Тоголок Молдого арналган айтышта 12 акын күч сынашмай болду

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкын-импровизатор Азамат Болгонбаев
Акын-импровизатор Азамат Болгонбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2021
Жазылуу
Тандоо туру кечээ Коомдук телерадио корпорациясынын концерттик залында өттү. Ага 42 төкмө катышып, арасынан 12си тандалып алынган. Айтыш Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда бүгүн өтөт.
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Айтылуу акын Тоголок Молдонун 160 жана "Айтыш" коомдук фондунун 20 жылдыгына арналган айтышта 12 акын күч сынашмай болду. Бул тууралуу аталган фонд билдирди.
Тандоо туру 26-март күнү Коомдук телерадио корпорациясынын концерттик залында өтүп, ага 42 акын катышкан. Натыйжада 12си тандалып алынды.
  • Болот Назаров — 70 упай;
  • Идрис Айитбаев — 70 упай;
  • Тынчтык Эсенбай уулу — 70 упай;
  • Баян Акматов — 70 упай;
  • Темирбек Матыбаев — 69 упай;
  • Элмирбек Иманалиев — 69 упай;
  • Изат Айдаркулова — 69 упай;
  • Кадырбек Бейшенов — 69;
  • Абдубали Акимбеков — 68;
  • Акматбек Султан уулу — 68;
  • Нурайым Бактияр кызы — 68;
  • Кубат Тукешов — 68.
Эскерте кетсек, айтыштын байге фонду бир миллион сом.
Жаңылыктар түрмөгү
0