ТҮРКСОЙ Миңжылкыев, Шамшиев, Абдыкадыровдун 80 жылдыгын өткөрүүгө көмөктөшөт

© Фото / пресс служба МКИТ КРМинистрдин милдетин аткаруучу Нуржигит Кадырбеков "ТҮРКСОЙ" түрк маданияты уюмунун башкы катчысы Дюсен Касеинов менен жолугушуу учурунда
Министрдин милдетин аткаруучу Нуржигит Кадырбеков ТҮРКСОЙ түрк маданияты уюмунун башкы катчысы Дюсен Касеинов менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият министри Нуржигит Кадырбеков уюмдун башкы катчысы Дюсен Касеиновду кабыл алып, белгилүү өнөр адамдарынын 80-90 жылдыктарын өткөрүүнү талкуулашты.
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. ТҮРКСОЙ эл аралык түрк маданияты уюму Кыргызстандагы бир катар мааракелик иш-чараларды өткөрүүгө көмөктөшөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Министрдин милдетин аткаруучу Нуржигит Кадырбеков уюмдун башкы катчысы Дюсен Касеиновду кабыл алган.
Тараптар Кыргызстанда бир катар иш-чараларды өткөрүүнүн планын талкуулашкан.
"Опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгы, композитор Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгы, кинорежиссёр Болот Шамшиевдин 80 жылдыгы, жазуучу, котормочу Мукагали Макатаевдин 90 жылдыгы сыяктуу мааракелик иш-чараларга маани берилди", — деп айтылат маалыматта.
Өз кезегинде Кадырбеков театрлардын иш-чараларды өткөрүүгө толук даяр экендигин кошумчалаган.
Ошондой эле министр мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0