Залкар обончу Рыспай Абдыкадыровдун айкели. Архив

Рыспай Абдыкадыров менен Болот Шамшиевдин 80 жылдыгы белгиленип жатат

121
Кыргыз маданиятына опол тоодой салым кошкон адамдарды эскерүү иш-чаралары санитардык эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен өткөрүлөт.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бүгүн, 12-январь күнү, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев менен залкар обончу Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгы белгиленип, бир катар иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Саат 11:00дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында Болот Шамшиевдин "Баатыр жүрөк Кааба" китебинин бет ачар аземи, ал эми 14:00дө Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө "Ак кеме" көркөм тасмасы көрсөтүлөт.

Ага таланттын кесиптештери, чыгармачылыгына күйөрмандык кылган бардык каалоочулар жана үй-бүлөсү катышат.

Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына карата саат 12:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын малахит залында иш-чара болот. Салтанат санитардык эпидемиологиялык шарттарды эске алуу менен өтүп, чакан форматта концерт тартууланат.

Белгилүү кинорежиссёр Шамшиев "Кыргыз кино кереметин" жаратуучулардын бири. СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, II даражадагы Манас ордени жана башка сыйлыктардын ээси болгон.

Режиссер, народный артист Киргизии (1975), народный артист СССР (1991) Болот Шамшиев в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев

"Ак кеме", "Караш-Караш окуясы", "Сүйүү закымдары", "Адамдардын арасында", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер", "Фудзиямадагы кадыр түн" жана башка атактуу кинолордун режиссёру болгон. Болот Шамшиев 2019-жылы 78 жаш курагында оорудан улам каза болгон.

Ал эми Абдыкадыровдун "Түгөйүм", "Сагынуу", "Издейм сени", "Алтынчы күнү кечинде", "Жүрөктү кетпе жаралап" жана башка ырлары классикага айланып, кыргыз элинин сүймөнчүлүгүнө айланган. Ал 53 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумган.

121
Белгилер:
эскерүү, обончу, режиссер, Болот Шамшиев, Рыспай Абдыкадыров
Тема боюнча
Дүйшөн Байдөбөтов 72 жашка толмок. Улуу таланттын сүрөттөгү экинчи өмүрү
Уулунан ажырап Базарбайдан өч алганы келгенде... "Акбаранын көз жашы" сүрөттө

Апта ирмеми: учактын жээкке чыккан калдыктары, жок болуп бара жаткан галактика

147
(жаңыланган 17:23 18.01.2021)
  • Бишкекте баланы чанада сүйрөп бара жаткан аял
  • Ханойдогу карнавал
  • Нью-Йоркто жүргүнчү ташыган автобус кырсыктап, көпүрөгө асылып калды
  • Останкино телемунарасы ызгаардуу сууктан улам музга оронду
  • Россиянын президенти Владимир Путин Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен Азербайжандын башчысы Ильхам Алиевди сүйлөшүүгө чакырды
  • Уссурийск эликтери карагайдын бутагын жеп жатат
  • Индонезиянын Ява аралдарынын жээгинде өткөн аптада кырсыктаган Boeing 737-500 учагынын калдыктары табылды
  • Хакодате бакчасындагы макакалар жылуу сууга түшүп жатат. Япония
  • АКШ конгрессинин спикери Нэнси Пелоси Дональд Трампка импичмент жарыялоо боюнча кол коюлган документти көрсөтүүдө
  • Япониядагы эрезеге жетүү майрамы
  • Бишкектин Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун шайлоодогу жеңишине арналган концерт өттү
  • 20-декабрь күнү Вашингтон шаарында өтчү президенттик инаугурацияга даярданган Улуттук гвардиянын жоокерлери
  • Окумуштуулар биринчи жолу жок болуп бара жаткан галактиканы сүрөткө тартып алышты
  • Коронавируска кабылган оорулуулар менен иштеген медик жааган карга кубанууда
  • Суунун үстүнө тартылган аркан менен секирген спортчу. Австралия
  • Ралли Дакар марафонундагы жарыш
  • Индонезияда күчү 6,2 баллга жеткен жер силкинүү болуп, 30дан ашык киши каза болду
  • АКШнын Висконсин штатында бир жылдан бери алгачкы жолу Америка фотболу боюнча мелдеш өттү
Өткөн аптада АКШ президенти Дональд Трампка импичмент жарыяланды. Ошол эле учурда ааламдын кайсы бир бурчунда бүтүндөй галактика жок болуп бара жатканы белгилүү болду. Мунун баарын Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүүгө болот.

