. Бул элдин сүйүүсү, менин чыгармачылыгыма болгон сый. Демек, мени таанып-билишет, жакшы көрүп угушат. Мен үчүн эң маанилүүсү ушул.
Кино жана театр актёру Назым Меңдебаиров
— Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын башкы режиссёру жана көркөм жетекчиси Назым Меңдебаиров кино жана театр искусствосу үчүн көп эмгек кылган адамдарга мамлекеттин көңүл бурбай жатканына нааразы болду. Анын айтымында, сыйлыктарга көбүнесе шоумендер татып келет.
Азыр ар бир театрда наамга талапкерлердин чаң баскан документтери толтура. Мен курактуу Аскат Сулайманов, Альбина Имашева, Нурлан Салидинов кино менен театр искусствосуна кандай салым кошушту, бирок ушу кезге чейин эч нерсе алыша элек! Театрыбызда 60ка келип калган Айсалкын Осмонова эжебиз бар, керек болсо "эмгек сиңиргенди" ала элек. "Эл артистин" ала турган актрисаларыбыз бар. Мен деле 2000-жылдан бери "Эмгек сиңирген артист" наамына көрсөтүлүп келе жатам, 20 жыл өттү, жок. Буга чейин мамлекет тарабынан кичине жакшыраак көңүл бурулчу. Биз дайым эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө болуп келгенбиз. Азыр болсо шоумен, ырчылардын заманы. Көбү шайлоо өнөктүгүндө иштейт, ушундан улам да наам алгандар көбөйдү.
Театр жана кино актёру Азиз Мурадиллаев
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев наам ыйгаруу процессин кайрадан карап чыгуу керектигин белгиледи.
— Бул наамдар бизге Советтер Союзунан мурасталып калган. Ал убакта сейрек ыйгарылып, чындап татыктуулар алчу. Наамдын күчү зор эле, кадыры күчтүү боло турган. Азыр, тилекке каршы, баркы кетти, "эмгеги сиңгендер" ого эле көп, мунун себеби да толтура. Наам ыйгаруунун ыраатын карап чыгуу зарыл.
Мурадиллаев аталган наамды режиссёр Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка" тасмасындагы Алымбек датканын ролу үчүн алган. Азыркы тапта мамлекеттик мекемеде иштебегендиктен 2500 сом кошумча акы албайт.
"Кыргыз Республикасынын эл артисти" наамы бир нече жыл мурун (5 жылдан кем эмес) "эмгек сиңирген" наамын алган искусство менен маданияттын кесипкөй, эл тарабынан эмгеги бааланган адамдарына ыйгарылат.
Белгилүү актёр, Эл артисти Чоро Думанаевдин айтымында, бул ардактуу наам айлыкка бир топ акча каражатынын кошулушун шарттайт (ачык булактардагы маалымат боюнча 5000 сом). Мындан тышкары, жубайы жана 18 жашка чейинки балдары Президент менен өкмөттүн иш башкармалыгынын ооруканасынан акысыз текшерүүдөн өтүп, дарылана алат.
— Балдар дарыланып деле кыйраткан жок, байбичем экөөбүздөн арткан жок, — дейт ооруканага жатууга камынып жаткан Думанаев.
Тилекке каршы, акыркы эки жылда кыргыз эли режиссёр Бакыт Карагулов, актёрлор Ашырбек Чокубаев, Турсун Уралиев, композитор Калыйбек Тагаев, айтылуу акын Элмирбек Иманалиев сыяктуу бир катар залкарларынан айрылып калды.
Ал арада Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маалыматына таянып президенттин маалымат кызматы Кайрат Примбердиевдин наамы сакталып калганын кабарлады.
Көп өтпөй маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков ырчылар Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиев менен жолугуп, мындан ары пайдалуу демилгелерди биргеликте аткаруу боюнча макулдашуулар болгону айтылды.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Өткөн суткада өрттөн эки киши каза болгондугун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, адам өмүрүн алган кырсыктардын бири Бишкек шаарында, экинчиси Чүй облусунда катталган.
"Түнкү саат 03:45 чамасында Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында турак үйдүн чатыры жана ичи күйгөн. Анын кесепетинен 48 жаштагы адам каза болгон. Ал эми таңда, саат 05:19га чукул, Бишкектеги Васильевский тар көчөсүндө жалпы аянты 160 чарчы метр курулуш вагону толугу менен жана Volvo үлгүсүндөгү автоунаанын прицеби күйгөн. Өрт бир адамдын өмүрүн алып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ соңку сутканын ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 бригада тартылгандыгын кошумча билдирди.