АКШда өтчү Азия кинофестивалында калыстар тобун кыргызстандык киносынчы жетектейт

© Sputnik / Табылды КадырбековКиновед Гүлбара Төлөмүшова. Архив
Киновед Гүлбара Төлөмүшова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Жазылуу
Кинофестиваль 10-марттан 15-мартка чейин онлайн-форматта өтөт. Сынакка жалпы жонунан 14 тасма катышууда. Кыргызстандын атынан режиссер Эмил Атагелдиевдин "Көл" тасмасы сунушталган.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Лос-Анджелесте түзүлгөн дүйнөлүк Азия кинофестивалында (AWFF) биринчи жолу Кыргызстандын кино индустриясынын өкүлү Гүлбара Төлөмүшова калыстар тобун жетектейт. Бул тууралуу кинофестивалдын расмий сайтына жарыяланды.
"Азия киносунун дүйнөлүк фестивалы толук метраждуу тасмаларды караган калыстар тобунун төрайымы болуп берүүмдү сунуштаганы үчүн абдан кубанып турам. Уюштуруучу комитеттин мага болгон ишеними үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Биздин калыстар конкурска катышкан тасмаларга так баасын берерин жана өз ишин жоопкерчиликтүү алып барарын белгилейм", — деди Кинопресса эл аралык федерациясынын мүчөсү жана кино таануучу Гүлбара Төлөмүшова.
​Кинофестиваль 10-марттан 15-мартка чейин онлайн-форматта өтөт. Сынакка жалпы жонунан 14 тасма катышууда. Кыргызстандын атынан режиссер Эмил Атагелдиевдин "Көл" тасмасы сунушталган.
Сценарист жана режиссер Хлоя Чжао. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2021
"Көчмөндөр жери". АКШ киносынчылары 2020-жылдагы мыкты фильмди тандады. Трейлер
Фестивалдын модератору белгилүү актриса, AWFF башкаруучулугунун мүчөсү Люси Лью болмокчу.
AWFF 2015-жылы кинорежиссер, сценарист, коомдук ишмер жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садык Шер-Нияз тарабынан түптөлгөн. Аsian World Film Festival кинофестивалынын негизги максаты Азия менен Американын кино индустриясынын байланышын бекемдөө болуп саналат. Өткөн жылы кинофестивалдын коногу Анжелина Жоли болгон.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0