Учуп жүргөн кыргызга таң калып... "Ак илбирстин тукумунан" таберик сүрөт

1067
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Топ артисттин ортосунда турган белгилүү оператор Нуртай Борбиев, анын сол жагында экинчи катарда турган КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев жана үчүнчү катарда турган Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозованын сүрөтү 1984-жылы Чүй облусундагы Кегети ашуусунда тартылган
© Sputnik / Александр Федоров

Топ артисттин ортосунда турган белгилүү оператор Нуртай Борбиев, анын сол жагында экинчи катарда турган КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев жана үчүнчү катарда турган Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозованын сүрөтү 1984-жылы Чүй облусундагы Кегети ашуусунда тартылган.

Ал жылы атактуу режиссер, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев "Кожожаш" эпосунун негизинде драматург Мар Байжиев экөө кинофильмге сценарий жазып, "Ак илбирстин тукуму" көркөм тасмасын тартууга киришкен. Кинокартинада Жантелиев жинди Саяктын, Жангорозова уруу башчысы Сайкалдын образын жаратып, Борбиев операторлук милдетти аткарган.

Ошол кезеңди аталган фильмде Кожожаштын ролун аткарган Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Догдурбек Кыдыралиев мындайча эскерет:

"Бул сүрөт бороон, суук болгон Кегети ашуусунда январь айында тартылган. Биз этектеги пионер лагерде жашап, күндө эртең менен саат бештерде туруп тамак-аш ичип, машиналарды жылытып, Алиман эжени кабинага салып алып, саат алтыда аскердик автоунаалар менен жолго чыгып кетчүбүз. Анткени кышкысын тоого кар калың түшүп жеңил унаалар чыга алчу эмес. Ал жерге жеткенде бир эле үйдө от жагылчу, баарыбыз ошол жакка тыгылып алчубуз. Тартуу иштери башталганда сыртка чыга калчубуз, үстүбүздөн тон түшчү эмес. Ашууда ушундай суук болчу эле, керек болсо мылтыгыбызды кармай албай калар элек. Ошол жерде Саяктын тамакты төгүп алып ыйлаганы, тоо эчкини кармап алган, аны сааган эпизоддор тартылган. Кийин фильм Германияда көрсөтүлгөндө чет элдиктер "чын эле тасмадагыдай бороон беле же учак колдондуңарбы" деп сурап таң калышкан. Биз "ушундай ызгаарлуу суукта, басылбаган бороондо иштегенбиз" деп жооп бергенбиз. Андан сырткары, менин деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте ашууда чуркап жүргөн эпизоддорумду көрүп мага "учуп жүргөн кыргыз" деген лакап ат коюп алышкан", — деди Кыдыралиев.

Башында Төлөмүш Океев ал ролго Сүймөнкул Чокморовду тартууну көздөгөн, бирок ал катуу ооруп жүргөндүктөн мүмкүн болгон эмес. Режиссер Москвада билим алып жүргөн Догдурбек Кыдыралиевди чакыртып келген. Ал атка кыйын минип, каскадерлук өнөрү болуп, өңү-түсү да башкы ролго дал келген.

"Ак илбирстин тукуму" тасмасын жаратууга жалпы 200дөн ашык адам катышып, Ашыр Чокубаев, Досхан Жолжаксынов, Гүлнара Абдыкадырова, Калыйча Акматова, Айбек Кыдыралиев, Акыл Куланбаев, Светлана Чебодаева-Чаптыкова, Сакыбек Карабаев, Али Мухаммед, Раимбай Сеитов, Димаш Ахимов, Алексей Араштаев, Гүлсара Ажыбекова, Чоро Думанаев, Орозбек Кутманалиев, Асанбек Кыдырназаров өңдүү кыргыз, хакас, тажик, өзбек жана казак актёрлору образ жараткан.

"Ак илбирстин тукуму" көрүүчүлөргө сунушталгандан кийин Берлинде эң абройлуу кинофестивалдардын биринде "Күмүш аюу", Дамаск шаарында "Күмүш кылыч" сыйлыгына ээ болгон.

1067
Белгилер:
таберик сүрөт, Алиман Жангорозова, Марат Жантелиев, Нуртай Борбиев
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (137)
Тема боюнча
"Ак кемеде" жашаган Бала. Тасмадагы таберик сүрөт
"Үйүм жок болсо кайда барам". Чокморовду ээрчиген Темированын таберик сүрөтү
Муратбек Рыскуловду чапканга кол барбай... "Бакайдын жайытындагы" таберик сүрөт
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармония. Архив

Жаздын алгачкы айы мартта филармонияда кандай концерттер болот. Программа

147
(жаңыланган 09:09 26.02.2021)
Жаздын алгачкы айында борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн бир нече концерттик программалар уюштурулган.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармония март айындагы репертуарын жарыялады.

