Парад, жарманке. Бишкекте Калпак күнүнө карата иш-чара өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКалпакчан балдар. Архив
Калпакчан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2021
Жазылуу
Иш-чарада салттуу кийим кийгендер "Ала-Тоо" кинотеатрынан "Ала-Тоо" аянтына чейин параддан өтөрү айтылды.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкекте Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Билдирмеге караганда, иш-чараны министрлик, Бишкек мэриясы жана "Улуттук намыс" уюму уюштурат.
"Анда салттуу кийимдердин парады болуп, кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өтөт. Калпактардын түрлөрү, салттуу кийимдер жана кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлат", — деп жазылат маалыматта.
Иш-чара 4-март күнү саат 10:00дө баштала турганы айтылып, салттуу кийим кийгендер "Ала-Тоо" кинотеатрынан "Ала-Тоо" аянтына чейин параддан өтөрү кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0