Улуу элдин учун улай... Эскини эске салган интерактивдүү музейден 14 сүрөт

243
  • Коноктор Табылды Эгембердиевдин интерактивдүү музейине келүүдө
  • Эгембердиев Супара түптөлүп баштаганда эле музей ачууну кыялданган экен. Бул кыялын көзү өткөн соң жубайы Жаңылсынзат Турганбаева ишке ашырды
  • Адатка айланып калгандай кызыл лента кесилген жок. Анын ордуна эски аркан. Аны экс-президент Роза Отунбаева менен биринчи айым Айгүл Жапарова ачууда
  • Байыркынын баркын сездирген сүрөт. Музейдеги экспонаттардын көпчүлүгүн Табылды Эгембердиев өзү чогулткан
  • Бул Өнөр айылы. Макеттер пластилинден жасалганы менен кудум кадимки айылды эске салат
  • Сайманын көркүн чыгарган Толсун Көкөева
  • Музей 16 бөлүктөн турат. Алардын бири Табылды Эгембердиевдин бейнесине арналган
  • Жылуу жүздөр. Роза Айтматова, Айгүл Жапарова, Роза Отунбаева кол өнөрчүлөрдүн эмгегин суктана карашууда
  • Жыгачка жан киргизип, комуздун түрүн жасаган уста Нурадин Абдразаков
  • Музейдин ачылышына келген ажарлуу айымдар. Мындай кооз интерьерде кантип селфи кылбасын?
  • Табылды Эгембердиевдин жубайы Жаңылсынзат Турганбаева
  • Көк бөрү ойногон жигиттер. Адам менен аттарга жан киргендей...
  • Суктанган, сүрөткө тарткан коноктор
  • Ажонун аялы музейдин негизги конокторунун бири болгон
Кыргызстандагы этнокомплекстердин биринде өзгөчө, интерактивдүү музей ачылды. Тарыхый жай эскини эске салат. Анда кыргыздын ким болгондугу, улуттук баалуулуктары так, даана көрсөтүлгөн.

Бул — коомдук ишмер, айтылуу "Шоро" компаниясынын, "Супара" этнокомплексинин негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевдин музейи. Кыргыз элинин маданиятын, тарыхын, каада-салтын, үрп-адатын таанытуу Эгембердиевдин кыялы эле дейт анын жакындары.

Табылды Эгембердиев "Супара" түптөлүп баштаганда эле музей ачууну кыялданган экен. Ал кыялын көзү өткөн соң жубайы Жаңылсынзат Турганбаева ишке ашырды. Музейдеги экспонаттардын көпчүлүгүн Табылды Эгембердиев өзү чогултканы маалым болду.

Аталган тарыхый жай 16 бөлүктөн турат. Алардын бири Табылды Эгембердиевдин бейнесине арналса, коноктор музейден кыргызга таандык, кыргыз жыттанган буюм, оокаттын баарын таба алышат. Мындан сырткары, пластилинден жасалган "Өнөр айылы", "Улуу көч", "Көк бөрү" макеттери көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурат.

 

243
  • Коноктор Табылды Эгембердиевдин интерактивдүү музейине келүүдө
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Коноктор Табылды Эгембердиевдин интерактивдүү музейине келүүдө

  • Эгембердиев Супара түптөлүп баштаганда эле музей ачууну кыялданган экен. Бул кыялын көзү өткөн соң жубайы Жаңылсынзат Турганбаева ишке ашырды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Эгембердиев "Супара" түптөлүп баштаганда эле музей ачууну кыялданган экен. Бул кыялын көзү өткөн соң жубайы Жаңылсынзат Турганбаева ишке ашырды

  • Адатка айланып калгандай кызыл лента кесилген жок. Анын ордуна эски аркан. Аны экс-президент Роза Отунбаева менен биринчи айым Айгүл Жапарова ачууда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Адатка айланып калгандай кызыл лента кесилген жок. Анын ордуна эски аркан. Аны экс-президент Роза Отунбаева менен биринчи айым Айгүл Жапарова ачууда

  • Байыркынын баркын сездирген сүрөт. Музейдеги экспонаттардын көпчүлүгүн Табылды Эгембердиев өзү чогулткан
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Байыркынын баркын сездирген сүрөт. Музейдеги экспонаттардын көпчүлүгүн Табылды Эгембердиев өзү чогулткан

  • Бул Өнөр айылы. Макеттер пластилинден жасалганы менен кудум кадимки айылды эске салат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бул "Өнөр айылы". Макеттер пластилинден жасалганы менен кудум кадимки айылды эске салат

  • Сайманын көркүн чыгарган Толсун Көкөева
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Сайманын көркүн чыгарган Толсун Көкөева

  • Музей 16 бөлүктөн турат. Алардын бири Табылды Эгембердиевдин бейнесине арналган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Музей 16 бөлүктөн турат. Алардын бири Табылды Эгембердиевдин бейнесине арналган

