Белгилүү режиссёр, СССРдин жана КРдин эл артисти Болот Шамшиевдин архивдик сүрөтү

Коюлбай калган пьеса, тартылбай калган тасмалар. Болот Шамшиевдин мурастары

291
(жаңыланган 09:31 13.01.2021)
Бүгүн белгилүү режиссёр, СССРдин жана КРдин эл артисти Болот Шамшиевдин туулган күнү. "Кыргыз кереметинин" жаралуусунун сап башында турган инсандын көзү тирүү болгондо 80 жашка толмок.

Союз маалында "кыргыз кереметинин" негиздөөчүлөрүнүн бири "Манасчы", "Чабан", "Караш-караш", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Сүйүү закымдары", "Ак кеме", "Эл арасында", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер" жана "Фудзиямадагы кадыр түн" фильмдерин тартып, дүйнөлүк деңгээлдеги режиссёрлордун катарына кирген. Ал эмгектердин айрымдары азыркыга чейин чет элдик ЖОЖдордо мыкты кино тартуунун үлгүсү катары жаштарга көргөзүлүп келүүдө.

Ошондой эле театрда эмгектенген бир топ актёрлордун багын кинодон ачкан. Алардын арасында Асанбек Куттубаев, Орозбек Кутманалиев, Советбек Жумадылов, Сабира Күмүшалиева, Анара Мамбетова, Чоро Дубанаев, Мурат Мамбетов өңдүү бир топ кино чеберлери бар. Улуу устат белгилүү актёр Сүймөнкул Чокморовду да кинематографияга алып келген.

Sputnik Кыргызстан агенттиги заманыбыздын залкарын эскерип, анын артында калган баа жеткис мурастары жөнүндө кеп кылат. 

  • Роль мальчика для Нургазы Сыдыгалиева была дебютной, через год он снимется в фильме Птицы наших надежд в роли Тимура
    Нургазы Сыдыгалиев үчүн баланын ролу дебюттук болгон. Бир жылдан кийин "Биздин үмүттөрдүн куштары" фильминде Тимурдун ролун аткарган
    © Фото / Александр Федоров
  • Документальный фильм Манасчи — одна из первых картин Шамшиева. Рабочий момент съемок
    "Манасчы" документалдык фильми Шамшиевдин эң биринчи эмгектеринен
    © Sputnik / Александр Федоров
  • Дебютной картиной, где сыграл Суйменкул, стал фильм Болота Шамшиева Выстрел на перевале Караш. Чокморову досталась главная роль, он играл Бактыгула.
    Сүймөнкул Чокморов Бактыгулдун ролунда
    © Фото / Александр Федоров
  • Актриса Айтурган Темирова в образе Каличи во время съемок фильма Алые маки Иссык-Куля
    Актриса Айтурган Темирова Каличанын образында. "Ысык-Көлдүн кызгалдактары"
    © Sputnik / Александр Федоров
  • Актриса театра и кино, заслуженная артистка Киргизской ССР Таттыбубу Турсунбаева на съемках фильма Эхо любви
    Театр жана кино актрисасы Таттыбүбү Турсунбаева съемка учурунда
    © Фото / Александр Федоров
  • Кадр из фильма Ранние журавли
    "Эрте келген турналар" фильми
    © Sputnik / РИА Новости
  • Съемки фильма Болота Шамшиева Волчья яма
    "Бөрү зындан" фильми
    © Фото / Александр Федоров
  • С Алиман Жангорозовой во время съемок фильма Восхождение на Фудзияму
    Актриса Алиман Жангорозова менен. "Фудзиямадагы кадыр түн" тасмасын тартып жаткан учур
    © Фото / Александр Федоров
1 / 8
© Фото / Александр Федоров
Нургазы Сыдыгалиев үчүн баланын ролу дебюттук болгон. Бир жылдан кийин "Биздин үмүттөрдүн куштары" фильминде Тимурдун ролун аткарган

Көк бөрүнүн атасы

КРдин эл артисти 1996-жылы тай казанды ойлоп таап, көк бөрүнүн жалпы эрежесин иштеп чыгып, спорттун бул түрүнүн эл арасында кеңири жайылышына шарт түзүлгөн. 

