Nomad Stunts эл аралык каскадёрлор тобу. Архив

Кыргызстандык жигиттер "каскадёрлордун Оскарын" алышты

512
(жаңыланган 17:32 12.02.2021)
Мындай сыйлык каскадёрдук иштерге "Оскар" берилбегендиктен, америкалык кино таануучулар тарабынан өзүнчө негизделген.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Курамында кыргызстандык жигиттер бар "Nomad Stunts" эл аралык каскадёрлор тобу Taurus кино сыйлыгын алды.

Алар 2020-жылы жарыкка чыккан Казакстандын "Томирис" тарыхый тасмасына тартылышкан.

Каскадёрлордун бири Жамил Жуматаев журналисттерге муну "каскадёрлордун Оскары" деп эсептесе болорун билдирди. Анын айтымында, мындай сыйлык каскадёрдук иштерге "Оскар" берилбегендиктен, америкалык кино таануучулар тарабынан өзүнчө негизделген.

"Сыйлык америкалык каскадёрлорго ыйгарылат, бирок "Чет элдик тасмалардагы экшн" категориясы дагы бар. Бул америкалык кино академиктердин жогорку баасы, себеби Борбор Азияда мындай сыйлыкка эч ким жетише элек болчу", — деди Жуматаев.

Кыргызстандык экинчи каскадёр Эдил Молдалиев алар ушул тармактын мыкты чебери Үсөн Кудайбергеновдун шакирттери экенин белгиледи.

"Бир нече долбоорлор менен иштейбиз, арасында Голливуд дагы бар. Бизди универсал деп атоого болот. Көбүнчө чет өлкөлөрдө иштейбиз, анткени Кыргызстанда экшн камтылган тасмалар азыраак тартылат. Мекенибизде "Курманжан датка" жана "Көк бөрү" кинолорунда ат үстүндөгү трюктарды аткарганбыз", — деди Молдалиев.

Онлайн сыйлоо аземи 2020-жылы декабрда өткөн. Ал эми бийиктиги 80 сантиметр, салмагы 12 килограмм болгон статуэтка жакында эле Алматыга келип, ээлеринин колуна тийген.

512
Белгилер:
кино, сыйлык, каскадер, кыргызстандыктар
Тема боюнча
Кара жумушта жүрүп киного аралашкан Үсөн Кудайбергенов. Таберик сүрөт
"Муланга" тартылган каскадер Эрлан: 100 кишиден 13 адам тандалган
Алып баруучу, актриса Назира Айтбекова. Архив

Ата мээримин таятаман издедим... Назира Айтбекованын айылга каты

30
Бул ирет айылга катты алып баруучу, актриса Назира Айтбекова жазды. Ал жол боюнда күткөн таятасын, тайларынын үйүндө өткөн балалыгын жана тартипке бекем таенесин эстеди. Ошондой эле айылга бараткандагы өзгөчө сезимдери менен да бөлүштү.

Кичи мекеним Темир айылы деп билдим

Айылым. "Жээн эл болбойт" дешет. Тайлары жарашса болот эле экен. Таякелерим, бөлөлөрүм, таажеңелерим, айтор, мага тайларым төркүн болду. Кичи мекеним Темир айылы деп билдим. Көзүмдү жумсам айылымдын жыты келип, анан дароо эле тоолору тартыла түшөт. Сагынганда чыдабай, унаамды чапкылап алып учуп жөнөйм. Ал жакка бараткан дагы өзүнчө бир укмуш. Калдайган тоолорум, мээримдүү жайкалган көлүм бири атам сындуу, бири энем сындуу тосуп чыгат. Ошолордун карааны эле канча?!

Ох, жол боюнда тизилген, асман тиреген теректерчи? Бийиктикти жакшы көрөм негедир. Көңүлүм бийиктеп калгансыйт. Алардан башкача энергия алам. Жаратылыш, табият, жан-жаныбар, аларды кунт коюп тыңшасаң болуп көрбөгөндөй таалим-тарбия берет. Тек гана тыңшаганды билбейбиз. Көлдөн токтоолукту, тазалыкты үйрөнсөң болот. Көл өзүн тазалап турарын билесиңерби? Тоодон сабырдуулукту, бийиктикти үйрөнөсүң. Жемиши бар бактардан канчалык мөмө байласаң, ошончолук жерге ийилип жөнөкөй болгонду үйрөнөсүң.

Ат, ит жана башка жаныбарлардан болсо жакшылыкты унутпаганды, суу ичкен кудугуңа түкүрбөгөндү үйрөнөсүң. Шаардын кымгуутунан чарчаганда кетким келип эңсеген жерим ошол жак.

