Ырлары миллион көрүүчү топтогон Алтынай: мамлекеттик кызматта экениме сүйүндүм

© Фото / Сахаб ОрозовЫрчы Алтынай Асанбекова
Ырчы  Алтынай Асанбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2021
Жазылуу
Кыргыз эли таланттардан уучу кур эмес. Акыркы кезде интернет айдыңында миллиондон ашык көрөрман топтогон Алтынай Асанбекованын ырлары көпчүлүктүн көңүл чордонунда болууда.
Sputnik Кыргызстан агенттиги гитаранын ыргагында жүрөк кылдарын терметкен чыгармаларды чеберчилик менен аткара билген Алтынай Асанбекованы студияга чакырып маек курду.
Ырчы кыз чыгармачылыкка жаңыча стиль менен кошулууда.
— Негизи Бек Борбиевдин ырларын кыздар көп аткара бербейт. Интернетте элдин сүймөнчүлүгүнө татыган "Эсиңдеби" аттуу ырды кандайча ырдап калдыңыз?
— Кичине кезимде эле гитара ойногонду байкемден үйрөнгөм. Ал негедир Бек агабыздын (Борбиев — ред.) ырларына көп басым жасачу. Мен да анын таасири менен ошондой ырларды өздөштүрдүм. Негизи менин аткаруумда Бек Борбиевдин ырлары көп. Мурда "Эсиңдеби" аттуу ырды шаңдуу вариантта угуп жүрчүмүн. Бирок негедир мага жай ыргакта аткаруу жакты, ошол себептен өзүмдүн вариантымда алып чыктым.
— Чыгармачылыкка өз стилиңиз менен аралашып жатасыз. Бул ойлонуштурулган кадамбы?
— Жок, болгон өнөрүм жана жөндөмүм болсо керек деп ойлойм. Эч кандай деле атайын стиль караштырган эмесмин. Өзгөчөлүк экени өзүмө деле билинбейт (күлүп). Бирөөлөр эле сырттан карап айтып калбаса жаратылышымдан мүнөзүм да ушундай.
— Күйөрмандарга өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?
— Толук аты-жөнүм Асанбек кызы Алтынай, бирок сахнага Алтынай Асанбекова деген ат менен чыгып жатам. Өзүм Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Семиз-Бел айылынан болом. Орто мектепти аяктаган соң борбордогу Кыргыз улуттук консерваториясынын алдындагы эки жылдык Опералык хор ырдоо бөлүмүнө тапшырып, музыкалык билим алгам. Андан тышкары, Кыргыз улуттук агрардык университетинин жерге жайгаштыруу факультетин бүтүргөм. Азыркы учурда мамлекеттик картография кызматында иштейм.
© Фото / Сахаб ОрозовАлтынай Асанбекова: Кочкор районунун Семиз-Бел айылынан болом. Мектепти аяктаган соң Кыргыз улуттук консерваториясынын алдындагы эки жылдык Опералык хор ырдоо бөлүмүнө тапшырып, музыкалык билим алгам. Андан тышкары, Кыргыз улуттук агрардык университетинин жерге жайгаштыруу факультетин бүтүргөм. Азыр мамлекеттик картография кызматында иштейм.
Кыргызская эстрадная певица Алтынай Асанбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алтынай Асанбекова: Кочкор районунун Семиз-Бел айылынан болом. Мектепти аяктаган соң Кыргыз улуттук консерваториясынын алдындагы эки жылдык Опералык хор ырдоо бөлүмүнө тапшырып, музыкалык билим алгам. Андан тышкары, Кыргыз улуттук агрардык университетинин жерге жайгаштыруу факультетин бүтүргөм. Азыр мамлекеттик картография кызматында иштейм.
— Көбүнчө кандай чыгармаларга басым жасайсыз?
— Учурда аткарып жаткан чыгармаларымдын көбү эле сүйүү жөнүндө. Бир тууган агам дагы чыгармачылыкка жакын, өзү ыр жазат. Азыр сөзү, обону агам Бакыт Илиясовго таандык "Жамгыр" аттуу ыр да элге жакшы алынууда. Бул менин коомчулукка алып чыккан алгачкы, тушоо кесүүчү чыгармам болуп калды. Негизи көбүнчө байкемдин ырларын аткарып жүрөм. Андан тышкары, дагы бир катар ырларды жаздыруудамын.
