Кыргызстанда XIX кылымда жашап өткөн Тайлак баатыр (Тайлак Рыскул уулу) туурасында кыска метраждуу фильм тартылып жатат

Тайлак баатыр тууралуу кыска метраждуу фильм тартылууда. Сүрөттөр

(жаңыланган 09:20 03.02.2021)
"Тайлак баатыр" фильми Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрынын артисттеринин катышуусунда экрандаштырылып жатат.

НАРЫН, 2-фев. — Sputnik. Кыргызстанда XIX кылымда жашап өткөн Тайлак баатыр (Тайлак Рыскул уулу) туурасында кыска метраждуу фильм тартылып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

  • На съемках короткометражного фильма про Тайлак баатыра в селе Куртка Нарынской области
    Кыргызстанда XIX кылымда жашап өткөн Тайлак баатыр (Тайлак Рыскул уулу) туурасында кыска метраждуу фильм тартылып жатат
    © Фото / Нарынский областной академический музыкальный драматический театр имени Муратбека Рыскулова
  • На съемках короткометражного фильма про Тайлак баатыра в селе Куртка Нарынской области
    Фильм Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрынын артисттеринин күчү менен экрандаштырылууда
    © Фото / Нарынский областной академический музыкальный драматический театр имени Муратбека Рыскулова
  • На съемках короткометражного фильма про Тайлак баатыра в селе Куртка Нарынской области
    Тасманы тартуу идеясын Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрынын жетекчиси Жолдошбек Жанжигит уулу көтөрүп, сценарийин тарых илимдеринин кандидаты Кайнарбек Бийлибаев экөө жазган
    © Фото / Нарынский областной академический музыкальный драматический театр имени Муратбека Рыскулова
  • На съемках короткометражного фильма про Тайлак баатыра в селе Куртка Нарынской области
    Режиссёру - Медин Учукеев
    © Фото / Нарынский областной академический музыкальный драматический театр имени Муратбека Рыскулова
  • На съемках короткометражного фильма про Тайлак баатыра в селе Куртка Нарынской области
    Тайлак баатырдын 220 жылдыгына карата 2017-жылы бул тарыхый инсан туурасында көркөм фильм маселеси көтөрүлүп, режиссёрго сынак жарыяланган
    © Фото / Нарынский областной академический музыкальный драматический театр имени Муратбека Рыскулова
  • На съемках короткометражного фильма про Тайлак баатыра в селе Куртка Нарынской области
    Тайлак Рыскул уулу азыркы Ак-Талаа жана Тогуз-Торо райондорунун чегинде, Куртка деп аталган аймакта туулуп-жашап өткөн кыргыз элинин баатырларынын бири.
    © Фото / Нарынский областной академический музыкальный драматический театр имени Муратбека Рыскулова
1 / 6
© Фото / Нарынский областной академический музыкальный драматический театр имени Муратбека Рыскулова
Кыргызстанда XIX кылымда жашап өткөн Тайлак баатыр (Тайлак Рыскул уулу) туурасында кыска метраждуу фильм тартылып жатат

Фильм Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрынын артисттеринин күчү менен экрандаштырылууда.

"Тайлак баатырдын ролун актёр Жолдошбек Жанжигитов ойноп жатат. Тартуу иштери 1-февралда "Таш-Рабат" тарыхый комплексинде башталды. Андан соң "Кошой-Коргон" тарыхый аймагында, Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрынын сахнасында эпизоддор тартылат", — деп айтып берген аталган театрдын адабий бөлүм башчысы Гүлнура Акунова.

Тасманы тартуу идеясын Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрынын жетекчиси Жолдошбек Жанжигит уулу көтөрүп, сценарийин тарых илимдеринин кандидаты Кайнарбек Бийлибаев экөө жазган. Режиссёру — Медин Учукеев.

"Тасманын башкы идеясы — элди биримдикке, ынтымакка чакыруу", — деген Акунова.

Акунова кинонун жаралышына жеке ишкер Мирбек Раимов жардам берип жаткандыгын билдирген. Ошондой эле кино кайсы жакта тартылса, ошол айылдын тургундары да көмөк көрсөтүп жатышканын кошумчалаган.

Тайлак баатырдын 220 жылдыгына карата 2017-жылы бул тарыхый инсан туурасында көркөм фильм тартуу маселеси көтөрүлүп, режиссёрго сынак жарыяланган. Бирок эмнегедир ал иш аягына чыкпай токтоп калган.

