Бата берген аксакал. Архивдик сүрөт

Үч түрдүү бата дароо кабылданат деген ишеним болгон. Кыргыз таануучу менен маек

(жаңыланган 13:54 21.03.2021)
Кыргыз бата алууга өзгөчө маани берип, уул-кызына калкка кадыры сиңген инсандардан бата алып берүүгө далалаттанган. Бата берүүнүн, бата алуунун так белгиленген, эч жерде жазылбаган эрежелери болгон. Алар ар бир кыргыз менен кошо жаралып, сөөгү менен кошо узаган.

Азыркы жашоодо бата берүү, бата алуу да заманга ылайыкташып барат. Ал тургай каалоо менен тилектен, тосттон айырмасын ажырата албай бара жаткандайбыз дейт кыргыз таануучу, "Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси Мелис Мураталиев. Аны менен батанын кыргыз жашоосундагы орду тууралуу маек курдук. 

Президент ОФ Бакдоолот, кыргызовед Мелис Мураталиев на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргыз таануучу, "Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси Мелис Мураталиев: Бата берүү, бата алуу кыргыз үчүн абдан олуттуу болгон. Азыр көчөдөн токтото калып эле бир ишти баштап жатканын айтып бата сурап калышат, бул бата алууга жатпайт.

— Бата тууралуу сөз кылардан мурда ушул аталышка токтоло кетсеңиз. Бата деген эмнени түшүндүрөт?

— "Бата" сөзү кыргыз тилине араб тилинен келген деген божомолдор айтылып жүрөт. Анда "бата" "фатиха" деген курандын биринчи сүрөсүнөн кыргыз тилине ылайыкташып, тыбыштык өзгөрүүлөргө дуушар болгон дешет. Менимче, бул туура эмес божомол. Анткени эгер илимге таянып айта турган болсок, тилдин этимологиясында өзгөрүүлөр 500 жылда бир тыбыш түшүп же кошулуп калышы мүмкүн экен. Бул жагынан алып караганда ислам дининин кыргыздарга келиши менен "фатиха"сөзүнүн "бата" болуп кыскарып, өзгөрүп кетиши убакыт жагынан да туура келбей калып жатат. Экинчиден "фатиха-патха", анан "бата" болуп калышы такыр эле коошпойт.

Эми бул сөздүн өзүнө үңүлүп карай турган болсок, ба+та деп эки муундан туруп жатат. Кыргыз тилинде созулма үндүү деген бар. Аны эске алуу менен "баа" жана "таа" деген эки сөздүн куралышынан келип чыкканбы деп ойлойм. Анткени кыргызда баа деп бир нерсенин наркын айтат, ал эми "таа" деп чүкөдө алчы, таа, таа турду деп айтылат. Бул эң бийиги, эң мыктысы дегенди түшүндүрөт. Бирөө ток этер жерин, өзөгүн айтканда таасын айтты дейт кыргыз. Демек, таа деген уңгу бир нерсенин өзөгү, маңызы дегенди түшүндүрөт. Кийинчерек бул сөздү көп колдонбой калдык. Мына ушул эки сөздүн куралышы менен өзөгүнө, негизине, маңызына баасын берди деген маанини түшүндүрүш үчүн "бата" сөзү келип чыкса керек. Бул менин жеке божомолум.

— Бата кандай учурда берилген ?

— Бата берүү, бата алуу түшүнүгү кыргыз үчүн абдан олуттуу болгон. Азыр көчөдөн токтото калып эле бир ишти баштап жатканын айтып бата сурап калышат, бул бата алууга жатпайт. Азыркы заманда "уулум алыска окууга кетип жатты эле, же сапарга чыгып жатты эле, бата берип коюңуздар" деп улууларды, аксакалдарды жыйып чай берип, бата сурап жүрүшөт. Бул бата алуунун нукура жөрөлгөсүнөн алыстап кеткендик. Бата эч убакта жеке бир иштерге суралбайт. Элдин кызыкчылыгын, мүдөөсүн, муктаждыгын чече турган ишке, ошол коомдон бирөө жоопкерчилик алып бир жака аттанып жатса же бир иш баштаса, мына ошондо бата беришкен. "Жолуң ачылсын", "сапарың байсалдуу болсун" деген баталар мына ушундай учурларда айтылган. Эгер билим алуу үчүн алыс жолго чыгып жатса, ошол окуган окуусу өз элине үзүрүн берсин деген ниетте бата беришкен. "Жеңил барып, оор кел" деген мына ушундай жерде айтылган бата. Маанисинде "көп билимге ээ бол, калкыңа жарык чачар, пайдасы тиер илим алып кайт" дегени.

