Бири-бирин "соороткон" Чокморов менен Сейдакматова. "Уландан" таберик сүрөт

167
(жаңыланган 14:02 17.02.2021)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен КРдин эл артисти Жамал Сейдакматова
© Sputnik / Александр Федоров

СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен КРдин эл артисти Жамал Сейдакматованын сүрөтү Ысык-Көл облусунда 1977-жылы тартылып алынган.

Ал жылы режиссер Төлөмүш Океев "Улан" тасмасын тартып, Чокморов башкы каарман Азаттын, Сейдакматова анын көңүлдөшү Фатиманын образын жараткан.

Сүрөттөгү эки инсандын замандашы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлсара Ажыбекова ошол кезеңди мындайча эскерет:

"Жамал Сейдакматова менен "Улан", "Кызыл алма", "Ак илбирстин тукуму" өңдүү фильмдерде чогуу иштешип калдык. Андан сырткары, театрда да кесиптеш болуп жүрдүк. Мен Москвада окуп жүргөндө эле Жамал эже таанылып, эл арасында аты чыгып калган болчу. Кийин жогорку окуу жайды бүтүп келгенден кийин сахнага чогуу чыгып калдык. Театрда татаал мамилелер, кызганычтар болбой койбойт. Ага көпчүлүк чыгармачыл инсандар туруштук бере албайт. Актриса ошол учурлардын ыгын таап, бир калыпта баары менен иштеше билчү. Анан аябай эмгекчил, мээнеткеч эле. Акыркы жылдары спорт менен алектенип жүрдү, дайым кыймылда, күлүп-жайнап көпчүлүккө үлгү болду", — деди Ажыбекова.

Ал эми Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, актриса Жамал Сейдакматова көзү тирүү кезинде актер Сүймөнкул Чокморов менен режиссер Төлөмүш Океев жөнүндө мындай деген:

"Мен "Уланда" бөтөлкө сатып алып иштеген Фатиманын ролун жараткам. Тартуу иштери дайыма ыр-күлкү менен коштолчу, Океев менен Чокморовдун тамашасы түгөнчү эмес. Негизи Сүймөнкул менен иштөө аябай жеңил болчу, камчы салдырбаган таланттуу актер эле. Режиссерубуз Төлөмүш Океев да аябай жөнөкөй, бардык артисттерди жакшы көрүп тамашалап, шайыр жүрчү. Мен аны менен дос катары мамиледе болуп, үй-бүлөсү менен катышчубуз. Бой көтөрүп жүргөнүн такыр көргөн жокмун, адамгерчилиги бийик, таланттуу инсан эле. Режиссер каза болгондо актерлор катуу кайгырып ыйлап, "эмнеге бизди таштап кеттиң" дегенге чейин барган. Эмгектеринде терең ой, философия камтылган. Океев өзү актерлордун ичинен Чокморовду аябай жакшы көрчү. Аны менен иштешип калганыма сыймыктанам. Негизи эле ошол кезде Болот Бейшеналиев, Советбек Жумадылов, Орозбек Кутманалиев, Мелис Убукеев, Кадыржан Кыдыралиев сыяктуу таланттар чыгып, "кыргыз керемети" жаралган экен. Алардын көпчүлүгү бир мезгилде өтүп кетти, кээде өзүмдү жалгыз калгандай сезип кетем...", — деген актриса.

"Улан" кинофильминде ичкиликке берилип үй-бүлөсүнөн, жумушунан айрылып, соңунда түрмөгө камалган адамдын тагдыры баяндалып, аны менен киночулар коомдогу аракечтик маселесин көтөргөн.

Аталган эмгек 1978-жылы Еревандагы Бүткүл союздук XI кинофестивалда, Ташкенттеги V Азия, Африка, Латын Америка өлкөлөрүнүн эл аралык кинофестивалында Төлөмүш Океев мыкты режиссёрдук иши жана Сүймөнкул Чокморов эркектин ролун өтөсүнө чыгара аткаргандыгы үчүн сыйлык алган.