Торжественное мероприятии, посвященное 220-летию Тайлак баатыра
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Тайлак Рыскул уулу азыркы Ак-Талаа жана Тогуз-Торо райондорунун чегинде, Куртка деп аталган аймакта туулуп-жашап өткөн кыргыз элинин баатырларынын бири. Ал болжол менен 1796-жылдары жарыкка келип, 1838-жылдары дүйнө салган. XIX кылымдын биринчи жарымындагы кыргыз элинин көз карандысыздык үчүн болгон кыймылынын ири ѳкүлү.

Тайлак баатыр жыйырма жылга чукул аскердик жана баатырдык, башчылык турмушунда борбордук Тянь-Шанды жердеп турган кыргыздарды сырткы душмандардын басып алуусунан коргоп келген. Ал кездери ички ыйкы-тыйкы мамилелерден сырткары сырттагы коркунуч — Кокон хандыгы жана Цинь мамлекети бейпил турмуш менен эркиндикти колдон талашып турган.

Тарыхый маалыматтарда, Тайлак баатырдын 1838-жылы 42 жашында Кокон хандыгынын тыңчылары тарабынан жиберилген дервиш кейиптүү тыңчынын уусунан көз жумгандыгы айтылып келет.

Белгилер:
кино, Тайлак баатыр, Нарын облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Иманов: милиция кызматкерлери тууралуу сериал тартып жатабыз
Кыргызстанда алгачкы ирет спорт тууралуу телесериал тартылды
Ошондой сырдашууга жетпей өксүйм го деп ойлой берем. Чыңгыз Шамшиевдин маеги
Tik Tok жана Instagram блогер Ажар Сатарбаева

Селсаяктар менен иштеген Ажар: блогерликтен айына 200 миң сом табам

(жаңыланган 20:51 18.04.2021)
Ажар Сатарбаева үй-жайсыз калган селсаяктарды тамактандырып, кийинтип жасандырган видеолору менен социалдык тармактарда атагы чыккан. Учурда Tik Tok жана Instagram тармагынан айына 200 миң сомдой табарын айтат.

Блогер кыз болгону 18 жашта, учурда Ош шаарында жашайт. Ал окуусун таштап блогер болууну чечкен. Жеке баракчасындагы катталуучулары миллионго жеткенде муктаж үй-бүлөгө батир белек кылуу ниети бар.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы селсаяктарды сулуулап таанымал болгон бийкеч менен маек курду.

— Социалдык тармакта алгач кайсы видеоңуз менен таанымал болдуңуз?

— Көчөдө кайыр сурап отурган байке менен эжени сулуулап көрсөткөн видеом элге көбүрөөк жакты окшойт. Tik Tok тармагында 2 миллион көрүүчү топтоду. Кыргызстанда эле эмес, коңшу өлкөлөрдө да абдан популярдуу болуп кетти. Казакстандан да көп көрүшөт. Алардын блогерлери менен да иштешип турам. Андан сырткары, россиялык көрүүчүлөрүм да бар.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ажар 🦄 (@ajara_alisherovna)

— Селсаяктар менен иштешүү коркунучтуу эмеспи, туугандары көрүп калса маселе жаралбайбы?

— Чындыгында коркунучтуу, чочулайсың. Анткени алар көбүнчө спирт ичимдигин ичип алышат эмеспи. Ошондуктан дайыма жаныма оператор менен кошо досторумду да алып алам. Лөлүлөрдүн айылына барып, аларга шириндиктерди таратканда коопсуздук кызматкерлерин да чакырганбыз. Тилекке каршы, алар келе алышпай, өзүбүз эле барганга туура келген.

Бир байкени жасандырып видеосун чыгаргандан кийин "мен анын кызымын" деп бирөө коркуткан. Көчөгө чыккандан кооптонуп жүргөн күндөр да болду. Кийин ал жоголуп кетти.

Негизи ар кимди өзүнүн уруксаты менен тарткандыктан, эч кандай маселе жаралбашы керек.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ажар 🦄 (@ajara_alisherovna)

— Селсаяктарды видеого түшүп берүүгө кантип көндүрөсүз?

— Алдын ала ар бири менен келишип алам. "Бир эле мен эмес, башкалар да көрүп сиздерге жардамга кол сунушу керек" десем сүйүнүү менен макул болушат. Лөлүлөр менен макулдашуу мен үчүн кыйын болду. Анткени алар көп жана тили да башкача. Анан айыл башчысы менен сүйлөшүп түшүндүрүп, араң тартып келгенбиз.

— Өзүңүз эч жерде иштебесеңиз каражатты кайдан аласыз?

— Башында ата-энемден акча алып жүрдүм. Азыр баракчаларымдан тапканым өзүмө жетет.