Телеведущая Назира Айтбекова
© Фото / Назира Айтбекова
Назира Айтбекова: "Жээн эл болбойт" дешет. Тайлары жарашса болот эле экен. Таякелерим, бөлөлөрүм, таажеңелерим, айтор, мага тайларым төркүн болду. Кичи мекеним Темир айылы деп билдим.

Атамдын мээримин таятамдан издедим...

Мурун таятам "кыздарым келет" деп жол боюнда карааныбызды издеп күтөр эле. Азыр деле ошентип жол боюнда күтөт деңизчи, бирок мүрзөдө... Барган сайын багыштап куран түшүрөбүз. Эстейбиз. Таятамды эмнегедир өзгөчө жакшы көрдүм. Биздин арабызда көрүнбөгөн жип болор эле. Ачык айтып, сезимдерибизди ачык билдирбесек да таятамдын мага жан тартып, санаага батып, боор толгоп турганын сезчүмүн.

Айылдаштары таятамдын бир окуясын эстеп күлүп калышат. "Улуттук хит-парадды" алып барып жүргөнүмдө таятам "азыр телевизордон кызым чыгат" деп шашып кетчү экен. Айылга барганымда мени такыр мактачу эмес. Алексейди оозунан түшүрбөй мактап, мага келгенде унчукпай калчу. Көрсө, таятам көзүм тийип калбасын деп мени аярлачу экен. Атамдын мээримин таятамдан издедим. Таятамдан чыпкаладым. Уктап жатса акырын барып жанына жатып алчумун. "Ак сакалы жайкалган аталар жагат" десем жайкы каникулга баргыча ак сакалын жайкалтып, таятам образды өзгөртүптүр. Көзүмө сонун көрүндү.

Эртең менен "ээ айланайын, түшкө чейин да уктайбы?" деп энем (таенемди эне дейм) урушса, таятам энемди тыйып, "мейли, жайына кой, уктап алсын!" деп койчу. Анан таятама таянып, уйкуну бышырчумун. Үйдүн баарын мизилдетип жууп-тазалап, ар кимисинин кийимин өзүнчө текчеге коюп, баарын тыкыйтып коер элем.

Актриса, блогер и телеведущая Назира Айтбекова
© Фото / из личного архива Назиры Айтбековой
Назира Айтбекова: Балдарыбыз далдайып чоңойсо деле азыркыга чейин тайларымды баса калып өпкүлөп, жонуна минип көтөртүп алмай адатым бар. Жеңелерим деле көнүп бүттү.

Тайларымды көргөндө азыр да эзилип турам

Наргиза бөлөм, Камчы таякем, Кубаныч таякем баарыбыз топтолобуз. Энемдердин үйүн "ылдыйкы үй" деп атайбыз. Бөлө, таякелер бир-эки эле жаш айырмабыз болбосо, теңбиз. Үйдөгү, огороддогу бардык иштерди бүтүрөбүз да концертке суранабыз. Тээ шаардан белгилүү ырчылар келип, айылдын клубуна концерт коет. Акчасын эки таякем табат. Биз кыздар конок болобуз. "Кызга кырк үйдөн тыюу" деп энем экөөбүздү тилдеп жибербейт. Ботодой боздоп, миң түркүн мүнөзүбүздү көргөзүп, ары-бери жагынан чыгып, тайларым ортого түшүп жатып араң уруксат алабыз. Эки таякем эки жагыбыздан чыкпай кайтарып барып, үйдөгүлөрдүн аманатын аткарып, концерт бүткөн соң аман-эсен алып келет.

Бир аз тентектик кылсак таятам энемен чыгарат. Ошон үчүн тартип жактан энем бизди катуу кармайт эле. Сербеңдеп дарбазадан сырткары да чыга бербейбиз. Эртең менен болсо таятам самоорго от жагып, буркурата чай кайнатат. Энем сапсары жумурткаларынан мага алып, эртең менен эрте туруп, уй саап, каймагын тартып атайын алып келет. Башка неберелери жеп кетип, ачка калбасын деп энем анын баарын катып берет. Дүкүлдөп таякелерим келе жатканда энем "бул кыздын курсагы тойсун, силердикин анан тойгузам" дечү. Ага мен боломбу? Тайларымдын мойнуна асылып, өпкүлөп, ичим элжиреп, жеп жаткан тамагымды тең бөлүшөм. Тайларымды көргөндө азыр да эзилип турам.

