Акелер — конкреттүү аймакка, Ысык-Көлдүн күңгөй-тескейиндеги урууларга гана таандык көрүнүш болуп, алардын болжолу 150 жылдай мезгил аралыгындагы аракети кыргыздардын саясий, маданий турмушунда гана эмес, элдик дипломатиясында жана элдик педагогикасында да чоң мааниге ээ болгонун белгилей кетүүгө тийишпиз.
Акелер — адамдар жүрүш-турушун ченеп-өлчөй турган, ыймандык түшүнүктөрүн салыштырып, талдай турган уникалдуу көрүнүштөрдөн. Алардын айткан-дегени, үлгүлөрү дээрлик Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдарга чейин жабык темалардан болуп, мурастары оозеки формада гана эл арасына тарап келген.
Биз бүгүн ошол акелердин жашы жагынан улуусу Алдаяр уулу Мойт (Мойут) аке тууралуу 10 факты сунуштайбыз.
Туулган жери, теги. Алдаяр уулу Мойт аке болжолу 1745-1750-жылдар аралыгында Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Орто-Өрүктү айылында жарык дүйнөгө келген. Көп адабияттарда туулган жылы деп 1745-жыл айтылып жүрөт. 1750-жылы туулган деген да маалыматтар учурайт. Алдаярдын Теке, Асан, Абылаке, Очуй деген балдарынан кийинки кенже уулу.
Мүнөзү, өнөрү. Токтоо, пайымдуу, адамды какпаган, ырыс көтөрө билген, чечен, санжыра санаттап салмактуу кеп айткан, батакөй киши болгон. Мүнүшкөрлүк, саяпкерлик өнөрү болгон. Ат оюндарында калыс сөзүн айтып турган. Тамыр кармап, табыпчылык кылгандыгы, далычылыгы да айтылат. Малга да, адамга да сын берген, көрөсөн, олуя киши катары сыпатталат.
Эки кылымдан ашык элге кызмат кылган бата. Элде "Бата тилесең Мойт акеге бар" деген нуска сөз тараган. Анын оозунан чыккан "Жараткан жар болсун, элде бар болсун, кырсык жок болсун, курсак ток болсун, жерибиз чөптүү болсун, малыбыз эттүү болсун, үй жанга толсун, кампа данга толсун, кут калкка келсин, жут алыс кетсин, таарыныч тарасын, бак-таалай карасын" деген ак тилек батасы азыркы күнгө чейин аксакалдар тарабынан тынымсыз кайталанып кайра-кайра айтылып келет. Ал да, аны угуп турган адам да батанын сыйкырдуу күчүнө, руханий кереметине ишенген, ошон үчүн алакан жайып, адамдын болочогун көрө билип, ошого жараша ак сөзүн бата формасында айткан.
Өмүрзакка берген батасы. Айтуудан бир жолу Боромбай манаптын уулу Өмүрзак малы жайытка батпай, өзүнүн айтканы эки болбой, көктү карап, эч кимди теңсинбей турган учурда Мойт акеден бата алып койсомбу деп чакырат, ага тандап ат да мингизмек болот. Сыйын көрсөтүп, алакан жайып бата тартарда Мойт аке мындай деген каалоосун үй ээсине багыштайт: "Өмүрзагым, казан толо аш берсин, ооруп айыккан баш берсин, өлүп көбөйгөн мал берсин, толсо бөксөрбөсүн, чайпалса төгүлбөсүн!" Бул батага Өмүрзактын ичи чыкпай калат. Кийин бата берүүгө Сарт акени чакырат, ал киши болсо мен Мойт акеден өткөрө бата бере албайм, сен чын эле ал киши айткандай чайпалып төгүлөрүңө аз калган окшойсуң дегендей кылып тартуусун албай жолго түшөт. Бата менен көгөрүп эки-үч жыл өтпөй Өмүрзактын малы Чычкан-Башына толуп, ары Түп тараптагы Кең-Суу, Сары-Тологой, Токтоян жактарга чейин жетет. Анан эле бир кышта Сан-Таштын шамалы ыркырап, калың кар түшүп, сан жетпеген малдын баары жуттан кырылып, баягы байдын заматта ырысы кыйылып, кийинки жазда Сары-Көлгө барып, каз, өрдөк багып калган экен. Мына ушундай сөздөр эл ичине тарап, адамдар, биринчиден, батанын керемет күчүнө ишенген, батачыларды сыйлаган, экинчиден, ар кандай байлык убактылуу экендигине көзү жеткен жана ушундай сөздү айткан акелердин баркы дагы да көтөрүлгөн.