Россиянын президенти Владимир Путин Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен Азербайжандын башчысы Ильхам Алиевди сүйлөшүүгө чакырып, бир катар маселелерди талкуулашты.

Ал ортодо Индонезиянын Ява аралдарынын жээгинде өткөн аптада кырсыктаган Boeing 737-500 учагынын калдыктары табылды.

Ал эми Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Садыр Жапаровдун шайлоодогу жеңишине арналган концерт өттү.

 

 

147
  • Бишкекте баланы чанада сүйрөп бара жаткан аял
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бишкекте баланы чанада сүйрөп бара жаткан аял

  • Ханойдогу карнавал
    © AFP 2021 / MANAN VATSYAYANA

    Ханойдогу карнавал

  • Нью-Йоркто жүргүнчү ташыган автобус кырсыктап, көпүрөгө асылып калды
    © AP Photo / Craig Ruttle

    Нью-Йоркто жүргүнчү ташыган автобус кырсыктап, көпүрөгө асылып калды

  • Останкино телемунарасы ызгаардуу сууктан улам музга оронду
    © Sputnik / Алексей Куденко

    Останкино телемунарасы ызгаардуу сууктан улам музга оронду

  • Россиянын президенти Владимир Путин Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен Азербайжандын башчысы Ильхам Алиевди сүйлөшүүгө чакырды
    © Sputnik / Михаил Климентьев

    Россиянын президенти Владимир Путин Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен Азербайжандын башчысы Ильхам Алиевди сүйлөшүүгө чакырды

  • Уссурийск эликтери карагайдын бутагын жеп жатат
    © Sputnik / Илья Наймушин

    Уссурийск эликтери карагайдын бутагын жеп жатат

  • Индонезиянын Ява аралдарынын жээгинде өткөн аптада кырсыктаган Boeing 737-500 учагынын калдыктары табылды
    © REUTERS / WILLY KURNIAWAN

    Индонезиянын Ява аралдарынын жээгинде өткөн аптада кырсыктаган Boeing 737-500 учагынын калдыктары табылды

  • Хакодате бакчасындагы макакалар жылуу сууга түшүп жатат. Япония
    © REUTERS / KYODO

    Хакодате бакчасындагы макакалар жылуу сууга түшүп жатат. Япония

  • АКШ конгрессинин спикери Нэнси Пелоси Дональд Трампка импичмент жарыялоо боюнча кол коюлган документти көрсөтүүдө
    © AP Photo / Alex Brandon

    АКШ конгрессинин спикери Нэнси Пелоси Дональд Трампка импичмент жарыялоо боюнча кол коюлган документти көрсөтүүдө

  • Япониядагы эрезеге жетүү майрамы
    © REUTERS / Issei Kato

    Япониядагы эрезеге жетүү майрамы

  • Бишкектин Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун шайлоодогу жеңишине арналган концерт өттү
    © AFP 2021 / VYACHESLAV OSELEDKO

    Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Садыр Жапаровдун шайлоодогу жеңишине арналган концерт өттү

  • 20-декабрь күнү Вашингтон шаарында өтчү президенттик инаугурацияга даярданган Улуттук гвардиянын жоокерлери
    © AFP 2021 / Stefani Reynolds/Getty Images

    20-декабрь күнү Вашингтон шаарында өтчү президенттик инаугурацияга даярданган Улуттук гвардиянын жоокерлери

  • Окумуштуулар биринчи жолу жок болуп бара жаткан галактиканы сүрөткө тартып алышты
    © AFP 2021 / M. KORNMESSER / European Southern Observatory

    Окумуштуулар биринчи жолу жок болуп бара жаткан галактиканы сүрөткө тартып алышты

  • Коронавируска кабылган оорулуулар менен иштеген медик жааган карга кубанууда
    © REUTERS / YONHAP NEWS AGENCY

    Коронавируска кабылган оорулуулар менен иштеген медик жааган карга кубанууда

  • Суунун үстүнө тартылган аркан менен секирген спортчу. Австралия
    © REUTERS / Loren Elliott

    Суунун үстүнө тартылган аркан менен секирген спортчу. Австралия

  • Ралли Дакар марафонундагы жарыш
    © REUTERS / HAMAD I MOHAMMED

    Ралли Дакар марафонундагы жарыш

  • Индонезияда күчү 6,2 баллга жеткен жер силкинүү болуп, 30дан ашык киши каза болду
    © REUTERS / Antara Foto/Sigid Kurniawan

    Индонезияда күчү 6,2 баллга жеткен жер силкинүү болуп, 30дан ашык киши каза болду

  • АКШнын Висконсин штатында бир жылдан бери алгачкы жолу Америка фотболу боюнча мелдеш өттү
    © REUTERS / USA Today Sports / Sarah Kloepping

    АКШнын Висконсин штатында бир жылдан бери алгачкы жолу Америка фотболу боюнча мелдеш өттү

Белгилер:
Сүрөт, дүйнө, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема боюнча
Дүйшөн Байдөбөтов 72 жашка толмок. Улуу таланттын сүрөттөгү экинчи өмүрү
Ырчы Курал Чокоев. Архив

Кадыры кеткен наам-сыйлыктар. Чындап эле пайда-батасы жокпу?

