Муратбек Рыскуловду чапканга кол барбай... "Бакайдын жайытындагы" таберик сүрөт

221
(жаңыланган 09:50 28.01.2021)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Бакайдын жайыты тасмасында кадр. Архив
© Фото / Александр Федоров

Кичинекей актер Назирет Дубашев  жана камчы менен "байбичесин" урган СССРдин эл артисти Муратбек Рыскуловдун, башын колу менен калкалап жерде жаткан Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозованын сүрөтү 1966-жылы Суусамыр жайлоосунда тартылган.

Ленинграддагы Киноинженерлер институтунун электротехникалык факультетин бүтүп жаткан жаш режиссер Төлөмүш Океев 1965-жылы дипломдук иши катары "Бакайдын жайыты" тасмасы боюнча иштеп, тартуу иштерин баштаган.

Кинофильмде кичинекей Калыктын образын жараткан Назирет Дубашев ошол учурду мындайча эскерет:

"Кинодо бир нерсени жасалмалоого аракет кылынса шак эле көрүнүп калат. Жылкычы Бакай байбичесин сабап жаткан эпизодду тартуу алдында Алиман эненин чапанынын астына коргоочу каражаттар салынып, Муратбек атанын колуна кайыш эмес, башына жип байланган камчы берилген. Анан ошону менен актрисаны чын эле камчылап, мени боз үйдүн ичине кирип кеткенче түрткөн. Аны биз үч-төрт дубль менен тартканбыз. Андан сырткары, менин аксакалды укурук менен чапкан жерим бар. Режиссер Төлөмүш Океев "ча-а-ап" деп кыйкырат, мен атамдай болгон чоң кишиге кол көтөрө албай, колум барбай койгом. Ошондо Алиман Жангорозова "берчи, мен өзүмдүн өчүмдү алып алайынчы" деп таяк менен бир чапкан. Ал кадрды монтажда мен кылгандай кылып оңдошкон. Эки залкарды атам менен энемдей, алар мени өз баласындай көрүшчү. Негизи андай улуу инсандар менен иштешүү аябай жеңил болчу, боз үйдө чогуу 15 күндөй жашап да калдык. Убагында алар менен бир киного тартылып калганым үчүн сыймыктанам", — деди Дубашев.

"Бакайдын жайыты" 1965-1966-жылдары Суусамыр жайлоосунда тартылып, жылкычы Бакайдын образын Муратбек Рыскулов, Урум апаны ролун Алиман Жангорозова аткарган.

Кинокартина көрсөтүлгөндө чет элдик сынчылар жогору баалап, жаш Океевге бүткүл союздук жана дүйнөлүк атак-даңк алып келген. Мисалы, Италиянын Триест, Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарында, Ленинград жана Душанбедеги эл аралык фестивалдарда абройлуу сыйлыктарга татып, советтик 100 мыкты кинонун катарына кирген.

Аталган эмгектеги сейрек ирмемдерди Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрүүгө болот.

221
Белгилер:
таберик сүрөт, "Бакайдын жайыты" тасмасы, Назирет Дубашев, Алиман Жангорозова, Муратбек Рыскулов, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (148)
Тема боюнча
"Ак кемеде" жашаган Бала. Тасмадагы таберик сүрөт
КТРКнын башкы директорунун радио уктуруулар боюнча орун басары Айбек Мусаев

Мусаев: "Кыргыз радиосунун" 90 жылдыгы мамлекеттик масштабда өтөт

9
(жаңыланган 12:36 14.05.2021)
КТРКнын башкы директорунун радио уктуруулар боюнча орун басары Айбек Мусаев "Кыргыз радиосунун" 90 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүү мерчемделип жатканын маалымдады.

