Тайлак баатыр тасмасы

Тасма тарткан театр. Жолдошбек Жанжигит уулу "Тайлак баатыр" фильми тууралуу

448
(жаңыланган 20:42 05.02.2021)
Ушу тапта Кыргызстанда XIX кылымда жашап өткөн Тайлак баатыр (Тайлак Рыскул уулу) тууралуу кыска метраждуу фильм тартылып жатат.

Тасма Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрынын артисттеринин катышуусунда экрандаштырылууда. Тарыхый тасма жеке демөөрчүлөр тарабынан каржыланган.

Тартуу иштери 1-февралда "Таш-Рабат" комплексинде башталды. Андан соң "Кошой-Коргондо", Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын сахнасында эпизоддор тартылган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Нарын облустук театрынын жетекчиси, "Тайлак баатыр" фильмин тасмага түшүрүүдө башында турган Жолдошбек Жанжигитовду кепке тартты.

— "Тайлак баатыр" тасмасын тартуу идеясы кимге таандык?

— Негизинен менин оюм болчу. Көптөн бери эле ишке ашыра албай келе жаткам. Чыгармачыл адамдардын баары эле идеяга бай болот, аларды ишке ашыра албай жүрүп эле көбүнүн көзү өтүп кетти. Анын үстүнө акыркы учурда Кыргызстанда саясий абал курчуп, айрым саясатчылар элди бөлүп-жарууга да жетишүүдө. Мындан тышкары, чек ара маселеси да чечилбей турат. Ушул таризде ойлонуп отуруп, элди биримдикке чакырган тасма жаратып, бир кезде элдин бейпилдигин камсыздаган тарыхый инсан тууралуу фильм тартуу ишине киришүүнү чечтим. Анын үстүнө Нарын театрына бир жылдык келишим менен жетекчи болуп келгем. Жакында келишим да аягына чыгат. Мен келгенден бир жума өтүп карантин жарыяланып, эч жумуш жасалбай эле отуруп калдык. Келгенден кийин "бир жыл жөн эле жатып кетип калды" деген сөзгө калбай театрга бир иш жасап кетсем деген да ой болду.

Актеры Нарынского областного академического музыкально-драматического театра им. Муратбека Рыскулова во время съемок исторического фильма Тайлак баатыр
© Фото / предоставлено Жолдошбеком Жанжигитовым
Тасма Нарын облусунда, көбүнчө Ат-Башы районунда тартылды

— Акча маселесин кантип чечтиңер?

— Кудай тилегимди берип, Ак-Таланын кулуну Мирбек Раимов деген ишкер жигитке оюмду айтсам, ал дароо эле колдоду. Тасма Нарын облусунда, көбүнчө Ат-Башы районунда тартылды. Фильмге аттар, атчандар жана жөө адамдар болуп массовка да керек эле. Бул жагынан Ат-Башы районунун акими, Кара-Суу, Казыбек айыл өкмөт башчылары да карап турбай, колдон келген жардамын көрсөттү. Жергиликтүү элге да рахмат. Маданият министрлигинен бир тыйын чыккан жок. Анткени азыркы кырдаалды өзүңүздөр көрүп турасыздар. Деги эле башынан бери эле мамлекет тарабынан театр үчүн миллиондогон акчалар бөлүнгөн эмес. Каражатты кийин толуктап айтпасак, азыр иш толугу менен бүтө элек.

Негизи бизде улуттук баатырлар көп эле, бирок биз ошолордун бири Тайлак атабызга токтолдук. Ал киши убагында Кытай менен чектеш аймакты карап, биягынан Кокон хандыгы менен кармашып, кыргыздын бейгам көп салым кошкон баатыр. XIX кылымдын биринчи жарымындагы кыргыз элинин көз карандысыздык үчүн болгон кыймылынын ири ѳкүлү.

Актеры Нарынского областного академического музыкально-драматического театра им. Муратбека Рыскулова во время съемок исторического фильма Тайлак баатыр
© Фото / предоставлено Жолдошбеком Жанжигитовым
Жолдошбек Жанжигитов: негизи бизде улуттук баатырлар көп эле, бирок биз ошолордун бири Тайлак атабызга токтолдук. Ал киши убагында Кытай менен чектеш аймакты карап, биягынан Кокон хандыгы менен кармашкан

— Фильмдин узактыгы канчалык?