167
Белгилер:
таберик сүрөт, "Улан" тасмасы, Сүймөнкул Чокморов, Жамал Сейдакматова, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (137)
Тема боюнча
Муратбек Рыскуловду чапканга кол барбай... "Бакайдын жайытындагы" таберик сүрөт
"Үйүм жок болсо кайда барам". Чокморовду ээрчиген Темированын таберик сүрөтү

Кинодогу Сур эчки менен барстын кийинки тагдыры. "Ак илбирстин тукумунан" 13 сүрөт

182
  • Башкы ролдогу Догдурбек Кыдыралиев (Кожожаш) менен Ашыр Чокубаев (Касен)
  • Кожожаштын келинчеги Зулайканын образында Гүлнара Кадыралиева
  • Жаш актёр Марат Жантелиев капканга түшүп калган ак илбирс менен алышып жаткан учуру, 1984-жылы Чүй облусунда тартылган
  • Көзүнөн жашы төгүлүп ыйлаган Зулайканы көтөрүп баскан Кожожаш
  • КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев менен Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозова
  • Мундузбай ак дасторкон үстүндө аксакалдар менен
  • Башкы каарман Кожожаштын образын жараткан актёр Догдурбек Кыдыралиев
  • Эр жүрөк Кожожашты сүйүп калган Айкенин образында Гүлнара Чокубаева
  • Капканга түшкөн ак илбирс, аны бошотууга камынган Кожожаш жана киночулар
  • Ээн талаада өлүп жаткан бөкөндөр менен кошо ок жеген Карагул
  • Кинофильмди тартууга кыргыз, хакас, тажик, өзбек жана казак актёрлору да катышкан
  • Ак илбирстин тукуму тасмасын тартуу маалында киночулар бийик тоолуу аймакта, оор шартта иштеген
Өткөн кылымдын 80-жылдары режиссёр Төлөмүш Океев элдик эпосту тасмага айлантууга катуу киришип, "Ак илбирстин тукуму" фильмин көрүүчүлөргө сунуштаган.

Эмгек бир топ чет элдиктерди таң калтырып, "кыргыз кереметинин" атагын дагы далайга жеткирген. Бул ирет Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган кинокартинадагы сейрек ирмемдерди сунуштайт.

Төлөмүш Океев "Кожожаш" эпосунун негизинде тартыла турчу фильмдин сценарийин драматург Мар Байжиев менен жазып, СССРдин кинематография боюнча комитетине үч жолу кайра-кайра жиберип жатып макулдук алган. Ошол кезде аялы Жумаш Өмүрова да сыркоолоп, онкологиялык клиникада текшерилип жүргөн.

Москвадан уруксат алгандан кийин өзүнүн иштей турган адамдарын чогултууга киришип, Кожожаштын ролуна Сүймөнкул Чокморовду тартууну көздөгөн, бирок ал катуу ооруп жүргөндүктөн тилеги ишке ашпай калган. Анда режиссёр баскан-турганы, өңү-түсү да башкы ролго дал келет деп Москвада окуп жүргөн Догдурбек Кыдыралиевди чакыртып келген. Кинофильмде Нуртай Борбиев оператор болсо, композитору Москвада бешинчи курста окуган Муратбек Бегалиев болгон.

Кинокартинада айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылып, аны менен эриш-аркак жашабаса кесепети аянычтуу болуп, Кожожаштай уулунан ажырап, Сур эчкинин каргышынан улам асканын башында жалгыз калгандай тагдырга ар бир адам туш келиши мүмкүн экендиги баяндалган.

"Ак илбирстин тукуму" 35тей мамлекеттин көрүүчүлөрүнө сунушталып, Берлиндеги эң абройлуу кинофестивалдардын биринде "Күмүш аюу", Дамаск шаарында "Күмүш кылыч" сыйлыгына, Минск шаарындагы Бүткүл союздук фестивалда башкы байгеге татыган.

Тасма Хан-Теңири чокусунда, Кегети ашуусунда, Ала-Арча капчыгайында, Ат-Башынын жайлоолорунда жана бөкөндөргө аңчылык кылган учур Казакстандын Моюн-Кум талаасында тартылган. Ага 200дөн ашык адам катышып, Ашыр Чокубаев, Досхан Жолжаксынов, Гүлнара Абдыкадырова, Калыйча Акматова, Айбек Кыдыралиев, Акыл Куланбаев, Светлана Чебодаева-Чаптыкова, Сакыбек Карабаев, Али Мухаммед, Раимбай Сеитов, Димаш Ахимов, Алексей Араштаев, Гүлсара Ажыбекова, Чоро Думанаев, Орозбек Кутманалиев, Асанбек Кыдырназаров өңдүү кыргыз, хакас, тажик, өзбек жана казак актёрлору образ жараткан. Айрым эпизоддорду тартууга каскадёрлор, СССРдин борборунан альпинисттер да чакыртылган. Ал эми киночулар тасмада колдонулган ак илбирс, Сур эчки кийин зоопаркка өткөрүп берилген.

