Sputnik Кыргызстан агенттиги анын жашоосундагы оор күндөрдү, камактагы жагдайларын жана уул-кыздарына болгон кусалыгын эскерип, жазуучу жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Атасынан эрте ажыраган бала. Кыргыздын алгачкы агартуучуларынын бири Ташым Байжиев 1909-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теңизбай (азыркы Тепке) айылында кедейдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Жети жашында ата-энеси менен кошо Кытайга качып, ал жактан ачарчылыкты, кыйын күндөрдү башынан өткөргөн. Кайра мекенге кайтып келе жатканда катуу ооруп жүргөн атасы жолдо каза болгон.
Жаш калемгер. Кыргызстанда тестиер бала молдодон сабак алып, борборго билим алууга кетүүгө камынып жаткан Касымалы Жантөшевди көрүп калып, аны менен кошо 16 жашында Пишпек шаарындагы Кыргыз агартуу техникумуна келген. Ал жактан Мукай Элебаев, Узакбай Абдукаимов, Кубанычбек Маликов, Жума Жамгырчиев, Саткын Сасыкбаевдер менен чогуу окуп, "Эркин-Тоо" гезитин чыгарууга кол кабыш кылып, "Кызыл учкун" адабий ийриминин жигердүү катышуучуларынын бири болгон. 30-жылдары өзүнүн повесть, аңгемелерин жарыялай баштайт.
Белгилүү акын Жусуп Турусбеков ал жылдары жаш Байжиевдин дараметин төмөнкүдөй баалаган.
"Ташым жакшы жигит. Адабиятты жакшы түшүнөт. Таланттуу, аман болсок көрөрсүң, келечекте татынакай чыгармаларды жаратарына көзүм жетет. Буга бутун тосуп бөгөт болгондор да бар", — деген кезинде акын.
Сүйүктүүсү үчүн ыйлап. Ошол жылдары жаш студент Айша Түмөнбаева менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп, бир нече жылдан кийин ага үйлөнөм деп жүргөн. Бирок сулуу кыз тилчи Кусеин Карасаевди жактырып калган эле. Кийин досу Зыяш Бектенов шолоктоп жаш баладай ыйлаган Ташымдын абалын минтип сүрөттөгөн.
"Ташым, бүгүн мен сени менен коштошоюн деп ээрчитип келдим. Сен мени мындан ары унут. Мен башка жигит менен баш кошмок болдум" дегенде көзү караңгылап, Ташым ыйлап жиберди ", — деп жазган ал.
Жоголгон повесть. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин Ташым өзүнүн жаш замандаштары менен элдин кат-сабатын жоюу үчүн аймактарга кетип, азыркы Алай районунда агартуучулукту аркалап иштеп калган. Ошол жактан басмачылардан качып, ар кайсы жерде түнөп жүрүп 20 жашында Үркүн жөнүндө жазган "Турмуш чөлүндө" повестинин кол жазмасын жоготуп жиберген. Ошентип жаш таланттын ал эмгеги жарыяланбай калган.
Окуу китептерин иштеп чыгып... 1933-жылы СССРдин аймагындагы улуттардын эне тили боюнча окуу китептерин түзүү тууралуу токтом кабыл алынат. Ташым Байжиев менен Зияш Бектенов үчүнчү жана төртүнчү класстын окуучуларынын китебин баштап, бир жылга жетпеген убакыт ичинде жазып бүтүшкөн. Кийин досу Зыяш Бектенов менен Касым Тыныстановдун жетектөөсүнүн аркасында бешинчи жана алтынчы класстын "Биздин адабият" окуу куралын даярдайт. 30-жылдардын соңунда кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү биринин артынан бир камалып жатканда жаңыдан аты чыгып келе жаткан тилчи камактан араң кутулган. Агартуучулук менен илимди айкалыштырган калемгер Кыргыз педагогикалык институтунун орус тили, адабияты факультетине тапшырып, аны 1940-жылы ийгиликтүү бүтүрүп Тарых, тил жана адабият илим-изилдөө институтуна жумушка алынып "Манас" секторун жетектейт.
