БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бишкекте "Кыш жаңырыгы" аттуу эл аралык онлайн-фестивалдын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына иш-чаранын уюштуруучулары кабарлады.
Уюштуруучулардын бири, "ТМЖ" коомдук фондунун жетекчиси Мира Токтогонова быйылкы иш-чаранын программасы эпидемиологиялык кырдаалдан улам өзгөртүлгөнүн, бирок ага карабай кызыккандар көп болгонун белгиледи.
"Фольклордук сынакта 19 мамлекеттин өкүлү ат салышты, ал эми кол өнөрчүлөр сынагында 13 өлкөдөн катышты. Натыйжада Румыния, Азербайжан, Македония жана алыскы Иран мамлекеттеринин өкүлдөрү байгелүү орундарга ээ болушту. Кыргызстандык улан-кыздарыбыз дагы кызыктыруучу сыйлык алышты", — деди Токтогонова.
Ошондой эле ал катышуучулардын эмгектерин эл аралык калыстар баалаганын белгиледи.
Адабиятчылар маданий ротацияга муктаж болуп турат. Өзгөчө, акындар аймактарды кыдырып, чыгармаларын элге жеткирсе жакшы болмок. Мындай пикирин Акбар Кубанычбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чыгармалардын сынга кабылуусу анын окулуп жатканынан кабар берет.
"Поэзия тармагы элдик фольклордон чыныгы жазмага өткөнү жакшы эле өсүш болгон. Андан бери көптөгөн залкар акындар чыгып адабий айдыңда өз ордун ээлеп калды. Ал эми эгемендүүлүккө келе турган болсок, ортодо поэзия каралбай калган. Башкача айтканда, чыгарманын окурманы болуусу шарт. Алар жазуучунун өсүүсүнө түрткү болот. Көз карандысыздыктын алгачкы жылдары китеп окулбай калган. Азыр эми акырындап китепти кубалап окугандар пайда болуп келе жатат. Эгемендүүлүк алгандан бери 30 жыл болду. Бул аралыкта жакшы чыгармалар жазылды. Ошолорду иргеп, тандалмаларды топтоо зарыл. Анан адабий тармак маданий ротацияга муктаж болуп турат. Өз кезегинде Байдылда Сарногоевдин барбаган айылы калбаптыр. Азыр деле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан акындарга аймактарды кыдыруу боюнча демилгеленсе, чыгармалар элге жетет эле", — деди Кубанычбеков.
Акын учурда жазылып жаткан чыгармалардын сапаты көбүнесе орто заар болуп жатканын кошумчалады.
Чындыгында чет элдик адамдар кыргыздын калпагына кызыгып, суктанат. Илгери кырк уруу болуп көчүп-конуп, ар элге аралашып жүргөндө кийип жүргөн калпагынан улам кыргыз экени таанылган. Ар кандай чабуул, согуш болгондо башында калпагы бар адамдар бир атанын балдарыбыз деп бири-бирине тийген эмес. Бул тууралуу Дөөлөт Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, айрым учурда адамдар өзүнүн уруусунун эн тамгасын түшүрүп кийишкен.
"Калпактын философиясын ар ким ар кандай чечмелеп келет. Алсак, төбөсүндөгү чачыгы кыркылып, кырк уруунун ынтымагын, биримдигин билдирген. Өңү ак мөңгү Ала-Тоого, жээгиндеги кара кыргагы тоонун айланасына конгон элге салыштырылган. Баш кийим төрт тилкеге бөлүнүп, аны төрт тарабың кыбыла деп түшүндүрүшкөн. Калпак Манаста өтө жогору бааланган баш кийим катары айтылат. Улуу Манас, Бакай, Кошой атабыз кийген. Аны дүйнө эли таажы катары кабыл алган. Баш кийимдин төбөсүн көрсөтпөйт дейт эмеспизби. Ошондуктан кыргыз эч качан эңкейип, жүгүнүп же бирөөгө тизелеп кошомат кылган эмес. Азыр улуттук баш кийим терең изилденип, анын тарыхы тээ илгерки фараондорго чейин жетип жатпайбы", — деди Сыдыков.
Манасчы ушу тапта калпакты барктап, даңазалай албай жатканыбызды кошумчалады.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Аялдардын эл аралык күнүнүн алдында өлкөнүн бардык аймактарынан келген, ар кайсы кесиптин өкүлдөрү болгон айымдар менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчы жолугушуунун катышуучуларын келе жаткан майрамы менен куттуктап, Кыргызстандын соӊку тарыхындагы оор сыноолорду аялдар чыдамкайлыгы жана кайраттуулугу менен көтөрүп, жеңип чыккандыгын белгиледи. Иш-чарада биринчи айым Айгүл Жапарова дагы катышкан.
"Жергебизде тынчтыктын өкүм сүрүшүндө, жашоо-турмуштун оң жагына ооп, бир нукка түшүп, өнүгүүгө карай бурулушунда сиздердин эмгегиңерге баа жетпейт. Кыргыз коомунда аялзаты эзелтеден эле урматталып, анын коомдогу жана саясий турмуштагы ээлеген орду абдан жогору бааланган. Акылман, кайраттуу, эмгекчил жана ажарлуу аялзатынын образдары катары Чыйырды, Каныкей, Айчүрөк, Кыз Сайкал, Жаңыл Мырзанын ысымдары элибиздин аң-сезимине бекем орноп, жүрөгүнөн түнөк тапкан", — деди президент.
Жапаровдун белгилешинче, бүгүн өлкө айымдары ар кайсы чөйрөлөрдө иштеп, коомдук турмушка активдүү катышууда. Ошол эле учурда алар ишке жоопкерчилик менен мамиле жасап, демилге көтөрүп, реформаларды колдоп, жаңы жетишкендиктерге умтулуу менен бирге, эң жогорку кесипкөйлүктү көрсөтүп келишүүдө.
Мамлекет башчы дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясы аялдардын түйшүгүн ого бетер көбөйтүп, мойнуна кошумча мээнет жүктөгөнүн кошумчалады.
"Биз аял врачтардын, медайымдардын, волонтёрлордун каармандыгын, жөнөкөй жарандарыбыздын өтөгөн эмгегин эч качан унутпайбыз. Алар бул илдетке каршы күрөштө алдыңкы катарда турушту. Өлкөдө болуп жаткан соңку өзгөрүүлөр, жаңылануу курсунун ишке ашырылышы кыргызстандык аялдардын түйшүгүн жеңилдетип, укугун коргойт деп ишенебиз. Ушул жаркыраган Жаз майрамында сиздерге бекем ден соолук, бакыт-таалай, бейпилдик жана бакубатчылык каалайм!" — деди Жапаров.
Өз кесиптеринде өзгөчөлөнгөн айымдар — мугалимдер, врачтар, ишкерлер, спортчулар сөз сүйлөп, президенттин куттуктоосуна ыраазычылыктарын билдиришти. Ошону менен бирге өз тармактарындагы актуалдуу маселелерге учкай токтолушту.