Ошол жылдары Шамшиевдин жанында жүрүп, улуттук спорт боюнча алгачкы мелдештерди уюштуруп калган Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучу Мурат Азарматовдун айтымында, режиссёрду "көк бөрүнүн атасы" деп койсок болот.  

Третье место заняла команда по кок-бору Таласской области
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
КРдин эл артисти Болот Шамшиев 1996-жылы тай казанды ойлоп таап, көк бөрүнүн жалпы эрежесин иштеп чыгып, спорттун бул түрүнүн эл арасында кеңири жайылышына шарт түзүлгөн 
"Кыргыздын улуттук оюндарынын өнүгүүсүнө Болот Шамшиевдин эмгеги зор. Ал биринчилерден болуп оюнга калыстык кылып, эрежени иштеп чыгып, биз менен чогуу ойноп, көк бөрүнү жолго салган. Ат майданда бозала чаң болуп командадагы оюнчулардын санын, борбордук айлампа, сырткы чийиндерди иштеп чыгып, оюнчулардын коопсуздугун эске алган тартиптерди киргизген. Себеби ага чейин оюн талаасынын ортосуна ташталган улакты көздөй эки командынын төрт-бештен оюнчусу эки жактан атты катуу чаап келип талашчу. Минген аттар бири-бири менен сүзүшүп, спортчулар оор жаракат алып калуу тобокелчилиги бар болчу. Мындан сырткары, ага чейин тай казаны жок эле ойноп спортчулар талашып-тартышып, чырдашып эле отурчубуз. Тай казан киргенде оюн кыйла кызыктуу болуп, беттештин кульминациялык бөлүгүнө айланды. Ошонун аркасында бизге Казакстандан бери улакчылар келе баштаган. Анын жасаган ишин эл, улакчылар эч качан унутпайт, көк бөрүнүн атасы аталып кала берет", — деди Азарматов.

2001-жылы киночунун демилгеси менен Бишкекте Эл аралык көк бөрү федерациясы негизделип, анын курамына Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттери кирип, "Көк бөрү" деген аталыш эл аралык термин катары кабыл алынган. 

Чингиз Айтматов и Болот Шамшиев
© Sputnik / Фред Гринберг
Союз тарагандан кийин режиссёрдун башка тасмалардын үстүнөн иштеген, бирок түрдүү себептерден улам аларды тартууга мүмкүнчүлүк болбой, КРдин эл артисти жалпы 30 жылдай режиссёрлук кесибин аркалай албай калган

Кагазда калган пьеса, сценарийлер

Союз тарагандан кийин режиссёрдун башка тасмалардын үстүнөн иштеген, бирок түрдүү себептерден улам аларды тартууга мүмкүнчүлүк болбой, КРдин эл артисти жалпы 30 жылдай режиссёрлук кесибин аркалай албай калган.

Болот Шамшиевдин уулу Чыңгыз Шамшиев атасы 2000-жылдардын башынан баштап көбүнчө сценарий жазуу менен алпурушканын айтып берди.

"Атам 2000-жылдары көп күчүн сценарий жазууга жумшап, киноповесть, киноромандарды кагаз бетине түшүрүп гана тим болбостон, аны андан ары тасма кылып көрүүчүлөргө сунуштоо ниети да бар эле. Азыр "Эсимде" жана "Баатыр жүрөк Кааба" китептери гана чыкты. Атамдын алдыда элге сунуштай турган адабий мурастары толтура, буюрса аларды калайык калкка жеткирүүгө аракет кылабыз", — деди Шамшиев.