Согуштагы жаракат жана "Манас". Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Ташым Байжиев өз ыктыяры менен фронтко аттанып, 1944-жылы Украинда оор жаракат алган соң кайтып келип СССРдин Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын "Манас" жана фольклор секторун башкарып калат. Ал жакта эмгектенгендер менен биргеликте улуу эпостун 1100 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярданып, үчилтиктин текстин түзүүгө киришкен. Өзү 1947-жылы Муктар Ауэзовдун жетектөөсүнүн алдында "Семетей" эпосу боюнча кандидаттык диссертациясын жазууга киришет.
Өрттөлгөн китептер. Ошол маалда Исхак Раззаков башында турган аткаминерлер, окумуштуулар жыйын өткөрүп, жогорку класстагы окуучуларга кыргыз фольклору жана адибияты боюнча китеп чыгаруу маселеси ортого салынат. Анда эки ынак доско 8-класс үчүн "Биздин адабият" китебин жазуу тапшырмасы берилип, сегиз айда даяр болот. Эмгектин көлөмү 21 басма табак болуп, 5170 нускада 1949-жылы биринчилерден болуп жарыкка чыгат. Төрт ай өткөндөн кийин Кыргыз ССРинде коомдук-саясий абал курчуп, эки автордун китептери кайра чогултулуп өрттөлгөн. Бийлик башындагылар "саясий жактан зыян китеп, идеологиялык каталар бар" дешкен.
Бөтөн жердеги азаптуу өлүм. Жаш окумуштууларга катуу чабуул башталып курулай доомат айтылып, кызматтан алынып, Байжиев "эл душманы", "улутчул" делип камалып кетет. Бектенов экөө коңшу Казакстандын аймагындагы Караганда лагерине он жылдан кесилип кетишет. Байжиевдин келинчеги Мария Фрунзеде эки кыз, эки уулу менен калып, жолдошун узак убакыт күткөн.
Абактан жазуучу үй-бүлөсүнө кат жазып турган. Түрмөдө тиштери түшүп, көзү көрбөй, көп ооруп жүрүп 1952-жылы 27-февралда көз жумган.
Аны менен бирге жүрүп калган ардагер журналист Түкөй Кекиликов Ташым Байжиевдин өмүрүнүн акыркы күндөрүн минтип баяндаган.
" Менин акыбалым начар, адам болушум кыйын. Үйгө кат жазба. Атабыз келет деп үмүт кылып жүрө берсин. Кийин түңүлгөндө түшүнөр", — деп жашыды да, алсырап кетти. Кайрат айттым. Эртеси да чакырып кетишти. Барсам Ташым тилден калыптыр, ошол күнү эле каза болуп калды", — деп эскерген.
Анын бир уулу Мар Байжиев учурда белгилүү жазуучу, драматург.
139 жылдык тарыхы бар үйдү оор жүк ташуучу автоунаа менен Сан-Францискодо бир жерден экинчи, жаңы орунга көчүрүштү.
РФ жана КР президенттери Владимир Путин менен Садыр Жапаров Кремлде жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты.
Марс планетасына учкан Perseverance Mars Rover Жерге жаңы видеолорду жиберди.Австралияда Баарак аттуу жүнү өтө өсүп кеткен койду "ашыкча жүктөн" арылтышты. Жүндүн эле салмагы 35,4 килограмм экени анык болду.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Карабахты колдон чыгарып жиберүүгө россиялык куралдын начардыгы себеп болду деген билдирүүсүнөн кийин өлкөнүн Башкы штабы анын отставкасын талап кылды.