  • Жылуу жүздөр. Роза Айтматова, Айгүл Жапарова, Роза Отунбаева кол өнөрчүлөрдүн эмгегин суктана карашууда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жылуу жүздөр. Роза Айтматова, Айгүл Жапарова, Роза Отунбаева кол өнөрчүлөрдүн эмгегин суктана карашууда

  • Жыгачка жан киргизип, комуздун түрүн жасаган уста Нурадин Абдразаков
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жыгачка жан киргизип, комуздун түрүн жасаган уста Нурадин Абдразаков

  • Музейдин ачылышына келген ажарлуу айымдар. Мындай кооз интерьерде кантип селфи кылбасын?
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Музейдин ачылышына келген ажарлуу айымдар. Мындай кооз интерьерде кантип селфи кылбасын?

  • Табылды Эгембердиевдин жубайы Жаңылсынзат Турганбаева
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Табылды Эгембердиевдин жубайы Жаңылсынзат Турганбаева

  • Көк бөрү ойногон жигиттер. Адам менен аттарга жан киргендей...
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Көк бөрү ойногон жигиттер. Адам менен аттарга жан киргендей...

  • Суктанган, сүрөткө тарткан коноктор
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Суктанган, сүрөткө тарткан коноктор

  • Ажонун аялы музейдин негизги конокторунун бири болгон
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ажонун аялы музейдин негизги конокторунун бири болгон

Белгилер:
сүрөт, тарых, музей, Табылды Эгембердиев, этнокомплекс, 'Супара' этнографиялык комплекси
Тема боюнча
Табылды Эгембердиевдин бала-чакасы менен түшкөн таберик сүрөтү
Кийиз дүйнө коомдук фондунун жетекчиси жана сүрөтчү-дизайнер Айдай Асангулова

Асангулова: туш кийиз көргөзмөсүнө 13 жаңы эмгек коюлду

38
"Кийиз дүйнө" коомдук фондунун жетекчиси жана сүрөтчү-дизайнер Айдай Асангулова Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде 27-июлдан 25-августка чейин "Туш кийиз — келечекке касиеттүү жазуулар" деп аталган көргөзмө өтөрүн айтты.

Музейде XX кылымдын 60-80-жылдарында эл ичинен жыйналган XIX-XX кылымдарга таандык туш кийиздердин түрлөрү бар. "Кийиз дүйнө" коомдук фонду демилгелеген бул көргөзмөгө айтылган топтомдор, ошондой эле учурдагы уздардын колунан чыккан эмгектер коюлду. Бул тууралуу Айдай Асангулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Асангулова: туш кийиз көргөзмөсүнө 13 жаңы эмгек коюлду

Анын айтымында, каталогду басып чыгаруунун жана көргөзмөнү уюштуруунун максаты — жаш муунду элдин салттуу маданий мурастарын түшүнүүгө кызыктыруу.

"Көргөзмөдө 2019-жылдан баштап сайылган 13 жаңы туш кийиз коюлду. Андан сырткары Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде бирден гана сакталып калган уникалдуу туш кийиздер да бар. Долбоордун алкагында көркөм каталогдун бет ачары болду. Бул боюнча аталган музейдин жамааты иштеди. Ага 35 туш кийиз түшүрүлүп, анын маани-маңызы кыргыз, орус, англис тилдеринде жазылган. Жалпы 500 даана каталог басылып чыгарылды. Андан тышкары, Толсун Көкөева, Гүлсана Атамкулова апалар жана анын небереси Алтынай катышкан туш кийиз жасоо боюнча үч видео-сабак тартылган эле. Мына ошол сабактар каталогдо QR-код менен жайгаштырылды. Бул кыргыз, орус тилдериндеги сабактар "Кийиз дүйнө" коомдук фондунун Youtube каналына да жайгаштырылды", — деди Асангулова.

Дизайнер ушундай долбоордун артында илгерки салтты кайрадан жандантып, уул-кызга арнап туш кийиз тигип, сепке кошуп берүү каадасын киргизүү көздөп жатканын кошумчалады.

38
Белгилер:
Айдай Асангулова, дүйнө, көргөзмө, каталог
Тема боюнча
Азамат Жаналиев: колдор жооруп, канаган күндөр болгон. Көк беттенип жатып, быштык
Манастын уулу Семетей тасмасынын продюсери Өмүрзак Төлөбеков

Төлөбеков: "Манастын уулу Семетей" тасмасынын бюджети 1 миллион доллар болот

103
"Манастын уулу Семетей" тасмасынын продюсери Өмүрзак Төлөбеков аталган кинонун режиссёрлору беш жылдан бери Семетейди театрларда коюп жүргөн Кыргыз эл артисти Эгемберди Бекболиев жана казакстандык тарыхый тасмаларды тартып жүргөн Дархан Кожохан экенин айтты.

