Сегиз саат сазда жүрүп тартылган Айтурган Темирова. "Снайперлердеги" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

Токойдун четинде эс алып тамактанып отурган советтик жоокерлердин ортосундагы КРдин эл артисти Айтурган Темирова менен РФтин эл артисти Вера Глаголеванын сүрөтү 1985-жылы Беларуста тартылган.

Ошол жылы режиссер Болот Шамшиев казакстандык снайпер, Советтер Союзунун Баатыры Алия Молдагулова жөнүндө "Снайперлер" тасмасын тартууну баштап, башкы каармандын ролун Темирова аткарган.

Ал кезеңди белгилүү актриса мындайча эскерет:

"Бул сүрөт жоокерлер согуш талаасында кандай салгылашуу болгонун сүйлөшүп жатканда тартылып алынган экен. Жанымда курбу кызым Вера Глаголева отурат. Мен болсо алардын айтканына ичим чыкпай нааразы болуп, башка пландарды түзүп жаткам. Бул эпизоддор Беларустун Смолевич аскер полигонунда тартылган. Ал жерде көптөгөн советтик аскердик фильмдер жаралган. "Снайперлер" аябагандай оор шарттарда тартылган эле. Анын кесепетинен үч жолу операция болуп, эки жылдан кийин гана калыбыма келгем", — деди Темирова.

Анда Шамшиев 44, Темирова 27 жашта болуп, экөө бир уул, бир кызды тарбиялап жаткан.

Актрисанын кызы Сүйүтай Шамшиева буларды кошумчалады:

Топ артисттин ортосунда турган белгилүү оператор Нуртай Борбиев, анын сол жагында экинчи катарда турган КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев жана үчүнчү катарда турган Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозованын сүрөтү 1984-жылы Чүй облусундагы Кегети ашуусунда тартылган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Учуп жүргөн кыргызга таң калып... "Ак илбирстин тукумунан" таберик сүрөт
"Биз ата-энебиздин чыгармачылыгына аралашып, аларга кол кабыш кылып турчубуз. Мисалы, мен 12 жашымда "Снайперлер" фильминде апамдын мылтыгын ары-бери ташып жүрчүмүн. Ага боорум ооруп кетчү, эмгегин баалап аячумун. Себеби аталган кинокартина тартылып жатканда ал сегиз саат бою сазда жүргөнгө мажбур болгон", — деди Шамшиева.

Аталган тасмага казакстандык, россиялык, кыргызстандык актерлор катышкан. Кинокартина соңуна чыккан соң 1986-жылы Алмата шаарында өткөн ХIХ Бүткүл союздук фестивалда "Мыкты аскердик-патриоттук тасма" сыйлыгына ээ болуп, башкы кармандын образын жараткан Темировага СССРдин Коргоо министрлиги ефрейтор аскер чинин ыйгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0