Ал, андан сырткары, СССРдин эл артистинин калемине таандык "Курманбек" пьесасы жазылып бүтүп, сахнага коюлбай калганын баса белгиледи. 

Во время перерыва между съемками
© Фото / Александр Федоров
Болот Шамшиев өмүрүнүн аягына чейин "Манас" эпосу жөнүндө тасма тартууну эңсеп, узак убакыт каржы булактарын издеп, долбоор жазып мыкты кинокартинаны көрүүчүлөргө сунуштоого аракет кылган

Ишке ашпай калган ири долбоор жана изилдөөлөр

Болот Шамшиев өмүрүнүн аягына чейин "Манас" эпосу жөнүндө тасма тартууну эңсеп, узак убакыт каржы булактарын издеп, долбоор жазып мыкты кинокартинаны көрүүчүлөргө сунуштоого аракет кылган.

"Атам эгемендүүлүк жылдары "Манас" жөнүндө тасма тартууга көп аракет кылып Кыргызстанда, чет өлкөдө акча издеп жүрдү. Узак жылдар бою ошол кыялы менен жашады. Манас жөнүндө кинокартинанын беш миллион долларга эмес, дүйнөнү дүңгүрөткүдөй кылып 100 миллион долларга тартуу зарыл деп, "бул вазийпаны тарыхты, эпосту билбеген бирөөгө табыштап, элди уят кылбаш керек" дечү", — деп кошумчалады Чыңгыз Шамшиев.

II жана III даражадагы "Манас" орденинин ээси чыгармачылыгында катуу изденип, күндөп архивде отуруп, чыгармасындагы каармандарына тиешелүү адамдарды алыскы айылга чейин издеп барчу.

291
Белгилер:
чыгармачылык, өмүр, Болот Шамшиев, режиссер, Кыргызстан
Тема боюнча
Шамшиев менен Темировага котормочу болгон Чокморов. Таберик сүрөт
Шамшиевдердин үч мууну: акын, режиссер, экономист. 32 жыл мурунку таберик сүрөт
Үйү, автоунаасы өрттөнүп кеткен. Болот Шамшиев тууралуу 7 факты
Кинокартинанын режиссерлору Дастан Жапар уулу

"Акыркы көч" Дакка эл аралык кинофестивалында эң мыкты тасма деп аталды

119
(жаңыланган 18:56 25.01.2021)
Фестиваль 16-24-январь күндөрү Бангладеште өтүп, анда 73 мамлекеттен 226 тасма көрсөтүлгөнү айтылат.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Бангладеште өткөрүлгөн Дакка XIX эл аралык кинофестивалында (Dhaka lnternational Film Festival (DlFF) "Акыркы көч" киносу "Эң мыкты тасма" деп аталды. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган фестиваль 16-24-январь күндөрү өтүп, анда 73 мамлекеттен 226 кино көрсөтүлгөнү айтылат.

Кинокартинанын режиссерлору - Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу. Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынан "Билимкана" фондунун колдоосу менен тартылган.

Фильмде Марат Алышпаев, Шайыр Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Усенова, Өмүрзак Токтомуратов сыяктуу көрүнүктүү актёрлор роль жараткан.

"Акыркы көч" кинокартинасы 2020-жылы Таллинде өткөн "Темные ночи" кинофестивалына да катышып, тасманын дүйнөлүк премьерасы Эстонияда болгон.

119
Белгилер:
мыкты, кинофестиваль, Кыргызстан
Тема боюнча
Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы Россияда эки сыйлыкка татыды
Филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев жана Кусейин Карасаев изилдөөчү Алихан Ибраимов

Сүйүктүүсүнө Аалы Токомбаев менен Ташым Байжиев ашык болгон. Карасаев тууралуу маек

444
(жаңыланган 21:04 24.01.2021)
Быйыл белгилүү окумуштуу, кыргыз совет тилчиси, улуттук туңгуч лексикограф жана лексиколог, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз УИАсынын ардактуу академиги Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгы өткөрүлүүдө.