Майрамдарга бай жаздын алгачкы айында борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн бир нече концерттик программалар уюштурула турганы маалым болду.

  • 1-март — Аялдар конгрессинин 8-мартка карата майрамдык концерти. Башталышы саат 18:00;
  • 2-март — Александр Островскийдин "Шальные деньги" комедиялык пьесасын Россиянын артисттери аткарат. Башталышы 18:30;
  • 3-март — "Билим берүүнүн инновациялык борбору" компаниясынын "Франшиз" форуму. Башталышы 10:00.
  • 3-март — Кыргыз улуттук филармониянын камералык оркестринин майрамдык концерти. Башталышы 17:00;
  • 5-6-март — Филармониянын чыгармачыл жамааты жана солисттеринин 8-март - Аялдардын эл аралык майрамына карата "Жаздын көркү сени менен башталат, жашоо жарык сен бар үчүн аялзат!" аттуу концерти. Башталышы 18:30;
  • 7-8-март — КРдин эмгек сиңирген артисти Аалы Туткучев жетектеген "Эл ырчысы Эстебес" фольклордук тобунун "Ааламдан кең, апа сенин бешигиң" аттуу концерти. Башталышы 18:00;
  • 9-март — Нурхат Догдурбек уулунун концерти. Башталышы 18:30;
  • 11-март — "Досум-Үсөн" эстрадалык ансамблинин концерти. Башталышы 18:30;
  • 13-март — "Улыбка" элдик үлгүлүү балдар хореографиялык ансамблинин концерти. Башталышы 18:00;
  • 14-март — "Жылдын мыкты чоң энеси" сынагы. Башталышы 18:00;
  • 15-март — балдардын сулуулук сынагы. Башталышы 18:00;
  • 16-17-март — КРдин эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеевдин концерти. Башталышы 18:30;
  • 18-март — "Сармерден" теледолбоору. Башталышы 18:00;
  • 19-март — Нооруз майрамына арналган майрамдык концерт. Башталышы 17:00;
  • 20-март — Нооруз майрамына арналган майрамдык концерт. Башталышы 18:00;
  • 21-март — куудул Борончу Кудайбергеновдун концерти. Башталышы 18:00;
  • 26-март — "Манас" камералык оркестринин концерти. Башталышы 18:30;
  • 27-март — "Феникс Мира" ишканасынын кызматкерлери үчүн концерт. Башталышы 13:00;
  • 28-март — айтыш, башталышы 18:00;
  • 30-31-март — эстрада ырчысы Мирлан Баековдун концерти. Башталышы 18:30;
147
Белгилер:
ырчы, программа, концерт, филармония
Тема боюнча
Интернет жылдызына айланган Байзак ырчы: аябай толкунданып жатам...
Алтынайдан Курманжан даткага чейинки жол. Жамал Сейдакматованын кинодо калган элеси
Кыргызстандагы музейлер Көчмөндөр оюндарына даярдана баштады
Залкар ырчы, Кыргыз ССРинин эл артисти Мыскал Өмүрканованын жалгыз кызы Айнура Канжаева

Мыскал Өмүрканованын кызы Айнура: апам мени кайындарынан ала албай өкүттө калыптыр

2563
Залкар ырчы, Кыргыз ССРинин эл артисти Мыскал Өмүрканованы билбегендер аз. 1958-жылы Москвадагы декадада Өмүрканова "Алымканды" үч мүнөт созгондо Никита Хрущев тура калып кол чапкандыгы туурасында айтылып, жазылып жүрөт.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Мыскал Өмүрканованын жалгыз кызы Айнура Канжаева менен залкарды эскерүү максатында чакан маек уюштурган. Улуу талант эне катары кандай адам болгон жана ал кишинин өкүтү, тилеги тууралуу кызы айтып берди.

— Мыскал Өмүрканованын бала чагындагы урунттуу окуяларга кайрыла кетсек...

