"Үйүм жок болсо кайда барам". Чокморовду ээрчиген Темированын таберик сүрөтү

424
(жаңыланган 23:19 20.01.2021)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
Үйүм жок болсо кайда барам! Чокморовду ээрчиген Темированын таберик сүрөтү
© Sputnik / РИА Новости

КРдин эл артисти, белгилүү актриса Айтурган Темирова менен СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтү 1972-жылы тартылган.

Ал жылы СССРдин жана КРдин эл артисти, белгилүү режиссёр Болот Шамшиев советтик жазуучу Александр Сытиндин "Тянь-Шандын аткезчилери" романынын негизинде "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасын тарта баштаган. Кинокартинада актриса Каличанын, актёр Карабалтанын ролун аткарган.

Ошол учурду Айтурган Темирова мындайча эскерет:

"Сүрөттөгү кадр "үйүм жок болсо кайда барам" деп Карабалтаны ээрчиген эпизод. Аны аткаруу мен үчүн абдан оор болгон. Сүймөнкул Чокморов менен ошол кинофильмде таанышкам. Ал ага чейин "Караш-Караш окуясына" тартылып атактуу болуп калгандыктан мага жол көрсөтүп, акыл-насаатын айтчу. Мен мектепте окуп жүрүп сынактан капысынан эле өтүп кетип, кинодогу алгачкы ролум эле. Ал кезде кинематографияны анча деле түшүнчү эмесмин, киного тартылуу кыялым дагы жок болчу. Иш маалында кыйынчылыктар болбой койгон эмес. Союз маалында сценарийлер орус тилинде гана жазылып, режиссёр орусча сүйлөйт. Тил билбегендиктен киночулар которуп берип, мен аны кыргызча жаттап алып тартылгам. Азыр ошол кезеңди эстесем, түшүмдө болгондой эле сезилет. Көрүүчүлөргө сунушталган соң мектептин артисти, жылдызы болуп кеткем. "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" фильми менин тагдырымды чечкен тасма деп айтсам болот. Анткени анын аркасы менен Болотко жолугуп, кийин жакшы мамиледе болуп үй-бүлө куруп, кино тармагына байланып калгам", — деди Темирова.

Ошондой эле ал кинофильмде Советбек Жумадылов, Борис Химичев, Алиман Жанкорозова, Амина Өмүрзакова, латыш актрисасы Гунта Виркова, казакстандык Елүбай Умурзаков, Арстанбек Ирсалиев, Чоро Думанаев, Абды Ибраимов, Ахмед Шамиев, Марклен Ибраев, Бакы Өмүркулов, Зуура Соронбаева, Мукан Рыскулбеков да роль жараткан.

"Ысык-Көлдүн кызгалдактары" 1973-жылы Страсбург шаарында эл аралык фестивалда атайын сыйлыкка ээ болуп, Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда Чокморов эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн диплом жана премияга татыган.

Тасмадагы кызыктуу ирмемдерди Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрсөңүз болот.

424
Белгилер:
таберик сүрөт, "Ысык-Көлдүн кызгалдактарындагы" тасмасы, Айтурган Темирова, Сүймөнкул Чокморов, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (139)
Тема боюнча
Айтматовду вокзалдан узатып-тосуп алган Океев менен Шамшиев. Таберик сүрөт
Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй!.. Шамшиевдин тасмасындагы таберик сүрөт
Кан кеткенде Орозбек Кутманалиев ыйлап жиберген. "Ак кемедеги" таберик сүрөт
Шамшиев менен Темировага котормочу болгон Чокморов. Таберик сүрөт
Маданияттын мыкты кызматкери, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси, акын Акбар Кубанычбеков

Кубанычбеков: адабиятчылар аймактарды аралап элге көп чыгышы керек

47
(жаңыланган 14:36 05.03.2021)
Маданияттын мыкты кызматкери, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси, акын Акбар Кубанычбеков учурда поэзия тармагы өнүгүүгө багыт алып жатканын белгиледи.
Кубанычбеков: адабиятчылар аймактарды аралап элге көп чыгышы керек

Адабиятчылар маданий ротацияга муктаж болуп турат. Өзгөчө, акындар аймактарды кыдырып, чыгармаларын элге жеткирсе жакшы болмок. Мындай пикирин Акбар Кубанычбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чыгармалардын сынга кабылуусу анын окулуп жатканынан кабар берет.