"Манастын уулу Семетей" тасмасынын бюджети 1 миллион доллар. Анын үчтөн бирин "Казак фильм" каржылап, массалык сценалардагы каармандарды костюм менен камсыздашат. Ал эми Россиянын Каро продакшн кинокомпаниясы тартуу аяктаган соң үн менен иштеп, 3D анимациясын жасап берет. Кыргызстандык ишкерлер президенттин тапшырмасы аркылуу долбоорго 300 миң доллар бөлүп жатат. Бул тууралуу Өмүрзак Төлөбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Төлөбеков: "Манастын уулу Семетей" тасмасынын бюджети 1 миллион доллар болот

Анын айтымында, тасма орус, немис, англис, кытай жана түрк тилдерине которулат.

"2012-жылы кино тармагына "Президент жана бомж" тасмасы менен келдим. Бул лента чет мамлекеттерде көрсөтүлгөн. Ошол учурда Мар Байжиев баш болгон улуу устаттар "Манас" эпосун тартууну продюсер катары колго алсаңчы деген сунуш, ойлорун айтып келишти. Ар кандай эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп отуруп долбоорду баштадык. Ооба, "Манас" эпосуна кайрылгандан кооптонгон режиссёрлор көп болду. Биз да ошондон улам Семетейден баштап отурабыз. Себеби Манаста массалык сценалар, чабуул, басып алуулар арбын. Ал окуяны чагылдырыш үчүн өтө көп каражат керектелет. Семетейдин ар кандай варианттарын карап чыгып, пьесага токтолдум. Анда Семетейдин хан көтөрүлүшү менен аяктайт. Андан ары улантып, атасынын өчүн алып Семетейдин Коңурбайды өлтүрүп, кыргыз элине күнкорсуз бийлик орноткон учуру кошулду. Негизинен пьеса 40 жылдан бери кыргыз драма театрында коюлуп келген. "Манастын уулу Семетей" тасмасынын бюджети 1 миллион доллар деп эсептелди. Анын 300 миң долларын кыргыз тарап өнөктөш катары бөлүп жатат. Мен бул каражатты президенттен ишкерлер мага карызга эле берип турсун, фильм сатыкка чыкканда кайтарып берем деп сурагам. Өлкө башчысы бизнесмендерди чакырып сүйлөшүп, алар аталган акчаны бөлүп жатышат", — деди Төлөбеков.

Продюсер тасмада Семетей Ала-Тоого келип эл чогулуп дүңгүрөп аны хан көтөргөнү жана Коңурбай менен согушкан окуялары эң татаал эпизод болорун кошумчалады.

103
Белгилер:
Манас эпосу, Семетей, эпос, кино, Өмүрзак Төлөбеков
Тема боюнча
Кыргызстанда "Манастын уулу Семетей" тасмасы тартыла баштады. Сүрөт
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин бөлүм башчысы Жигитали Жумалиев

Жумалиев: дыйкан, фермерлерди камсыздандыруу пландалууда

0
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин бөлүм башчысы Жигитали Жумалиев айыл чарба тармагына камсыздандырууну киргизүү мерчемделип жатканын маалымдады.

Агро камсыздандыруу боюнча мыйзам иштелип чыгып, сунушталды. Бул тууралуу Жигитали Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде билдирди.

Жумалиев: дыйкан, фермерлерди камсыздандыруу пландалууда

Анын айтымында, учурда агро камсыздандыруу дүйнөдө көптөгөн өлкөлөрдө колдонулууда.

"Соңку учурдагы табигый процесстерден улам түшүмдүүлүк азайып кетти. Мына ушул сыяктуу көйгөйлөрдөн коргоо максатында агро камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, сунушталды. Бул тажрыйба көптөгөн мамлекеттерде ийгиликтүү иштеп жатат. 2009-жылдын 26-январында "Бир типтеги өсүмдүктөрдүн өзгөчөлүгү жөнүндө" мыйзам чыккан. Тилекке каршы, ал жетиштүү деңгээлде иштеп кеткен жок. Мындан улам ага өзгөртүүлөр сунушталып, агро камсыздандырууну киргизүү мерчемделүүдө. Ага ылайык, камсыздандырууда ар бир өсүмдүк боюнча ар башка тариф коюлат. Табигый кырсыктардан кийинки чыгымдын 50 пайызын мамлекет, калганын дыйкандар каржылайт. Бул дыйкан, фермерлерди ар кандай тобокелчиликтерден коргойт", — деди Жумалиев.

Ошондой эле ал агро камсыздандыруу ыктыярдуу түрдө жүргүзүлө турганын кошумчалады.

0
Белгилер:
Жигитали Жумалиев, айыл чарба, камсыздандыруу, дыйканчылык
Тема боюнча
Айдаралиев: чоң пландарды түзө бербей майда иштерди аткарууга мезгил келди