Мойт аке жайкысын Каркыраны жайлаган. Каркырадагы бир тойдо биринчи байге алган казактын Керкашка деген атын Мойт аке таанып калат, аны беш жыл мурда уурдаткан экен. Бирок тигилер бербейт, чатак чыга турган кезде казактар "үч койдун козусун тапсаң Керкашка сеники" деп шарт коюшат, Мойт аке козуларды акыл менен таап бергенде, Шоорук Керкашканын энесин уурдатып алганын мойнуна алат. Байгенин баарын Мойт аке элге таратып берет, анын болсо байкагычтыгы, акылмандагы дагы бир жолу даңазаланат.
Урпактары. Ал кишинин үч аялы болуп, алты уул көргөн, алар Үсөн, Чомой, Алыбек, Качыбек, Саске, Калча, ошолордон тараган балдар Ысык-Көлдүн Орто-Өрүктү айылында жашап, азыр бир уруу эл болуп Мойт акенин тукумдарыбыз деп сыймыктанып келишет. Ошол урпактары 1997-жылдын октябрь айында Мойт акенин 250 жылдыгын белгилешти, ошол маараке алкагында Орто-Өрүктү айлында Мойт акенин атындагы мечит курушуп, анын жанындагы мунара астына эстелик таш коюшкан.
Мойт аке тууралуу эмгектер. Бул киши тууралуу жазылгандар негизинен башка акелер менен кошо баяндалган китептер. Аларга Ж.Жылкыбаеванын "Тарыхый инсандар таржымалы" (Каракол, 1995), А.Имановдун "XVIII кылымдын экинчи жарымы, ХХ кылымдын башталышында Ысык-Көл өрөөнүндөгү ойчулдар, агартуучулар (Мойт аке, Сарт аке, Тилекмат аке)" (Каракол, 1998), К.Асанбековдун "Ысык-Көлдүн жети акеси" (Б.: 2007) деген эмгектерин, Жаныш Алиевдин "Алдаяр Мойт" поэтикалык дастанын кошууга болот.Каза болгон жылы. Манжылы-Ата сыры. Айрым маалыматтарда 1840-жылы, кээ бир булактарда 1843-жылы, дагы башка жерде 1846-жылы каза болгондугу айтылат. Акелер эл башына түшкөн кыйынчылыкты күндөп-түндөп ойлошкон, адамдарды оор учурдан алып чыгуунун жолдорун издеген. Буга бир мисал Ысык-Көл аймагындагы элди Жуңгар хандыгы XVII кылымдын экинчи жарымында Анжиан тараптарга кууган, ал жакта отурукташып калган көлдүктөр сөөктөрүн ошол жакка коюп, кийин болжолу 1770-жылдарда кайра кайтып келгенден кийин дале атактуу адамдардын керээзи деп, алардын жасатын төөгө жүктөп алыс жакка – Түштүккө ташышчу экен, кышкы суукта, жайкы аптапта бул сөөк үчүн да, аны алып бараткандар үчүн да кыйынчылык жараткан, мына ушул азаптуу салтты көрүп туруп Мойт аке өз сөөгүн азыркы Тоң районуна караган Манжылы-Ата деген жерге эле койгула, туулган жердин топурагы алтын деп айтып, элди бир кыйынчылыктан куткарган, андан кийин сөөк алыска алып барылбай калган. Айтуудан ал Манжылы-Атадагы Ысык-Көлдүн көп жери, анын ичинде өзүнүн Орто-Өрүктүсү да көрүнүп турган узун дөбөдөн секиче жер көрсөтүп берип, ушул жер менин бейитим болот, менин жайымды казганда жер астынан ак казан чыгат деген экен. Кийин көлдү айлантып, Күңгөйдөн Тескейге сөөгүн алып келип, айтылган жерден жайын казып жатканда чын эле тулгага асылган ак казан чыккан деген сөз айтылып калган.
Иманалиев ооруканадан көз жумган, анын кант диабети менен жабыркап жүргөнү айтылган.
Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. 15 жашынан төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катышып таанылган. Казак-кыргыз журтчулугуна төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. 2016-жылы ага КРдин эл артисти наамы берилген.
Элмирбек Иманалиев 1993-жылдан тарта төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катыша баштаган. Сүрөт 1993-1994-жылдары "Ак таңдай" сынагында тартылган.
20 жыл мурунку сүрөт. Алп акындардын жаш кези.
Элмирбек Иманалиев устаты Тууганбай Абдиев жана башка теңтуштары менен
Бул кадрда Элмирбек Иманалиев кинорежиссер, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев жана азыркынын белгилүү төкмөсү Азамат Болгонбаев менен
Элмирбек Иманалиев ар тараптуу талант эле. Ал төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.