244
(жаңыланган 19:57 18.01.2021)
Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин окуясынан кийин тилектештигин билдирип бир катар ырчы-чоорчулар Маданият министрлиги берген төш белги, диплом, медалдарын тапшырарын айтып чыгышты. Артисттер үчүн наам-сыйлыктын кадыры жоголдубу. Sputnik байкаштырып көрдү.

Эскерте кетсек, Курал Чокоевдин чакырган мейманын шылдыңдап-мазактап, уят сөздөрдү айтууга жол берип, кальян чеккен программасы бир топ ызы-чуу жаратты. Аталышы да оозго алгыс берүү Чокоевдин YouTube-каналына эки жолу чыгып, биринде Кайрат Салмакеев, экинчисинде Кайрат Примбердиев конок болгон. Элдин сыны менен нааразылыгынан кийин Чокоев ал долбоорун жабууга мажбур болгон.

  • Ырчы Кайрат Салмакеев (Кайрат Кыргыз)
    Ырчы Кайрат Салмакеев (Кайрат Кыргыз)
    © Фото / Азизбек Базарбаев
  • Ырчы Кайрат Примбердиев
    Ырчы Кайрат Примбердиев
    © Sputnik / Азамат Тотубаев
1 / 2
© Фото / Азизбек Базарбаев
Ырчы Кайрат Салмакеев (Кайрат Кыргыз)

Мындан кийин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Чокоевге 2011-жылы ыйгарган "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин кайтарып алуу боюнча буйрук чыгарган. Ошону менен бирге президенттин аппаратына Кайрат Примбердиевди "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамынан ажыратууну сунуштап кат жолдогон болчу.

Курал Чокоев "Маданияттын мыкты кызматкери" белгиси ал үчүн эч кандай мааниге ээ эмес экенин, пайдасы да жогун айтып чыккан. Ырчынын айрым кесиптештери да колдоо иретинде наам-сыйлыктардан азыр эч кандай пайда-бата жок экенин, керек болсо анын баарынан баш тартууга даярдыгын айта башташты.

Искусство өкүлдөрү чыгармачылык жолунда алган наам-сыйлыктарынын чынында эле кадыры жокпу? Биз ушул суроонун айланасында ой жүгүрттүк.

"Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси

"Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси чынында ээсине эч кандай артыкчылык бербейт, айлыгына да кошумча боло албайт, жеңилдиги да жок. Бул белги менен маданияттын өнүгүүсүнө жекече салым кошкон адамдар сыйланат. Мындай сыйлык ар тармакта бар, мисалы, "Билим берүүнүн мыкты кызматкери", "Медицинанын мыкты кызматкери" жана башка. Эч кандай артыкчылык бербесе да баркы бир топ эле. Бул сыйлыктын эң жаш ээси болуп аны 10 жашында алган манасчы Үмөт Дөөлөтов эсептелет.

"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамы

Ачык булактардагы маалыматка караганда, "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамы артисттер менен режиссёрлордон баштап хор жана хореографиялык топтордун жетекчилерине чейинки чыгармачыл адамдарга ыйгарылат.

Бул наамды алыш үчүн талапкер искусство жана маданият чөйрөсүндө 15 жылдан кем эмес убакыт иштеп, театр, музыка, кино, теле жана цирк искусствосу боюнча ири ийгиликтерге жетишиши керек. Башкача айтканда, эмгегин эл баалап, эл сүймөнчүлүгүнө татуу зарыл.

15 жылга жетпей эле аталган наамдын ээси болуп калгандар бар. Мисалы, эстрада ырчысы Самара Каримова 26 жашында "эмгек сиңирсе", Эрнис Абдыжапаровдун "Саякбай" фильминде айтылуу манасчынын образын жараткан Марат Жантелиев аталган наамга өмүр бою театрда иштеп 57 жашында, өлөрүнө бир жыл калганда араң жеткен. Ушундай эле наамга Кайрат Примбердиев да ээлик кылат.

Искусство адамдары эмне дейт?

