Баш байге 100 миң сом. Жаш акындар арасында сынак жарыяланды

CC0 / Pixabay / Старый блокнот и карандаш
Старый блокнот и карандаш - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2021
Жазылуу
Сынакка 18 жаштан 35 жашка чейинки (35 жаш кошулат) акындар катыша алат. Байге фонду 200 миң сом.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Жаш акындар арасында "Жаш толкун" деп аталган поэзия сынагы жарыяланды. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.
Сынакты Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте өткөрүп жатканы маалым болду.
Иш-чарага 18 жаштан 35 жашка чейинки (35 жаш кошулат) акындар катыша алат. Байге фонду 200 миң сом. Анын ичинен баш байгеге 100 миң сом коюлса, 1-орунга 50 миң, 2-орунга 30 миң, 3-орунга 20 миң сом берилет.
"Сынакка арыздар электрондук (fond.tursunbekov@gmail.com) жана кагаз түрүндө жиберилиши керек", — деп айтылат маалыматта.
Сынактын шарттары менен Улуттук жазуучулар союзунун сайтынан таанышууга болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0