2021-жылы "Оскар" сыйлыгын алышы ыктымал деген 10 мыкты тасма

© AFP / GABRIEL BOUYS Премия Оскар
Премия Оскар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Беларусь агенттиги 2021-жылы "Оскар" сыйлыгына татыктуу делген жана көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк таба турган 10 тасманы топтоду.
Коронавирус пандемиясынан улам кино сүйүүчүлөр "Оскар" сыйлыгын чыдамсыздык менен күтүүдө. Быйыл бул азем 25-апрелде өтө турганы маалым болду. Бирок номинанттардын тизмеси марттын ортосунда эле белгилүү боло турганы айтылды.
Ага чейин Sputnik Беларусь агенттиги сыйлыкка татыктуу делген 10 мыкты тасманы топтогон. Алардын трейлерлерин төмөндө көрө аласыздар.
"Земля кочевников"
Бул тасма үй-жайынан, жумушунан кол жууп, ар кайсы жерде тентип иштеп калган аялдын турмушун сүрөттөйт. Башкы ролду Фрэнсис Макдорманд ойногон.
"Манк"
Голливуддун белгилүү сценаристи тууралуу Дэвид Финчердин эмгеги. Анда башкы каармандардын ролун Гэри Олдман жана Аманда Сейфрид аткарышкан. Ал эми фильмдин сценарийин режиссердун каза болгон атасы Жек жазган.
"Одна ночь в Майами"
Фильмде 1964-жылкы окуя баяндалат. Анда башкы каарман бокс боюнча дүйнө чемпиону наамын алат. Башкалар жеңишти майрамдап жаткан учурда ал расалык бөлүнүүнүн айынан түндү достору менен мейманканада өткөрөт.
"Суд над чикагской семеркой"
Бул — драма жанрындагы тасма. Фильм Вьетнамдагы согушка жана көчөдөгү башаламандыкка тиешеси бар делип соттолгон топ жөнүндөгү реалдуу окуянын негизинде тартылган.
"Минари"
Фильмде айыл турмушуна байыр алгысы келген корей-америкалыктардын үй-бүлөсүнүн күнүмдүк жашоосу баяндалат.
"Фрагменты женщины"
Кинокартина төрөтү трагедияга айланган аялдын жашоосун сүрөттөйт. Башкы каарман ымыркайынан ажырагандан кийин көпкө чейин өзүнө келе албай кыйналат. Бирок кадимки жашоого кайтууга аракет кылып, буга апасы менен жолдошу жардам берет.
"Отец"
Бул тасма улгайган жалгыз кишинин жашоосун жана анын кызы менен болгон мамилесин баяндайт.
"Новости со всего света"
Аталган фильмде башкы каармандын образын Том Хэнкс аткарат. Тасма талаадан кыз таап алып аны үй-бүлөсүнө кайтарып берүүгө аракет кылган жесил эркек жөнүндө тартылган.
"Пятеро одной крови"
Вьетнам согушунунун ардагерлери тууралуу боевик жанрындагы тасма. Анда солдаттар командиринин сөөгүн издеп таап, аны жерге көмүү үчүн согуш болгон жерге көп жыл өткөндөн кийин барышат.
"Аммонит"
Кинокартинада сүйүшкөндөрдүн образын Кейт Уинслет менен Сирши Ронан аткарышкан. Өткөн кылымды эске салган жасалга, классикалык музыка жана толкунданткан кадрлар көпчүлүктү көңүл кош калтырбайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0