Модель Саадат Асылбекова Таиланддагы эл аралык сулуулук сынагына катышат. Сүрөт

© Фото / дирекция "Мисс Кыргызстан"Кыргыстандык модель Саадат Асылбекова
Кыргыстандык модель Саадат Асылбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саадат кесипкөй модель, боюнун узундугу 179 сантиметр. Эл аралык таймашка биринчи ирет чыгып жатат.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. 20 жаштагы модель Саадат Асылбекова Кыргызстандын атынан Таиландда өтө турчу Supermodel International — 2021 эл аралык сулуулук сынагына катышат. Бул тууралуу бьюти компаниянын Кыргызстандагы расмий өкүлчүлүгү билдирди.
© Фото / дирекция "Мисс Кыргызстан"Модель Саадат Асылбекова
Модель Саадат Асылбекова - Sputnik Кыргызстан
Модель Саадат Асылбекова
"Кыргызстан сулуусу" улуттук сынагы дирекциясы Supermodel International эл аралык сынагынын расмий өкүлү. Салтка айлангандай эле эл аралык конкурска "Кыргызстан сулуусу" аталган бийкеч катышат. Бирок дирекциянын чечими менен улуттук сынак быйылкыга жылдырылган. Ал арада дирекция эл аралык жарышка катышууга кастинг өткөрүп, натыйжада Саадат Асылбекова жеңип чыкты.
Саадат — кесипкөй модель, боюнун узундугу 179 сантиметр. Борбор калаадагы моделдик агенттиктердин биринде иштейт. Ал алгачкы жолу 2016-жылы "Кыргызстан бикини сулуусу" сынагына катышып, жеңип алган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ssssaadat Asylbekova (@ssssaadat21)

Ал эми эл аралык сынактарда өзүн биринчи ирет сынап жатат.
Өткөн жылы аталган сынакка өлкө атынан Сайкал Токтогулова катышкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ssssaadat Asylbekova (@ssssaadat21)

Supermodel Internatiоnal — он жылдан бери өтүп келген моделдер арасындагы кесипкөй сулуулук сынагы. Ага дүйнөнүн 50гө чукул өлкөсүнөн катышат.
Белгилей кетсек, ушундай эле сынакты Рыскүл Намазбекова дагы өткөрүп келет. Декабрда "Мисс Кыргызстан — 2020" финалы болуп, 20 жаштагы Лаззат Нуркожоева баш байгени алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0