— Эми чоң көлөмдөгү тарыхый фильмге акча көп кетет. Биз болгону жети мүнөттүк кыска метраждуу тасма тартып, Тайлак баатыр атабыздын бейнесине үч эле эпизодду камтып жатабыз. Мында ызы-чуу болгон элдин ынтымакка келе албаганы, сырткы душмандын кол салуусу, анан акырында кыргыздардын бир туунун алдына биригиши кирет. Биздин эл негизинен сырттан душман киргенде же калктын башына бир апаат келгенде гана бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарат. Буга 2010-жылдан берки окуялар деле күбө. Фильм эл башкарган билермандардын Манастын туусунун алдына чогулушу менен бүтөт. Тасманын негизги максаты — элди ынтымакка чакыруу.

— Чыгармачылык топ жалаң театрдын артисттери болдубу?

— Мындай тарыхый фильм тартууда кастинг өткөрүлсө көп каражат талап кылынмак. Бирок биз жалаң өзүбүздүн театрдын артисттерин тарттык. Анын үстүнө бир жылдан бери толук кандуу иштебей отуруп калышты. Алгач театрда атайын жыйналыш болуп, протоколдун негизинде артисттердин баары макулдугун беришкен. Ал эми фильмди буга чейин "Үркүндү" тарткан режиссёр Медин Учукеев тасмага түшүрдү. Экөөбүздүн мурдатан достук мамилебиз болгондуктан Медин өз командасы менен келип, бекер эле тартып берип кетти. Азыр эми монтаждап баштадык. Жакында жабык премьерасы болот. Бүткөн ишке сынчы көп. Албетте, тасманы сындагандар да четтен чыгат, бирок жөн отурбай акырындан баштай берели. Мүмкүн кийин ушунун негизинде чоң тарыхый тасма да тартылып калгысы бардыр.

Актеры Нарынского областного академического музыкально-драматического театра им. Муратбека Рыскулова во время съемок исторического фильма Тайлак баатыр
© Фото / предоставлено Жолдошбеком Жанжигитовым
Жолдошбек Жанжигитов: биз болгону жети мүнөттүк кыска метраждуу тасма тартып, Тайлак баатыр атабыздын бейнесине үч эле эпизодду камтып жатабыз

— Сценарийин ким жазды?

— Сценарийди өзүм жаздым. Бирок тарыхый маалыматтарды тарыхчы Кайнарбек Бийлибаев берип турду. Ошол маалыматтардын негизинде гана бышыкталып сценарий жазылды.

— Катышкан актёрлорго гонорар төлөнөбү?

— Бул тасма 2021-жылга карата Нарын театрынын иш планына кирген. Азыр анын үстүнө "онлайн форматта иштегиле, элди чогултпагыла" деп жатпайбы. Ошондуктан алгач жеңил-желпи бир нерселерди тартуудан мурда ушундай ишти колго алуу тууралуу жамаатка ой салдык. Өлкөдө жалпы театр жаатында мындай иш биринчи жолу болуп жатат. Мурда-кийин бир да театр тасма тарткан эмес. Театрдын максаты башка болгону менен биз баары бир бара-бара эл аралык стандартка келебиз деп ойлойм. Жакынкы беш-он жылда көп театрлар буга кайрылат. Анткени заман агымы ошого алып бара жатат, анын үстүнө азыр элдин спектаклге келиши да көйгөй жаратып калды. Европа жана Россияда бул форматка эбак эле өтүшкөн. Ошондуктан коркпой эле бара берсек туура болот го деп ойлойм.

Актеры Нарынского областного академического музыкально-драматического театра им. Муратбека Рыскулова во время съемок исторического фильма Тайлак баатыр
© Фото / предоставлено Жолдошбеком Жанжигитовым
Тасманын демөөрчүсү Мирбек Раимов

— Буга чейин театрдын куржунунда Тайлак баатырга арналган спектакль бар бекен?

— Мурда Кырчын жайлоосуна гастролго барганда Тайлак баатыр тууралуу үзүндү даярдап алып барышкан экен. Болгону ошол. Тайлак баатырдай эл-жердин бүтүндүгүн камсыздаган тарыхый инсандар ар бир чөлкөмдөн чыккан. Биз аларга чыгармачылык аркылуу басым жасап, ушул жол менен эл ынтымагын бекемдешибиз керек. Азыр демөөрчүбүз Тилек Раимов менен дагы сүйлөшүп жатабыз. Бул биздин биринчи пилоттук долбоорубуз болот. Эгер эл тарабынан колдоо тапса, дагы башка мындан да кенен долбоорлорду ишке ашырабыз.

— Качан көрүп калабыз тасманы?