Boeing 747 Франкфурттагы (Германия) аба майданына учуп келе жатат
Келгин куштар. Бул турналарды Галилей деңизине (Израиль) жакын Хула көлүнөн тартып алышкан
139 жылдык тарыхы бар үй. Аны Сан-Францискодо жаңы жерге көчүрүп бара жатышат
РФ жана КР президенттери Владимир Путин менен Садыр Жапаров Кремлде жолуккан учур
Марс планетасында тартылган сүрөт. Perseverance Mars Rover аппаратынын навигациялык камерасы
Мекенди коргоочулар күнүнө карата россиялык десантчылардын майрамдык номерлеринин бири. Москва облусу
Севильедеги (Испания) модачылдардын нааразылык акциясында
РФ жана Беларусь президенттери Владимир Путин менен Александр Лукашенко карда жүрүүчү техника менен
Австралияда Баарак аттуу жүнү өтө өсүп кеткен койду "ашыкча жүктөн" арылтышты. Жүндүн эле салмагы 35,4 килограмм экени анык болду
Миландагы мода жумалыгында дизайнер Даниэль Дель Кор жаңы коллекциясын көрсөттү
Британ деп аталган тукумдагы мышыктын сүрөтүн Москвада өткөн "КоШарики Шоу" көргөзмөсүндө тартып алышкан
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Ереванда тарапкерлеринин алдында чыгып сүйлөп жатат. Карабахты колдон чыгарып жиберүүгө россиялык куралдын начардыгы себеп болду деген билдирүүсүнөн кийин өлкөнүн Башкы штабы анын отставкасын талап кылды
Нью-Делидеги жашоочуларга (Индия) AstraZeneca вакцинасын сайышты
Кара түстүү афроамерикалык Амады Орберинин элесине арналган акция. Ал Жоржия штатындагы Брансуика (АКШ) шаарында чуркап жүргөн учурда ок жеген
Калутаре (Шри-Ланка) аймагында алтын балыктарды саткан адам
Аскерий төңкөрүшкө каршы чыккан кыздын сүрөтү. Янгон (Мьянма)
Муз үстүндө чимириле бийлеген Елизавета Нугуманова. Жалгыздап көркөмдөп муз тебүү боюнча аялдар арасындагы Россия Кубогунун финалы
Извержение вулкана Этна на Сицилии.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов опера жана балет театрынын аталышын өзгөртүү боюнча токтомго кол койду. Бул туурасында документ өкмөттүн сайтына жайгаштырылды.
22-февралда "Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн маданият жана искусство чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому чыккан. Ага ылайык, "А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" "А. Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" мамлекеттик мекемеси" деп өзгөртүлгөн.
Ал эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги театрдын аты өзгөртүлбөгөнүн, болгону документ Юстиция министрлигиндеги маалыматка дал келтирилгенин билдирди.
"Опера жана балет театры мурда Юстиция министрлигинде "А.Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" деп катталган. Өкмөттүн токтому менен биз болгону документти иретке келтирдик", — деп билдирди министрликтин маалымат кызматы.
Мындан сырткары, өкмөттүн чечими менен Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин карамагына өттү.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү мунай заттарын Евразиялык экономикалык биримдиктин бажы чегинен сырткары ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну сунуштап жатат.
Бул боюнча токтом долбоору өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Бийлик муну менен Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майлардын тартыштыгын алдын алууга аракет кылууда.
Эгерде токтом долбоору кабыл алынса, ал үч күндөн соң күчүнө кирип калат. Тыюу салуу ЕАЭБдин мунай жана мунай заттары боюнча жалпы рынокторун түзгөнгө чейин уланышы мүмкүн.
2021-жылдын башынан тарта 1-мартка чейин россиялык өндүрүштөн чыккан бензиндин тоннасы 300 доллардан 500 долларга чейин өскөн. Кымбаттоо 67 пайызды түзүп, орточо эсеп менен алганда күйүүчү майдын литрине 14 сомдон туура келген. Дизель майдын тоннасы 360 доллардан 470ке чыккан. Пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 14 болгон. Бул литрине сегиз сом дегенди билдирет.