Каникул учурунда балдар үчүн өтө турчу иш-чаралар. Тизме

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидентская елка для школьников в Национальной филармонии имени Токтогула Сатылганова
Президентская елка для школьников в Национальной филармонии имени Токтогула Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдар жана өспүрүмдөр 4-январдан 13-январга чейин "Диалог", "Жаштык" маданият үйлөрүнө барып концерт көрүп, интеллектуалдык оюн, мастер-класстарга катыша алат.
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Бишкекте 4-январдан 13-январга чейин балдар жана өспүрүрүмдөр үчүн көңүл ачуу жана таанып-билүүгө арналган иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабрлады.
Ага ылайык, балдар үчүн иш-чаралар "Диалог" жана "Жаштык" маданият борборлорунда уюштурулат.
Иш-чаралардын графиги:
  • 5-январь саат 12:00дө "Диалог" маданият үйүнүн кичи залында "Жылдыздар менен ырдайбыз" аттуу концерт болот;
  • 5-январь күнү "Жаштык" жаштар үйүндө "Жаңы жыл Жер жүзүн кыдырып жүрөт" аттуу интеллектуалдык викторина өтөт;
  • 6-январь саат 12:00дө "Диалог" маданият үйүнүн кичи залында №2 орто мектебинин окуучулары даярдаган Рождество майрамына карата кайрымдуулук концерти болот;
  • 8-январь күнү саат 12:00дө "Диалог" маданият үйүнүн чоң залында балдар жана жаштар үчүн "КРдин Эл артисти Л. Любомудрова менен кеп маданияты", "Комузда жана гитарада ойноо", "Лего менен ойнойбуз", "Инстаграм кыялына 5 кадам" аттуу мастер-класстар уюштурулат;
  • 9-январь күнү саат 12:00дө "Диалог" маданият үйүнүн кичи залында жаңы жылдык мультфильмдер боюнча квест өтөт;
  • Ушул эле күнү "Жаштык" жаштар үйүндө "Жаңы жылдык ниндзя" аттуу иш-чара болот;
  • 10-январь күнү саат 9:00дө "Диалог" маданият үйүнүн кичи залында "Жаңы жылдык балатынын алдындагы бала бакча" аттуу жаштар челленжи өтөт;
  • 11-январь күнү "Жаштык" жаштар борборунда "Бирге ырдайбыз" аттуу караоке сынагы уюштурулат;
  • 12-январь күнү саат 15:00дө "Диалог" маданият үйүнүн кичи залында живопись, видеосъемка жана кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар уюштурулат.
  • 13-январь күнү "Жаштык" жаштар үйүндө "Спорттук үй-бүлө" аттуу иш-чара болот.
Мындан сырткары, мэриядан улгайган адамдар үчүн 5-12-январга чейин Биринчи май жана Ленин райондук карылар үйлөрүндө "Достук үнү" этнофольклордук ансамбли концерт кое турганын кошумчалашты.
Жаңылыктар түрмөгү
0