Ушуга байланыштуу Sputnik агенттиги КРдин УИАнын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору, профессор, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жетекчиси Сыртбай Мусаев жана Эл аралык медициналык университетинин Коомдук саламаттык жана саламаттык сактоо кафедрасынын башчысы, Кусейин Карасаев изилдөөчү Алихан Ибраимов менен маектешти.

— Кусейин Карасаев кандай адам эле?

Член-корреспондент НАН КР, доктор филологических наук, профессор Сыртбай Мусаев во время беседы в пресс-центре Sputnik
© Sputnik / Асель Сыдыкова
"Кыргыз илимине аралашкан жолумда үч адамды улуу деп эсептейм. Алардын бири Кусейин Карасаев, - дейт КРдин УИАнын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору, профессор, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жетекчиси Сыртбай Мусаев.

Сыртбай Мусаев: — Кыргыз илимине аралашкан жолумда үч адамды улуу деп эсептейм. Алар кыргыз элинин илимдүү, билимдүү болуп сабатынын ачылышына кам көргөн Ишенаалы Арабаев, Касым Тыныстанов жана Кусейин Карасаев. Тагдырыма ыраазымын, ушул үч адам жөнүндө изилдөө жүргүзүп, кийин үчөөнүн ысымын алып жүргөн университеттерде эмгектендим. Касым Тыныстанов атындагы ЫМУда иштеп калдым. Кийин Бишкек гуманитардык университетине ректор болуп келип, Кусейин Карасаевдин ысымын ыйгарганбыз. Ал кезде жубайы Айша Карасаеванын көзү тирүү болчу. Ал кишинин "атаң дагы, мен дагы эки дүйнө ыраазыбыз" деп айткан сөзү азыр да эсимде. Ал эми учурда Ишенаалы Арабаев атындагы университетте да эмгектендим.  Бул үчөөнүн кыргыз элине жүргүзгөн агартуучулук иши эбегейсиз. Ошондуктан бул жактарда иштегеним мен үчүн чоң бакыт деп билем.

Ал эми Кусейин Карасаев менен ата-баладай болуп жүрүп, ал кишинин үйүндө көп жолу конокто болдум. Сөздүн гүлүн терип, макалдатып сүйлөгөн чечен киши болчу. Башкалардан да ушуну талап кылар эле. Карасаев менен баарлашып отурганда жан дүйнөңдө сергүү, тазаруу пайда болор эле. Мулуң-мулуң этип, каткырып күлүп койчу. Азыркы "Океан" деген жерде турчу. Конокко барганда жубайы Айша апа дароо дасторконун жая салчу.

— Балалыгы кайда, кайсы учурда, кандай өткөн экен?

Заведующий кафедрой общественного здоровья и здравоохранения международного медицинского университета, исследователь жизни Кусейна Карасаева Алихан Ибраимов
© Sputnik / Асель Сыдыкова
"Кусейин Карасаев атабыз өзү жөнүндө "Кусейин наама" деп китеп жазып калтырып кеткен. Анда өмүр баяны, башынан өткөн окуяларды сүрөттөгөн, - дейт Эл аралык медициналык университетинин Коомдук саламаттык жана саламаттык сактоо кафедрасынын башчысы, Кусейин Карасаев изилдөөчү Алихан Ибраимов.

Алихан Ибраимов: — Тилекке каршы, ал кишини көрүү мүмкүнчүлүгү менде болгон жок, бирок анын китептери, замандаштары жана кызы Алтынай Карасаева менен кесиптеш болуп калганыма байланыштуу жакындан билип калдым. Кусейин атабыз өзү жөнүндө "Кусейин наама" деп китеп жазып калтырып кеткен. Анда өмүр баяны, башынан өткөн окуяларды сүрөттөгөн. Ошондо баяндалгандай, балалыгы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Токтоян айылында өткөн. Алгач айылдык молдодон билим алып, ошондон улам фарс, араб тилдерин жакшы билип, сөздүктөрү пайда болуп жатат да.