— Ушул айдын аягында алгач Нарында, андан соң Бишкекке келип, Бексултан Жакиев, Мар Байжиев баштаган аксакалдарды, тарыхчыларды, кино өкүлдөрүн чакырып, бет ачарын жасайбыз. Андан соң калың эле тартууланат деген пландар бар.

448
Белгилер:
Жолдошбек Жанжигит уулу, фильм, театр, тасма, Тайлак баатыр
Тема боюнча
Тайлак баатыр тууралуу кыска метраждуу фильм тартылууда. Сүрөттөр
СССРдин алгачкы вестерн фильмине тартылган Чокморов. Режиссер Али Хамраевдин маеги
Рэпер кыз Тамга

Кыргызстандагы алгачкы рэпер кыз Тамга: бир клип тартып кыйраттык деп жүрүппүз

311
(жаңыланган 18:28 07.03.2021)
Тамга Кыргызстанда алгачкы рэпер кыз катары таанылган. Аны башкалардан аты да, үнү да айырмалап турат. Каарманыбыз бирде назик, бирде сүрдүү болуп эки образды алып жүрөт. Жакында эле дал ушул өзгөчөлүгү үчүн "Ак салкын" тасмасында башкы ролдордун бирин аткарды.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Тамганын рэп жанрына таштаган кадамы жана режиссер Эрнест Абдыжапаровдун сынынан өткөн алгачкы киносу тууралуу маек курду.

— Алгач атыңыздан баштайлы. Чоң энеңиз түш көрүп ысымыңыз ошондон улам коюлуп калганын айтып жүрөсүз. Тамга деген кадимки ариптен башка эмнени түшүндүрөт?

— Бекеринен чоң энемин түшүнө кирип, атым Тамга деп коюлуп калбаса керек. Тамга деген кыргыздардын тарыхында "белги" деген маани менен көп айтылат экен. Мен да жакшы нерсенин белгиси катары өз атыма татыктуу болууга аракеттенем.

Рэп-исполнительница Тамга. Архивное фото
© Фото / Давлет Казыбеков
Рэпер кыз Тамга

— Рэп жанрында кантип ырдап калдыңыз? Бирөөлөр сунуштадыбы же өзүңүз кызыктыңызбы?

— Менин алгачкы дебютум вокалдык эле ыр, бирок арасында бат ырдалган жери да бар болчу. Эл рэп сыяктуу ырдалган жерин жакшы кабыл алып жатты. Анан продюсерим менен кеңешип, "Ой, бой-бой" аттуу рэпти чыгардык. Көпчүлүккө жагып, ошондон улам рэпер катары таанып калышты окшойт. Бирок мен рэп менен эле чектелбейм, ар түрдүү ырларды аткара берем.

— Кыздардын рэп аткарышын биздин коомчулук кандай кабыл алат экен? Бир сыйра сындан өтсөңүз керек...

— Албетте, ар кандай сындар айтылды, көбүнчө "үнүң өзгөчө, ар кандай жанрга туура келе берет" деген жакшы пикирлерди угам. Эгер мага туура сын айтылса маани берип, кемчилдигимди оңдогонго аракет жасайм. "Кыздарга жарашпайт" деген сыяктуу майда-чүйдө сындарга көңүл деле бурбайм. Кызбы же балабы, каалоосу күч болсо ага эч ким тоскоолдук жарата албайт. Эгерде адам бир нерсени жасагысы келсе, башкаларга эмес, өзүнө "каалайсыңбы, жасай аласыңбы?" деп суроо берип, ошого ишенсе жасай бериши керек.

— Элдин сыны тууралуу айтып калдык, эң башкысы үй-бүлөңүз чыгармачылыгыңызга, дегеле рэп ырдаганыңызга кандай карайт?

— Мен жөнөкөй үй-бүлөнүн кызымын, түбүм Алайдан. Бирок атамдын көзү өткөндөн кийин Сокулукта окуп, чоңойгом. Чыгармачылыкка атам үчүн келгем десем да жаңылышпайм. Ал мага каалоо жаратып, шык берип кетти. Атам дүйнө салгандан кийин апам жакшы тарбия берип өстүрдү. Эң башкы колдоочуларым — жакындарым. Алар дем-күч берип турса гана башка ийгиликтерди жарата алам.

Рэп-исполнительница Тамга. Архивное фото
© Фото / Мирлан Саткымбаев
Рэпер кыз Тамга

— Кыргызстанда рэп аткарууга кызыккан кыздар көп эле бекен, өзүңүз ырдап чыккандан кийин байкаган чыгарсыз?

