Таптакыр ырдабайт. 80 жашка чыккан маэстро Сардарбек Жумалиев жөнүндө 8 факты

© Фото / из семейного архива Сардарбека ЖумалиеваКРдин эл артисти, III даражадагы "Манас" орденинин кавалери, композитор Сардарбек Жумалиев
КРдин эл артисти, III даражадагы Манас орденинин кавалери, композитор Сардарбек Жумалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2021
Жазылуу
Бүгүн КРдин эл артисти, III даражадагы "Манас" орденинин кавалери, композитор Сардарбек Жумалиевдин туулган күнү.
Чарчабай-чаалыкпай чыгармачылык менен алектенип, узак убакыттан бери Филармонияда эмгектенип келе жаткан дирижер 80 жашка толду. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу обончунун өмүрү менен чыгармачылыгындагы кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Комузду көчөдө үйрөнгөн. Болочоктогу белгилүү композитор, дирижер Сардарбек Жумалиев 1941-жылы 5-февралда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Жар-Башы айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Балалыгы согуштун оор жылдарына туш келип, 4-5 жашында эле талаада машак терип, чоңдор менен жарышып колхоздо мал багып, тоют даярдашкан. Атасы жамактап ырдап, комузда кол ойнотсо, энеси темир комуз какчу. Өзү да жаштайынан эле музыкага жакын өсүп, айылдаш агаларын ээрчип комуз, мандолина черткенди үйрөнгөн.
© Фото / из семейного архива Сардарбека ЖумалиеваКомпозитор, дирижер Сардарбек Жумалиев 200гө жакын обондун автору
Народный артист КР, кавалер ордена Манас III степени, композитор Сардарбек Жумалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Композитор, дирижер Сардарбек Жумалиев 200гө жакын обондун автору
16 жашында декадага барган. Элеттеги мектепте билим алып жүргөндө Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарына келип, 14 жашында музыкалык мектептин комуз классын аяктап, андан соң Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеде окуган. 1958-жылы 16 жашында Москвада  өткөн Кыргыз искусствосу менен адабиятынын экинчи декадасына катышып, кийинки жылы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын эл аспаптар оркестринде артист-музыкант болуп жумушка алынган.
Алгачкы эстрадалык ансамблдин түзүүчүлөрүнүн бири. 1964-67-жылдары аскерде кызмат өтөп, армиядан келген соң биринчи кыргыз эстрадалык ансамблин түзүүгө жигердүү катышкан. Чоро Кожомжаров менен биргеликте алгачкылардан болуп топ түзүп, ага ылайыктуу обондорду жазып, чыгармаларды оркестрлештирип төрт жылдай аралашкан.
© Фото / из семейного архива Сардарбека ЖумалиеваОбончу 17 жашынан баштап Улуттук филармонияда иштеп, 45 жылга жакын убакыттан бери Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин дирижеру болуп келет
Народный артист КР, кавалер ордена Манас III степени, композитор Сардарбек Жумалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Обончу 17 жашынан баштап Улуттук филармонияда иштеп, 45 жылга жакын убакыттан бери Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин дирижеру болуп келет
Улуу устаттардын шакирти. 1970-жылдардын башында Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун теориялык-композитордук факультетинин эки жылдык даярдоо курсунда билим алып, Калый Молдобасанов, Мукаш Абдраев, Насыр Давлесовдон сабак алган, дирижер Асанкан Жумакматов менен көп жыл чогуу иштешип акыл-наасатын угуп калган. Кийинки жылдары элдик чыгармачыл топтордун республикалык үйүндө музыкалык редактор болгон.
Атагы алыска кеткен обончу. Композитор чыгармачылык жолунда "Бульварым", "Таң сыры", "Сары-Челек", "Сен менин жазылбаган ырларымсың", "Жаңы жылды тосолу", "Ысык-Ата - Арашан", "Махабат мекени", "Кетпейм сага жолукмайынча" өңдүү 200гө жакын обондордун автору. Алардын ичинен 60ка жакыны учурда оркестрде аткарылып келет. Айрым чыгармалары башка өлкөлөрдө да популярдуу болуп элдик ырларга айланган. Андан сырткары, Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун алтын медалынын ээсинин угармандарга сунуштала элек, кагаз бетинде жаткан обондору да арбын. Обончу өзүнүн чыгармалары менен Франция, Монголия, Алжир, Сирия, Индия, Түркия, Лаоско чейин барган.
© Фото / из семейного архива Сардарбека ЖумалиеваКыргыз Республикасынын эл артисти, III даражадагы "Манас" орденинин кавалери балдары менен
Народный артист КР, кавалер ордена Манас III степени, композитор Сардарбек Жумалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кыргыз Республикасынын эл артисти, III даражадагы "Манас" орденинин кавалери балдары менен
Эл алдында ырдабаган композитор. Сардарбек Жумалиев өзү үнүм жок деп эсептейт.
"Мен такыр ырдабайм, ага ылайыктуу үнүм дагы жок. Ырды аткаруу үчүн элге жагымдуу коңур үн керек, эгер болгондо, далай обондорумду элге өзүм таанытмак экенмин. Ошондон улам дагы кээ бир чыгармаларым угармандарга жетпей турат", — дейт обончу.
"Руханият" ассоциациясынын сыйлыгын ээси комуз, фортепиано жана мандолинада ойнойт.
Чарчабаган дирижер. Кыргыз Республикасынын эл артисти 1958-жылдан бери Улуттук филармонияда иштеп, 45 жылга чукул мезгилден бери Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин дирижеру. 80 жаштагы обончу эгер адам өзүнүн саламаттыгына кам көрүп, кыймылда болуп эмгектенип жашаса, узак өмүр сүрүүгө мүмкүн экендигин айтат.
© Фото / из семейного архива Сардарбека Жумалиева80 жаштагы композитор өмүрлүк жары менен 50 жылга жакын убакыт бирге түтүн булатып келет. Алардын учурда тогуз небереси бир бар.
Народный артист КР, кавалер ордена Манас III степени, композитор Сардарбек Жумалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
80 жаштагы композитор өмүрлүк жары менен 50 жылга жакын убакыт бирге түтүн булатып келет. Алардын учурда тогуз небереси бир бар.
Жарым кылым кол кармашкан түгөйлөр. III даражадагы "Манас" орденинин кавалери 15 жылдан бери Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде эмгектенип, жаш дирижерлорду тарбиялап келет. Байбичеси Гуля Мамбетова Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, тарых илимдеринин кандидаты. Жубайлар 50 жылга жакын убакыттан бери бирге түтүн булатып эки кыз, бир уулду тарбиялап чоңойткон. Учурда тогуз небереси кашында.
Жаңылыктар түрмөгү
0