Бата өзү кыска болот. Азыркы учурда көбүнесе бата десе каалоо айтып киребиз. Каалоо батадан айырмаланып чексиз келет. Адам ар нерсени каалай бериши мүмкүн. Ал эми бата конкреттүү бир ишке карата гана кыска, нуска айтылган. Кыргызда бата менен тукуму өскөн деген да түшүнүк бар. Бул элдин кызматын кылып, калктын ыраазычылыгына ээ болуп жүрүп очор-бачар болгон үй-бүлөлөргө карата айтылат. Демек, бата бул адамдын ичинен оргуштап чыккан чыныгы ыраазычылыгы, эң жогорку баасы бир адамга арналып, ал сөздүн таасы менен коштолгон нур десек болот. Нур — азыркы түшүнүк менен айтканда энергия. Адам ошол өзү ыраазы болуп турган учурундагы жакшы энергиясы менен бөлүшөт.

Батаны азыркы күндө тилектен да айырмалай албай келебиз. Ата-бабабыз адамдын колунан келбеген нерсени гана тилек кылган. Адамзаты жасай албаган нерсени Кудайга, Жаратканга кайрылып тилеген. Эгер өзү болбосо башканын колунан келип турган нерсе болсо, ал тилек эмес, ал жөн гана каалоо болот. Ал эми батада ошол жогорку күчтөр берүүчү, адам колунан келбеген жакшылыкты, чын дили менен башка адамга арнайт, билдирет. Аны өзү жасай албагандыктан, Жараткан кудай ошол нерсени сага берсин деп билдирген ыраазычылыгы. Мына ушул чыныгы бата болот. 

Артисты выступают на официальной церемонии закрытия I Национальных игр кочевников в Таласской области
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мелис Мураталиев: батаны үч түрдө берилет. Биринчисин кадыры сиңген адамдар берсе, экичнси жалпы журттун батасы. Үчүнчүсү — кайып дүйнө батасы деген түшүнүк болгон.

— Батаны кимдер берген?

— Батаны үч түрдөгү адамдар бере алган. Биринчиси — бул элге кадыры сиңген, кызматы өткөн сыйлуу адамдар. Өздөрү бата менен көгөрүп, өсүп, батанын баркын билген, анын ордун, маанисин, салмагын түшүнгөн, калкы үчүн көп жакшы иштерди жасаган адамдардан бата сурашкан.

Экинчиси — жумурай журттун батасы. Бул баталардын эң күчтүүсү болуп эсептелет. Азыркы заманда спортчуларыбызды мисалга алсак болот. Соңку учурда элдин батасына арзып жаткан балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова. Анын ар бир мелдешин эл сүрөп, эл колдоп "Жеңиш менен кел", "Кыргыздын сыймыгын арттыр" деген сыяктуу сөздөрдү айтып, жазып жатышпайбы. Мына ушул — бата, болгондо да эң күчтүү болгон калктын батасы. Мындай журт арзуусуна ээ болгон адамга сөзсүз түрдө калкынын батасы тиет.

Үчүнчүсү — кайып дүйнө батасы деген түшүнүк болгон. Азыркы заманда бул тууралуу көп айтылбай калды. Мисал катары "Манас" эпосун алсак болот. Бизде азыр эпосту оозуна куюп койгондой айтып жаткан манасчыларыбыз бар. Алардын дээрлик бардыгы түшүндө кимдир бирөө манас айт дегенин же оозуна кочуштап бирдеме куйганын, болбосо кесе кылкылдаган суусундук берсе аны ичип четин оё албай койгонун, айтор, мына ушундай кайып дүйнө менен болгон байланыштардан кийин манас айта баштаганын билдиришет. Төкмөчүлүк деле ушундай. Бул өнөр эмес, кийин үйрөнүп алгыдай, адам жамакчы болуп төрөлүшү мүмкүн, бирок төкмөчүлүк кайыптан берилет.

— Батаны кимдер сураган, кантип сураган? Жол-жобосу болгонбу?