"Кыргыз радиосунун" 90 жылдан бери эфирден жаңырып, коомдун саясий-экономикалык, адабий, маданий жана башка турмушун чагылдырып келет. Уктуруулар атайын архив болуп саналган алтын казынада сакталып турат. Бул тууралуу Айбек Мусаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Мусаев: "Кыргыз радиосунун" 90 жылдыгы мамлекеттик масштабда өтөт

Анын айтымында, интернеттин өнүгүүсү менен радио пассивдүү маалымат каражаты саналганы менен заман талабына жараша ыңгайлашуу мүмкүнчүлүгү бар.

"Өз кезегинде дүйнөдө ыкчам маалымат таратуучу каражат катары радио саналып келсе, учурда салттуу ЖМК катары эсептелет. Радио угармандар маалымат алуучулардын 72 пайызын түзөт деп айтылганы менен учурда башка маалымат каражаттарына караганда пассивдүү болууда. Ошентсе дагы ал өзүнүн салттуу багытын сактап келе жатат. Заманбап техниканын көмөгү менен визуалдашып, интернет аркылуу эфирге чыгып, оперативдүү, ыкчам маалымат таратууга ыңгайлашууда. КТРКнын "Кыргыз радиосу" FM жыштыгынан турган жалгыз радио болгон. 90 жылдан бери коомдун саясий-экономикалык жашоосун, адабият, маданият жана башка элдин турмушун чагылдырып келет. "Кыргыз радиосунун" 90 жылдык мааракеси пандемияга туш келип калды. Ошого карабастан эпидемиологиялык абал жакшырса, күзгө чукул илимий-практикалык конференциялар пландалууда. Ал иш-чара эл аралык деңгээлде болсо деген максаттар бар. Учурда КТРКнын карамагында "Биринчи радио", "Кыргыз радиосу" жана "Миң кыял" болуп, үч түрдүү контенти бар. Кылымга тете убакытта "Кыргыз радиосунун" эфирден кеткен архиви алтын казынасында сакталып турат. Мындан тышкары, "Балдар FM" жана "Достук" деген редакциялар бар болчу. Алардын угармандары азайып, тийиштүү деңгээлде натыйжа бербегендиктен эки радиого чачыратылып, реорганизация жасалган. Мамлекет каржылап, мүмкүндүк түзүлсө балдар үчүн радио түзүү зарылдыгы бар. Учурда "Келечек" деп аталган радионун программалары иштелип чыккан", — деди Мусаев.

Ошондой эле ал радио-спектаклдерди кайрадан жаздыруу жөнгө салына баштаганын кошумчалады.

Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:

9
Белгилер:
маараке, КТРК, радио, Айбек Мусаев
Тема боюнча
Орокчиев: көзү өтүп кеткендердин маегин угуп "бул тирүү экен" дегендер болгон

Өкмөт үйүнүн алдындагы комбайн, тракторлор. Фрунзедеги таберик сүрөт

75
(жаңыланган 13:18 14.05.2021)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Өкмөт үйүнүн алдындагы комбайн, тракторлор. Архив
© Sputnik / Александр Федоров

Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарынын борбордук аянтына тынчтык демонстрациясына чыккан эл менен айыл чарба техникаларынын сүрөтү 1970-жылдары тартылган.

Сүрөттүн автору Александр Федоровдун айтымында, шаар тургундары жыл сайын Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнүндө чогулушчу. Ал жылдары советтик жарандар 1-майда тынчтык демонстрациясына чыгып, 7-ноябрда аскердик техникалардын парады уюштурулуп турчу.