182
  • Башкы ролдогу Догдурбек Кыдыралиев (Кожожаш) менен Ашыр Чокубаев (Касен)
    © Sputnik / Александр Федоров

    Башкы ролдогу Догдурбек Кыдыралиев (Кожожаш) менен Ашыр Чокубаев (Касен)

  • Кожожаштын келинчеги Зулайканын образында Гүлнара Кадыралиева
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кожожаштын келинчеги Зулайканын образында Гүлнара Кадыралиева

  • Жаш актёр Марат Жантелиев капканга түшүп калган ак илбирс менен алышып жаткан учуру, 1984-жылы Чүй облусунда тартылган
    © Фото / Александр Федоров

    Жаш актёр Марат Жантелиев капканга түшүп калган ак илбирс менен алышып жаткан учуру, 1984-жылы Чүй облусунда тартылган

  • Көзүнөн жашы төгүлүп ыйлаган Зулайканы көтөрүп баскан Кожожаш
    © Sputnik / Александр Федоров

    Көзүнөн жашы төгүлүп ыйлаган Зулайканы көтөрүп баскан Кожожаш

  • КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев менен Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозова
    © Sputnik / Александр Федоров

    КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев менен Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозова

  • Мундузбай ак дасторкон үстүндө аксакалдар менен
    © Sputnik / Александр Федоров

    Мундузбай ак дасторкон үстүндө аксакалдар менен

  • Башкы каарман Кожожаштын образын жараткан актёр Догдурбек Кыдыралиев
    © Фото / Александр Федоров

    Башкы каарман Кожожаштын образын жараткан актёр Догдурбек Кыдыралиев

  • Эр жүрөк Кожожашты сүйүп калган Айкенин образында Гүлнара Чокубаева
    © Фото / Александр Федоров

    Эр жүрөк Кожожашты сүйүп калган Айкенин образында Гүлнара Чокубаева

  • Капканга түшкөн ак илбирс, аны бошотууга камынган Кожожаш жана киночулар
    © Фото / Александр Федоров

    Капканга түшкөн ак илбирс, аны бошотууга камынган Кожожаш жана киночулар

  • Ээн талаада өлүп жаткан бөкөндөр менен кошо ок жеген Карагул
    © Sputnik / Александр Федоров

    Ээн талаада өлүп жаткан бөкөндөр менен кошо ок жеген Карагул

  • Кинофильмди тартууга кыргыз, хакас, тажик, өзбек жана казак актёрлору да катышкан
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кинофильмди тартууга кыргыз, хакас, тажик, өзбек жана казак актёрлору да катышкан

  • Ак илбирстин тукуму тасмасын тартуу маалында киночулар бийик тоолуу аймакта, оор шартта иштеген
    © Sputnik / Александр Федоров

    "Ак илбирстин тукуму" тасмасын тартуу маалында киночулар бийик тоолуу аймакта, оор шартта иштеген

  • Ак илбирсти жаратууга катышкан чыгармачыл топ, ортодо режиссёр Төлөмүш Океев менен оператор Нуртай Борбиев
    © Sputnik / Александр Федоров

    Ак илбирсти жаратууга катышкан чыгармачыл топ, ортодо режиссёр Төлөмүш Океев менен оператор Нуртай Борбиев

Белгилер:
сүрөт, тасма, Төлөмүш Океев, Кыргызстан
Тема боюнча
Чокморов катуу ооруп жүргөндө тартылган. "Бөрү зындан" тасмасындагы ирмемдер
Уулунан ажырап Базарбайдан өч алганы келгенде... "Акбаранын көз жашы" сүрөттө
Жамийла, баёо бала, армандуу абышка... Айтматовдун кинодогу каармандары сүрөттө
Тасмага казактар каршы чыккан. "Караш-Караш окуясындагы" сүрөттөр
Диктор Мирзат Муканов менен жубайы, алып баруучу Айзуура Иманалиева. Архив

Издешпей табышкан Мирзат менен Айзуура: жаш болсок да баштан көп нерсе өттү

2604
(жаңыланган 22:48 26.02.2021)
"Издешпей табышкандар" рубрикасынын бул жолку коноктору диктор Мирзат Муканов менен жубайы, алып баруучу Айзуура Иманалиева болду.