— Албетте. Батаны алуунун да өз эрежелери болгон. Биринчиден, азыркыдай болуп эле жаңы бир иш баштап жаттым эле же бир башка себепти айтып, жакшы жолугуп калбадыңызбы деп турган жерден бата сурай беришкен эмес. Бата суроо — чоң жоопкерчилик. Адатта аталар жакшы бир жыйындан кийин же атайын батакөйлөрдү, жалпы элди чогултуп, балдарынын ичинен тың чыкма бирин тандап туруп бата сураган. Анан чогулган эл ошол балага "өркөнүң өссүн", "элдин уулу бол", "атаңдан ашкан уул бол", "атага тете уул бол" деген сыяктуу баталарын беришкен. Бул батаны айтарда жанагы "куру аякка бата жүрбөйт" деген макалды эстеп өткөнүбүз туура болор. Бул батанын салмагын, маанисин, орчундуулугун туюнткан макал. Анткени бата жөн эле, курулай, али жасала элек ишке же жеке бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн берилген эмес. Ошол бата сурап турган кишинин калк арасында кадыры, элине сиңген эмгеги бар үчүн, атасынын эл үчүн жасаган кызматына жооп кылып, баласына бата берүүгө макул болушкан. Бул ушундай таза, элдик инсандын баласы да ата жолун жолдосун деген ниетте жасалган. Уучубуз ушундай жакшы адамдардан куру болбосун, өсүп келе жаткан чырпыкты ак батабыз менен атасындай чынарга айлантып алалы деген тилекте жасалган.

Азыркылар мамлекеттик кызматка бараттым эле деп бата сурап жатышпайбы. Бул да туура эмес. Анткени азыркы заманда мамлекеттик кызматтагыларга айлык акы төлөнөт. Демек бул кызмат эмес, жөнөкөй гана жумуш. Илгери кыргызда "жаным казык, каным азык" болсун деп эл үчүн башын сайып бекер иштешкен. Элди коргогон баатырлар эч убакта мага акы төлөгүлө деген эмес же элдин маселесин чечип жаткан билимдүүлөрү акы сураган эмес. Алар жалпы журттун кызыкчылыгы үчүн башын сайышкан, мына ушул эл, мамлекет үчүн кызмат кылуу деп аталат. Мына ушундай учурларда гана бата берилип, ал тиет. 

Президент ОФ Бакдоолот, кыргызовед Мелис Мураталиев на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мелис Мураталиев: Бата суроо — чоң жоопкерчилик. Адатта аталар жакшы бир жыйындан кийин же атайын батакөйлөрдү, жалпы элди чогултуп, балдарынын ичинен тың чыкма бирин тандап туруп бата сураган.

— Тескери бата деген да түшүнүк болгонун адабий чыгармалардан улам билебиз. Батанын бул түрүнө токтоло кетесизби?

— Тескери бата көп учурда талаш маселе жаралганда же намыс үчүн айтылган орток сөз. Санжырадан билебиз, Алсейит менен Тынымсейиттен тарагандар көбөйүп, бири Көлдү жердеп, экинчиси Нарынга отурукташып калган кезде Нарынга кеткен тынымсейиттин бир жаш бийи келип, ал жактагы жергиликтүүлөр менен жайыт талашып калып, Көлдөгү бир туугандарына кайтып келүү маселесин коюшкан. Жыйналышта Боромбай бий баштаган эл жакшылары отурган. Боромбай бий ошол кезде Тилекмат акени сөзгө жөндүү, айткан сөзүнүн деми бар адам экенин байкап, дайыма элчи катары жанында алып жүрчү экен. Ошол кеңеште да тынымсейиттердин бийинин оюн уккандан кийин алгач эле сөз алып Тилекмат аке сүйлөмөк болот. Анда жаш бий "силерде бийиңерден мурда кулуңар сүйлөйбү" деп жаштыгына салып кекээр кеп айтат. Анда арданган Тилекмат аке "болуптур, анда эмесе бир жылдан кийин бул маселеге кайтып келели. Ага чейин кимдин чыгына кимибиз биринчи кол салып калар экенбиз, көрөлү" дейт ызырына. Ошондо эле сөз кастарлаган аксакалдар чочуп кетишкен экен. Бирок айтылган сөз атылган ок дегендей, ал айтылып кеткен эле. Бир жылга жетпей ошол аймакта жүргөн Тилекмат аке жаш бийдин каза болгондугу тууралуу кабар угат. Көрсө, "кимдин чыгына кимибиз биринчи кол салып калар экенбиз" дегени — кара ашта тартылчу этке кошуп берилген чык айтылган тура. Ошондо жанагы жаш бийдин апасы "айланайын Тилекмат, сенин берген тескери батаң балама таш болуп тиерин сен ошондо эле билгенсиң да, сөзүңдү кайра ал, тескери батаңды жандыр, тукумуна залал кылып койбо" деп жалынып ыйлаган экен. Тилекмат аке да "кечирим сурасам да эми кеч, бийди кайтарып ала албайбыз, ачууга алдырганымды мойнума алам" деп өкүнгөн дешет. Тескери батанын орду мына ушундай болгон. Биз көп учурда тескери бата менен каргышты алмаштырып жүрөбүз. Каргыш деген такыр башка маселе. Бир сөз менен айтканда, ал кара тилек, каалоо. Анын чеги жок. Каргышта ар нерсени айтып каргай беришет. Ал эми тескери бата так, даана бир ишке же адамга багытталып, намыс талаш же башка бир конкреттүү ишке багытталган.