Ошол кезеңди ата мекендик айыл чарба тармагынын ардагери, окумуштуу Жамин Акималиев мындайча эскерет:

"Убагында 1-Май майрамы жалпы элдик, эч кандай саясаты жок майрам эле. Катардагы жумушчу, жарандардан баштап, коммунист, партиянын катарында болбогондор деле катышчу. Ар бир мекеменин жамааты колуна ар кандай чакырыктарды көтөрүп алып, түрдүү ураандарды чакырып шаардын четинен чок ортосуна жетүү үчүн эки-үч саатка чейин жөө басып койчубуз. Ошондо көңүлү ачык, тынчтыкты эңсеген эл көчөгө бала-бакырабыз менен кошо чыкчубуз. Параддарга катышкан айыл чарба техникалары борбор калаанын тегерегиндеги колхоз, совхоздордон атайын айдап келинчү, ал кезде аларда техникалары арбын болчу. Азыр ошондой майрамды аябай сагынам, мамлекет уюштурса экен деп тилейм. Анткени биз колубузга гүл көтөрүп, башкаларды көрүп шыктанып, бир майрамдын алдында биригет элек", — деди Акималиев.

Илимпоз, ошондой эле, көчөгө чыккан эмгекчилердин сап башында СССРдин баатырлары Дайыр Асанов, Калыйнур Үсөнбеков, Социалисттик эмгектин баатыры Керимбүбү Шопокова, СССРдин эл артисти Сайра Кийизбаева, Муратбек Рыскулов жана өндүрүштүн алдыңкылары турганын кошумчалады.

75
Белгилер:
таберик сүрөт, парад, майрам, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (148)
Тема боюнча
Жусуп Мамай, Айтматов, Баекова, Жакиев. "Манас" мааракесинен таберик сүрөт
Согуштун балдары. Океев, Жакиев жана Байжиевдин таберик сүрөтү
Якутияда бугу издеген Болот Шамшиев, Жолон Мамытов, Айтурган Темирова. Таберик сүрөт
UFC мушкери кыргызстандык Антонина Шевченко. Архив

Антонина Шевченко UFC берген 50 миң доллар бонусту кайда коротконун айтты. Видео

0
antonina-shevchenko-ufc-50-min-dollar-bonus-korotuu 15-майда Шевченко UFC уюмундагы алтынчы беттешине чыгат. Ага америкалык мушкер кыз Андреа Ли атаандаш болот.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. UFC мушкери кыргызстандык Антонина Шевченко өткөн беттеште алган бонусун кантип коротконун, кезектеги атаандашы америкалык Андреа Ли менен кантип таанышканын айтып берди. Бул тууралуу спортчу UFC Russia уюмунун YouTube каналына берген маегинде билдирди.

"Алган бонустардын баарын мен учууларга коротуп жатам. Буга чейинки беттештерде алган сый акыларыма мыкты учак сатып алгам. Менин көптөн бери максат кылып жүргөн көксөөм орундалды", — деген ал.

Белгилеп кетсек, Антонина эки ирет, 2019-жылдын августунда жана 2020-жылдын ноябрындагы мелдештерде мыкты кармаш тартуулагандыгы үчүн 50 миң доллардан бонус сый акы алган.

Кыргызстандык мушкер кыз, ошондой эле, учурдагы атаандашы менен кантип таанышып калганын да айткан.

"Биз АКШга көчүп келгенде Хьюстондо жашап калдык. Андреа Ли дагы Техастан болот. Биз анын кикбоксинг боюнча беттешин көргөнбүз. Валентина да ал мелдешке катышкан. Жолукканбыз, сүйлөшкөнбүз, бирок бирге машыккан эмеспиз", — деди Антонина.

Эске сала кетсек, 16-майдын таңында (Бишкек убактысы боюнча) АКШнын Хьюстон шаарында UFC 262 мелдеши өтөт. Анда кыргызстандык Антонина Шевченко промоушендин алкагында алтынчы беттешине чыгып, КГБ каймана аттуу Андреа Ли менен кармашат.

0
Белгилер:
учак, бонус, беттешүү, UFC, Антонина Шевченко
Тема боюнча
Өзү деле билчү... Рамзан Кадыров Хабибди UFC уюмунун долбоору деп атады
Ай-буйга келтирбей... UFC апрелдеги кызыктуу жеңиштердин видеосун чыгарды