— Айзуура, жумушка чыкканыңызга бир топ убакыт болду окшойт. Балдарды кароого кантип жетишип жатасыз?

Айзуура Иманалиева: — Жолдошумдун колдоосу менен жумушка балам кичинекей кезинде эле чыгып алгам. Анын үстүнө Мирзат экөөбүздүн графигибиз бири-бирине тоскоолдук жаратпайт. Таңкы эфирди алып баргандыктан жумушка саат төрттө кетем. Ага чейин үйдөн балага сүт, суусун даярдап коем. Эфир бүтөрү менен үйгө чуркаган бойдон келем. Себеби Мирзаттын түз эфири саат 12де башталат, ага жетишип калышым керек.

Супруги, диктор Мирзат Муканов и телеведущая Айзуура Иманалиева
© Sputnik / Асель Сыдыкова
"Издешпей табышкандар" рубрикасынын бул жолку коноктору диктор Мирзат Муканов менен жубайы, алып баруучу Айзуура Иманалиева болду

— Кичинекейиңер канчада?

А.И.: — Бир жаш бир ай болуп калды. Улуу балабыз Мырза үч жаштан ашты.

— Мирзат, бардык эле эркектер балдары кичинекей болсо аялдарын жумушка чыгара бербейт эмеспи. Сиз каршылык көрсөткөн жоксузбу?

Мирзат Муканов: — Айзуура жумушка чыгам дей электе эле мен "ишке чыгып алаксы" дегем. Анткени менин түшүнүгүм боюнча, аял күйөөсүнө экөө бир толкунда болгондо гана кызыктуу болот. Мисалы, мен кандай китеп окусам Айзууранын да ошондой китеп окушун, кандай тасма көрсөм, анын дагы ошол фильмди көрүшүн каалайм. Айтор, аялы менен күйөөсүнүн талкуулаган темасы экөөнө тең кызыктуу болгон учурда гана жубайлар ортосундагы жашоо кызыктуу болот деп ойлойм.

Аял киши үйдө отурганда өзүн карабай, жемелеп, арыздана берет эмеспи. Алардын энергиясы ашып-ташып турат деген нерсеге кошулам. Ошол энергиясын жумушка барып таратып келгени деле туура (күлүп).

Анын үстүнө баланын алгачкы окуу жайы эле эне да. Ал канчалык билимдүү болуп, бардык жагынан маалыматы, тажрыйбасы көп болсо, баланы да ошого жараша тарбиялайт.

А.И.: — Билимдүү эне билимдүү баланы тарбиялайт. Менин да принцибим ушундай. Эгерде эне коомдо болуп жаткан нерсени билбесе, түшүнбөсө, аралашпаса, ошол түшүнүгү менен артта калып калат. Анда балага кандай тарбия берет? Аялдын энергиясы ашып-ташып турат деп жатпайбызбы. Ошол нерсени ал билим алууга жумшаганы жакшы деп ойлойм. "Эркектен ашынып чыгып алып иштегиле" деп айтпайм. Анткени бул нерсе кыргыздын менталитетине түк туура келбейт. Болгону аял киши үйдөгү жумушту да, сыртты да айкалыштырып чогуу алып кетсе болот.

— Кандай аял болбосун, үйдө отуруп калганда аны тиричилик деген нерсе өзгөртүп коюшу ыктымал. Мындай учур силердин башыңардан да өттүбү?

А.И.: — Декреттик өргүүдө отурган деле жокмун. Телевидениеден алыстаганга туура келди, бирок үйдө өзүмдү башка нерселер менен алаксытканга аракет кылдым. Бала кезде апам "кыз киши жөн отурбашы керек" деп тарбиялаган.