Театр жана кино сценаристи, драматург, котормочу, акын Алтынай Темирова

Архивное фото кыргызской поэтессы, драматург, сценарист и переводчика Алтынай Темировой
© Фото / Ника Жолдошева
Театр жана кино сценаристи, драматург, котормочу Алтынай Темирова

Алтынай Темирова былтыр 60 жашка толду. Ар кыл конкурстарда алдыңкы орундарга татыган төрт театралдык постановка, Кыргызстандан башка бир катар мамлекеттерде көрсөтүлгөн эки даректүү тасма, дүйнөлүк классикадан үч спектаклдин кыргыз тилине которулушу жана коюлушу — мунун баары Темированын эмгеги. Мындан тышкары, ал сценарист, бир нече китептин автору. Эл аралык адабий фестивалдарда далай ирет Кыргызстандын намысын коргоп, чет элдиктерди кыргыз адабиятынын классикасы менен тааныштырып келген. Бирок дагы деле "эмгеги сиңе элек".

— Тартынчаакмын го. Тааныш-билиш деле издеген жокмун, жөн гана ишимди жасап жатам. Негизи бул өң-тааныш менен жасалчу нерсе эмес да. Министрлик өзү байкап, баалап алышы керек, бирок ал жактагылар менин бар-жогумду деле билишпесе керек.

Кыргыз драма театрында бир нече жыл адабий бөлүмдү жетектедим. Наам ыйгарууга документтерди даярдап, комиссияга жөнөтүү менин милдетим болчу. Театрда иштеген жүз кишинин ичинен татыктуусун тандап, документтерин чогултуп министрликке жөнөтчүмүн. Бирок эмнегедир сыйлык таптакыр күтүүсүз адамдарга берилип калчу, татыктуулар чанда гана алып калар эле. Комиссияны караш керек, ал жакта абийирдүү адамдардын отурушу кажет. Бул тармак эбактан бери реформага муктаж.

Ырчы, актриса, КРдин эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева

Заслуженные артистка Кыргызстана Асель Турдалиева во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Ырчы, актриса, КРдин эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева

— Мен "Эмгек сиңирген артист" наамын алган 2009-жылы айлыкка 5000 сом кошулчу, эки-үч жыл ушундай айлык алып жүрдүм. Азыр мамлекеттик мекемеде иштесең белгиленген 2500 сом аласың. Стажың, тажрыйбаң, эч нерсең каралбайт. Эмгек сиңиргендердин баары ушундай акча алат. Мындан сырткары, жылына эки ирет Президент менен өкмөттүн иш башкармалыгынын ооруканасынан акысыз текшерүүдөн өтүп, дарыланууга укугубуз бар.

Мен үчүн алган ар бир грамотам, дипломум баалуу. Бул элдин сүйүүсү, менин чыгармачылыгыма болгон сый. Демек, мени таанып-билишет, жакшы көрүп угушат. Мен үчүн эң маанилүүсү ушул.

Кино жана театр актёру Назым Меңдебаиров

Известный кыргызский актер Назым Мендебаиров во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кино жана театр актеру Назым Меңдебаиров

— Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын башкы режиссёру жана көркөм жетекчиси Назым Меңдебаиров кино жана театр искусствосу үчүн көп эмгек кылган адамдарга мамлекеттин көңүл бурбай жатканына нааразы болду. Анын айтымында, сыйлыктарга көбүнесе шоумендер татып келет.

— "Кийимине карап..." деген сөз бар го, бизге, артисттерге, ошол наамга карап мамиле жасашат. Жадагалса туугандар да ошентет. Өмүр бою театрда, кинодо иштесең, наамың болсо сага башкача мамиле жасалат. Анткени наам — бул мамлекеттин биздин эмгегибиз үчүн айткан жападан жалгыз ыраазычылыгы, рахматы. Айланаңдагылар да өлкө сени баалап-барктаганын билип, жөн эле ары-бери басып жүрбөгөнүңө ынанышкан сыяктуу. Наамың жок болсо "тааныш издебейсиңби" дешет. Антип сыйлык деле алгың келбейт.

Азыр ар бир театрда наамга талапкерлердин чаң баскан документтери толтура. Мен курактуу Аскат Сулайманов, Альбина Имашева, Нурлан Салидинов кино менен театр искусствосуна кандай салым кошушту, бирок ушу кезге чейин эч нерсе алыша элек! Театрыбызда 60ка келип калган Айсалкын Осмонова эжебиз бар, керек болсо "эмгек сиңиргенди" ала элек. "Эл артистин" ала турган актрисаларыбыз бар. Мен деле 2000-жылдан бери "Эмгек сиңирген артист" наамына көрсөтүлүп келе жатам, 20 жыл өттү, жок. Буга чейин мамлекет тарабынан кичине жакшыраак көңүл бурулчу. Биз дайым эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө болуп келгенбиз. Азыр болсо шоумен, ырчылардын заманы. Көбү шайлоо өнөктүгүндө иштейт, ушундан улам да наам алгандар көбөйдү.