Tik Tok и Instagram блогер Ажар Сатарбаева
© Фото / Рамазан Аманов
Блогер Ажар: хайп үчүн темалар аябай көп жана белгилүү болууга эң оңой жол. Бирок мен хайп жок эле өз эмгегим менен көтөрүлгүм келет.

— Эмне себептен үй-жайсыз адамдар менен иштөөнү чечтиңиз?

— Алар жөнөкөй эле тамак-ашты көргөндө, жегенде чоң нерсе бергендей көзүнө жаш келип, аябай кубанышат. Биз барктай албаган нерсеге ушунчалык сүйүнгөнү мага жагымдуу эмоцияларды жаратат. Эгер дагы чоңураак нерсе тартууласа, кандай абалда болушары мага кызык. Ошон үчүн да жардам берүүгө ынтызар болуп турам.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ажар 🦄 (@ajara_alisherovna)

— Сиз кийиндирип, тамактандыргандан кийин аракет кылып өзгөргөндөрү болдубу?

— Кээде аларды көчөдөн көрүп калам. Бир ирет эле жакшы тамактантып, кийиндирип коюу менен өзгөртүү кыйын. Аларга көп адам бир нече жолу көмөктөшүшү керек. Азырынча бирөөсү менен жашоосу өзгөргөнгө чейин алектене элекмин. Буюрса, андай да планым бар.

— Муну хайп үчүн эле тартат дегендерге кандай жооп берер элеңиз?

— Эгерде хайп үчүн тартсам, менин катталуучуларым мындан бир топ эле көп болмок. Анткени хайп үчүн темалар аябай көп жана белгилүү болууга эң оңой жол. Хайп элдин жинине тийген, ызы-чуу жарата турчу нерсе. Ага эмгек кылып деле кереги жок. Мен хайп жок эле өз эмгегим менен жакшы контенттерди, ар кандай идеяларды жаратуу менен көтөрүлгүм келет.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ажар 🦄 (@ajara_alisherovna)

— Tik Tok менен Instagram тармагынан кантип канча каражат табасыз?

— "Иштесең, тиштейсиң" дегендей эле эмгегиңе жараша каражат табасың. Мен 24 саат убактымды ушул нерсе менен өткөрөм десем болот. Эң негизгиси, жакшы видеолордун артынан көрүүчүлөрдү топтоп, жарнама жүктөп, гив уюштуруп жана башка жолдор менен каражат табам. Таң атканча уктабай идеяларды ойлоп, пландаштырып чыккан күндөрүм болот. Кээде жумалап бир контенттин артынан чуркайм. Эс алууга барамбы же башка жаккабы, сөзсүз видео тартып баракчама киргизем. Жадагалса үйгө конок келип бошой албай жатсам да убакыт таап, "сториске" бир нерсе бөлүшөм. Ошолордун натыйжасында айына орто эсеп менен 200 миң сомдой каражат табам.

— Кандай контенттердин үстүндө иштейсиз? Аудиторияңыз үчүн жоопкерчиликти сезесизби?

— Албетте, өзүмө жаккан, ошол эле учурда элге пайдасы бар видеолорду жарыялагым келет. Көбүнчө коопсуздук маселесин да чагылдырган, аялдардын укугун коргоо боюнча видеолорду тартам. Эч качан туура эмес багытка үндөгөн видео жарыялабайм. Аудиторияма жоопкерчиликтүү мамиле жасайм. Мени менен иштешкендер да жоопкерчиликсиз мамиле жасашса уруша кетем.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ажар 🦄 (@ajara_alisherovna)

— Блогерликти кесип катары кабыл аласызбы?

— Менден сурагандарга кесибим блогер деп жооп берем. Башка кесиптердей эле бул тармакка да кызыгасың, өз алдыңча изилдейсиң, тажрыйба топтойсуң. Кээде моралдык жактан чарчап, энергия кетирип негативдерге чыдашың керек болот. Ошондо натыйжа чыгат. Негизи эле 15 секундалык видео тартып чыгарыш да оңой-олтоң иш эмес. Башка блогерлердин негизги кесиби бөлөк, блогерликти кошумча жумуш катары гана кабыл алышат. Мен баарын таштап, атайын ушул тармакта иштейм деп бел байлагам. Мурда бизнес-менеджмент адистигине окуп жаткам, аны сырттан окууга которум салдым. Башында ата-энем каршы болду, аларды да ынандырдым.

Tik Tok и Instagram блогер Ажар Сатарбаева
© Фото / Рамазан Аманов
Блогер Ажар: Чындыгында 18 жашка чыккандан баштап баракчама жазган жигиттердин саны арбыды.