"Ар кандай кырдаалга кабыласың, ошол учурда жашап кетишиң керек" деп түрдүү курстарга жиберип, жөн отургузчу эмес. Убагында жаман көрчүмүн, көрсө туура кылыптыр. Апам кол өнөрчүлүктү, сайма сайганды үйрөткөн. Кийин кол өнөрчүлүктүн үйдө отуруп калганда кереги тийди. Мени тиричилик деген нерсеге аралаштырбай, алаксытты. Мындан сырткары, эки жылдык магистратурада окуп, аны да бүтүрүп алдым.

Аял киши үйдө отурганда бир жасаган жумушун миң жасайт, тажайт, жини келет. Ошол нерсени балдардан чыгарып алгандан абайлаш керек. Ошондой учурда ал жок дегенде бир саат тынч отуруп чай ичип, жакшы көргөн тасмасын көрсө терс энергия чыгып кетет экен. Андан кийин күч топтоп алып калган жумушуңду жасай бересиң.

Супруги, диктор Мирзат Муканов и телеведущая Айзуура Иманалиева
© Фото / предоставлено Мирзатом Мукановым
Айзуура Иманалиева: билимдүү эне билимдүү баланы тарбиялайт. Менин да принцибим ушундай. Эгерде эне коомдо болуп жаткан нерсени билбесе, түшүнбөсө, аралашпаса, ошол түшүнүгү менен артта калып калат

— Экөөңөр тең медиа өкүлдөрүсүңөр. Ошол тармактан эле таанышып, табышкансыңарбы?

М.М.: — Алгач Айзуура менен соцтармак аркылуу таанышкам. Ошол жактан бир айга чукул сүйлөшүп жүрүп, андан кийин жолуктук. Биринчи жолукканда Жал кичи районунан Байтик баатыр көчөсүнө чейин жөө басып келгенибиз эсимде.

А.И.: — Мирзат башында мага соцтармак аркылуу жазып жүрдү. Бой жетип калган кызга ашыктык каттарын көп жигиттер жазат эмеспи, ошол себептен башында көп деле этибар алган эмесмин. Мен балдардын жазганына да маани берчүмүн. Мирзат катасы жок жазчу. Ошентип экөөбүз соцтармактан эле сүйлөшүп жүрүп бир айдан кийин жолуктук. Андан кийин "профилин" карасам журналист экен. Жолукканда адептүү, ыймандуу көрүндү. Анан эмне болуп сүйлөшүп кеткенибизди билбей калдым.

— Мирзат, жаңы таанышканда Айзуура Гүлбүбү Ороскулова менен Элмирбек Иманалиевдин кызы экенин билдиңиз беле?

М.М.: — Ачыгын айтсам, Айзуура башында эле жаккан. Экөөбүз эки-үч жолу жолуктук, бирок ата-энеси тууралуу кеп кылчу эмес. Бир күнү ата-энеси менен түшкөн кичинекей кезиндеги сүрөтүн жөнөтүп жибериптир. Анда атам менен апам (кайнене, кайната) жапжаш экен. Айзуура наристе бойдон. Ошол себептен ал кишилерди тааныган деле жокмун. Сүрөттү жиберген учурда жанымда досум бар болчу. Ага Айзуура тууралуу айтып берип жаткам. Ата-энеси менен түшкөн сүрөтүн көрсөтсөм эле досум "бул Элмирбек Иманалиев го" дейт.

Дароо эле Айзуурадан "сен белгилүү адамдардын кызы эмессиңби?" деп сурасам, "баары эле ошентип айта беришет" деди.

Ачыгын айтканда, мен Айзуураны "үйлөнө турчу кыз экен" деп вариант катары карай баштагам да. Анын белгилүү адамдардын кызы экенин билгенде "мен белгилүү адамдардын баласы болбосом, ата-энелер кандай тил табышат, кайра жолукпай эле койсомбу" деген да ой келди. Көрсө, жаңылыпмын. Ата-энелерибиз тез эле тил табышып кетишти. Атам менен кайнатам отуруп алып санжыраны сүйлөшкөндө биз шашпай жумушубузду бүтүрүп келе берчүбүз.

Супруги, диктор Мирзат Муканов и телеведущая Айзуура Иманалиева с детьми
© Фото / предоставлено Мирзатом Мукановым
Мирзат Муканов: аялы менен күйөөсүнүн талкуулаган темасы экөөнө тең кызыктуу болгон учурда гана жубайлар ортосундагы жашоо кызыктуу болот деп ойлойм

— Айзуура, атактуу адамдын кызы экениңизди эмнеге дароо айткан эмес элеңиз?