— Азыр ырчылар үчүн тойлордо ырдоо кадыресе эле көрүнүш. Сиз да тойлорго чакыруу алып турасызбы?
— Тойлорго акырындык менен чакыруулар тушүп жатат. Бирок көп эмес. Ырларымды уккусу келген адамдар үчүн тойдобу же кечедеби, айырмасы жок экен. Көбүнчө "Эсиңдебини" жана "Жамгыр" аттуу ырларды аткарып берүүмдү сурашат. Тойлордо шаңдуу ырларды угууну жактырышат эмеспи.
© Фото / Асель СыдыковаАлтынай Асанбекова: Учурда аткарып жаткан чыгармаларымдын көбү эле сүйүү жөнүндө. Азыр сөзү, обону агам Бакыт Илиясовго таандык "Жамгыр" аттуу ыр да элге жакшы алынууда.
Кыргызская эстрадная певица Алтынай Асанбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алтынай Асанбекова: Учурда аткарып жаткан чыгармаларымдын көбү эле сүйүү жөнүндө. Азыр сөзү, обону агам Бакыт Илиясовго таандык "Жамгыр" аттуу ыр да элге жакшы алынууда.
— Келечекте музыкалык билимиңизди жогорулатуу оюңуз барбы?
— Алгач шаарга келип, Улуттук консерваторияга тапшырганда музыкант болом, консерваториядан жогорку билим алам деген аруу тилегим бар болчу. Бирок турмуш шартка байланыштуу билимимди андан ары уланта алган жокмун. Азыркы учурда андай план коё элекмин. Кийинчерээк кайрылып калармын.
— Чыгармачылыкта жол көрсөткөн адам барбы?
Интернет жылдызына айланган Байзак ырчы: аябай толкунданып жатам... - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2021
Интернет жылдызына айланган Байзак ырчы: аябай толкунданып жатам...
— Башында өзүмдүн аракетим менен эле ырдай баштагам. Бирок Сүймөнкул Чокморов атындагы Аламүдүн маданият үйүнүн директору алдыга сүрөп, көп жардам берди. Андан кийин "Жамгыр" аттуу ырыма клип тарттырдым. Ошентип шоу дүйнөсүнө аралашууда профессионал устат күткүм келип, Канат Кадыржан продюсердик борборуна кайрылдым. Жаңыдан иштешип баштаганда пандемия болуп калып, ишибиз бир аз солгун тартып калды. Азыр кайрадан бирге иштешүүгө белсенип турабыз. Сыр сандыгымда катылып турган жакшы чыгармаларымды элге тартуулайлы деген максаттар бар.
Акыркы учурда апама, ата-энеге, мекенге арналган ырларды аткаргым келип жүрөт. Өзүмө төп келген ырларды издеп жатам. Ылайыктуу чыгарма таба элекмин. Шаңдуу ырларды ырдасам деле кайгылуу аткарып салгандай сезиле берет. Ар бир тыбышты баса белгилеп, жан дүйнөмдү жеткире ачып бере албай, бат эле бүтүп калгандай сезим болот. Бирок шаңдуу ырларды да репертуарга кошуш керек экен. Ошол себептен Бек Борбиевдин "Бүгүн майрам, бүгүн той" аттуу ырын тар чөйрөдө аткарып жүрөм.
© Фото / Сахаб ОрозовАлтынай Асанбекова: Кичинемде комуз ийримине барып, күү черткенди үйрөнчүмүн. Кийин 6-классымда байкем шаарда студент болуп жүрүп айылга гитара көтөрүп барып калды. Ошондон кийин комузду таштап, гитарага өтүп кеттим.
Кыргызская эстрадная певица Алтынай Асанбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алтынай Асанбекова: Кичинемде комуз ийримине барып, күү черткенди үйрөнчүмүн. Кийин 6-классымда байкем шаарда студент болуп жүрүп айылга гитара көтөрүп барып калды. Ошондон кийин комузду таштап, гитарага өтүп кеттим.
— Бек Борбиевдин ырларын ырдоодо уруксат сурадыңыз беле, негизи ал киши менен байланышыңыз барбы?
