Чолпонбек Базарбаевдин уулу Таалай: атам мага баа жеткис мурас калтырып кеткен

© Фото / Сабырбек АйылчиевЧолпонбек Базарбаевдин уулусу Таалай Базарбаев
Чолпонбек Базарбаевдин уулусу Таалай Базарбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2021
Жазылуу
Бүгүн СССРдин эл артисти, белгилүү балетмейстер Чолпонбек Базарбаевдин туулган күнү. Кыргыз балетин дүйнө жүзүнө тааныткан инсандын көзү тирүү болгондо быйыл 72 жашка толмок.
Чолпонбек Базарбаев А. Адандын "Жизель" балетинде Альберттин, П.Чайковскийдин "Ак куу көлү" балетинде Зигфриддин, А.Хачатуряндын "Спартак" балетинде Спартактын, Ф.Шопендин "Шопенианасында" Жигиттин ролун ойноп, образдарды мыкты ачып берген.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Чолпонбек Базарбаевдин уулу Таалай Базарбаев менен биргеликте бир кезде СССРди эле эмес, дүйнөнү дүңгүрөткөн талант, уулдары үчүн жөн гана үлгүлүү ата болгон Чолпонбек Базарбаев тууралуу баарлашты.
Таалай Базарбаев атасынын мурас катары калтырып кеткен булганбаган, таза, абийирдүү ысымын ченемсиз байлык катары эсептеп, сыймыктанат.
— Атаңыз көзү тирүү болгондо 72 жашка чыкмак эле. Бул күндү сиздердин үй-бүлө кандай белгилейт?
— Атамдын көзү барда ал кишинин туулган күнү биз үчүн чоң майрам болчу. Үйгө туугандар, достору, кесиптештери, кошуналар келип, чогулушар эле. Башка күндөрү деле үй ичинде майрамдагыдай маанай өкүм сүрүп турчу. Атабыз каза болгондон кийин бул күндү белгилөө үй-бүлөлүк салтка айланып калды. Атамдын арбагына багыштап куран окутуп, апам кечинде эскерүү иретинде туугандарды чакырат. Ушинтип белгилеп келе жатабыз.
© Фото / Александр ФедоровЧолпонбек Базарбаев А. Адандын "Жизель" балетинде Альберттин, П.Чайковскийдин "Ак куу көлү" балетинде Зигфриддин, А.Хачатуряндын "Спартак" балетинде Спартактын, Ф.Шопендин "Шопенианасында" Жигиттин ролун ойноп, образдарды мыкты ачып берген
Балетмейстер и народный артист СССР Чолпонбек Базарбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Чолпонбек Базарбаев А. Адандын "Жизель" балетинде Альберттин, П.Чайковскийдин "Ак куу көлү" балетинде Зигфриддин, А.Хачатуряндын "Спартак" балетинде Спартактын, Ф.Шопендин "Шопенианасында" Жигиттин ролун ойноп, образдарды мыкты ачып берген
— Чолпонбек Базарбаевдин эки уулу бар экенин билебиз. Улуу балетмейстердин балдарынын кесиби, үй-бүлөсү тууралуу кенен айта кетесизби?
— Ооба, биз эки бир тууганбыз. Агам Нурлан бир тууган катары мага абдан карамдуу, таянычым эле. Өзү да аябай жаркылдаган жигит болчу. Атам каза болгондон кийин көп өтпөй эле ал да жарык дүйнө менен кош айтышты. Жоготууну оор кабылдадык. Бизге мурас кылып Асел аттуу кызын таштап кетти. Ал азыр Россияда туризм чөйрөсүндө билим алууда. Мен болсо КРСУдан саясат таануу багыты боюнча билим алдым. Жогорку окуу жайын бүтүргөндөн кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине жумушка кирдим. Анткени атам менин дипломат болушумду жана ушул багытта өлкөгө салым кошушумду каалачу эле. Балдарым Амир менен Аделя азырынча мектепте окуйт. Амир хоккей боюнча биринчи рангдагы оюнчу, ал эми кызым музыка менен алектенип, чоң атасы менен чоң апасынын жолун аркалоону самайт. Буга менин каршылыгым жок, тескерисинче, колдойм.
— Атаңыздай балет чебери болуу кыялы болдубу сизде?