А.И.: — Бул эми бала кезден калыптанган мүнөз окшойт. Мектепте окуп жүргөндө бир дагы классташыма ата-энем тууралуу айткан эмесмин. Анан өздөрү эле "сен Элмирбек Иманалиевдин кызы турбайсыңбы" деп билип келип калышчу. Анда да "жок" деп койчумун. Эмнегедир андай нерселерди айткым келчү эмес. Анткени адамдын ошого жараша мүнөзү, мамилеси дароо өзгөрөт. Ата-эне ким болуп иштебесин, алар башка, биз башка. Ата-эненин кызматы, орду адамдар ортосундагы мамилеге таасирин тийгизбеши керек. Ошол себептен болочок жолдошума да ал тууралуу айтууну туура көргөн эмесмин.

— Кайсы бир жерден Мирзат Муканов Элмирбек Иманалиевдин жакшы көргөн диктору деп укканбыз.

А.И.: — Тандаган түгөйүң тууралуу ата-энеңдин ою да маанилүү эмеспи. Мирзатты биринчи мамам менен тааныштыргам.

Атама андан кийин айттым. Негизи эле атама өзүмдүн сезимдерим, мамилем тууралуу айткандан уялчумун. Керек болсо көзүн тике карап сүйлөй алган жокпуз. Бир күнү эле шердене түштүм окшойт, атама Мирзаттын сүрөтүн көрсөтүп "ата, бул жигитти тааныйсызбы?" дедим. Көрсөтсөм эле "бул менин аябай жакшы көргөн алып баруучум да, мен ушул балага барып колунан кысып "азаматсың" деп айтмакмын" деп калды. Анан "эмнеге сурап жатасың?" десе эмне деп айтарымды билбей, "жөн эле тааныш болчубуз" дегеним эсимде. Бирок түшүндү окшойт. Андан кийин Мирзат экөөбүздүн мамилебиз бышыкталгандан кийин атам менен тааныштырдым. Экөө дароо эле тил табышып, жакшы сүйлөшүп кетишкен.

Диктор Мирзат Муканов на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Мирзат Муканов: акылдуу келин жолдошунун ата-энеси менен абдан жакшы мамиледе болуп алат экен. Акылдуу күйөө бала деле ошондой. Айзуура менен апам жакын

— Мирзат, сиз да Айзуураны алгач ата-энеңизге көрсөтүп анан үйлөндүңүз беле?

М.М.: — Баласын ата-энесинен башка эч ким жакшы билбесе керек. Айрыкча, уулу кандай аял менен жашап кете аларын апасынан башка да эч ким жакшы билбейт. Мен дагы үйлөнөрдүн алдында ата-энеме Айзуураны көрсөтүп, тааныштыргам. Үйгө баргандан кийин "силерге жактыбы?" деп да сурагам (күлүп). Атам "биздин кыз экен" деп дароо эле жактырган.

Негизи эле энең менен келинчегиң жакшы тил табышып кетсе эркектин да жан дүйнөсү тынч болот деп ойлойм.

— Айзуура да жакшы келин деп укканбыз.

М.М.: — Акылдуу келин жолдошунун ата-энеси менен абдан жакшы мамиледе болуп алат экен. Акылдуу күйөө бала деле ошондой. Айзуура менен апам жакын. Өткөндө ата-энем шаарга келип, апам менен келинчегим бир жакка кетип, балдарды атам экөөбүз карап калдык. Анан атам "апаң Айзууранын жанында жүргөндү жакшы көрөт" деп калды. Ага чейин "кайда жүрөт" деп жиним келип жаткан, атамдын айткандарынан кийин ачуум тарап кетти. Менин оюмча, жакшы эле келин болду.

А.И.: — Жаңы келин болуп айылга барганда кеч кирип баратканда эле үйдү сагынып, куса боло берчүмүн. Бирок апамдын (кайненем) колдоосу менен көп кыйынчылыктар билинбей калды.