Белгилер:
радио, бата, Мелис Мураталиев
Тема боюнча
Өргөөңөр башка, казаныңар ашка толсун! Бата деген эмне?
Конуш жайлуу болсун! Өрлүктөө салтынын маани-маңызы

Улуттук банк Жусуп Баласагын тууралуу ролик тартты. Видео

(жаңыланган 00:31 22.04.2021)
Кыргызстандын Улуттук банкы Facebook социалдык тармагына улуу ойчул Жусуп Баласагын тууралуу ролик жарыялады.

Актёрлор Марат Алышпаев жана Назым Мендебаиров роль жараткан роликтин режиссёру Руслан Акун.

Сценарий боюнча Жусуп Баласагынды хандын алдына чакырышат. Ал жерде чогулгандардын бардыгы ханга перс тилинде сүйлөп, кылыч белек кылып жаткан болот.
Баласагындын хан алдында жалтанбай туруп кыргыз тилинде сүйлөгөнү ал жердегилерге жакпайт.

Ошондо ойчул башчыга кайрылып, “Элим өз тилинде жазып, билимин өркүндөтсө дейм” деп жооп берет. Аны мындай сөздөрүнөн кийин хан башкы кеңешчиси кылып шайлап коёт.

Улуу ойчул, акын, саясат таануучу, мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагын 1015-жылы, айрым маалыматтар боюнча 1016-жылы Карахандар каганатындагы Чүй өрөөнүнүн чыгышындагы азыркы Токмок шаарына жакын жерде жайгашкан биринчи борбору — Баласагын шаарында туулган.

1069-1070-жылдары Жусуп Баласагын жазган түрк тилиндеги "Кутадгу билиг" ("Куттуу билим") эмгеги дүйнөнүн көп тилдерине которулган.
Азыркы учурда Жусуптун "Кутадгу билиг" поэмасынын үч нускасы сакталып турат. Бир нускасы Вена шаарында (Австрия) сакталуу. Египеттин борбору Каир шаарында сакталып турган экинчи нуска 1986-ж. табылган.

Ал эми Намангандан табылган үчүнчү нускасы азыр белгилүү болгон нускалардын эң толугу болуп эсептелинет. Эстеликтин үчүнчү нускасы азыр Өзбекстан илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун кол жазмалар фондунда сакталууда. Наманган жана Каир шаарларынан табылган нускалар араб ариби менен жазылган.

Улуттук банк роликтерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартып жатат.

Белгилер:
ролик, Жусуп Баласагын, Улуттук банк, Кыргызстан
Тема боюнча
Нөшөрлөгөн жаанга карабай Саякбайды уккан эл. Улуттук банктын видеосу
Кер мурут жигит Сүймөнкул Чокморов. Улуттук банктын улуу инсан тууралуу видеосу

Согуштун балдары. Океев, Жакиев жана Байжиевдин таберик сүрөтү

(жаңыланган 18:41 21.04.2021)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Байбичеси Жумаш Өмүрова жана кызы Азиза Океева менен турган СССРдин эл артисти, белгилүү режиссер Төлөмүш Океев менен Кыргыз эл баатыры, жазуучу Бексултан Жакиев жана КРдин эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин сүрөтү 1995-жылы Бишкек шаарында тартылган
© Sputnik / Александр Федоров

Байбичеси Жумаш Өмүрова жана кызы Азиза Океева менен турган СССРдин эл артисти, белгилүү режиссер Төлөмүш Океев менен Кыргыз эл баатыры, жазуучу Бексултан Жакиев жана КРдин эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин сүрөтү 1995-жылы Бишкек шаарында тартылган.

Ал жылы Океевдин 60 жылдыгы белгиленип, кинематографисттин жакындары, кесиптештери Опера жана балет театрына чогулган эле.

Ошол кезеңди сценарист Мар Байжиев мындайча эскерди.