— Ал кишинин ырларын кавер түрүндө аткарып жүргөндүктөн уруксат сураган деле эмесмин. Чынында "Эсиңдеби" аттуу ыр Кудайберген Кутуевдики го деп эле жүрчүмүн. Ырдап чыгар алдында гана авторун билдим. Негизинен дүйнөлүк практикада деле кавер түрүндөгү ырларга уруксат суралбайт. Бирок улууну, авторду сыйлоо түшүнүгүнөн улам Бек агабызга бир ооз кайрылып, уруксат суроо оюмда бар. Бек Борбиев өзүнүн ырларын аткарып чыккан жаштарга түз эле көз карашта экенин угуп жүрөм. Карап көрсөм, буга чейин "Эсиңдеби" аттуу ырын бир топ жаш ырчылар аткарган экен.
Жакында эле Байел аттуу ырчы жигит экөөбүз дуэт кылып ырдап чыгуу үчүн Султан Садыралиевдин "Кош айтам сага" ырына уруксат сурадык.
— Ата-энеңиз кандай карап жатат?
Ырчы, актриса НурЧолпон  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2020
Укук коргоочулардын үйүндө чоңойгом. Ырчы НурЧолпондун маеги
— Алгач консерваториянын алдындагы эки жылдык студияда окуп жатканда ата-энем ырдоомо каршы болгон эмес. Кийин жакындарымдын "музыкадан башка жаатта деле билим алып албайсыңбы" деген кеңештеринен улам агрардык тармакта окугам. Ата-энем чыгармачылыгыма "жок" дешкен эмес, бирок колдоп беришти деп да айта албайм. Бирок акыркы убактарда ырдап чыккандарымды көрүп жакшы кеп-кеңештерин айтып, уруксатын, батасын беришти. Кээде сыймыктанып кеп кылып калышат. Үйдө кандайдыр бир чыгармачылык атмосфера бар. Ата-энем да ырдайт. Атам жаш кезинде актёр болууну самаптыр. Бирок ал кезде колдоп, жол көрсөткөн адам болгон эмес окшойт. Өзүнүн айтымында, жети атамдын бири чөлкөмгө белгилүү кыл кыякчы болуптур. Чоң атам жамактап ырдачу. Каныбызда, генибизде чыгармачылыктын данеги бар окшойт. Ал эми ырчы Акбар Сүйүнбаев экөөбүз бир тууган эки атанын балдарыбыз.
© Фото / Сахаб ОрозовАлтынай Асанбекова: Ата-энем чыгармачылыгыма "жок" дешкен эмес, бирок колдоп беришти деп да айта албайм. Бирок акыркы убактарда ырдап чыккандарымды көрүп жакшы кеп-кеңештерин айтып, уруксатын, батасын беришти. Кээде сыймыктанып кеп кылып калышат.
Кыргызская эстрадная певица Алтынай Асанбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алтынай Асанбекова: Ата-энем чыгармачылыгыма "жок" дешкен эмес, бирок колдоп беришти деп да айта албайм. Бирок акыркы убактарда ырдап чыккандарымды көрүп жакшы кеп-кеңештерин айтып, уруксатын, батасын беришти. Кээде сыймыктанып кеп кылып калышат.
— Гитарадан тышкары кайсы аспапта ойной аласыз?
— Кичинемде комуз ийримине барып, күү черткенди үйрөнчүмүн. Кийин 6-классымда байкем шаарда студент болуп жүрүп айылга гитара көтөрүп барып калды. Ошондон кийин комузду таштап, гитарага өтүп кеттим.
— Азыр мамлекеттик кызматта иштейт экенсиз, кесибиңиз жагабы? Биротоло сахнага аттанып, чыгармачылыкка кетүү планыңызда барбы?
— Чыгармачылыкка жан дүйнөм жакын. Сахнага чыгуу, ырдоо менин кичинекейимден бери келе жаткан кыялым. Бирок мамлекеттик кызматта иштеп калганыма кээде сүйүнөм. Адам ар тараптуу болушу керек экен. Каалоо болсо баарына жетишүүгө болот. Пандемия учурунда да мамлекеттик кызматта иштегенимдин пайдасы тийди. Тойлор токтоп, дээрлик ырчылардын баары жумуш жок отуруп калганда мен иштеп, каражат жагынан көйгөй жаралган жок. Жашоодо ар кандай кырдаал болот. Ошондо экинчи кесибимди окуп алганыма сүйүндүм.
Жаңылыктар түрмөгү
0