— Апам ортозаар жашаган адамдын кызы болот. Ал кичине кезинде эле ырдачу экен. Таятамдыкына айтылуу Куйручук олуя конокко келгенде атасы кызын сынатат. Ал кезде апам секелек кыз экен, келген меймандарга кайсы бир ырды аткарып берет. Ошондо Куйручук атабыз: "Дүйнөгө таанымал коңур үндүү кыз болот. Маңдайында чырагы жанып турат, бул баланы башка чаппагыла", — дептир. Убагында муну көп элес албаганы менен кийинчерээк гана апам бул тууралуу айтып калып жүрдү. Ошентип жүрүп, 13 жашында жетим калган апамды бир-эки жылдан кийин эле турмушка берип коюшкан. Биринчи турмушу — Сагыналы атабыз кийин согуштан кайтпай калганы белгилүү. Экөө бир уулдуу болушкан. Ал агам да кырсыктап каза болуп калат. Апам бир туугандарын кийин Бишкекке өзүнүн жанына алып келиптир. Эки сиңдиси Токон менен Нускал Чүйгө турмушка чыккан. Бир иниси Токмокто турчу эле, ал да кайтыш болуп кетти, бир агасы согуштан кайтпай калат. Мага келгенде Жумгалга барып келгендигин, төркүндөрүнүн жаңылыктарын, ал-акыбалын айтып берчү. Бир туугандарына абдан карамдуу эле. Баарына каттап турчу.

Народная артистка Киргизской ССР, певица Мыскал Омурканова с семьей
© Фото / предоставлено Айнурой Канжаевой
Айнура Канжаева: Илгери башкармалар айылга келген меймандарды үйүнө чакырып сыйлашчу. Ошондо атам апамды жактырып калып, өз үй-бүлөсүн таштап артынан борборго кетип калат.

— Экинчи турмушу, сиздин атаңыз менен кандайча баш кошуп калган?

— Жолдошу согушка кетип келбей калганда апам он жылдай өз алдынча ырдап жүргөн экен. Бир жолу азыркы Москва районуна концерт коюп келишет, ал кезде атам ошол жерде башкарма экен. Бирок ал кезде эки балалуу, үй-бүлөлүү болот. Илгери башкармалар айылга келген меймандарды үйүнө чакырып сыйлашчу. Ошондо атам апамды жактырып калып, өз үй-бүлөсүн таштап артынан борборго кетип калат. Турмуш дейбизби, сүйүүбү, айтор, экөө баш кошуп жашап калышкан экен. Эки уул, бир кыздын ата-энеси болушат. Кийин гана эки башка жолго түшүшкөн. Менин балалык чагым Москва районунда өттү. Убагында апам бир тууган таякелериң менен тааныштырсам жакшы болот эле деп койчу. Анда көп маани бербептирмин, кийин гана тайларым менен таанышып катышып жүрдүм. Апамдын 100 жылдыгынын өтүүсүнө ошол төркүндөрү, таякелеримдин жардамы зор болду. Өзүмдүн эркек бир туугандарым кайтыш болуп кеткен. Журналист Айбек Шамшыкеевдин атасы менен менин таятам бир тууган. Айбек апам тууралуу тартылган тасмадагы аты аталган адамдарды изилдеп, баардыгын толуктап китеп кылып чыгарды.

Айнура Канжаева, дочь народной артистки Киргизской ССР, певицы Мыскал Омуркановой
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Айнура Канжаева: Анан турмушка чыккандан кийин эне-бала бир беткей катташып калдык. Апам ошондо мага аялзатына керектүү көп таалим-тарбиясын берди.

— Кичине кезиңизде көп байланышпай калыпсыз, бирок эне катары кандай инсан эле?

— Эне деген абдан ыйык да. Турмуштун кыйындыгын карабайсыңарбы, мени айылда алып калып, эрте турмушка бергендери аз келгенсип кичинемде апама да жиберишчү эмес. Апам айылга концерт койгондо гана жолугуп жүрдүк. Мен 9-классымда чоң энемдин көзү өтүп кетти. Анда деле "кой эми, өз апасына барсын" деп жиберишсе деле болмок. Ошентип, мектепти бүтөрүм менен күйөөгө берип коюшту. Турмушка чыкканга чейин уурданып апама бир келдим. Атайын издеп таап бардым. Ошондогу ал кишинин ыйлаганын, абалын эч нерсеге салыштырып жеткире албайм. "Эмнеге сени жибердим экен", — деп сыздап, ошондо болгонун болгондой айтып берген.

— Апаңызга таарыныч болдубу?