— Ата-энеңиз кантип макул болушту, дегеле алар эмне менен алектенишет?

— Башында аябай эле каршы болушкан. "Баарын жыйыштыр, андан көрө сага өзүбүз башка бизнес ачып берели" деп да жүрүштү. Мага ушул жумушум жагат, өзүм иштеп каражат табам деп көгөрүп туруп алдым. Азыр бир аз түшүнүп калышты, туура эмесин айтып, идеяларын да сунуштап калышат. Алар бизнес менен алек. Ош шаарындагы магазиндерге товар берип иштешет. Мен үйдө улуусумун, эки иним мектеп окуучулары.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ажар 🦄 (@ajara_alisherovna)

— Жаш, сулуу кыздардын артынан чуркаган жигиттер көп болот эмеспи. Жеке жашооңуз тууралуу сурабай койсок окурмандар бизди кечирбейт болуш керек.

— Чындыгында 18 жашка чыккандан баштап баракчама жазган жигиттердин саны арбыды. Аларды такыр ачып окубайм, аябай көп, кантип жетишмек элем (күлүп). Менин кыялымдагы жигит адекваттуу, маданияттуу, максатын так билген жана аракетчил болушу керек. Азыр андай мырзага жолуктум же кезиге элекмин деп айта албайм. Жеке жашоо жеке бойдон калсын дейли...

Белгилер:
Ажар Сатарбаева, социалдык тармак, жумуш, каражат, селсаяк, блогер
Тема боюнча
Короосуна кафелдин 70 түсү менен сүрөт тарткан Бегимгүл. Аксылык кыздын маеги
Менеджер Эсеналиева: ырчылар шарт жок жерде фонограмма менен ырдашы керек
Кирпик жасоодон баштаган бизнесим миллионер кылды. 20 жаштагы Ырыс менен маек
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын чоң сахнасында 20 жылдан ашык убакыттан кийин Ак Мөөр опера-дастаны кайрадан жаңыртылып коюлду

"Ак Мөөр" операсы 20 жылдан кийин кайрадан жаңыртылып коюлду. Сүрөттөр

Ак Мөөрдүн ролун Айзирек Момунова, Болотту Тилек Найманбаев, Жантай ханды Кайымбек Кускаков, Күлүйпаны Гүлнур Ниязбаева аткарган.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын чоң сахнасында 20 жылдан ашык убакыттан кийин "Ак Мөөр" опера-дастаны кайрадан жаңыртылып коюлду. Бул туурасында Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

  • Артисты на сцене Кыргызского национального академического театра оперы и балета им. Малдыбаева во время постановки оперы Ак Моор
    Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын чоң сахнасында 20 жылдан ашык убакыттан кийин "Ак Мөөр" опера-дастаны кайрадан жаңыртылып коюлду
    © Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики
  • Артисты на сцене Кыргызского национального академического театра оперы и балета им. Малдыбаева во время постановки оперы Ак Моор
    Премьерага президенттик аппараттын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, биринчи вице-премьер Артем Новиков, өкмөт мүчөлөрү жана жалпы коомчулук катышкан
    © Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики
  • Артисты на сцене Кыргызского национального академического театра оперы и балета им. Малдыбаева во время постановки оперы Ак Моор
    Опера-дастандын дирижёру КР эл артисти Жумакадыр Каниметов болсо, койгон режиссёру Искендер Сартбаев
    © Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики
  • Артисты на сцене Кыргызского национального академического театра оперы и балета им. Малдыбаева во время постановки оперы Ак Моор
    Ал эми сүрөтчүсү КР эл артисти Маратбек Шарафидинов, балетмейстер-коюучусу Тилек Кийизбаев, хормейстери КР эмгек сиңирген артисти Карагул Тиленчиев
    © Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики
  • Артисты на сцене Кыргызского национального академического театра оперы и балета им. Малдыбаева во время постановки оперы Ак Моор
    Либреттону КР эл акыны Акбар Рыскулов жазган
    © Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики
  • Артисты на сцене Кыргызского национального академического театра оперы и балета им. Малдыбаева во время постановки оперы Ак Моор
    Ак Мөөрдүн ролун Айзирек Момунова, Болотту Тилек Найманбаев, Жантай ханды Кайымбек Кускаков, Күлүйпаны Гүлнур Ниязбаева аткарган.
    © Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики
1 / 6
© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын чоң сахнасында 20 жылдан ашык убакыттан кийин "Ак Мөөр" опера-дастаны кайрадан жаңыртылып коюлду

Премьерага президенттик аппараттын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, биринчи вице-премьер Артем Новиков, өкмөт мүчөлөрү жана жалпы коомчулук катышкан.