— Байкем экөөбүз тең балет артисти болууну каалаган жокпуз. Атам да кичинебизден экөөбүздү текшерип көрүп, балетке ылайык эмес экенибизди айткан. Бизден ашып-ташыган деле шык-жөндөм көрө албады окшойт. Анын үстүнө балет тууралуу тыңгылыктуу деле түшүнүгүбүз жок болчу, болгону сахнадан балет спектаклдерин тынбай көргөндүктөн аталыштарын жатка билер элек.
Ушул жерден бир окуяны айтып берейин. 1980-жылдардын башында "Жер эне" телефильми тартылып, атамдын аркасы менен мени да бир кичине эпизоддо Толгонай эненин небересинин ролун аткарууга алышты. Кичинекей баланын ролундагы тапшырма — болгону талааны жылаңач аралап чуркап барып, чоң энесин ыйлап кучактап калуу эле. Анда Толгонайдын ролун легендарлуу актриса Даркүл Күйүкова ойногон. Албетте, биз үй-бүлөбүз менен фильмдин чыгышын чыдамсыздык менен күттүк. Атам ыңгайы келе калган жерден эле анын уулу "Жер эне" фильмине тартылгандыгын баарына сүйүнчүлөп жүрдү. Акыры ал күн да келип, кинону көрүү үчүн туугандар, бүт кошуна-колоң биздин үйгө чогулушту. Кино көрүп отургандардын баары эң акырында менин ыйлап фильмди аяктаган жеримди күтүп отурушту. Бирок кызык ошондо болду. Фильмдин акырында баягы мен аткарган эпизодду эмнегедир башка бала аткарса болобу. Мен кичинемин да, ага башымды деле ооруткан жокмун, балдар менен каткырып ойноп кетип калдык. Бирок ошондогу атамдын жана эмне болгонун түшүнө албай туруп калган кошуналар менен туугандардын абалын сөз менен жеткирип берүү кыйын эле. Ушундай кызыктай окуя болгон.
© Фото / Сабырбек АйылчиевТаалай Базарбаев: биз эки бир тууганбыз. Агам Нурлан бир тууган катары мага абдан карамдуу, таянычым эле. Өзү да аябай жаркылдаган жигит болчу. Атам каза болгондон кийин көп өтпөй эле ал да жарык дүйнө менен кош айтышты
Директор департамента кадровой работы МИД КР Таалай Базарбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Таалай Базарбаев: биз эки бир тууганбыз. Агам Нурлан бир тууган катары мага абдан карамдуу, таянычым эле. Өзү да аябай жаркылдаган жигит болчу. Атам каза болгондон кийин көп өтпөй эле ал да жарык дүйнө менен кош айтышты
Бирок ушундан кийин эмнегедир келечекте ГИТИСке же ВГИКке тапшырууну ойлоно баштадым. Андан кийин мен 12 жашка чыкканда Москвада өткөн СССРдин театр ишмерлеринин союзунун жыйынына ата-энем ээрчите барышкан. Ошондо советтик кинематографиянын дөө-шааларын көрдүм. Достору, белгилүү режиссёрлор жана актёрлор Михаил Ульянов, Кирилл Лавров, Марк Захаров, Владимир Этуш менен бир столдо отурдук. Аябай апкаарып, сүрдөп, бир чети толкундандым. Алар мага ыр айттырышып, атамдын суроосу менен менин актёрдук жөндөмдүүлүгүмдү текшеришкен.
Күтүлбөгөн экзаменден соң кесибимди туура тандаганыма көзүм жетип, кыпылдап жүрдүм. Бирок кийин дипломат болуп кетишиме 1990-жылдардагы замандын капыл-тапыл өзгөрүшү таасирин берди. Албетте, атам менен кеңештим. Ошентсе да кино тартуу кыялым дагы эле бар.
— Агаңыз менен кичинеңерде атаңыз катышкан балет, спектаклдерге барып турчу белеңиздер?
— Ооба, атам бийлеген спектаклдин баарына барчубуз. Кичинекей кезимде бир жолу театрда "Спартак" спектаклин көрүп отурганбыз. Анан акырында сахнадан атамды өлтүрүштү. Муну көрүп алып аябай ыйлагам. Анын тирүү экенине ишенүү үчүн сахнанын артына дайым чуркап барып карачумун. Атам грим бөлмөсүндө бетин тазалап отурган болот. Сүйүнгөнүмдөн андан бешбетер бакырып ыйлап, барып эле атамды кучактап калар элем. Муну көргөн кесиптештери кийин "Спартак" болгон сайын менин келеримди сахнанын артында күтүп, дагы ыйлап барсам баары күлүп карашар эле. Көптөрү ушул моментти азыркыга чейин эстеп айтып калышат.