— Жок, болгон жок. Чынында кайын журтунан мени жулуп кетүү ал кишинин колунан келген эмес. Анткени ошол мезгилде улуу кишилерге сый-урмат күчтүү болчу да. Бирок качып келгеним билинип калгандан кийин: "мындан кийин кызым мага келип турат, жибергиле", — деп апам да талап койду. Ошондон кийин гана өз энеме айына эки жолу барып турдум. Анан турмушка чыккандан кийин эне-бала бир беткей катташып калдык. Апам ошондо мага аялзатына керектүү көп таалим-тарбиясын берди. Өзү сахна адамы болгону менен аялзатка тийиштүү оокаттарды, сары май, каймак, сүт өңдүү жайлоонун жашоосунун жөнүн жакшы билчү. Күйөө баласын аябай жакшы көрчү эле. "Мал менен жүрөт" деп жолдошума радио, бизге телевизор алып берген. Ал кезде айылдагы бир коңшунун үйүндө эле телевизор болор эле. Аякка да шылтоо менен барганда эле көрүп калбасак, телевизор көрүш кайда. Бирок кыраакы киши баарын байкаган экен. Ал убакта радио, телевизор алуу кыйын болчу. Анан жолдошума саяк уруусундагылардын ар кандай күлкүлүү окуяларын айтып берип күлдүрүп калчу. Мен "кызыксыз го, өзүңүз жактын сырын да айтасызбы?", — деп таң калсам, "чындыгы ушундай болуп жатпайбы", — деп күлчү. Мүнөзү аябай жумшак адам болгон. Келген сайын кайната-кайненеме да ар кандай белек-бечкектерди көтөрүп келчү. "Балам балалуу болгондо билесиң", — дейт. Көрсө, "кызым турмушка жаш чыкты, кайын-журту жакшы карашса, жылуу мамиле жасашса экен", — деп ойлочу турбайбы.

Айнура Канжаева, дочь народной артистки Киргизской ССР, певицы Мыскал Омуркановой
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Айнура Канжаева: Апам мени "окута албай калдым" деп көп арман кылар эле.

— Арманы, өкүтү болдубу?

— Апам мени "окута албай калдым" деп көп арман кылар эле. Кийин мен турмушка чыкканда үйүмө мейман болуп келип калганда аны уккан элдин аягы үзүлчү эмес. Жаш экенмин апам менен өзүмчө калып сырдашып, бирге жүргүм келчү окшойт. Биз деле сүйлөшүп отурчубуз, бирок конокко чакыргандар, үйгө келип ыр угабыз дегендер көп эле. Ошондуктанбы, экөөбүз көпкө сүйлөшүп отурсак дей берчүмүн. Апам болсо эч кимдин көңүлүн кыя албаган жумшак адам эле. Мени дайыма "комуз үйрөнүп ал" дей берчү. Бирок өзүң бир үйдүн келини болсоң, кайдан үйрөнөсүң? Үйдө кайнене, кайнатам бар болчу. Ыйба кылчумун.

Ооба, өкүтү да болду. Ал кишинин элүү жашын белгилегенден кийин эле дароо ардактуу эс алууга жиберип коюшкан. Элүү деген жаш эле курак да. Апам иштей берсе дагы далай ырларга өмүр тартуулап, канчалаган чет мамлекетте өлкөнүн атын чыгарып барып, концерт коюуга жарайт болчу. Ошол кезде эле көрө албастык, бут тосуулар болуптур. Эрте ырдабай калганы, экинчи турмушунан тигинтип ажырашып кеткени жана уулунун токко урунуп каза болгону апамды өкүткө салып койду. Бирок "мен элимдин кызматында болгонума кудайыма ыраазымын", — деп аябай топук кылар эле. Ал баарынан эли-журтун биринчи орунга койгон адам болгон.

— Ал кишинин Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешине эки жолу депутат болгону белгилүү. Ал кезде саясий чөйрө да башка болчу. Бирок саясатка кандайча аралашып калды экен?

— Ооба, ал кезде заман башка эле. Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып иштеп тургандагы иштери, карапайым адамдарга жасаган жакшылыктары зор болгон экен. Жумгалдагы Баш-Кууганды айылына апамдын эстелигин тургузганы барганда ал кишинин элге жасаган жакшылыктарын бааладым. Баары эле мени менен учурашып, аксакал кишилер: "Мыскалдын кызы турбайбы" дешип апамдан көргөн жакшылыктарын айтып отурушту. Негизи апамдын убагында жасаган жакшы иштеринин көбүн мен элден эми угуп жатам.

Айнура Канжаева, дочь народной артистки Киргизской ССР, певицы Мыскал Омуркановой
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Айнура Канжаева: Ал кишинин элүү жашын белгилегенден кийин эле дароо ардактуу эс алууга жиберип коюшкан.