Опера-дастандын дирижёру КР эл артисти Жумакадыр Каниметов болсо, койгон режиссёру Искендер Сартбаев. Ал эми сүрөтчүсү КР эл артисти Маратбек Шарафидинов, балетмейстер-коюучусу Тилек Кийизбаев, хормейстери КР эмгек сиңирген артисти Карагул Тиленчиев. Либреттону КР эл акыны Акбар Рыскулов жазган.

Каармандардын формалары жаңыртылып, чыгармачыл курам дагы өзгөртүлгөнү айтылат.

Ак Мөөрдүн ролун Айзирек Момунова, Болотту Тилек Найманбаев, Жантай ханды Кайымбек Кускаков, Күлүйпаны Гүлнур Ниязбаева аткарган.

Министр Кайрат Иманалиев соңунда чыгармачыл жамаатка опера-дастанды жогорку деңгээлде эл алдына алып чыккандыгын өзгөчө белгилеп, ыраазычылык билдирген.

Эске салсак, "Ак Мөөр" опера-дастаны алгачкы жолу кыргыз сахнасында Керим Турапов Болоттун, Эсенбүбү Нурманбетова Ак Мөөрдүн ролун аткарышып элге тартууланган.

Белгилер:
театр, опера, Ак Мөөр
Тема боюнча
Кыргызстандык гимнаст Ташкенттеги эл аралык фестивалда алтын утту. Видео
Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту

Мамытов Санкт-Петербургда мекендештер менен жолукту. Көтөрүлгөн маселелер

Жолугушууга депутаттар Каныбек Иманалиев, Айнуру Алтыбаева жана Жогорку Кеңештин Парламенттик ассамблеядагы өкүлү Нурбек Сатвалдиев катышты.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.

  • Встреча торага Жогорку Кенеша Таланта Мамытова с соотечественниками в Санкт-Петербурге
    Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту
    © Фото / пресс-служба ЖК
  • Торага Жогорку Кенеша Талант Мамытов во время встречи с соотечественниками, проживающими в городе Санкт-Петербург в рамках рабочего визита в РФ
    Жолугушууга депутаттар Каныбек Иманалиев, Айнуру Алтыбаева, ЖКнын КМШ Парламенттер аралык ассамблеясындагы жана ЖККУнун Парламенттик ассамблеясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев катышты
    © Фото / пресс-служба ЖК
  • Торага Жогорку Кенеша Талант Мамытов во время встречи с соотечественниками, проживающими в городе Санкт-Петербург в рамках рабочего визита в РФ
    Мамытов парламенттер аралык ассамблеянын отурумдарында Россиядагы эмгек мигранттарынын турмушун жакшыртуу багытында кабыл алынуучу чараларга өзгөчө көңүл бурулганын белгилеген.
    © Фото / пресс-служба ЖК
1 / 3
© Фото / пресс-служба ЖК
Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту

Жолугушууга депутаттар Каныбек Иманалиев, Айнуру Алтыбаева, ЖКнын КМШ Парламенттер аралык ассамблеясындагы жана ЖККУнун Парламенттик ассамблеясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев катышты.

Мамытов парламенттер аралык ассамблеянын отурумдарында Россиядагы эмгек мигранттарынын турмушун жакшыртуу багытында кабыл алынуучу чараларга өзгөчө көңүл бурулганын белгилеген.

"Төрага каза болгондордун сөөгүн Россиядан Кыргызстанга жеткирүүдөгү кыйынчылыктар, эки өлкө ортосундагы авиабилеттердин кымбаттыгы, "Мекен-карт" системасын киргизүү тууралуу суроолорго жооп берди. Ошондой эле Санкт-Петербургдагы Чыңгыз Айтматов атындагы эс алуу жайын өнүктүрүү, Башкы консулдук ачуу, эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өткөрүү жана билим берүү тармагын жакшыртуу сыяктуу маселелер көтөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуу баарлашуу форматында уланып, катышуучулар мигранттардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча пикирлерин ортого салган.

Белгилей кетсек, Талант Мамытов Санкт-Петербугда өткөн КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясына катышты.

Белгилер:
жолугушуу, мигранттар, жыйын, Санкт-Петербург
Тема боюнча
Мамытов КМШ парламенттерин коркунучтарга каршы биргеликте күрөшүүгө чакырды
Жеңилдиктердин мөөнөтү бүттү. Россиядагы элчилик эмгек мигранттарына кайрылды