Ал эми театрдан үйгө келгенде байкем атамдын ар бир кыймылын туурап бийлейт. Баарыбыз анын ар кыймылды так аткарганына таң калчубуз. Ал болсо спектаклде жаңырган музыканы да дал өзүндөй аткарып берчү.
— Атаңыз менен бирге өткөн эсте каларлык бир окуяны эскере аласызбы?
— Америкада болчубуз. Бир ирет атам Элвис Преслинин жаркын элесине арналган фестивалга катышуу үчүн Мемфис шаарына келип калды. Биз атам жайгашкан мейманканадан жолугуп, андан ары шаар аралап жүрдүк. Ар бир көчөдө Элвистин ырлары жана блюз композициялары жаңырып турду. Экөөбүз музыкалуу чакан ресторандары жана клубдары менен атагы чыккан Beale street көчөсүнө барып, "Блюз" кафесинде отурдук. Аталган кафеде дүйнөдөгү эң мыкты блюз ойнолот. Аны угуп отуруп Луис Армстронг жана Крис Барбердин заманына барып калгандай болосуң. Атама бир аз музыка угуп отура турууну сунуштасам макул болду. Ошол жерден атам экөөбүз алгач ирет ата-бала катары ачык сырдашып отурдук.
Жай ойногон блюздун ыргагында атам мага 18 жашында жетим калганын, үйдүн улуусу катары көргөн кыйынчылыктарын, Москвада кантип окуп калганын, айтор, жашоосунда көргөн бардык кыйынчылыктары тууралуу төкпөй-чачпай айтып берип отурду. Атам эч нерсеге карабай акыры баарын жеңип, ийгиликке жетишкен. Анын бир эле өкүнүчү — атасы анын сахнадагы жараткан эмгектерин, ролдорун көрбөй калгандыгы болчу.
— Тилекке каршы, сахнанын жылдызы аталган Чолпонбек Базарбаев өзү дагы 53 жаш курагында эле жол кырсыгынан каза болуп калды. Суук кабарды сизге ким угузду? Кандайча болду?
— Ошондой кырсыкка бир саат калганда экөөбүз телефондон сүйлөшкөнбүз. Ал бир аздан кийин үйгө келерин айткан. Апам түшкү тамакты даярдап, баарыбыз келишин күтүп калдык. Арадан бир саат өтүп, жакын адамдар телефон чалып, атам жол кырсыгына кабылганын угузушканда дароо жөнөдүк. Кырсык болгон жерге жеткиче апам экөөбүз атамдын тирүү экендигине ишенип жатканбыз. Тилекке каршы, андай эмес экен.
© Фото / Сабырбек АйылчиевТаалай Базарбаев: жай ойногон блюздун ыргагында атам мага 18 жашында жетим калганын, үйдүн улуусу катары көргөн кыйынчылыктарын, Москвада кантип окуп калганын, айтор, жашоосунда көргөн бардык кыйынчылыктары тууралуу төкпөй-чачпай айтып берип отурду
Директор департамента кадровой работы МИД КР Таалай Базарбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Таалай Базарбаев: жай ойногон блюздун ыргагында атам мага 18 жашында жетим калганын, үйдүн улуусу катары көргөн кыйынчылыктарын, Москвада кантип окуп калганын, айтор, жашоосунда көргөн бардык кыйынчылыктары тууралуу төкпөй-чачпай айтып берип отурду
— Ал киши уулдарына кандай ата болду? Мүмкүн сиз да балдарыңызды тарбиялоодо атаңыздын кээ бир жактарын үлгү көрөрсүз...
— Абдан мыкты ата болду. Дайыма мээримдүү, камкор жана баарына көңүл бура билген адам эле. Ошол убакта талапты да койчу. Анткени ал өзү эмгекчил, абийирдүү адам болгондуктан балдарынан да ошону көргүсү келди. Иш күнү графиги ушунчалык жыш экенине карабай, дайыма балдарына, үй-бүлөсүнө, туугандарына жана досторуна убакыт тапчу. Биз кичине кезде ар кандай сценарийлерди ойлоп таап, ролдорду аткарып, ырларды окуп, анан баарыбызга белек берчү эле. Туугандар дайыма биздин үйдө чогулчу. Атам бирөөгө белек бергенди жана адамдын көңүлүн көтөрүп жакшы маанай тартуулаганды ушунчалык жакшы көрчү.
