БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Москва шаарындагы Михаил Щепкин атындагы жогорку театралдык институтка кыргызстандык абитуриенттерди бюджеттик негизде кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, билим алуу Россиянын мамлекеттик бюджетинин эсебинен каржыланат.
"2021-2022-окуу жылына карата бюджеттик негизде актёрдук чеберчилик боюнча "Драма театрынын жана кинонун актёру" адистигине күндүзгү бөлүмгө абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт. Окуу мөөнөтү 4 жыл", — деп жазылат маалыматта.
Ал үчүн абитуриенттер төмөндөгүдөй тапшырмаларды билүүсү жана аткаруусу зарыл:
Окуу жайга кабыл алуу атайын түзүлгөн комиссиянын кароосу менен үч турда өтөт.
Биз мамлекет үчүн эмне кылдык деген позицияны карманып, өзүбүздүн кесибибизге жакын үн коштоо тармагын тандап, дүйнөлүк тасмаларды элге кыргызча тартуулап жатабыз. Бул тууралуу Болотбек Тилек Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда бир аптанын ичинде толук метраждуу тасманы которуп бүтүшөт.
"Биз алгач актердук чеберчилик боюнча окуу курсун ачтык. Улуулардан кеңеш алып өз тилибизге салым кошуу максатында чет тилдеги тасмаларды кыргызчага которуу ишин баштадык. Командада жети киши эмгектенет. Андан тышкары башка кесиптештерибизди долбоорго чакырып, баш-аягы 30га жакын адам дубляж жасайт. Тасмаларда жалаң театр жана кинодогу кесипкөй актерлор үн коштоп жатат. Ал эми балдардын үнүн коштоо үчүн 5-6 кичинекей актерлорубуз бар. Негизи үн ар бир каарманга эле жараша бербейт. Мен башкы ролдун образын ачып берем деп тандап алуу мүмкүн эмес. Тасмадагы актердун көлөмү, мүнөзү, статусу жана башка өзгөчөлүктөрүнө карап коштоочу үн тандалат. Ал үчүн актерлор арасында миникастинг өткөрөбүз же даяр портфолиого жараша ролдор бөлүштүрүлөт. Кыргыз тили өтө бай тил. Биз азыр тасмаларды орто деңгээлде которуп жатабыз. Тексттин түп нускасынан эч кандай айырмаланбайт. Болгону кыргызга тиешелүү сүйлөө манерасы колдонулат", – деди Тилек.
Актер учурда чоң сериалдарды которуп, телеканалдар менен иштеше башташканын кошумчалады.
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында Николай Гоголдун повестинин негизинде жазылган "Рождество алдындагы түн" балетинин бет ачары өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Кыргыз балетинин мурунку даңкын кайтаруу максатында коюла турган балет-спектаклдин бет ачары 25-февралга белгиленген.
"Спектаклдеги бардык ролдорду Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын студенттери аткарат. Балетте орус композиторлору А.К. Глазунов, М.И. Глинка, М.П. Мусоргский, Н. А. Римский-Корсаков жана Р.К Щедриндин музыкалары колдонулат", — деп жазылат маалыматта.
Келечекте спектаклди Чолпонбек Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын репертуарына киргизүү пландалып жатканы айтылды.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан Жайыл, Токтогул райондорундагы жана Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун Талды-Булак айылындагы посттор 25-февраль таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бул премьер-министрдин буйругунун негизинде болгон.
"Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу болгондуктан Жайыл районунун Сосновка, Токтогул районунун Арал постторунда жана Суусамыр — Талас — Тараз жолунун Талды-Булак айылындагы постунда автоунаалардын бардык түрүнө таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу чектөө киргизилди", — деп кабарлаган ӨКМ.
Эске салсак, Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшкөндүктөн учурда жол жабылган.