— Учурда Кыргызстанда рэп аябай эле өнүгүп, элдин талабы да жогорулап баратат. Башка ырларга да рэп кошуп жүрүшөт. Мурда кыздардын кызыгуусу жогору экенин байкабаптырмын. Өзүм аралашып калгандан кийин жаш кыздар рэп ырларын аябай эмоция менен аткарганын көрүп калдым. Instagram баракчама жазган кыздар да көбөйдү. Демек, бизден мотивация алып жатышса керек. Бул мен үчүн чоң жоопкерчилик экенин сезем.

— Ырчылар көбүнчө тойлордо ырдап киреше табат эмеспи, сиздин киреше булагыңыз кайсы жактан?

— Биз деле тойлорго барабыз, анткени азыр дээрлик жаштардын баары тойдун шаңдуу болушун каалашат. Негизи каражат табуунун жолу көп. Бир эле той менен чектелбеш керек, жаштар түрдүү иш-чараларга чакырышат. Ар кандай кинонун саундтректерине буюртма алабыз, башка да нерселер көп. Ал эми гонарарыбыз боюнча айтпай эле коеюн. Аны продюсерим менен сүйлөшкөн оң.

— Рэп бат кабыл алуу, так сүйлөө, тил үйрөнүү жаатында чоң жардам берет деген сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?

— Бул жанрда бир эле ритмде бир канча ой бат-баттан айтылгандыктан, аларды бат кабыл алып, бат айтууга туура келет. Ошондой эле башка рэпти угуп жатканда да бат түшүнүүгө аракет жасайбыз. Андыктан чын эле тез кабыл алууну үйрөтөт. Дикция дагы башкы ролдо, андыктан ар бир тыбышты туура айтуу керек. Менин ырыма чет өлкөлүктөр да кызыгып, ырдап көргөндөрүн угуп калдым. Алар да кыргызчаны ырдын жардамы менен туура айтууга аракет жасашат экен. Бул биз үчүн сыймык. Демек, тилди бат үйрөнүүгө да жардамчы боло алат деп айтсак болот окшойт. Анан, албетте, эмоция менен ырдалып, шаңдуу болгондуктан маанайды көтөрөт.

Рэп-исполнительница Тамга в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулу
Рэпер кыз Тамга

— Ырчылыктан башка эмнеге кызыгасыз?

— Бийге басым жасап жатам. Анткени менин чыгармачылыгыма аябай керек экен. Комуз чертүү боюнча окугам, аны менен бирге профессионалдуу болбосо да гитарада, фортепианодо бир аз ойнойм. Өзүмдү мажбурлап эч нерсе жасабайм. Мындан сыртары, вокалдан курс ачып сабак бере баштадым.

— Эми кеп "Ак салкын" тасмасы тууралуу болсун, анда кимдин ролун жараттыңыз?

— Жакында эле биринчи жолу "Боз салкындын" экинчи бөлүгү "Ак салкын" тасмасына тартылдым. Анда көп тажрыйба топтодум окшойт. Биз бир клип тартып алып эле кыйраттык деп жүрүптүрбүз, тасма тарткан андан бир топ эле кыйын турбайбы. Көп адамдын эмгеги сарпталат экен. Эрнест Абдыжапаров менин маектеримди көргөн экен. "Бул кыз эки башка образ берип жатат, башкы каармандын мүнөзүнө окшош экен" деп анан сунуштаптыр. Кинодо Асыл деген мекенин сүйгөн кыздын образын аткарам. Ушундан кийин мен да мекенимди көбүрөөк сүйүп калдым. Кино Ысык-Көлдө тартылып, кооздугуна көзүм тойбой ал жерге жашап калгым келди. Азыр да сагынып турам.

  • Рэп-исполнительница Тамга с рэппером Бегишем во время съемок фильма Ак Салкын
    Рэпер кыз Тамга
    © Фото / Иманбек Асылбеков
  • Рэп-исполнительница Тамга с режиссером Эрнестом Абдыжапаровым во время съемок фильма Ак Салкын
    Рэпер кыз Тамга
    © Фото / Иманбек Асылбеков
  • Рэп-исполнительница Тамга во время съемок фильма Ак Салкын
    Рэпер кыз Тамга
    © Фото / Иманбек Асылбеков
1 / 3
© Фото / Иманбек Асылбеков
Рэпер кыз Тамга

— Ал кинонун саундтрегин да сиз ырдап чыксаңыз керек?

— Ооба, Бегиш экөөбүз ырдайбыз. Кино 25-марттан баштап кинотеатрлардан көрсөтүлө баштайт. Өзүм да күтүп жатам.