Мен дайыма экөөбүздүн баарлашкандарыбызды жана үй-бүлө, жумуш, жашоо тууралуу айткан акыл кептерин азыркыга чейин эскерип турам. Ал мен үчүн дайыма жакшы атанын, достун жана мугалимдин үлгүсү болуп калды.
© Фото / Александр ФедоровТаалай Базарбаев: атамдын СССРдин эл артисти, министр же театрдын директору экенин сезчү эмесмин. Ал мага эң жакын адам бойдон калды, себеби атам карапайым, чынчыл киши болчу
Балетмейстер и народный артист СССР Чолпонбек Базарбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Таалай Базарбаев: атамдын СССРдин эл артисти, министр же театрдын директору экенин сезчү эмесмин. Ал мага эң жакын адам бойдон калды, себеби атам карапайым, чынчыл киши болчу
— Бой жеткенде атаңыздын талантына дагы бир жолу баа берип, улуу адамдын уулу экениңизди аңдап отурасызбы?
— Эч качан анын СССРдин эл артисти, министр же театрдын директору экенин сезчү эмесмин. Ал мага эң жакын адам бойдон калды, себеби атам карапайым, чынчыл киши болчу. Жашоосунда дайыма өзүн-өзү өркүндөтүү, өстүрүү менен алек болду. Анын жогорку кызматкер катары бой көтөргөн жүрүм-турумун да байкаган эмесмин. Мен үчүн болгону татыктуу ата бойдон гана калды.
Ошол каза болорго бир-эки жумадай калганда эмнегедир бат-баттан жолугуп, баарлашып отурчу болдук. Сүйлөшкөн сөздөрүбүздүн баары эле жашоо, үй-бүлө тууралуу болуп, ал бир жакка дайынданып жаткандай, бизге айтпай калган нерсесинин баарын айтып калууну көздөгөндөй туюла берди. Каргыш алгыр жанагы жол кырсыгына бир сутка калганда кечке маал дагы сүйлөшүп отурдук. Анан эле атам бир башкача үн менен: "Таалай, мага таарынба. Мен силерге заңгыраган үй, кымбат машина, банкта акча эсебин калтыра албайм. Өлгөндөн кийин менден сага калары — бул булганбаган таза, абийирдүү ысымым", — деди. Ушул сөзү менин жүрөгүмдө кыттай уюп калды. Атамдын мага калтырган ушул ченемсиз мурасы үчүн чексиз ыраазымын. Бул мурасты мен дагы балдарыма калтыргым келет.
© Фото / предоставлено Таалаем БазарбаевымТаалай Базарбаев атасынын мурас катары калтырып кеткен булганбаган, таза, абийирдүү ысымын ченемсиз байлык катары эсептеп, сыймыктанат
Директор департамента кадровой работы МИД КР Таалай Базарбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Таалай Базарбаев атасынын мурас катары калтырып кеткен булганбаган, таза, абийирдүү ысымын ченемсиз байлык катары эсептеп, сыймыктанат
— Апаңыз тууралуу да сүйлөшсөк, ал киши Тыва элинин кызы экен. Кыргыздын жигитин кандайча жактырып, турмуш куруп калышты экен?
— Атам менен апам он жашында эле Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайда алгач ирет таанышкан экен. Балеттен да бир класста окуп, жалпы билим берүүчү №28 мектепте да классташ болушкан. Ушинтип жүрүп отуруп эле экөөнүн достугу башталган. Кийин 19 жаштарында баш кошушуптур.
— Тайларыңыз менен катышып турасыздарбы?
— Тилекке каршы, апамдын туугандары менен көптөн бери жолугуша элекпиз. Бардык бир туугандары каза болуп калды. Учурда апамдын бир туугандарынын балдары менен катышабыз, алардын бирөө Тыва Республикасынын отун-өнөр жай министри болуп эмгектенет.
— Көкүрөгүңүздө атаңызга байланышкан кандайдыр бир орундалбай жүргөн изги тилек бардыр?
— Ооба, атам менен талкуулай албай калган көп нерселер бар. Буга абдан өкүнөм. Экөөбүз ар кандай максаттарды коюп, пландар тууралуу сүйлөшчүбүз. Алардын кээ бири ишке ашты, бирок атам аны көрбөй калгандыгы өкүндүрөт.
— Азыр атаңызды бир жолу көрүү мүмкүнчүлүгү жаралса эмне дээр элеңиз?
— Биздин жашообузда анын орду бош экенин, сагынганыбызды айтар элем...
Жаңылыктар түрмөгү
0