— Туулган жылы боюнча тактай кетеличи. Ар кандай булактарда 1901-жылдан 1905-жылга чейинки убакытты көрсөтүшүүдө. Аныгы кайсы жылы төрөлгөн?

С.М.: — Ысык-Көл университетинин түзүлгөнүнүн 60 жылдыгында "Акыркы могикандардын маеги" деп Касым Тыныстанов менен Кусейин Карасаевдин баарлашуусун сахналаштырдык. Ошондо туулган жылын тактоого туура келди. Байбичеси Айша апа 1901-жылы 5-январда туулганын айтты.

А.И.: — Кусейин атанын китебинде, Айша апанын да эскерүү китебинде дал ушул дата көрсөтүлгөн. Жогоруда айтылып кеткендей, ар кандай даталар жазылып калгандыктан кызы Алтынай Карасаевадан дагы тактап сурагам. Ал кишинин айтымында, ошол убакытта туулгандыгы тууралуу күбөлүктөргө туулгандыгы жазылчу эмес экен. Ошондуктан Кусейин ата өзү 1901-жыл 5-январь деп жаздырып алган экен.

Профессор Сыртбай Мусаев и исследователь жизни Кусейна Карасаева Алихан Ибраимов в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев жана Кусейин Карасаев изилдөөчү Алихан Ибраимов

— Адамды балалыкка утурлай эле сүйүү коштойт эмеспи. Жогоруда Айша Карасаева тууралуу дагы көп сөз кылдык. Бул киши дагы белгилүү окумуштуу болгон экен...

С.М.: — Сүйүү баянына келсек ар кандай кептер айтылат. Анан эми азыр айта берсек болот. Анткени сүйүү деген ушундай да. Айша Карасаева кыргыздын мыкты кыздарынын бири эле. Алгачкы "Чүмбөттүү араба" деген тасмага тартылган актриса. Экөөнүн курагындагы айырмачылык 10 жаш болчу. Аны белгилүү жазуучубуз Аалы Токомбаев дагы жакшы көргөн экен. Экөө Айша апаны талашып, нике кайып буюруп Кусейин Карасаевге турмушка чыгып калган. Экөө үч кыздуу болушкан. Жубайын абдан сыйлап, урматтаган. Негизи үч кызды тарбиялап өстүргөн ата дагы, эне дагы абдан бактылуу жандар. Мына менин да үч кызым бар. Анан "бардык жагынан сизден үлгү алып жатам" деп Кусейин ата менен тамашалашып калчумун.

А. И.: — Ошол Айша апага ашык болгондордун катарында Ташым Байжиев дагы болгон экен.

— Ал киши дагы айтылуу окумуштуу болгон да. Боюнда бар кезинде стенограмаларды жазган делет. Чынбы?

С.М.: — Ооба, бул чын. Айша Карасаеванын "Кыргыз стенограммасы" деген китеби бар. Ал стенограмачыларды окутуп да жүрдү. Батма Кебекова деген окумуштуу бар эле. Ошол киши Айша апа окуткан деп стенограмма менен жазчу. Азыр болсо бул нерселер окулбай, каралбай калды.

Книги о Кусейине Карасаеве в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Белгилүү окумуштуу, кыргыз совет тилчиси, улуттук туңгуч лексикограф жана лексиколог Кусейин Карасаев жөнүндө китептер

— Кусейин Карсаевдин мүнөзүнө таандык сапаттардан атап өтсөңүз?