Жалгыз кыз болгондуктан бир туугандын даамын билбейм, бирок ушундай болсо керек деп элестетем. Балдарыбыз далдайып чоңойсо деле азыркыга чейин тайларымды баса калып өпкүлөп, жонуна минип көтөртүп алмай адатым бар. Жеңелерим деле көнүп бүттү. Энем дагы эле жол карап, ичкен-жегенинен алып сактап, "баягы кыздарыма берем" деп турат. Биз абдан көппүз. Алардын баары Темир айылында. Ар биринин үйүнө барып, кыдырып бүтпөйсүң. Баары бүлөлүү, бала-чакалуу. Баарыбыз бапырап турабыз. Ынтымагыбыз да күч! Анткени башыбызда энем даанышман болуп турат. Кайнене, кайнеже, келин ортосунда бизде кайым айтышуу деген жок. Болгон да эмес. Энем келиндерин өз кызындай кабыл алды.

"Кыздар, келсеңер сыйыңар менен келип-кеткиле!" деп турат. Жадырап-жайнап жакшы маанай менен келебиз. Кайра жайдары кайтабыз. Энем туура эмесин тууралап, өзү жайгарып коет. Бизде, Көлдө, келиндер күндө эртең менен жүгүнүп турушат. Ал тургай энем өзүнөн улуу бекчейген аталарга, энелерге жүгүнөт. Алар болсо алкашат, батасын берет. Энем бирин да атынан атабайт. Улуу муунду тергеп атайт. Көзү өтүп кеткени болсо да сый-урмат кылат. Анын ошол мамилеси эле келиндерин тарбиялайт. Тили тешилгиче акыл үйрөтпөйт. Ашмалтай кылбайт. Тек гана тарбиясын, маданиятын өз мисалында көргөзөт. Айылымдын атуулдары менен баарлашсаң улуу сөздөрдү үйрөнөсүң, салт-санаасын билесиң. Кыргыздын улуу көчүн улаган күч дал ошол айылда! Темир айылым көңүлүмдүн төрүндө!

30
Белгилер:
балалык, эскерүү, таене, айылга кат, Назира Айтбекова
Тема:
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү
Тема боюнча
Бир бөтөлкөгө арыктын эле суусун берип ийгилечи... Мирзат Мукановдун айылга каты
Кой кайтарган кара кыз, эмгекчил коңшулар. Нурзат Токтосунованын айылга каты
Маданият кызматкерлери көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада

Жапаров маданият кызматкерлеринин айлыгын көтөрүп, үй берүүнү убадалады

231
(жаңыланган 11:04 28.02.2021)
Жапаров өлкөнүн экономикалык абалы оор экендигине карабай театр-оюн зоок мекемелерин оңдоп-түзөө иштери улантыларына ишендирген.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Экономика жана финансы министрлигине маданият кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүү маселесинин жолдорун тез арада табууга тапшырма берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 27-февралда, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып айтты.

Мамлекет башчы маданият мамлекеттин, улуттун идеологиясы жана түпкү өзөгү экенин белгилеген.

Жапаров өлкөнүн экономикалык абалы оор экендигине карабай театр-оюн зоок мекемелерин оңдоп-түзөө иштери улантыларына ишендирди.

"Республикабыздын борбор калаасында жана жети облустун шаарларында жаңы үлгүдөгү маданият мекемелерин куруу багытын эске алуубуз шарт. Анткени отуз жыл ичинде көзгө көрүнөрлүк маданий объектилердин курулганы жокко эсе. Кээ бир театрларыбыз имараты жок ар кайсы мекемеде иш алып барып келишкени өкүнүчтүү. Ал тургай узак тарыхы бар Улуттук жазуучулар союзу, Театр ишмерлер союзу имаратты ижарага алып иштешүүдө", — деген өлкө башчы.

Ошондой эле маданият кызматкерлери материалдык жактан муктаж болсо бул тармак өнүгө албай турганын айткан.

Президент Садыр Жапаров көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чарада
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Эмгек акы, турак жай маселеси чечилбесе, абал өтө эле оор бойдон кала берет. Экономика жана финансы министрлигине маданият кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүү маселесинин жолдорун тез арада табууга тапшырма берем. Этап-этабы менен маданият кызматкерлеринин айлыгын көтөрүп, маданият ишмерлери үчүн курулуп жаткан үйдү эмдиги жылдан тартып ишке ашырып, турак жай маселесин чечип баштайбыз", — деген Жапаров.

Мамлекет башчысы элдин аң-сезими адабият менен маданияттын таасиринде калыптанмайын күчтүү, бакубат коом курулбастыгын, андыктан биринчи кезекте "Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыкка кол коюлганын кошумчалаган.

231
Белгилер:
театр, айлык-акы, маданият, президент, Күлүйпа Кондучалова, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Жапаров: Күлүйпа Кондучалова менен кыргыз маданиятынын алтын доору башталган