"Поэзия тармагы элдик фольклордон чыныгы жазмага өткөнү жакшы эле өсүш болгон. Андан бери көптөгөн залкар акындар чыгып адабий айдыңда өз ордун ээлеп калды. Ал эми эгемендүүлүккө келе турган болсок, ортодо поэзия каралбай калган. Башкача айтканда, чыгарманын окурманы болуусу шарт. Алар жазуучунун өсүүсүнө түрткү болот. Көз карандысыздыктын алгачкы жылдары китеп окулбай калган. Азыр эми акырындап китепти кубалап окугандар пайда болуп келе жатат. Эгемендүүлүк алгандан бери 30 жыл болду. Бул аралыкта жакшы чыгармалар жазылды. Ошолорду иргеп, тандалмаларды топтоо зарыл. Анан адабий тармак маданий ротацияга муктаж болуп турат. Өз кезегинде Байдылда Сарногоевдин барбаган айылы калбаптыр. Азыр деле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан акындарга аймактарды кыдыруу боюнча демилгеленсе, чыгармалар элге жетет эле", — деди Кубанычбеков.

Акын учурда жазылып жаткан чыгармалардын сапаты көбүнесе орто заар болуп жатканын кошумчалады.

47
Белгилер:
маданият, ротация, адабият, Акбар Кубанычбеков
Тема боюнча
Эгембердиева: аялзатынын адабиятка келишин жигиттер өздөрү шарттаган
Манасчы Дөөлөт Сыдыков. Архив

Сыдыков: калпакты кезегинде дүйнө эли таажы катары кабыл алган

31
(жаңыланган 13:58 05.03.2021)
Манасчы Дөөлөт Сыдыков кыргыз эли эзелтеден баш кийимди барктап, жаман же ылдый жерге койбой, боз үйгө киргенде кереге, уукка кыстарып коюшканын айтты.
Сыдыков: калпакты кезегинде дүйнө эли таажы катары кабыл алган

Чындыгында чет элдик адамдар кыргыздын калпагына кызыгып, суктанат. Илгери кырк уруу болуп көчүп-конуп, ар элге аралашып жүргөндө кийип жүргөн калпагынан улам кыргыз экени таанылган. Ар кандай чабуул, согуш болгондо башында калпагы бар адамдар бир атанын балдарыбыз деп бири-бирине тийген эмес. Бул тууралуу Дөөлөт Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айрым учурда адамдар өзүнүн уруусунун эн тамгасын түшүрүп кийишкен.

"Калпактын философиясын ар ким ар кандай чечмелеп келет. Алсак, төбөсүндөгү чачыгы кыркылып, кырк уруунун ынтымагын, биримдигин билдирген. Өңү ак мөңгү Ала-Тоого, жээгиндеги кара кыргагы тоонун айланасына конгон элге салыштырылган. Баш кийим төрт тилкеге бөлүнүп, аны төрт тарабың кыбыла деп түшүндүрүшкөн. Калпак Манаста өтө жогору бааланган баш кийим катары айтылат. Улуу Манас, Бакай, Кошой атабыз кийген. Аны дүйнө эли таажы катары кабыл алган. Баш кийимдин төбөсүн көрсөтпөйт дейт эмеспизби. Ошондуктан кыргыз эч качан эңкейип, жүгүнүп же бирөөгө тизелеп кошомат кылган эмес. Азыр улуттук баш кийим терең изилденип, анын тарыхы тээ илгерки фараондорго чейин жетип жатпайбы", — деди Сыдыков.

Манасчы ушу тапта калпакты барктап, даңазалай албай жатканыбызды кошумчалады.

31
Белгилер:
философия, манасчы, баш кийим, калпак, Дөөлөт Сыдыков
Тема боюнча
Парад, жарманке. Бишкекте Калпак күнүнө карата иш-чара өтөт

Тегеренип тээп, намысын бербей кармашып... Соңку UFC турниринен кызыктуу видео

0
(жаңыланган 16:57 07.03.2021)
UFC уюмунун кезектеги турниринде айрым мушкерлер күтүүсүз жерден чемпион аталса, кээ бири карьерасында биринчи жолу жеңилүү ызасын тартып, дагы бири ишенимдүү түрдө утту.

Эл көптөн күткөн Лас-Вегастагы UFC 259 турнири жыйынтыкталды. Кеченин башкы беттешинде польшалык Ян Блахович жаңы зеландиялык Исраэль Адесаньяны утуп, наамын коргоп калды. Адесанья биринчи жолу утулду (20:1).

Аманда Нуньес азырынча ага татыктуу атаандаш жок экенин тастыктады. Ага караганда бойлуу, сөөк-саактуу келген Меган Андерсон биринчи раундда эле өзүн көрсөтө алган жок.

UFC чемпиону Петр Ян наамын коргогон кармашта атаандашына тыюу салынган соккуну колдонгону үчүн беттештен четтетилип, ордуна америкалык Алджамейн Стерлинг чемпион болду.

Спорттук кечедеги дагы башка кызыктуу учурларды видеодон көрүңүз.

0
Белгилер:
видео, беттешүү, мушкер, Петр Ян, Аманда Нуньес, UFC
Тема боюнча
UFC мушкерлери Нуньес менен Андерсондун көз караштар таймашы. Видео
Спортко кайткыс кылып сабаган! Нуньес Роузини уткан беттеш толугу менен жарыяланды