Телеведущая Айзуура Иманалиева на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Айзуура Иманалиева: тандаган түгөйүң тууралуу ата-энеңдин ою да маанилүү эмеспи. Мирзатты биринчи мамам менен тааныштыргам. Атама андан кийин айттым. Негизи эле атама өзүмдүн сезимдерим, мамилем тууралуу айткандан уялчумун

— Башыңардан бир эмес эки жамандык өтүп, чоң сыноо келди. Мындай учурда жаныңдагы адамдын арка-бел болуп турганы өтө маанилүү эмеспи.

А.И.: — Өмүрлүк жарың керек болсо ата-энеден дагы жакын болуп калат экен. Турмуш курарда ушуга да маани бериш керек. Адам деген жакшы учурду, жакшылыкты баштан оңой эле өткөрүп коет экен. Ал эми жаман нерсе келгенде жаныңдагы жарыңдын, башкалардын сага болгон мамилеси көрүнөт. Ушул жерден Мирзатка ыраазы экенимди дагы бир жолу айтып коеюн. Анткени канчалаган көз жаш, канча деген ый болду. Жамандык жалгыз келбей, ажал ата-энемди удаа алып кетти. Ошол учурда жолдошумдун жанымда колдоо көрсөтүп турганы мага күч-кубат берди десем жаңылышпайм. Айрымдар "кечке эле ыйлай бересиң" деп жемелемектир. Мирзат мага колдоо гана көрсөттү.

Жамандыкта кыркылык, аш берип, эстелик коюш керек деген нерселер бар экен. Бул учурда эч кимге жалдыраган жокпуз. Бүт баарына өзүбүз чуркадык. Мамама эстеликти Мирзат өз колу менен жасап, балдарынын атынан деп тургуздук.

Апамдан ажырагандан кийин өзүбүзгө келе албай жүргөн учурда атам өтүп кетти. Ыйладык, кыйналдык, чачыранды болдум. Бирок өзүмдү колго алып кайраттандым. "Мындай жашоо болбойт" деп батыраак өзүмө келгенге аракет кылдым.

Азыр кайра Кудайга шүгүр келтирем. Анткени бардык жакынынан айрылып жападан жалгыз калгандар кездешет. Ага караганда үй-бүлөм, жолдошум, балдарым, жакындарым бар (жашып кетти).

М.М.: — Башыбыздан жамандык өткөн учурда соцтармакта экөөбүздүн дарегибизге укмуштуудай билдирүүлөр жазылды. Аларды окуп оозубуз ачылып калчу. Эркектер го ичинен түтөп, билгизбей көтөрүп жүрө берет экен. Мындай учурда аялдарга эле кыйын.

Бирок жубайым моралдык жактан күчтүү. Жадагалса энеси, атасын жоготуп отурганда "фейктерди" окуп реакциясын сыртына чыгарчу эмес.

— Бир тууганыңар Сезимди турмушка узатканда ата-эне катары эле милдет аткарсаңар керек.

М.М.: — Жакшылыкка чуркаган баары бир жакшы экен. Чарчаганыбызды билбей, кыргыздын каадасын жасап, Сезимди жакшынакай кылып турмуш жолуна узаттык. Анын болочок жолдошун атам деле билчү. Күйөө бала менен сүйлөшсөк дароо эле ала турганын айтып, атамдын кыркылыгы өткөндөн кийин колдон алып кетти.

Ошол маалда коронавирус күчөп турган учур болчу. Бирок аны биз жөнөкөй кылып эле күйөөгө кетирсек Айзуура экөөбүз тең кийин ыңгайсыз болуп калмакпыз. Ошол себептен кафе ээлерин эптеп көндүрүп, жакын адамдарды гана чогултуп чакан той кылдык.

Айзуура экөөбүздүн баш кошконубузга беш жыл болсо да кемпир-чалдай болуп көп нерсени билип калдык. Ал тургай кепинди кандай кылып алыш керек экенин турмуш өзү үйрөттү. Азыр алар, Кудайга шүгүр, жакшы жашап жатышат.

Супруги, диктор Мирзат Муканов и телеведущая Айзуура Иманалиева
© Фото / предоставлено Мирзатом Мукановым
Айзуура Иманалиева: ортодо сый өчпөш керек. Кандай болгон күндө дагы жубайлар бири-бирин колдоп, анан сыйлаганы жакшы. Сүйүү деген түбөлүк жашайт экен. Болгону биз аны тиричилик менен өчүрүп алат окшойбуз

— Казан-аяк кагышкан учурда кантип элдешесиңер?

