Сол жактан санаганда биринчи турган белгилүү режиссёр Төлөмүш Океев, анын жанында техникалык адис, камера кармап турган оператор Нуртай Борбиев, четтеги көз айнекчен ассистент Марс Умаровдун сүрөтү Кегети капчыгайында 1984-жылы тартылган.
Ал жылы СССРдин эл артисти Океев "Кожожаш" эпосунун негизинде драматург Мар Байжиев менен бирге киносценарий жазып, "Ак илбирстин тукуму" көркөм фильмин тарта баштаган.
Ошол кезеңди белгилүү кинооператор Нуртай Борбиев көзү тирүү кезинде мындай деп эскерген:
"Төлөмүш менен иштегенде талашып-тартышып өз ой-пикирибизди айтчубуз, ал башкаларды уга билчү. "Ак илбирстин тукумун" Ала-Арча капчыгайында тартып жатканда Кожожаш менен Касендин Ак-Сай мөңгүсүнүн алдынан өткөн эпизоду бар. Экөө ошол жерге жеткенде альпинисттер жарылуучу каражаттарды колдонуп көчкү түшүрүшү керек болчу. Эсептөөлөр боюнча алар тоодон катуу ылдамдыкта көчкөн кардын алдында калбашы керек эле, бирок экөө тең көчкүгө көмүлүп калган. Ошентип ал кадрлар тартылган.
Көрүнүктүү бул кинокартинада башкы каарман Кожожаштын ролун аткарган Догдурбек Кыдыралиев сүрөттөгү эки залкарды мындайча эскерет.
"Ал кезде Нуртай Борбиев өтө масштабдуу жана кооптуу эпизоддорду мыкты тарткан операторлордун бири катары саналчу. Бир жолу режиссёр үчөөбүз тоого чыктык, автоунаага тамак-аш, сууну унутуп калыптырбыз. Ошондо менин ары-бери чуркаган эпизоддорумду бийик тоолуу шартта тартып, үчөөбүз кечке чейин ачка жүрүп баспай калып ар кайсы таштын түбүндө улам эс алып отуруп калганбыз. Хан-Теңири чокусуна жакын жерде 3000-4000 метр бийиктикте иштедик, ал жерлер чуркамак түгүл, оңгулуктуу да баса албай турган тоо-таштын арасы болчу", — деди Кыдыралиев.
Чыгармачылыкта Океев менен Борбиев узак убакыт биргеликте иштеп, "Мурас", "Сүйүү закымдары", "Ошондо "Манас" деп ураан чакырып" фильмдерин бирге жараткан.
"Ак илбирстин тукуму" кийин Берлинде эң абройлуу кинофестивалдардын биринде "Күмүш аюу", Дамаск шаарында "Күмүш кылыч" сыйлыгына ээ болуп, Минск шаарындагы Бүткүл союздук фестивалда башкы байгеге татыган.
Кыргызстанда табияттан сырткаркы негизги ресурстардын бири болгон маданий байлыгыбызды, каадабызды, нарк-насилибизди билишибиз керек. Мындай оюн Күлчоро Кадыралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Анын айтымында, комплекстүү программалар аркылуу маданиятыбызды жайылтышыбыз зарыл.
"Канчалык өзүбүздүн салтыбызды, маданиятыбызды узак алып жүрө алсак, ошончолук башкаларга кызыктуу өлкө болобуз. Мисалы, тарых китептеринде Египет, Байыркы Грециянын мифологиясы, тарыхы тууралуу айтып келебиз. Алсак, Грецияга барып, пантеондор туралуу жергиликтүү элден сураганда алар билбесе, бул өлкө бизге дароо кызыксыз болуп калат. Башкача айтканда, өзүнүн тарыхын билбеген эл жана өлкө кызыксыз. Ошол себептен табияттан сырткаркы негизги ресурстарыбыздын бири маданий байлыгыбызды, тарыхыбызды өздөштүрүп, биле жүрүшүбүз керек. Албетте, аны өнүктүрүү үчүн комплекстүү программалар керек", — деди Кадыралиев.
Ошондой эле адис ар бир ата-эне балдарына улуттун тарыхый мурастары тууралуу айта жүрүшү керектигин кошумчалады.
"Манас" эпосунда алимент деген сөздүн которулушу бар. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.
Анын айтымында, бул сөз бир нече түшүнүк менен берилген.
"Күнүмдүк турмушта колдонулган алимент деген сөздүн эпосто "напагама", "напага" деп берилет. Ошондой эле дагы бир мааниси "бүлө каражат" деген сөз ажырашкан аялга балдар үчүн төлөнө турган нерсе. Мындан тышкары, кудаланган кыз башкага турмушка чыкса, кыздын атасы төлөй турган айып "напагама" же "напага" деп айтылат. Учурда кыргыз тилин жайылтуу боюнча мамлекеттик деңгээлде комиссия түзүлүп, иш жүрүүдө. Тилди байытуу үчүн ушул түшүнүк таандык болгон бардык тармакта колдонулушу зарыл", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал ар бир уккан көөнө сөздү башкаларга жайылтуу дагы тилдин өнүгүшүнө салым экенин кошумчалады.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Вице-премьер Улукбек Кармышаков референдум менен жергиликтүү кеңештерге шайлоо ийгиликтүү өткөнүн брифингде жарыялады.
"Биз жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана жаңы Конституция боюнча референдумду ийгиликтүү өткөрүп алдык. Алдын ала маалымат боюнча, референдумда 30 пайыздан ашык шайлоочу добуш берди. Бардык шайлоо участкаларында орой эреже бузуулар катталган жок", — деди аткаминер.
Кармышаков мындай көрүнүш мамлекет шайлоо процессин ийгиликтүү өткөрүп алганынан кабар берерин кошумчалаган.