С.М.: — Бул киши өтө сак болуп, сөзүнөн, кебинен жаңылчу эмес. Буга, жеке баамымда, анын турмуштан көп запкы тартып калганы себеп болуш керек. Мисалы, 1933-жылы партиядан чыгарылып, үч ай камалып, акталып чыккан. Кийин 1948-жылдары "Манас" эпосуна байланыштуу партиядан чыгарылып, үйдө отуруп калган. 1936-жылы сөздүк түзсүн деп Москвага чакырылган. Үй-бүлөсү менен барып, ал жакта эмгектенип жүргөндө Касыкем (Касым Тыныстанов — ред. ) 1937-жылы камалып, анын жакыны, санаалашы катары сөздүк түзүүдөн чыгарылган. Сөзүнө сак болуп калганы ушундан улам болсо керек.

— Касым Тыныстанов экөө кандайча кездешип калышкан экен?

С.М.: —  Карасаев өзү бардар үй-бүлөнүн баласы болгон. Анын атасы мал-жандуу киши экен. Үркүндө Кытайга чейин барып келген. Ал жакка  Тыныстанов дагы барган. Бирок экөө бири-бири тууралуу айткандары, кезикендери тууралуу көп маалымат жок. Экөө тең орус-тузем мектебинде окуп, орус тилин жакшы билип калышкан. Андан сырткары, Ленинградга чейин барып окуган. 1923-жылдары Тыныстанов Ташкентте окуп жүргөн кезинде ооруп калып, Караколго келген. Ошол жаткан Сыдык Карачевдин үйүндө кездешсе керек деп ойлойм. Анан аларга Касыкем сунуштап, Токо Абдырахманов, Жапар Шүкүров, Баялы Исакеев, Базаркул Данияров, булардын баары ошол жактан билим алышкан да.

А. И.: — Ооба бул дал ушундай агай, бул тууралуу өзү жөнүндө эскерүүлөрүндө кеңири жазылган. Экөөнү Ташым Байжиев тааныштырып, Касым Тыныстанов Кусейин Карасаевге Ташкентке барып окууну сунуштаган экен.

Профессор Сыртбай Мусаев и исследователь жизни Кусейна Карасаева Алихан Ибраимов в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев жана Кусейин Карасаев изилдөөчү Алихан Ибраимов

— Чогуу жүрүп калган экенсиз. Кусейин Карасаев менен болгон кызыктуу окуялардан айтып бербейсизби?

С.М.: — Жогоруда буларга карата куугунтуктар болгонун учкай айтып өттүм. Ал учурда эми заман ошондой болгон да. 1985-жылы Ишенаалы Арабаевдин, Касым Тыныстановдун атын айтууга мүмкүн эмес болчу. Ошондо тилдик материалдын негизинде доклад жасап, эң биринчилерден болуп ушулардын ысымын айтып чыккам. Ошол докладдан кийин ата мени чакырып, чай ичип болгон соң "академияда сөз сүйлөптүрсүң го" деди. Болгонун болгондой айтып бердим. Анан Кусейин ата: "Балам, сен эми жашсың, сак бол. Алардын аты далай кишини көмөлөтө чапкан", - деди. Бир дагы ат, фамилияны айткан жок. Сөзгө сак деп жатканым ошондон улам.

Чыгып жатканда машинкага басылган 800-900 беттен турган китебинин төртүнчү көчүрмөсүн берди. Ал кезде башка нускасы көп болсун деп атайын кагаз (аны эл жөнөкөйлөштүрүп кара кагаз деп атап алганбыз) коюлуп печать терилчү. Анан улам кийинки көчүрмөсү начар көрүнүп, төртүнчүсү араң эле окулуп калыптыр. Берип жатып: "Биринчиси өзүмдө, экинчисин Салижан Жигитовго бердим. Төртүнчүсүн көзүң курч деп сага берип жатам", - деди. Окуп 10 күндөн кийин келип: "Майда-чүйдө нерселерди жаза берипсиз. Үч доорду жашадыңыз, Кыргыз мамлекетинин түзүлүшүн, интеллигенциянын ортосундагы оош-кыйыштарды, көрө албастыктарды көрдүңүз. Эмнеге ошолорду жазган жоксуз? Эмнеге Аалы менен Түгөлбайдын чатагын жазган жоксуз" , - дедим. Ошондо: "Муну кара, акыл үйрөтүп жатканын. Аны силер жазгыла. Сен даярданып жүрөсүң, сен жазасың", - деп колун силкип койду. Болбогон нерселерди жаза берипсиз деген сөзгө ачууланса керек. Бул мен үчүн абдан чоң сабак болгон.