— Жаш, татынакай кыздын жеке жашоосуна кызыкпай коюу мүмкүн эмес да. Табитиңиздеги мырза кандай, мүмкүн аны жолуктурган чыгарсыз?

— Табит деп ар нерсени айта беребиз. Негизгиси сезим керек да. Бардык берген маегимде бул тууралуу айтпайм. Ушу тапта менин жигитим — чыгармачыл жашоом, эмгектерим деп гана айта алам. Бүт сезимимди, күчүмдү, энергиямды чыгармачылыкка жумшоодомун.

311
Белгилер:
Тамга, чыгармачылык, кино, маек, ырчы, рэпер
Тема боюнча
Ырлары миллион көрүүчү топтогон Алтынай: мамлекеттик кызматта экениме сүйүндүм
Интернет жылдызына айланган Байзак ырчы: аябай толкунданып жатам...
Укук коргоочулардын үйүндө чоңойгом. Ырчы НурЧолпондун маеги
Аскат Мусабеков, Миргүл Асаналиева: бир ырдын арты менен сезимибиз бекемделди
Маданияттын мыкты кызматкери, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси, акын Акбар Кубанычбеков

Кубанычбеков: адабиятчылар аймактарды аралап элге көп чыгышы керек

48
(жаңыланган 14:36 05.03.2021)
Маданияттын мыкты кызматкери, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси, акын Акбар Кубанычбеков учурда поэзия тармагы өнүгүүгө багыт алып жатканын белгиледи.
Кубанычбеков: адабиятчылар аймактарды аралап элге көп чыгышы керек

Адабиятчылар маданий ротацияга муктаж болуп турат. Өзгөчө, акындар аймактарды кыдырып, чыгармаларын элге жеткирсе жакшы болмок. Мындай пикирин Акбар Кубанычбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чыгармалардын сынга кабылуусу анын окулуп жатканынан кабар берет.

"Поэзия тармагы элдик фольклордон чыныгы жазмага өткөнү жакшы эле өсүш болгон. Андан бери көптөгөн залкар акындар чыгып адабий айдыңда өз ордун ээлеп калды. Ал эми эгемендүүлүккө келе турган болсок, ортодо поэзия каралбай калган. Башкача айтканда, чыгарманын окурманы болуусу шарт. Алар жазуучунун өсүүсүнө түрткү болот. Көз карандысыздыктын алгачкы жылдары китеп окулбай калган. Азыр эми акырындап китепти кубалап окугандар пайда болуп келе жатат. Эгемендүүлүк алгандан бери 30 жыл болду. Бул аралыкта жакшы чыгармалар жазылды. Ошолорду иргеп, тандалмаларды топтоо зарыл. Анан адабий тармак маданий ротацияга муктаж болуп турат. Өз кезегинде Байдылда Сарногоевдин барбаган айылы калбаптыр. Азыр деле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан акындарга аймактарды кыдыруу боюнча демилгеленсе, чыгармалар элге жетет эле", — деди Кубанычбеков.

Акын учурда жазылып жаткан чыгармалардын сапаты көбүнесе орто заар болуп жатканын кошумчалады.

48
Белгилер:
маданият, ротация, адабият, Акбар Кубанычбеков
Тема боюнча
Эгембердиева: аялзатынын адабиятка келишин жигиттер өздөрү шарттаган
Жеңил атлетчилер марафон учурунда. Архив

Кыргызстандык жеңил атлетчилер Беларуста бир нече медаль алышты

0
(жаңыланган 00:16 08.03.2021)
Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар баш-аягы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды. Бул тууралуу КРдин Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.

Кыргызстанские легкоатлеты во время соревнований в Беларуси
© Фото / пресс-служба федерации легкая атлетика КР
Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды

Маалыматка ылайык, Минск шаарындагы мелдеште узундукка секирүү боюнча Светлана Майер биринчи орунга жетип алтын медалга татыган. Анастасия Бондаренко 200 жана 60 метрге чуркап коло менен күмүш медаль алса, ал эми Артем Слесаренко 60 метрге чуркап коло медалга ээ болгон.

Дагы бир жөө күлүк Калыс Таштанов 1500 метр аралыкта марага биринчи жетип алтын, 800 метр аралыкта үчүнчү келип коло медалды байге куржунуна салган.

Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар жалпы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты. 

0
Белгилер:
медаль, мелдеш, жеңил атлетика, Беларусь
Тема боюнча
Надыров: Ысык-Көл марафонунун байге фонду 1 млн. 44 миң сомду түзөт
ШКУнун эл аралык марафону 15-майда Чолпон-Ата шаарында старт алат