Театр жана кино актёру Азиз Мурадиллаев

Известный кыргызстанский актер Азиз Мурадиллаев во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Театр жана кино актеру Азиз Мурадиллаев

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев наам ыйгаруу процессин кайрадан карап чыгуу керектигин белгиледи.

— Бул наамдар бизге Советтер Союзунан мурасталып калган. Ал убакта сейрек ыйгарылып, чындап татыктуулар алчу. Наамдын күчү зор эле, кадыры күчтүү боло турган. Азыр, тилекке каршы, баркы кетти, "эмгеги сиңгендер" ого эле көп, мунун себеби да толтура. Наам ыйгаруунун ыраатын карап чыгуу зарыл.

Мурадиллаев аталган наамды режиссёр Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка" тасмасындагы Алымбек датканын ролу үчүн алган. Азыркы тапта мамлекеттик мекемеде иштебегендиктен 2500 сом кошумча акы албайт.

"Кыргыз Республикасынын эл артисти" наамы

"Кыргыз Республикасынын эл артисти" наамы бир нече жыл мурун (5 жылдан кем эмес) "эмгек сиңирген" наамын алган искусство менен маданияттын кесипкөй, эл тарабынан эмгеги бааланган адамдарына ыйгарылат.

Белгилүү актёр, Эл артисти Чоро Думанаевдин айтымында, бул ардактуу наам айлыкка бир топ акча каражатынын кошулушун шарттайт (ачык булактардагы маалымат боюнча 5000 сом). Мындан тышкары, жубайы жана 18 жашка чейинки балдары Президент менен өкмөттүн иш башкармалыгынын ооруканасынан акысыз текшерүүдөн өтүп, дарылана алат.

— Балдар дарыланып деле кыйраткан жок, байбичем экөөбүздөн арткан жок, — дейт ооруканага жатууга камынып жаткан Думанаев.

Тилекке каршы, акыркы эки жылда кыргыз эли режиссёр Бакыт Карагулов, актёрлор Ашырбек Чокубаев, Турсун Уралиев, композитор Калыйбек Тагаев, айтылуу акын Элмирбек Иманалиев сыяктуу бир катар залкарларынан айрылып калды.

Ал арада Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маалыматына таянып президенттин маалымат кызматы Кайрат Примбердиевдин наамы сакталып калганын кабарлады.

Көп өтпөй маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков ырчылар Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиев менен жолугуп, мындан ары пайдалуу демилгелерди биргеликте аткаруу боюнча макулдашуулар болгону айтылды.

244
Белгилер:
искусство, маданият, музыка, кино, театр, артист, Кайрат Примбердиев, Курал Чокоев, сыйлык, наам
Тема боюнча
Чуу жараткан долбоор. Маданият министрлиги Чокоев менен Примбердиевге чара көрөт
"КР баатыры" эмне болгон наам жана кандай артыкчылыктарды берет
Кылмыш иш папкасын алып аткан киши. Архивдик сүрөт

Ошто энергетиктер мамлекеттик мүлктү сатып жиберишкени аныкталды

0
(жаңыланган 11:18 19.01.2021)
Акционердик коомдун жооптуу адамдары мүлктү сатууда Мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашкан эмес. Учурда зыяндын ордун толтуруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Ошто мамлекеттик мүлктү сегиз миң долларга сатып жиберишкен "Ош электр" ачык акционердик коомунун жооптуу адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат кабарлады.

Билдирмеге ылайык, акционердик коомдун жооптуу адамдары мүлктү сатууда Мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашкан эмес.

Алар мурунку административдик имаратты жана ага жанаша жайгашкан жер тилкесин 8 миллион сомго сатышкан. 1 сотых жер тилкесинин баасы болжол менен 30 миң долларды түзөрү айтылат.

"Ош электр" ишканасынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке 30 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилген.

Учурда келтирилген мамлекеттик зыяндын ордун толтурууга багытталган тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды.

0
Белгилер:
зыян, тергөө, "Ош электр" ишканасы, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду
Тема боюнча
4 млн. долларга байыган. УКМК Финполдун башкармалык жетекчисин кармады. Сүрөт
УКМК Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кылмыш ишин козгоду