— "Мыскалдын кызы" деп азыр барган жердегилер урматташарын айттыңыз. Бирок сиз бала кезде эле апаңыз Мыскал Өмүрканова болчу да. Ошол кезде сизге жоопкерчилик же жеңилдик болгону сезилчү беле?

— Мен окуп жүргөндө эле ырдачумун. Мени "ии, Мыскалдын кызы, чык, ырда" деп турушчу. Ошол убакта эле уюштуруучулукка да абдан шыктуу элем. Айылдаштарым мени "ырчы кыз" деп койчу. Анан айылга апам менен кошо белгилүү артисттер концерт коюп келгенде баары мени тегеректеп эркелетип, көтөрүп жатканын көргөндөр "аа-иий" деп суктанып калышчу эле. Азыр айылдык аксакалдар сотунда да иштейм. Ушул жактан да түрдүү маселелер менен келгендер арбын. Төркүнүнөн үлүш жер талашкан кыздарды көрөм. Ушундай үй талашкан бир туугандардын, ата-баланын маселеси өңдүү иштерди карап калабыз. Бирок дайыма калыс пикир, чечим билдиргенге далалаттанам. Анан да айылдык, райондук, облустук деңгээлдеги маданий иш-чараларга активдүү катышып келдим. Ушуга чейин апамдын арты менен эл арасында "Мыскалдын кызы" деген сый-урмат мамилеге туш болуп келем. Ошого ыраазымын.

2563
Белгилер:
Айнура Канжаева, СССР, ыр, кыз, Мыскал Өмүрканова
Тема боюнча
Назгүл Насиева: балдар үйүндөгү бөбөктөрдүн кечинде жатканда ыйлаганы жүрөк тилет
Чолпонбек Базарбаевдин уулу Таалай: атам мага баа жеткис мурас калтырып кеткен
Эт көтөрүп бараткан официант. Архив

Жапаров өлкөгө келген туристтерге кыргыздын уникалдуу тамагын сунуштады

0
(жаңыланган 13:38 26.02.2021)
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров эки күндүк иш сапары менен Москвага барган. Анын жергиликтүү гезитке берген маеги жарыяланды.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга келген туристтерге мергенчилердин уникалдуу таш кордо тамагынан даам татууну сунуштай турганын "Российская газета" басылмасына берген маегинде билдирген.

Мамлекет башчысына "Кыргызстанга келген туристтерге кайсы улуттук сувенирлерди алууга кеңеш берет элеңиз? Кайсы улуттук тамактарды сунуштайсыз?" деген суроо узатылган.

"Кийиз кыргыз эли үчүн өзгөчө мааниге ээ жана көчмөндөрдүн күнүмдүк турмушунда алмаштыргыс материал болгон. Ошондуктан мен туристтерге сувенир катары кийизден жасалган буюмдарды алууну сунуштайт элем. Кийиз жасоо кылымдардан бери муундан-муунга өтүп келе жатат. Андыктан андан жасалган буюмдар тарыхый жана маданий жактан өтө баалуу. Ал эми тамак-аш маселесине токтолсок, эт улуттук тамак-ашта өзгөчө орунду ээлегендиктен, мен кыргыз мергенчилеринин уникалдуу таш кордо тамагынан даам сызып көрүүнү сунуштайт элем. Аны даярдоо үчүн тереңдиги бир метрге жакын атайын чуңкур даярдалып, дубалдарына таштар коюлуп, от жагылат. Отундун чогу калганда жаныбардын эти ысык таштарга төшөлүп, үстүнөн бутактар, териси жана топурак менен жабылат. Мындай тамакты үй шартында даярдоо бир топ түйшүктү жаратат, андыктан ал өзгөчө учурларда гана жасалат", — деди Жапаров.

Ал ошондой эле улуттук ашкана жөнүндө сөз болгондо айтылуу бешбармак жөнүндө сөз кылбай коюу мүмкүн эместигин белгилеп, үйү-бүлөсүнүн дагы абдан жакшы көргөн тамагы экенин кошумчалады.

Эске салсак, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров эки күндүк иш сапары менен Москвага барган. Анын жыйынтыгын биздин материалдан окуңуздар.

0
Белгилер:
улут, тамак-аш, турист, үй-бүлө, иш сапар, Россия, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Жапаров Путинге эмне тартуу кылганы белгилүү болду
Өз дүйнөсү менен жашап калган. Жапаров Жээнбековдун эмнеден жазганын айтты
Жапаров үй-бүлөсүнүн Кытай менен эмне байланышы бар экенин айтып берди
Жапаров: Кыргызстанга кайтып келген эмгек мигранттарына кам көрүлөт