Иманалиев айтылуу Токтогул акындын эң жакын үзөңгүлөш өнөгү Эшмамбет Байсейит уулунун жээн чөбөрөсү экендигин белгилей кетели
Акын Элмирбек Иманалив ырчы Гүлбү Ороскул кызы менен. Эки өнөрпозду чыгармачылык гана эмес, турмуштук жол дагы бириктирген.
Эки таланттын күлгүндөй жаш кези. Сүрөттө алар группалаштары менен.
Элмирбек акын Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүрсө, Ороскул кызы Муратаалы Күрөңкеев атындагы училищеден билим алган.
Өнөр адамдары Айзуура жана Сезим аттуу кыздуу болушкан. Жубайлар кийинчерээк эки ача жолго түшкөн.
2016-жыл. Акындын тун кызы Айзуура Иманалиева турмушка узап жаткан кез. Сүрөттө кыздан тышкары Элмирбек Иманалиев, Гүлбү Ороскул кызы жана алардын күйөө баласы Мирзат Муканов.
Жубайы Нурзат медицина кызматкери. Өзү өнөрдөн алыс болсо да күйөөсүнүн айтыштарын калтырбай көрүп, күйөрмандык кыларын айтканы бар.
Нурзат айым Элмирбек экөө башында байке-карындаш катары эле сүйлөшкөнүн, кийин билинбей жүрүп эле жакын болуп кеткенин баяндап берген
Жубайлар үч уул, бир кыздуу болушкан
Элмирбек Иманалиев улуу жана кичүү муундагы шакирттери менен
Акын 2016-жылы маданиятка кошкон салымы үчүн КРдин эл артисти наамына ээ болгон
Ак таңдай акын 42 жашында каза тапты. Өзү өтсө дагы өнөрү түбөлүк экени шексиз. Туугандары анын атындагы коомдук фонд негиздеген.
Иманалиев ооруканадан көз жумган, анын кант диабети менен жабыркап жүргөнү айтылган.
Акындын иш бөлмөсү бош калды... Сүрөттө комуздары, чапаны жана сыйлыктары.
Жубайы Нурзат Абдрашитова редакцияга берген маегинде жашоо жолдошу бардагыдай эместигин, сагынычы күч алганын айткан.
Элмирбек Иманалиев жубайы Нурзат жана жакын досу, белгилүү акын Зайырбек Ажыматов менен. Тилекке каршы, Ажыматов Иманалиев көз жумгандан 9 күндөн кийин каза болгон.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргызстандык делегация Россиянын Екатеринбург шаарында өткөн "Жай - 2021" деп аталган туристтик көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Иш-чара 16-17-апрель күндөрү өттү. КР делегациясына Екатеринбургдагы Башкы консулдук колдоо көрсөткөн.
"Делегация курамына өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулу Руслан Бийбосунов, Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Самат Шатманов жана Ысык-Көлдөгү санаторийлердин өкүлдөрү катышты", — деп айтылат маалыматта.
Жарманкеде Ысык-Көл облусуна өзгөчө "Өнөктөш регион" статусу берилгени айтылат.
Иш-чарада Кыргызстандын көргөзмө павильону кызыктуу, мыкты жасалып, катышуучулар жана коноктор көп киргени айтылат. Аны Екатеринбург шаарында жашаган мекендештердин колдоосу менен Башкы консулдук жасаган. Келгендердин баары улуттук суусундуктардан, боорсок жана кургатылган жемиштерден ооз тийип кетишкен.
"Кыргыз делегациясы "Жай - 2021" эл аралык көргөзмөдө Челябинск облусунун туристтик чөйрөсү жана ири өнөр жай ишканаларынын профсоюзу менен жолугушууларды өткөрдү. Анын жыйынтыгы менен Екатеринбург – Тамчы (Ысык-Көл) авиакаттамын ачуу, кызматташуунун кошумча мүмкүнчүлүктөрү жана Кыргызстанга Россиянын Урал аймагынан туристтердин агымын арттыруу маселелери каралган", — деп айтылат билдирүүдө.
Көргөзмө Россиянын Федералдык туризм агенттигинин, Свердлов облусунун инвестиция жана өнүгүү министрлигинин, Россиянын туриндустрия союзунун колдоосу менен Урал туристтик ассоциациясы тарабынан уюшулду. Ага Кыргызстандан тышкары Армения, Болгария, Чехия, Хорватия, Малайзия, Израиль жана башка өлкөлөрдүн делегациялары катышкан.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкекте уу коргошунга ууланган факты катталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Тез жардам кызматынан билдиришти.
Ыкчам медицина кызматы окуянын чоо-жайын бир аздан кийин Саламаттык сактоо министрлиги кабарлай турганын маалымдады.
Ал эми айрым ЖМКлардагы маалыматка караганда, уу коргошундан жабыркаган бейтап 63 жашта. Ал ооруканага таңкы саат 05:00дөр чамасын түшкөн.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.