А.И.: — Мирзат экөөбүз таарынышуу беш мүнөттөн ашпаш керек деп сүйлөшүп алганбыз. Андан ашып баратса Мирзат "беш мүнөттөн ашып кетти" деп келет. Андан ашырып жүрө бергенде эмне? Ошол адамдын кемчилик, артыкчылыктарын толугу менен кабыл алып турмуш кургандан кийин майда-барат нерсеге убакыт коротуп эмне кереги бар? Өмүр ансыз да кыска. Экөөбүз бири-бирибизге жакшы нерселерди айтканга аракет кылабыз.

М.М.:— Бир байкенин "аялың менен уруша кетсең, туура эмес болуп жатса да "кечирип кой" деп айтып кое бер" дегени эсиме түшүп кетти. Менден кетсе кечирим сурайм. Айзуура мурда сурачу эмес, азыр үйрөндү.

А.И.: — Ошол "кечирип койчу" деген сөздүн артында көп нерсе турат экен да. Ал сөздү айтып койгондон эч нерсе болбойт.

М.М.: — Жубайлардын ортосунда принцип деген нерсени сындырыш керек экен. Мен Айзуурага үйлөнөрдө кайненем "экөөң уруша кетсең кандай гана учур болбосун, мен сага болушам" деп айтканы эсимде калыптыр. Көрсө, анын мааниси да терең экен.

А.И.: — Жаңы үйлөнгөн учурда Мирзат экөөбүз бири-бирибизге көнүшө албай урушуп-талаша кетчүбүз. Ошол учурда апама деле айткым келчү эмес, айтсам анын эле жүрөгү ооруйт да. Урушуп-талашкан учурда бир-эки саат сабыр кылып койсо баары өтүп кетет.

— Негизи жубайлар ортосунда эмне маанилүү деп ойлойсуздар? Көз карашыңарды билгим келип жатат.

М.М.: — Экөө бири-бирин моралдык жактан колдоп турганы эле жетет го деп ойлойм. Айрым учурда адам өзү менен өзү болгусу келет. Ошол учурда тийишпегенге аракет кылам. Ар бир адамдын жеке чөйрөсү бар. Жубайлар дагы бири-бириникине кирбеши шарт.

А.И.: — Жогоруда Мирзат "жубайлар бир толкунда болушу керек" деп айтпадыбы. Аялы менен күйөөсүнүн ою, максаты, түшүнүгү бир болуп турса, турмуш да жеңил болот го деген ойдомун. Эгер экөөнүн каалоосу эки башка болуп туруп алса, кыйынчылык жаралып калат болуш керек. Анан ортодо сый өчпөш керек. Кандай болгон күндө дагы жубайлар бири-бирин колдоп, анан сыйлаганы жакшы. Сүйүү деген түбөлүк жашайт экен. Болгону биз аны тиричилик менен өчүрүп алат окшойбуз.

2604
Белгилер:
Айзуура Иманалиева, үй-бүлө, турмуш, маек, жубайлар, Мирзат Муканов
Тема боюнча
Сүйүүбүз көп тоскоолдукту жеңди. Издешпей табышкан Назбек менен Нурайым
Кеп-сөзгө карабай үйлөнгөнбүз. Издешпей табышкан Дөөлөт Сыдыков менен Ырыс Окенова
Башкы прокуратуранын имараты. Архив

Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп берген ишеним номерлерин жарыялады

0
(жаңыланган 22:35 26.02.2021)
Ишеним телефону жеке ишкердик субъектилеринин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алары маалым болду.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп бере турган ишеним телефон номерлерин жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

"Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү" жарлыгын аткаруу максатында ишеним телефону иштеп баштады", — деп айтылат маалыматта.

Эми ишкерлер күнү-түнү (0312) 88-90-33 номерине чала алышат.

Ишеним телефону жеке ишкердик субъектилеринин, чакан бизнестин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алары маалым болду. 

0
Белгилер:
текшерүү, ишкердик, ишеним телефону, Башкы прокуратура, Кыргызстан
Тема боюнча
Дарыканаларды текшерүүгө мораторий жоюлат. Мыйзам долбоору даярдалууда