"Төлөмүш менен Бексултан бир айылда чогуу окушкан, үчөөбүз тең согуштан кийинки балдарбыз. Жакиев экөөбүз филология факультетинде бирге билим алдык. Мен орус, ал кыргыз бөлүмүндө студент болчу. Кийин Океев Ленинграддагы Киноинженерлер институтунун электротехникалык факультетинин үн режиссёр адистигин бүтүрүп келгенде мен "Кыргызфильмде" редактор болчумун. Ал жылдары бирге иштешип, кеңешип иш кылып жүрдүк. Анткени ал жылдары бизде көпчүлүк кыргыз кинолорун еврейлер, орустар тартышчу. Нуртай Борбиев, Геннадий Базаров, Болот Шамшиевдер жаңыдан жогорку окуу жайды бүтүп келе башташкан. Жаштар кыргыз эли кандай таланттуу, акылман эл экенин көрсөткүбүз келип бири-бирибиз менен тыгыз иштешип, ата мекендик кинематографияны дүйнөлүк деңгээлге чыгаруунун көздөчүбүз", — деди драматург.

Байжиев чыгармачылыгында Океевдин "Ак илбирстин тукуму", "Алтын күз" кинофильминин, Бексултан Жакиев "Мурасынын" сценарийин жазган.

1995-жылы Төлөмүш Океев Кыргызстандын Түркиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп турган.

Белгилер:
таберик сүрөт, Бексултан Жакиев, Мар Байжиев, Төлөмүш Океев, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер
Тема боюнча
Чокморовдун ден соолугун алган "Караш-Караш окуясы". Таберик сүрөт
Кыргыз окумуштууларынын Бакайы — Юдахин шакирттери менен. Таберик сүрөт
Якутияда бугу издеген Болот Шамшиев, Жолон Мамытов, Айтурган Темирова. Таберик сүрөт
UFC чемпиону, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архив

Шевченконун көптөн күттүргөн беттешин кайсы жактан көрсө болот. Тизме

Ушул жуманын этегинде UFC 261 турниринин алкагында кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко чемпиондук наамын бешинчи ирет коргойт.

Турнир Бишкек убактысы боюнча АКШнын Жексонвилл шаарында 25-апрелде эртең менен башталат. Анда дароо үч чемпион бел курун сактап калуу үчүн жан үрөйт.

Кеченин башкы беттешинде Хорхе Масвидаль мурда беттешкен Камару Усмандан наамын тартып алууга аракет жасайт. Мушкерлер октагондо былтыр июлда кезигип, Усман жеңишин майрамдаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Jorge Masvidal (@gamebredfighter)

Турнирдин дагы бир башкы беттешинде Шевченко бразилиялык мушкер Жессика Андраде менен кармашат. Кыргызстандык мушкер беделдүү уюмдун бел курун 2018-жылы польшалык Жоанна Енджейчикти уткандан кийин тагынган. 2019-жылы америкалык Жессика Айды, Лиз Кармушту, ал эми былтыр америкалык Кэтлин Чукагянды, бразилиялык спортчу Женнифер Майяны утуп, наамын коргоп калган.

Кеченин дагы бир маанилүү кармашында UFC уюмунун аялдар арасындагы эң аз салмак боюнча чемпиону Вэйли Чжан менен Роуз Намаюнас кез келет. Чжан акыркы беттешинде Шевченконун эзелки атаандашы Жоанна Енджейчикти утса, Намаюнас Шевченконун учурдагы каршылашы Андрадени жеңген.

UFC 261 турниринин өзгөчөлүгү — уюмдун мелдешине пандемиядан бери алгачкы жолу көрүүчүлөр кирет. Спорттук аренага 15 миң киши келет, билеттер сатыкка чыгары менен сатылып кеткен.

Мелдешти кайдан көрсө болот?

Болжолдуу карддын беттештери Бишкек убактысы боюнча 6:00дө башталып, 8:00дө бүтөт. Негизги карддын кармаштары 8:30-9:00дө, ал эми негизги беттештер 11:30да башталары болжолдонуп жатат.

UFC Fight Pass сервисинен уюмдун беттештерин түз эфирден көрсө болот. Кыргызстанда бул тиркемени айына 277 сом төлөп колдонушат.

Ошондой эле акы төлөп More.TV жана Wink платформаларынан көрө аласыздар.

Аралаш мушташтын күйөрмандарына Setanta Sports (кээде блоктолуп калат) телеканалы бекер беттеш көрсөтүүнү убадалоодо.

NewsMMA сайтында дагы түз эфирден беттеш көрсөтүлөт.

Белгилер:
турнир, беттешүү, Валентина Шевченко, UFC
Тема боюнча
Кыргызстандын өзүнүн ММА спорту бар. Шевченко UFC уюмундагы ийгилиги тууралуу. Видео