444
Белгилер:
Кусейин Карасаев, маек, Окумуштуулар
Тема боюнча
Далай ажалдан калган тилчи. Окумуштуу Кусеин Карасаев тууралуу 9 факты
Жолдошунун алмаштыргыс редактору болгон. Айша Карасаева жөнүндө 6 факты
 Беш-алты айдан бери маянасын толук ала албай келген жолчулар бүгүн Транспорт жана жолдор министрлигинин алдына митингге чыгышты

Айлыгын ала албай жүргөн жолчулар Бишкекке келип митингге чыгышты. Сүрөт

0
Өлкөнүн ар аймагынан келген 60ка чукул жол кызматкери чогулуп, эмгек акыларын өз убагында беришин талап кылып жатышат.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Беш-алты айдан бери маянасын толук ала албай келген жолчулар бүгүн Транспорт жана жолдор министрлигинин алдына митингге чыгышты.

  • Митинг сотрудников Минтранса в Бишкеке, с требованием выдачи зарплаты
    Беш-алты айдан бери маянасын толук ала албай келген жолчулар бүгүн Транспорт жана жолдор министрлигинин алдына митингге чыгышты
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Митинг сотрудников Минтранса в Бишкеке, с требованием выдачи зарплаты
    Өлкөнүн ар аймагынан келген 60ка чукул жол кызматкери чогулуп, эмгек акыларын өз убагында беришин талап кылып жатат
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Митинг сотрудников Минтранса в Бишкеке, с требованием выдачи зарплаты
    Алар сентябрдан бери айлык толук төлөнбөй 2000-3000 сомдон гана берилип жатканына нааразы.
    © Sputnik / Эркин Садыков
1 / 3
© Sputnik / Эркин Садыков
Беш-алты айдан бери маянасын толук ала албай келген жолчулар бүгүн Транспорт жана жолдор министрлигинин алдына митингге чыгышты

Өлкөнүн ар аймагынан келген 60ка чукул жол кызматкери чогулуп, эмгек акыларын өз убагында беришин талап кылып жатат. Алар сентябрдан бери айлык толук төлөнбөй 2000-3000 сомдон гана берилип жатканына нааразы. Маселени аймактагы жетекчилер чече албагандыктан министрликке келүүгө аргасыз болгонун айтышты. Алардын бири Нарындын Ат-Башы районунда жол тазалап иштеген Жаңыбай Кенжебаев.

"Акыры айлабыз кеткенде үнүбүздү чоңдорго жеткирели деп Бишкекке келдик. Жеке мен декабрдан бери айлык ала элекмин. Эмгек өргүүгө чыксак, аны да төлөп беришкен жок. Биз аба ырайы кандай болгонуна карабай жолдо иштеп, бирок акыбызды ала албай чуркап жүрөбүз. Ал эми кышкысын жылуу, жайында көлөкөдө отурган мекеме кызматкерлери убагынан кечиктирбей алууда", — деди Кенжебаев.

Чогулган жолчулардын алдына Жол чарба департаментинин директорунун орун басары Жумаш Сооданбаев чыкты. Ал январдын айлыгы толук төлөнөрүн, ал эми февралда мурдагы карыздары кошулуп берилерин убадалады.

0
Белгилер:
Бишкек, кызмат, маяна, митинг
Тема боюнча
Хан сарай, бодо мал... Министрликтин өкүлү мыйзамсыз байыган деп кармалды
Иш таштаган маршрутка айдоочулары. Үч компанияга эскертүү берилди